Пример HTML-страницы

Эки куйоолу аял 5 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37401&preview=true Кызыктуу окуялар.

Эки куйоолу аял.

5-болум

Денис, — деп колдорун ушалап туруп калды.

 

— Эмне болду, Камила?

 

— Сен көрсөтүп берчи, тамак жасагандан коркуп атам.

 

— Ой кокуй күн десе, заматта үйрөтөм, эмне кайненем сени капка бууп чоңойтту беле? — Денис күлүп кастрюлду газга коюп: — Буга май куясың, анан май кызыганда пиязды кууруп, андан кийин этти саласың, ал куурулгандан кийин картошканы кош, эгер салынган эт көп болсо анда картошка эт салынгандан кийин салынат, — деп аны карап мулуңдап койду. — Берекем, эсинде болсун, эгер беш бармак жасагың келсе картошка кошулбайт.

 

— Түшүндүм.

 

— Түшүнсөң ошол, эт кызыл курулгандан кийин сууну куябыз, аз-көбүнө жараша туз салабыз, анан ширин тамак болот.

 

Камила уялгандай карады жигитин:

 

— Мени дөдөй экен деген жоксуңбу?

 

— Эмнеге?

 

— Ошого.

 

— Жинди кайненемдин эрке кызы болсоң эмне кылмак элем, баарын өзүм үйрөтүп алам, — Денис аны кучактап өөп койду. — Эч кам санаба, мен сендикмин. Айылга барганда сен жасайсың, мен карап турам, анан өзүн көнүгүп кетесиң, ээ?

 

— Ий-ий, иши кылып уят болбосом болду.

 

— Эч коркпо, эч кимге билгизбей экзаменден өткөзүп коем.

 

— Рахмат сага, Денис, мен сенден бир мүнөт да бөлүнгүм келбейт, эгер ата-энем алып кетип калса эмне кылам?

 

— Алып кетпейт, эл-журт деген бар, атам деген совхоздо белгилүү кызматтарда иштеп жүргөн, кадыр-барктуу. Сени чыркыратып берип ийбейт, биз бири-бирибизди сүйөбүз да.

 

— Билбейм, атамдан корком.

 

— Коркпо дедим го. Кайнатамды бат эле көндүрөбүз.

 

— Ошондой болсо жакшы болот эле, атамдын өзүнүкүн бербеген кыялы бар, апам эле мен үчүн кыйналып жатат болуш керек?

 

— Баары жайына келет, аргасы жок макул болушат, анан баары унутулат, жаным, анан бизден өткөн бактылуу жан жок болуп, бейпил гана өмүр сүрөбүз. — Эки жаш келечегинен көптү үмүт кылып кыялданып, отуруп калышты. Чакан мискейде тамак кайнап жатты. Ошол убакта телефон чырылдады, Денис алып:

 

— Алло, Алмаз аке, кандайсыз? — деп сүйлөшө баштады. — Баары жайында, аке, келиниңерди буйруса эртең алып барып калам. Ооба, ал түшүнөт, аке, сиздерди уят кылбайм, мейли көрүшкөнчө, — телефонун койгон Денис көздөрүнөн бакыт нуру чачырай Камиланы карады. — Бизди чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

 

— Алар ойлогондой атам чатак чыгарса кантем? — Камила жүрөгүн өйүгөн суроосун берди.

 

— Айттым го, балким баарын салтка айлантып жасасак унчукпай калат, кызым кандай жерге барат деп ойлонуп жаткандыр да.

 

— Кызык, неге адамдар ар түрдүү?

 

— Беш кол тең эмес деген сөз бар эмеспи, ошондой болот экен да-а дүнүйө. Өзүңдү кыйнай бербечи, менин урук-туугандарым, түбү түктүү жакшы жер, салтты билген, сөз түшүнгөн эл, сени тоту куштай гана кулпуртуп алам.

 

— Ыраазымын, — Камила телмире отуруп калды. Денис келинчегинин муңайып отуруп калганын көрүп боору ооруп кетти.

 

— Жаным менин, сенин мага күлүп турганың гана жагат. Кана күлүп койчу, — деп жаагынан кош колдой тартып өзүнө каратты. — Мына, мына жүзүң күлмүңдөй түштү, мындан кийин мынабу бүтүк көздөрүңдүн дайым күлүп турушун каалайм! — деп эки бетинен өөп койду.

 

— Ма-акул, — Камила жаштуу көздөрүн ирмегилей башын ийкегилеп күлмүңдөп жатты. — Макул эми капаланбайм, сен жанымда турганда мен бактылуу болууну гана эстейм.

 

— Алтыным, биз эми келечегибиз жөнүндө гана ойлошубуз керек, кой эртеңки жолго камыналы, мен достордон телефон аркылуу чакырып коеюн, экөөбүз жашап жүргөнбүз деп соксоюп барганыбыз болбойт, салт-санаа деген бар.

 

— Чын эле, баса биз экөөбүзгө ылайыктуу кийим-кече алышыбыз керек го?

 

— Сөзсүз да, эртең Дордойго барып алып алабыз, — деген Денис досторуна чалды да, убакытты белгиледи. Камила телефонду өчүрбөй унутуп калган экен, бир убакта чыр дей түштү эле, анын жүрөгү болк дей түштү, караса атасы, бир аз туруп анан тобокелге салды.

 

— Алло, угуп жатам.

 

— Угуп атпай жерге кир десе, менин колумдан өлгүң келбесе үйгө кайт, аталыктан кечип койбоюн, үйгө келбес кылып, топурагымды түйүп берем.

 

— Ата-атакебай, эркелетип өстүргөн кызыңа мынчалык каарыңды төкпөчү, мен өзүмө жаккан адамга гана турмушка чыгам уруксат берчи?!

 

— Кыз болбой кытай ала качкыр десе мунун сөзүн кара, келип кал деп атам, кийин эшигиме келчү болсоң таарынба ошонуңа кошуп алып сабайм, энеңди өзүңө кошуп чыгарып коем! — деп күпүлдөй берди эле Камила ыйлап туруп:

 

— Кечип кетсеңиз да кайылмын, мен өз каалоом менен турмушка чыгамын, ошолордун колунда өлсөм да кайылмын, ата! — деп телефонду өчүрүп отуруп калды.

 

— Эмне деди, дагы деле жинденип атабы? Кам санабай эле кой, эртең өз үйүбүз, өлөң төшөгүбүзгө барабыз, түбөлүк эл журтуңду табасың, ата-эне кайда бармак эле баары бир кечирет, жибийт, — деп Денис аны сооротуп жатты. — Жаным, мындайлар боло берет, биз бактылуу жашасак эле көөнү жайланып калышат, ким эле кызын бактысыз болсун десин.

 

— Мени кечир, Денис, атамды көндүрө албадым, ал мени угууну ойлободу, өз кызын кечиргиси келбеди, эмнеге, Денис? — Камила буркурап ыйлап жатты. Эки жаш ортодогу сүйүүнүн тазалыгын, улуулугун далилдеп жашоонун ачуу-таттуусун бирге татып, кандай тоскоолдук, азап-тозок болсо да чогуу болууга дилдеринен биригип турду. Эртеси таңынан Денис менен Камила Дордойду көздөй жол тартты, шашылыш түрдө кийим алышты да, батирине келип кийинип алып, телефон чалган досторуна байланышкан Денис:

 

— Кеттик, достор машинаны жолдон алып күтүп жатышыптыр, — деп Камиланы карады.

 

— Кудайым жол берсе экен, Денис, негедир толкундангангабы жүрөгүм алып учуп жатат да?

 

— Ал сенин бөтөн үйгө кетип баратканыңан кооптонуп жатканыңдыр, сарсанаа болбочу. Досторум күтүп калышты, тезирээк жөнөйлү, — Денис аны шаштыра баштады. Экөө ээрчише автовокзалга келишсе үч досу күтүп жаткан экен, Денисти көрүп эле:

 

— Куш боо бек болсун, дос, бизге айтып койбой кайда жүрдүң, дос, угуп алып жумушту да таштадым, — деп бакылдай Майрамбек кош колдой учурашып, баштарын тийгизип койду.

 

— Куттуктайм, дос! — Бакыт колун кысты. — Иштейм деп келип, Чүйдүн чүрөгүн көрүп эле баарын токтоттуңбу?

 

— Денис, кана, досум, көрүшүп коелучу, кармаган кушуң кут болсун, — деп Эрнис бир жактан чыкты. — Кана жөнөдүкпү?

 

— Кеттик, достор, силерге рахмат, айтаарым менен келип бергениңер үчүн, — Денис Камиланы колдон алып, гольфтун артына отурушту. Бакылдашып кетип баратышып Камила менен да таанышып алышты. Денис айылга телефон чалды:

 

— Алло, ата, биз жолго чыктык, ооба, тез эле жетип барабыз, жолдо кармалбайбыз.

 

Калмурат колунда бар, бакылдап айыл элине кадыры жакшы адам. Уул-келини келгиче эле жеңетайына берилчү акча менен малын дайындап койгон. Келин-кесек боорсок жасап дасторконун даярдап, апасы Ажар көшөгө тартып аппак жоолугун белендеп күтүп калышты. Денистен улуу эки уулу үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калышкан, эки кызы да турмушта. Абысындар ара-чолодо бириге калып, шыбыраша калып жатты.

 

— Аймира, кандай келин келээр экен, тымызын экөөбүзгө асылып отурган апама ушул кичүү келини көрсөтсө экен, деги чүйлүктөр орус чалыш болушат го? — деди улуу келини Динара.

 

— Ооба десеңиз, кылганыңды жактырбай кээде силкинип-булкунуп калат, ошо кенже келининен көрсө анан экөөбүздүн бирибизге кошомат кылат, — Аймира башын ылдый кыла бирөөлөр угуп калбасын дегенчелик кылып акырын күлүп койду.

 

— Ыктаса сага ыктасын, сен ортончусу эмессиңби күйөөң экөөң үйдө болосуңар, биз быйыл шаарга кетебиз.

 

— Апий, жеңе, мени эмне түбөлүк ушул үйдө жүрө берсе дегени турасызбы, кайнатам турбайбы жашай беришет, мен дагы өзүмчө кетем да?

 

— Өзүң билесиң дечи, дегеле ушу кайненемдин жанында тургум келбейт эмнеси болсо да…

 

— Мен дагы тургум келбейт, Азим тилимди алса эртең эле кетет элем.

 

— Кое тур эми, кенже келинибизди жакшылап тосуп алалы, андан кийин бир-бирден өз маселелерибизди чечебиз да, -Динара ишине алаксый Аймирага: — Муну ал, үйгө кирип салат жасай коелу, — деди.

 

— Сиз экөөбүздүн ынтымактуу болгонубузду да көрө албайт, эгер көрүп калса күйөт го? — Аймира абысынын карап күлүп коюп үйгө кирип салат жасап жатты. Алардан башка туугандарынын келиндери үйлөрүн жасап, кудалар келип калса деген Ажарга жардам берип жаңы шырдак, ала кийиздерин төшөп, килемдерин тартып жаны тынбай жүрүп кеч кирип кетти.

 

— Ой, Калмурат, күтүп олтура бербей чалсаң боло, Алмаз кайда жүрөт телефон чалсын. -Ажар кабатырдана күйөөсүн карады. — Саат ондордо эле жөнөдүк деди эле, кеч кирип кетти, аман-эсен келип калышса экен.

 

— Келип калат, жаштар жолдо ойноп жүрүшкөндүр да, даяр тур суу-пууңду белендеп кой!

 

— Белен эле, тынч-аман келип калышса экен, улагыңды даярдап койдуңбу?

 

— Ооба, — деп Калмурат ылдый баса бергенде ылдыйдан чаң бурулдап калды. — Келип калды, кемпир, мынабу машина биздин айылдыкы эмес.

 

— Ээй, кудай, келип калыштыбы? Ой Айсалкын, чык бери, чачыланы ала чык, кызым, Денистер келип калды, — Ажар Айсалкынга үн салды, аңгыча ызылдаган машина келип үйдүн эшигине токтогондо баары топурай тегеректеп калышты. Элет эли, жаш балдар-кыздар келинди көрүүгө ашыккандай кызыга карап калганда Денис түшүп атасы менен учурашты да, апасына бурулду:

 

— Апа, келиниңди үйгө киргизип ал! — деп жылмайганда араң турган эне уулун кучактап бети- башынан шорулдата жыттап алып, Айсалкындын колундагы суу куюлган чыныны алып:

 

— Балекет-салекетиңдин баары ушуну менен кетсин, башыңа бакыт менен кут, дөөлөт орноп келинчегиң акжолтой болсун, — сууну уулунун башына үч айлантып, — Түкүр, — деди. Анан ал чыныдагы сууну ары карай төгүп чыныны көмкөрүп койду. Келиндер менен аялдар жаңы келинди машинадан алып түшүп, үйдү карай колтуктап бараткан эле. Камиланын көзү жашка толо түштү, Дениске ыраазы болуп: «Денис, сага өмүр бою ыраазымын, ушундай бакытты мага ыроолоп эшигиңди аттатып, өмүрлүк жар кылып алдың, ыраазымын сага» деп көз жашынын төгүлгөнүн байкабай бара жатты.

 

— Ыйлаба, кагылайын, бактылуу бол, Денисим алтындай бала, түшкөн жериң андан бетер жакшы, — деп картайган аял аны көшөгөгө киргизди.

 

— Ыйласа ыйлап алсын, кыз күйөөгө тийгенде бир кубанычтан ыйлайт, бир капа болуп ыйлайт, кубанганы өзү каалап сүйгөн теңине келгенине эмеспи, ыйлаган кыз бактылуу болот! — деп бири шакылдады. — Жеңем кайда жүрөт келинге жоолук салбай?

 

— Мына, айланайын, Бүбү эже, келиним сиздей балпайган жакшы адам болсун, жоолукту сиз салыңыз, — Ажар жоолукту Бүбүгө берди.

 

— Салса салайын, — жоолукту Камилага салып, бетинен шалп эте өөп койду да, — Ак жоолугуң башыңан түшпөй алганың менен кол кармашып түбөлүк бирге болгула. Садагам, улуулардын жолун жолдоп ак уул, кызыл кыздын ата-энеси болгула, ар дайым ак жолуңар ачык болуп көшөгөңөр көгөрсүн! — Камила жоолугун ылдый кыла жүгүнүп жатты.

 

— Бар бол, айланайын, ырыс-кешиктүү бол! — деп келинди көшөгөнүн аркасына киргизип коюп ошол жерге чай коюп аялдар чай ичип отурушту.

 

— Мен келин болуп келгенде, — деп калды элүүдөн өткөн аял, — Ушу Марат айтпай ала качып ала келип алды, отурбай жаныма келгендерди жолотпой жатам, анан эле карыган чал босогого туурасынан жатып алды, «Мейли, балам, отурбасаң отурба, мени аттап өт да бара бер» дебеспи, ыйлап жаткан жаныма жоолукту салып көшөгөгө алып киргизип койду, ак же көк дей албай көшөгөгө кирип алып ыйлап атам, — деп күлүп калды, — кийин көрсө өзүмдүн кайнатам экен ошол чал, уялып жүрбөдүмбү көпкө чейин.

 

— Анан эмне, ыймандуу болчу ошол убакта жаштар, — азыр эмне деп сөз баштады бирөөсү.

 

— Кудайга шүгүр, ушу менен үч келин алып жатам чыр-чатагы жок эле, келиндерим ыймандуу эле буйруса, — деп Ажар сөзгө кошулду.

 

— Сиздин балдарыңыз жакшы да келиндериңизди чатак кылбай турган кылып алып келет. Баары күлүп калышты. Камиланын жанында эки-үч кыз отурган, алар анын атын сурап сүйлөшүп жатышты.

 

— Ажар, бери келчи, — деди Калмурат баш багып.

 

— Атаны кудай ай, менсиз дегеле иш бүтпөйт, — Ажар наалый чыгып баратты.

 

— Үйбүлөнүн эң башкы министри болсоңуз анан, акем акылдашайын дейт да, — Ибарат тамашалай артынан күлдү.

 

— Ооба десең, кеңешип кескен бармак оорубайт деген эмеспи.

 

— Эрди-катынды эриш-аркак кылып жаратып койгон тура, — дешип шыпшына отурушту аялдар. Камила ойлонуп отурганда Ажар келип:

 

— Балам, ата-энеңердин аты-жөнү менен дарегин айта кой, балдар чогуу ачуу базар жеткиришсин.

 

— Атам Асылбек, апам Жийде, Чоң-Арык айылында…

 

— Мейли, садага, бир ооз кат жазып бересиңби, ала барышсын.

 

— Макул, аа-а менде…

 

— Кагаз, ручканы азыр алып келем, — Ажар заматта кагаз менен ручка алып келип берди. Камила жүрөгү түпөйүл боло: «Ата-апа, мени кабыл алып жөнөткүлө, кызыңар Камила» деп кыска гана кылып жазып берди. Өзү уурулугу кармалган адамдай өзүнчө кыжаалат болуп көңүлү ачылбай бир маалда телефонун алып, кайраттана телефон чала баштады.

 

— Алло, ата, мени уят кылбай баргандарды жакшы тосуп алгыла, — деп кайра өчүрүп салды. Атасынын үнүн уккусу да келбеди. Шаарга эртең менен эрте үч киши жөнөй баштады. Алар дарек боюнча чоң заңгырата салынган үйдүн короосуна токтошту.

 

— Кудалар кандай тосуп алаар экен? — деди Денистин жездеси Турат.

 

— Кызы өзү каалап барып аткандан кийин эмне демек эле, жеңетайды да акем оңой берген жок, — деп Калмураттын иниси Бекболу кенебей айтканда арытан Асылбек көрүнүп аларды көздөй басты.

 

— Кулдугубуз бар, куда, кызыңар бизге келин болду.

 

— Кулдугубуз бар, куда,

 

— Кулдугубуз бар, — деп ага жете келип саламдашканда Асылбек керсейе минтти:

 

— Кулдугуңуз кудайга, менин андай кызым жок!

 

— Куда…

 

— Куда, балдар сүйлөшүп алышыптыр…

 

— Куда… — деп келе жатканда Асылбек ачуулана:

 

— Мен айттымбы айттым, демек бара бергиле, мен азыр куда тосо турган абалда эмесмин, жакында эле атам өлгөн, мен эч ким менен сүйлөшө албайм! — деди орой.

 

— Кечиресиз, куда, андай болсо ачуу басарды алып коюңуз, кудаңыз ачуу басарга жетимиш миң сом берип жиберди эле, алыс жолдо малды алып жүрө албадык, бул тайдын пулу менен берди эле…

 

— Кереги жок, келген жолуңар менен кете бергиле, мага эч нерсенин кереги жок!

 

— Ошондой кантип болсун, кызыңыз кеткенге ичиңиз ачышып турганын билебиз, кыргыздын ата-бабадан калган ыйык салты экен, кызды алган биз айыптуубуз, — деп Бекболу бежирегенде Асылбек аны карысынан алып, короонун эшигинен чыгарды да:

 

— Эмесе ошо салт-палтың менен түш, менин сени менен акыйлашкыдай убактым жок, дагы сүйлөсөң муштум жейсиң! — деп түртүп жиберди.

 

Үн дей албай Турат менен Азим туруп калды эле ызалана түшкөн Бекболу:

 

— Кеттик, — деди, үчөө эми машинага отуруп жатканда ары жактан Жийде жүгүрүп келатып: — Тигилерди, кызыңды уятка калтырба! — деп жетип келди эле, Асылбек:

 

— Үнүңдү басып үйгө кир, бир нерсе десең ошолордун көзүнчө келтек жейсиң! — деп сүйрөп жөнөдү.

 

— Эй Асылбек, кудайды карасаң боло, ошол жетимиш миңди берген берет, колунда жоктор

 

беш-он миң сом зорго табат, сен мени алганда эле укмуш белең, сойорго коюңар жок карызга алып кутулбадыңар бэле, нысабын жок сенин, кызыңды шылдың кылдың, — Жибек ыйлап жатты. — Сени киши кылып жүргөн мен, досуңду дос тууганыңды тууган кылып, мен болбосом жүрмөксүң!

 

— Энең дурайын акмак, эмне деп жатасың ыя, башыңды жулуп коем, оозуңду бас!

 

— Баспайм, кызымдын жүрөгүн оорутуп, барган жерине шерменде кылган сендей атадан көрө жогу жакшы, унчукпай койсо тим эле дардаңдайсың да. Мен сени менен ажырашам, сени менен ушинтип жашаганча, — Жийде да өзүнүн кыялын көрсөтө булкунуп кийинип кете турган болгондо Асылбектин ого бетер кыжыры кайнап колунан алды да, жаакка чаап-чаап ийди:

 

— Эми менден кетип сүйгөнүңө барасыңбы, кызыңа жакшылап тарбия бергендин ордуна мени кекетесиңби! — деп түртүп ийди да, жини таркаганча тепкилеп койду.

 

Ошентип Жийде төркүнүнө кетип калды.

 

Ошентип эки жаш жашоонун ыйык жолуна түшүп, өз сүйүүлөрүн далилдеп жашап калышты. Камила абысындарынан басынып жүрдү. Убакыттын өтүшү менен Камила аргасыз ичтен капаланып жатып, боюнда болуп калганын да байкабай калды. Анткени ал башкалардай болуп талгак болгонун деле байкаган жок же санаа менен сезбей калдыбы, качан гана ичи кыймылдаганда билди. Кайненеси аны көтөрмөлөп, жакшы сөз айтып калса эки абысыны ичтери күйүп калчу болду.

 

— Ай жеңе, — деди бир күнү Аймира, — Көрдүңүзбү, Камиланын жөн эле көзүн карап калыптыр го апам, эң кенже келиним деп жакшы көрүп жатканы го?

 

— Акыры ушу карайт деп жаткандыр да, ошонусу жакшы эмеспи бизге, экөөбүз эки жакка бөлүнүп кетебиз, уйдун богундай болуп бул үйдө отура бербей, кайнене-кайната менен жашаган жаман экен ай, өз ата-энеңдей болмок беле?

 

— Ошо да, мен да тургум келбей калды, Камила эле турбаса бир мүнөт турбайм.

 

— Алмаз экөөбүз баш-аякты жыйнап, кудалары келип кеткенден кийин кетебиз го, үч баланы алып эле кетем.

 

— Силер дагы кетсеңер, мен Азимди эптеп көндүрөм да, жок дегенде районго бөлүнүп кетем, — Эки абысын ошентип сүйлөшүп жатты. — Жеңе, деги кудалар келет бекен, кызынан кечип койгон имиш го?

 

— Баласынан ким кечсин, көбүрөөк калың алыш үчүн ошентип жаткан чыгаар, калыүды көп алгысы келгендер ошенте берет.

 

— Апий, жеңе, бизге жеңетайга бир торпок менен он миң сом эле бербеди беле, буга тим эле атам да эрип кетип жетимиш миң сом берди го?

 

— Мага деле ошондой берген, кайра атамдар эки эселеп сеп бербедиби, — Динара менен Аймира сүйлөшүп отурганда Ажар кирип келди эле, экөө сөздөрүн угуп койгондой тура калды:

 

— Апа, бирдеме болдубу? — Озунуп Динара сурады.

 

— Жо-ок эчтеке болгон жок, тиги Камиланын төркүндөрү эми келишет экен, боорсок-соорсогуңарды жасай койгула.

 

— Канча киши келет экен, бүгүн келмек болуптурбу?

 

— Бешөө эле дейт, дагы эмне болуп кетет, жакшылап даярдангыла, балам, келиндерди чакырып салаттарды жасагыла, бол эртерээк. Канча күндөн бери кыйналып калдым окшойт ооруп турам, өзүңөр камына бергиле, мен эс алып алайын, бүгүн келишет го.

 

— Жатып эс ала бериңиз, биз даярдана беребиз, Азимди отун жар дейин анда, — Аймира сыртка чыга жөнөдү.

 

— Аймира, тиги Сайраш менен Гүкүлөргө балдарды жөнөтүп ийчи, келип калсын, — Динара ага карай тапшырма берип өзү ишке киришти. Камырын жууруп жатканда эки келин келип калды. Сайраш менен Гүкү жакын туугандарынын келини, экөө тең Динарадан кичүү.

 

— Жеңе, биз эмне кылалы?

 

— Силер салатка сабиз менен кызылчаны асып коюп, анан тиги жерде турган эттен майда туурап, фунчозаны сууга салып, даярдай бергиле.

 

— Болуптур, — деп экөө айтылган жумуштарды жасай башташты. Сырттан кирген Аймира:

 

— Президентти эле күткөндөй болдук го, жаланкычтын кийинкиси күчтүү деп келинибиз чойоке окшойт, дегеле үйдөн чыкпайт ай, күйөөсү экөө өз бөлмөсүнөн чыкпай кечке эле жатат.

Тим кой, балким ата-энеси келбей капаланып жаткандыр, бала аны сооротуп жатса керек да, — Динара абысынын тыйган болду. Ал унчукпай калды. Керээли кечке даярданып баарын бүткөндөн кийин Динара Камилага: — Камила, кудалар келатыптырбы? — деди.

 

— Ооба, жеңе, келип калышат го, алыс жерден келиши ушул экен да?

 

— Мейли анда, — Динара ары басып кетти. Эки-үч сааттан кийин эки машина келип токтогондо чогулгандар утурлай тосуп:

 

— Кулдугубуз бар, кудалар, келиңиздер! — деп үйгө карай жол баштап, конок үйгө киргизип сый көргөзө баштады. Алдына коюлган тамактарды алаар-алмаксан болуп отургандар келгени жылмайбады, суз гана отурушту. Эки аял, үч эркек, сиңдиси кошо келген экен. Аябай сыйлап койдун этин тартып, кымбат арак-шараптарды алып келди эле ичишкен да жок. Эртеси кетээринде алдында ачуу басар деп жетимиш миң сом, андан башка отуз миң менен бирге кийим-кече койду эле бирин да алышпады. Канчалык асты-үстүнө түшүп машинасына салып берсе да албай коюшту. Камила дагы ыйлаган бойдон калды. Акыры анын түрү бузула баштады. Кыял көрсөтүп, туруп-туруп эле ыйлап алат. Денис андайда жалынып-жалбарып:

 

— Камила, капалана бербечи, акыры көнүшөт да, балалуу болсок ошондо өздөрү эле келишет, — деп сооротот.

 

— Денис, мен барбасам болбойт, мен үчүн ата-энем ажырашмак болуп атыптыр, мен ага жол бербейм, андан көрө өз үйүмдөн атама өлүп бербесем, апамды мен үчүн күнөөлөгүдөй, анын күнөөсү эмне? Мен өз бетимче күйөөгө чыгып кетсем эле күнөөлүү болмок беле?

 

— Койчу эми, капаланбай тынчтанчы, эмне сени төркүлөтөлүбү?

 

— Ой, ошондо болмок беле, баарыбызды үйгө киргизбей уят болом да, мен атамдын сырын жакшы билем, айтканын кылат.

 

— Анан кандай кылышыбыз керек?

 

— Мен өзүм барып келишим керек, болбосо апама жаман болот, — деп Камила ыйлап жатты. Денистин аргасы кетти:

 

— Мен сага айткам, баягыда кошо кете берсең болмок, мен өзүм ошол үйдөн алып кетмекмин, эми барсаң уят, бияктагылар эмне дешет?

 

— Билбей, эмне кылаарымды да билбей калдым, эл эмне десе ошо дешсин, кетпесем болбойт.

 

— Кызыксың го, эми чыдай тур да, төрөсөң келбесе анан алып барам, — Денис аргасы кете сүйлөдү. Экөө ары кетип, бери кетип отуруп, акыры төрөгөнчө чыдоого көндүрдү аны. Ичи билинип алты ай болуп калган, болоор-болбостон экөө уруша кетти, Денис жинденип үйдөн чыгып кетти. Камила анын артынан жүгүрүп:

 

 

Уландысы бар.

 

 

 

 

Сайтыбыздын ссылкасы менен бөлүшүп коюнуздар! 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE