Пример HTML-страницы

Эки куйоолу аял 19 бөлүм. АЯГЫ.

https://kyrgyzcha.site/?p=37401&preview=true Кызыктуу окуялар.

Эки куйоолу аял.

19-болум.

Ичем, — дегенде оюнда эчтеке жок Айымкан өзү койгон чынынын бош турганын көрүп жүрөгү болк этип алды: «Жаныбек ичип алып өлүп калсачы, кудай ай, эмне кылам» деп коркуп кетип, баары эсинен чыга чыныны тазалап жууп, Аруужанды карабай эле эшикке чуркап чыкты да, жолду караса балдар үйүлүп калыптыр. Жүгүрүп жетсе Жаныбек жерге оонап ичин баса кусуп жатыптыр. Коркуп кеткен Айымкан жетип эле балдардын жардамы менен үйгө алып келип, кусуп жаткан балага сүт ичирип ийди. Ичпейм деп ал болбойт, улам оозуна такап:

 

— Ичип жибер, кусканың басылат, — дей берди, апасынан ууланган адамга ак ичирсе кесип кетет дегенди уккан. Жаныбек көбүк куса баштады, ошол кезде Ажар келип калды:

 

— Кокуй, эмне болуп кетти катыгүн, эмне ичтиң эле? — деп ал дагы сүт ичирип жатты. Ичкенин кайра кусуп жатканда, үч-төрт үй ары жашаган балдардын врачы Күмүш келип калды, ага өзүнүн баласы айтып барган экен, экөө чогуу окуп дос болуп жүргөн.

 

— Эмне болду, угуп алып жетип келдим.

 

— Билбейм, айланайын, — Ажар өңү боппоз турган Айымканды карады. — Карап турсаң болмок, балам, бирдеке ичип алган го?

 

— Мен эшикте жүргөм, — Бүткөн бою калчылдаган келин: «эми эмне кылам, өлүп калсачы, шүмшүк Аруужандын азабы да» деп ойлонуп атканда Күмүш:

 

— Эже, уу коргошун ичип алган го? Сүт-айранды бериңиз, мен уколду алып келейин, ууланган турбайбы? — деди.

 

— Ботом, аны балдар кармачу эмес, дайым эле үйдө турат, — деп таңгалды Ажар. Жаныбек кусуп жатып бир аз эс ала түштү. Күмүш уколдорун алып келип, тамырына да берип койду. Эч нерсе болбой көпкө жатты бала.

 

— Дагы азыраак ичкен экен, болбосо жаман болмок экен, эми дурус болуп калды коркпоңуз.

 

— Кудай колуңа дарт бербесин, айланайын, кудай сактады, ээк кудай, шерменде кыла көрбө, ата-энеңдин кылганы деп келиним баламдын жанын койбойт эле, айланайын жаратакан ушулардын жамандыгын көрсөтө көрбө» Ажар небересинин жанында жалынып-жалбарып жатты. Калмурат келип угуп алып, кемпирин урушуп кирди:

 

— Ошонуңду жоготсоң боло, бала неме кайдан билсин, муздак деп ичип алды да.

 

— Күндө эле ордунда турчу эле капырай, каяктан да иче койду? — Ажар күнөөлүүдөй күңкүлдөдү. Айымкан болсо: «Эми чыныдан ичтим десе эмне кылам, аз кошулуп калган тура, Аруужан деле өлмөк эмес экен, Жаныбек аман калып жакшы болду» деп ойлонуп эс ала түштү. Үч күндөн кийин зорго көзүн ачты ал. Эки жакты карап, жанында отурган чоң энесин көрүп:

 

— Чоң эне, эмне болду? — деп асылып турган гемодезди карады.

 

— Садага болоюн десе, ак саргыл башыл айланайын, сен уу ичип алыпсың, балам, — Ажар өпкүлөп ыйлап ийди. — Мен ичкен уу коргошунга тийбегиле деп айтчу элем го силерге?

 

— Эне, мен ага тийген эмесмин, чыныдагы эле чайды ичкем, муздак чай бар экен.

 

— Каерде?

 

— Столдун үстүндө туруптур, суусаганымдан ичип алгам.

 

— Дагы эмне дейт, столдун үстүндөгү чайга ким кошуп коймок эле, андан эмес окшойт, ысыкта ачыган бирдеме жеп алсаң керек анда.

 

— Жо-ок, эчтеке жеген жокмун, эне, айтып атам го чай ичтим деп.

 

— Капырай, Айымкан кайда жүрдү эле?

 

— Жеңем Аруужанга чай берем деп чакырып жүргөн.

 

— Анан эмне болду?

 

— Алар үйгө келгенде мен кетип калгам.

 

Ажар оюнда: «Балакет ба-ас, анда ошол куюп койгон окшойт, кызды аябай жаман көрөт, ошону өлтүрмөк болгон го?» деп ойлоп ийди. Ошо бойдон эч кимиси билбей да, унчукпай да калды. Ажар Аруужанды андан кийин өзү менен кошо ээрчитип кетмей адат кылып алды. Айымкандын жанына койбойт. Айымкан да андан кийин арам оюнан кайтып: «Эми Аруужанга берсем билип калат, мейли чоңое берсин, төрөп алсам Денис менден кайда кетмек эле» деп ойлоп тынчып калды.

 

Күз келип, күжүрөгөн күздө аш-тойлор күчөп, мал семирип жайлоодон келген кезде Калмурат дагы келинине той бермек болду. Тойго келгендер көп, алардын ичинде Миргүл дагы бар. Анткени Калмуратка эң жакын туугандарынын бири ал Бишкектен келген. Бака-шака отургандар ырдап-бийлеп калышты.

 

— Ой, Миргүл, сен эми Бишкектен келдиң, ырдап койбойсуңбу? — деп калды Ажардын сиңдиси Айдай.

 

— Мейли, ырдаса, ырдап коеюн, ушундай тойдо ырдабасак болбойт го? — Миргүл күлүп калды.

 

— Ырдап кой, эски ырлардан ырдап койчу?

 

— Мына азыр ырдайм, — Миргүл ойлонуп бир аз турду да, — Эски эмес жаңыдан эле ырдайын:

 

Сен жолоочу турмушта жол караган

 

Мен сүйүүнү кубаттап ырдап алам

 

А сен болсо кара көз бир сулуусуң

 

Иреңи серт мендейди ылгабаган, — деп биздин жердешибиз Руслан Нарынбаев ырдап жүрбөйбү, жаңынын дагы жанга жагымдуусу бар! — деп Миргүл ыр кесени узатып койду. Шатырата кол чаап коштоп киришти.

 

— Азамат эй, комузу эле болбосо өзүндөй, андан да жакшы ырдадың.

 

— Үнүң жакшы экен, дагы бирди ырдап кой эми, — дешип суранып калышты. Миргүл дагы ырдады, приз алды. Тойдо болуп көңүлү көтөрүлүп шаарга жөнөдү. Ал Камиланын тагдырын угуп кейиди, анткени келип көрүп кеткен болчу. Ал келген күнү эле ага Нурмира чалды, Миргүл ала коюп кулагына тосту:

 

— Ой, каяктасың?

 

— Үйдөмүн, өзүң кайдасың?

 

— Мен кечээ келдим, дүкөндөмүн.

 

— Айылдан жаңы эле келдим, тойго баргам.

 

— Аа, биякка келесиңби?

 

— Бүгүн эмес.

 

— Анда эртең келип кал, сонун жаңылык бар.

 

— Ма-акул, эртең кечке маал барам.

 

— Болуптур анда, — Нурмира телефонун өчүрүп койду. Миргүл ойлонуп калды: «кыздарына көрүнбөй жолугуп келейин, эмне жаңылыгы бар болду экен, Самат кетем деп жатат эле, кетип калдыбы же аял тапты бекен», деп ойлонуп алды өзүнчө.

 

Эртеси ал барса Самат Нурмиранын жанында отуруптур:

 

— Дайның чыкпай кетти да?

 

— Бизди унутуп койдуң окшойт, — экөө көрүп эле сүйлөп кирди.

 

— Силерди балээни унутамбы?

 

— Ким билет, үйүңө барсак жоксуң.

 

— Андан көрө айткылачы, кандай жаңылыгыңар бар деги?

 

— Толуп жатат, Самат болсо бөлүнгөнү жатат, кесе, аяк, чөмүч-кашык, төшөк-жууркан берип бөлөбүз го? — Нурмира күлүп калды.

 

— Кудай алсын, экинчи аял дегенди көп эле уккам, экинчи күйөөнү эми угуп жүрөм ай, күйөөсүнө барып келсе деле унчукпай жүрө бергениң кызык, кыскасы эркектин эркеги экенсиң!

 

— Анан эмне кылам, алы-күчүмдүн барында балдарын багып, картайганда мени карайбы десем боорун жерден көтөрүп алып, өз атасына тартып жатса, убагында ошолорду баккандан тажап иштебей үйүнө жатып алган экен, — Самат бүлкүлдөй күлүп калды. — Атасынын көрү, эми мындан жаш аял алам!

 

— Ошент, аның кайра таз кейпин кийип, эринен таяк жегенде билет сенин кадырыңды, — экөө анын көңүлүн көтөрүп сүйлөп жатты.

 

Ким билет дагы уланабы же жашоону токтотуп экөө эки жакка кетеби, аны убакыт көрсөтөөр, кыскасы эки күйөөнү тең ийге келтирип, биринин тапканы менен бирине жагып жүргөн аялдарга рахмат. Заманыбыз өзгөрүлгөндөн бери эки эмес бир күйөөнү кармай албай канчалаган аялдар бойдок жүрөт. Баракелде Саадат, аял болсоң да эр экенсиң.

 

Аягы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE