Пример HTML-страницы

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР. 12-БОЛУМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=51541&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР.

12-БОЛУМ.

*******

 

— Апа, эми эмне болот? — деди Алтынай жанына келип. — Билбейм кызым, кудай деп туралычы, Турсун экоонор таарынышкан жоксунарбы? — Сейде кызын суроолуу карады. — Жо-ок, эмнеге таарынышмак элек? — Ошондой эле болсун, — деди дагы оюна бирдеме тушкондой, — Кызым, ушул болунча жолукпай эле койсон кантет? — деди. — Эмнеге,апа? — Кыз апасын урпойо карады. — Суйуу деген бир жанып кайра очуп калчу чырак сымал, жел болсо эле жалп очот, балким Турсун сенден сууп калса жашоонор болбой калабы деп ойлоймда, — деди эне кызын аягандай. — Турсун антпейт, ал мени суйот апа, эгерде биз ажыраша турган болсок экообуз тен олобуз деп антташканбыз, каршы болсонор биз тируу калбайбыз! — деди апасына жалдырай козун жашылданта. — Ок, ал эмне дегенин кызым, азыр балапан элесинер да,келечегинер али алдыда, андай жаман созду айтпай жур, ким каршы болмок эле, саал куто турсанар эми,- деп Сейденин журогу<болк> дей тушту, — Садагам десе, ант м.н ойногон болбойт, таптакыр ишке ашпай турган ишке гана антташышат, силер азыр жашсынар, ал жонундо ойлонбогула. — Анан эмнеге атам кечээ куну унун бардыгынча кыйкырды, ал кыйкырбаса Тусундун апасы дагы мындай болбойт болчу, — деп Алтынай тултуя оз болмосуно чыгып кетти. Сейде ойлонуп калды: <Бу балдарга ишениш да болбойт, карачы буларга каршы болушса экообуж тен олобуз дешкенин, кой кундур-тундур карап турбасам болбойт>, — деп ойлонуп Алтынайдын киришин кутту. Арген ооруканада Тургун м.н кундоп-тундоп болгонго чарчады корунот, Тургунга: — Мен уйго барып келейинчи, Насыйкат дагы чоочуп калбасын,- деди. — Мейли, мен деле кетпесем болбойт, таенем туруп турат, барып Туйгунду жиберем. — Макул анда, апама кирип айтып чыгайын, — деп Арген палатага кирди, — Мен уйго барып эртен келейин, — деди, Кундуз башын ийкеди, Арген ичи тыз эте артына кайрылып чыгып кетти, ал куну Шааркан эле калды. — Жараткан жакшылыгын берсин кызым, сени коп куноон бар, балдарына тийбесинчи, кудай боор ооруп сакайып кетсен бир кунчолук билинбей калат, -деп ушкуруно караганда Кундуздун коз жашы кычыгынан агып жаздыкка агып жатканын коруп журогу сыздап жуж аарчысы м.н аарчыды, — Капалана бербе, ойлоно берсен кайдан жакшы болосун, кудайга журогундон берилип жалын, кудай кечирет кызым, — деди копко суйлоп. Убакыт билинбей кейип-кепчип журуп эки жума отуп кетти,врачтар Кундузду чыгармак болду, ал бир аз колдору кыймылдап отуруп калган, бирок суйлбой жатты. Уйуно алып келип тулоо откорушсу,каны журту м.н бир туугандары тез-тез келип турушат, Сейде дагы келип коруп кетип турду. Бара-бара суйлоп баштаганда кубанып жатышты. Турсу болсо кун алыс Алтынайга жолугуп турат, бугун дагы жолугуп суйлошуп турушту. — Турсун апабыз жакшыбы? — деди Алтынай назик конгуроодой уну м.н жигитке ыктай. — Буйруса жакшы, эми басып кетсе эле болду. — Кабатыр боло берем, биздин кесирибизден болдубу деп. — Алтынай, мындай ойду ойлобочу, жаным. — Сары санаа боло берем. — Эч ойлонбо, апам сакайып кетсе эле уйлонобуз, баарвы билип деги калышты, эми коркпойбуз, бизде баары бар,болгону кутушубуз керек,- деп Турсун кызды имере кучактап обушуп туруп бакыттын эмне экенин сезе элек, темир канат балапандай дирилдеп, биринин демине бири ырахаттанып жатты. Айдар уйундо эмне кылаар айласын тапай далбастаганы м.н аялынан тартынып сыр билгизбейт: < Бул эмне деген шумдук, Сейдеге тушундургонум м.н балдар тушунбой оздоруно кастык жасашса кандай болот, кантип алардын уйлонушуно кантип чыдайм, кантип Кундуз м.н куда-кудагый боло?>,- деп сары санаа болуп журду. Аны кудагый деп атоог жузу чыдабай жатты. Сырттан кирген Сейдени коруп. — Барып келдинби?- деди. — Ооба. — Кандай болуп калыптыр? — Мурункудан дурус, бирок баспай копко жатса кыйын го, балдар кыйналат,озуно деле оор келет, дуйнодо кор кылбасын кудайым. — Пешенесинен корот да, ар бир адамдын короор куну пешенеден. Анысы бар,бирок жаш туруп коз каранды болуп калганы оор озуно. -Ооба-а, ото кыйын, которбоско аргасы жок пенденин ,- деди да ичкериге ээрчише кирди: < Менин куноомдун айынан кызым азап тартып бактысыз болуусу мумкун эмес, эчтеке билбегендей гана Алтынайыма батамды беришим керек, кудай озу кечирээр, балдар билбесе болду, Кундуздс ал-абалын билгенге барып коюшум керек, Сейде дагы кумон санабагандай болсун> -деген чечимге келди Айдар. Эртеси гул алып, торт которуп алып Сейде экоо кенешип алардын уйуно ээрчишип барышканда Гуля отурган экен. — Саламатсыздарбы? — деп Айдар Гуля м.н учурашып анан Кундузга гулду сунду, — Сакайып кетишинизди тилейм. — Рахмат-рахмат, — деди Гуля, Кундуз башын ийкеп козун ала качты, анын артына кош жаздык коюп жолонуп отурган, гулду Гуляга берди. — Сакайып калдынызбы? — деди кайра дагы Кундузга кайрыла. — Кечиресиз, Кундуз бир аз озуно келсин, буйруса аз-аздан суйлой баштаптыр, мен дагы кеч угуп келдим. — Айланайын, — деп ар жактан Шааркан басып келди, — Келгенине рахмат, кудай кошуп куда- кудагый болуп калсанар баары ордуна келет балам, сакайып кетсе жаркылдап чайын куюп мандайынарда отурат, кудайдан башка айла жок, — деди ушкуруно креслого отуруп жатып. Асел чай алып келип, чай куйду, бир чыныдан ичип тим болушту, Айдар м.н Сейде учурашып анан денсоолук каалап аерден чыгышты. Экоо машинада келе жатып ун деген жок, оз ойлору м.н алек болуп баратышкан, Сейде куйоосун карап коюп бир нерсе демей болуп унчукпай калды. — Сейде, сен бирдеме айткын келген жокпу? — Аа-а, мен сага бир соз айтайын дедим эле. — Эмнени, айта бер. — Кундузду чон врачтарга, же башка жакка алып барыш керек. — Ошентсе деле болмок. — Сен суйлошпойсунбу балдарына. — Коройун. — Корбой эле жакшылап суйлошуп эртелеп аракет кылгыла. — Макул-макул, байбиче. — Адамдын мункуроп турушу журогумду оорутат, биздикине баргандагы келбети, турпаты азыр кана бечаранын, мусапырдай болуп калды, калыбына келсин, — деп Сейде ыйлагысы келип токтоду. — Болду байбиче, мен балдары м.н суйлошойун, — деп Айдар уйунун эшигине келип токтотту, — Журу уйго кирели, азыр уйуно телефон чалып суйлошолу. — Телефонун кайдан алабыз? — дегенде Айдар унчукпай калды, — Баса Алтынай билет чыгаар, сурайлычы кирип, — деди дагы шашыла уйго киришти, Алтынайдан сурап алышты да, Айдар Тургун м.н суйлошту. Бир жумадан кийин Арген м.н Тургун, Айдар болуп Москвага учуп кетишти. Арадан бир ай откондо Кундуз кадимкидей суйлоп калды, басканы оноло албай жатты. Ошол куну Бишкектен Айдар келип калды, жанында Туйгун бар эле, ал дагы бир жакка чыгып кеткен, эшик ачылып Айдар палатага баш бакты. — Кундуз, ал-абалын кандай? — Жакшы, кел. — Балдар жок беле? — Туйгун бир жакка кетти окшойт. — Кандай анан, озунду жакшы сезип калдынбы? — деди бет мандайына стул коюп отуруп, — Кудайга шугур, онун онолуп калыптыр. — Рахмат, — деди шыбырай жер караган Кундуз. — Кундуз. — Угуп жатам. — Балдар билбесин, алардын бири-биринен ажыраар туру жок, бизди кудай кечирээр, Кундуз… — Ошондой дейсинби? — Ооба,балдарды кокус кылып алабызбы деп коркобуз. — Эмне дегени турасын, Айдар? — Мен дагы коп ойлондум, сен бир олумдон калдын. — Аялындын алдында озунду тазамын деп сезе аласынбы? — Ал тушунот, ошол сени ушул жакка алып баргыла деп айтып, сенин денсоолугундун жакшырышын каалады, катуу кейиди, эч нерседен шек санаган жок, ал жаман ойлобойт, буйруса мындан ары балдар учун жашайбыз, баарын унутууга аракет кылалы, Кундуз. — Мен унутууга аракет кылам дечи, бирок корушкон сайын журоктор дукулдоп бир шум чыгабы деп жамандыкты сезгендей болот, ушул бойдон тынч эле балдардын конулун суутканга аракет кылсак кантет? — Жок-жок Кундуз, эки бала бири-бирине ант берип коюшуптур, биз каршы болсок экоо тен олобуз деп шерт кылган имиш, мен кызымды жанымдай жакшы кором, алардын азыр жинди убагы, бирдин ичинен чыгышы мумкун, анын устуно ант-шерт деген жаман, ошондуктан макул болуудан башка жол жок. — Ошондой де, — Кундуз унчукпай калды. — Тагдырдын тамашасын карачы, ушунчадан экообуздун балдарыбыздын бири-бирин суйуп калганын карачы, — деп Айдар палатанын ичинде аркы-терки басып турганда Туйгун кирди. — Салоом алейкум! — Ал-леким салам. — Качан келдиниз? — Бугун гана келдим. — Апам жакшы, жакында чыгарабыз деп жатат. — Жакшы болгон тура, Сейде дагы кайра-кайра сурап жатат, Алтынай андан бетер кабатырланып журот. — Качан кетесиз эми? — Бир аз иштерим бар, бутсо эле кетем. — Балким чогуу кетээрбиз, — деп кулуп койду Туйгун. — Болсо болот, мен врачы м.н суйлошуп коройунчу, — деп Айдар палатадан чыгып кеткенде Туйгун апасынын этегине отурду. — Кандай жакшы адам ээ апа, эгерде булар болбосо уйдо кармап отура берет элек да, анан сиз дагы азап тартып журо бермексиз. — Биринчи себеп кудайдан, балам. — Мейли апа, уккунуз келбей жатабы? — Эчтекеге конулум жок. — Уколдорунузду алдынызбы? — Ооба, жата бербей бас дейт врач. — Анда палатага бастырайынбы, апа,- деп Туйгун кубанып кетти.

— Макул, бир аз басайынчы, — дегенде Туйгун Кундузду жетелеп бир аз бастырды, эптеп такандап басып жатты, — Такымым тырышып калган го, койуй, — деп козун жумуп туруп калды. Ошол убакта Айдар кирди. — Буйруса баары жакшы, эки кундон кийин чыгарат экен, мен бурсугункуго билет алып коеюн, учообузго даярдап коеюн дагы мейманканадан орун алайын. Мен кеттим Туйгун, апана жакшы кара, — деди да шашыла чыгып кетти. — Мен айтпадым беле апа, сен жакшы болуп кетесин деп, мен Тургун акем м.н Арген акемдерге телефон чалайын, алар бизди тосуп алгыдай болсун, апа. — Макул уулум, чала гой, — деп кулмундой уулун карады. — Сизди жаткырып коеюн, этият болунуз, — деп колтуктап керебетке жеткирип бутунан кармамак болгондо Кундуз: — Тим кой балам, озум эле, — деп озу жатканда Туйгун ого бетер кубанды. — Озунуз баса аласыз ээ,апа? — Ооба балам, буйруса басып калдым окшойт, — деп Кундуз шуу ушкуруно кымтыланып жатып калды. Туйгун телефонго жоноду. Ошентип жашонун кызыгынан таптакыр умут узуп койгон Кундуздун конулу ачылып, омурдон коп нерсени умуттонткон кызык дуйно карадан оз кучагын ачты. Эки кундон кийин алар Бишкекке учуп келди, уул-келиндери гул которуп алып тосуп алышты. Алар апасынын озу басып калганына кубанып уйуно келип тулоо откоруп эл чакырып бата алышты. Арадан коп отпой эле Турсун м.н Алтынайдын уйлонуу тоюу ресторандан отту, эки тарап биригип уй м.н эмеректерин белек кылышып дароо эле оздорунчо болуп коюшту. Той да болду, келин алып келим кетими коп болуп Асел м.н Насыйкат жугуруп кызмат кылып журушту. Насыйкат уул тороп алган, Аселдин кызынан уч ай кичуу, али жоргокто. Кундуз мурункудай жакшы басалбайт, таяк м.н кирип чыгат, эки небересин карап уйдо, ошондо ал озунчо окунуп: < Кудайым кечире гор, коп куноо оз айыбымды кечир, денсоолук бер>, — деп намаз окуп баштады. Баары бирге отурганда Туйгун тамашалай суйлоду. — Силер суйом-куйом деп канча кыйнадынар, мен апам каалаган кызды алам ээ, апа? — деди эле Турсун: — Кором сени дагы, азыр кое тур, апам дурус болуп алсын, — деди. — Ашыкпай кое тур, сага али боло элек, — деп Аргенда кулуп койду.- Эмнеге, мен деле жыйырмага чыктым, уйлонсом болбойбу? — Болбойт, уйдун эркеси да кенжеси да сенсин, бир-эки жылдан кийин деле уйлонгонго болот. — Мейли, — деди Кундуз аста, — Бул деле бойго жетти, учоонорду уйлонтуп неберелерди коро берейин, Аргендин го уйлонгонун корбодум, мен сага муну же аны ал дебейм балам, тандаганынды ал! — Апа, Туйгун эч тоскоолдук кылбай эле азыр алып келсе да макулсузбу? — Турсун кулуп калды. — Макулмун, селер таарынбагыла, баарынар мен учун бирдейсинер. — Апам туура айтат, — деди Арген. — Апа, кам санабай эле коюнуз, мен дагы беш жылдан кийин уйлоном, менин кызым эми бешинчи класста окуп жатат,- деп Туйгун каткырып калды, — Эки агама тийишип жатпайынбы? — Тамашалабай эле уйлонсон уйлон, — деди Кундуз, — Тургун жакында уй алып болунот, экообуз жалгыз калбайлыбы. — Булар конокко келип турабы? — Ооба, биз конокко келип турабыз, — дешип балдары оздорунчо бактылуу боло каткырып отурганын коргон Кундуз кубанып отурду: < Ээ айланайын кудай, ушуну кут кыла кор, анды-донду бастым, жанылдым-жаздым, билип-билбеген куноомду кечир, мына менин бактым, ушулардын ынтымагы, бактысы менин бактым эмей эмне>, — деп ойго чомуло тушту. Бир туугандар бакылдашып жатканда уч келини оздорунчо суйлошуп жатышты. — Жене, — деди Асел Насыйкатты карап, — Сиздер суйлошуп уйлондунуздор беле? — Суйлошуп уйлонгон чыгаар, — деди Алтынай. — Жок, биз суйлошкон эмеспиз. — Чын элеби? — Коюнузчу, жене? — Айтсам ишенээр беленер? — Насыйкат жылмая карады. — Эмнеге ишенбейбиз, деги ортонордо суйуу болгон беле? — Акемдин женеме кандай мамиле жасаганынан эле байкабайсынарбы? — Ооба, мага атам каршы болгон, бирок Аргенди коргондон кийин жактырып калып макул болгон, атам суйлошуп келин кылам дегендер келгенде мен туруп кетип калгам, куйоо болчу неме очошуп калып Аргенди уруп кеткенде жаман болгонмун. — Сиздердин башыныздардан дагы коп нерсе откон экен да. — Айтпа, Арген арыз жазбай койгон, анткени сенин куйоон ошолордун ичинде экен да, — Аселди карады. — Кантип? — Ошондой, алар бири-бирин ошондо гана таанышып, апам табыштырган. — Ай-ий, кызык болгон тура. — Чын эле, — деп койду Алтынай. Уч келин ар кайсыны суйлошуп жатышты, коптон кийин дасторкон жыйылып Аргендер м.н Турсун оз уйлоруно кети, Тургун аларды узатып кайра кирди. — Тургун, биз качан болунобуз? — деди оз болмосуно киргенде Асел. — Шашылба, ойдогудай там табылсын, экообуз эл топураган кабат уйлорго барбайбыз. — Анан кандай уй алабыз? — Особняк алам. — Чынбы? — Чын, анткени акча бар, бизден ким тартып алмак эле, атамдан калган дунуйо мулк м.н банкта акча бар, иштетип жаткан булактарыбыз бар, жон эле кете бермек белек, учко болобуз, жаным. — Ошону тим койсончу. — Болбойт, оз энчимди алышым керек. — Тургун, эртен апамдарга барып келеличи. — Макул, коптон бери каттабай да калдык. — Ооба, баягыда апамды коруп келгенде бешик даярдап жатам деди эле. — Эртен Айсуу учообуз барабыз ээ, кызым? — деп Тургун кызын ооп койду. Чоро куйоо баласынын жардамы м.н кирпич тамды бутуп алган, бирок кире элек, уйдун толук ремонту буто элек. Жанын жанга уруп, жамбашын тамка уруп дегендей уулу экоо тачка туртуп тапкан акчасын Атыркулго откоруп берип тункусун эс алып акча жыйнап уйуно материал алмакка чогултуп жатышты, тан заардан кетип куугумдо келишет. Уйдун тегерегин тосуп алышкан, Тунугу он бирди окуп буткон, Айпери он бирде окуп бой тартып калган, Тунугун дагы тачка туртуп иштегенге кондуро албай койду ата-энеси, ал достору м.н короосун дубал м.н айланта тосуп эшигинин алдына момо-чомо отургузуп, тал-терек тигип убара. Атыркул майда сооданы таштап чон соодага откон, Айперини жайкысын орун алып базарга отургузушту. Кечке маал Асел баласы м.н Тургун болуп келип калды, дал ошол куну Атыркул жумушка чыккан эмес, небересине бешик даярдап жаткан. — Апа, кандайсыз? — деп кирип келди Асел. — Апа, жакшысызбы? — деп Тургун дагы учурашты. — Садага болоюндар десе, кандай жатасынар, апан жакшы болуп калдыбы? — деп Атыркул обушо учурашып небересин ала койду, — Секетин кетейин десе, жылтыраган козун, — деп эркелете ооп койду, — Кудагый жакшыбы? — Жакшы эле,- деди Тургун. — Апам жакшы, бара-бара тынып баратат, бизге коз каранды болбой озу м.н озу болгону жакшы экен апа, кубанып жатабыз. — Кубанбай анан, жакшы эле болуп кетсин. — Апа, бешикти буттунузбу? — Ооба кызым, буйруса эки-уч кундо алып барып берем. — Тургун, апама айтышыбыз керек анда. — Асел, кой кызым, кудагый ооруп жатса убара кылбагыла, озум эле жеткирип берем. — Апа, ошол кантип болсун, апам ага макул болбойт, таарынып калат, — деп Тургун жылмая карады, — Биз турбайлыбы, апа. — Садага кетейиндер десе, кудагыйды аяп жатпайынбы, — деп Атыркул уялгандай болуп калды. Турмуштун канчалык оорчулугун тартып кун-тун тыным албай эмгектенип келе жатса дагы ноюбадым дегени м.н жузундогу тырыш анын коп туйшук тартканын далилдеп турган. Кундуз экоо жашташ эле, бирок ага караганда Атыркул бир топ улуудай коруноор эле, анткени м.н экоо тен эне, ошентсе дагы алардын айрымасы асман м.н жердей. Кундуз кийинки кездери анча-мынча тоготпой калган болчу, башынан анын жаралгандагы кыял-жоругу, адамдык сапаты жагынан башка жан. Атыркул жонокой аял, суйуктуу жар, мээримдуу эне, эмгекчил аял, бироого жамандыгы жок,улуу-кичууго бирдей жумшак мамиле жасап конул калтырбаган мунозу бар. — Апа,- деди Асел Тургун сыртка чыгып кеткенде, — Бешикти алып барганда женемдерди, таежемди, анан таекемдин аялын алып алыныз, эчтеке болбойт, алар сый коруп келсин, кайненем аябай жакшы, колдорунда бар, сут акы беребиз деп жатат, ушунча буюм алып барып жатып жон баса бермек беленер? — Сенин жузун бар да кызым, атан сени кемсинбесин, сынып калбасын деп жатпайбы, мунун баарын сенин бактын учун жасадым, кыскасы себинди буттум, мебелди да ырмайып-чырмайып алып койдук, доллар м.н эмес, озубуздон чыккан мебелдер. -Мейли апа, алар деле кур койбойт, Тургун жардам берели деп жатат. — Жакшы эле жардам берди кызым, эми тим кой, атан мындан ары иштебейм деп жатат, уйдун калган ремонтун озу жасабаса болбойт, азы калбадыбы, соодага эптеп жетишип калдык, эми Айпери дагы бой жетти, эмки кезек Улукту уйлонтуп алсак… — Улук уйлонсо карап турмак белек, уйду бутуп анан алгыла. — Ооба, уй буткондо уйлонтобуз, кыз баланыкы кыйын экен да, коз оорудай эле заматта кетет экен, ага дагы тошок жасап ката берейин. — Ооба, ишениш жок, — деп койду Асел ойлуу, — Мен силерди кыйнап койдум го апа, силер бутка тура электе куйоого тийип. — Анын эмнесин айтасын кызым, минтип жаман кыздуу болуп отурасын, Тургун оз балабыздай, — деди Атыркул, бирок жок жонун кайыштырып, ичпей-жебей чогулткан акчаларын кызынын мамысы учун сарптаганын кантип унутсун, бирок барган жери бардар, куйоо баласы жакшы болуп ошол кыйынчылыгын жаап кетпедиби. — Апа, биз кетели, эртен Дордойго барабыз, сизге сонун пальто коргом, ошону алып коелу, женемдерге да пальто алайынбы? — Алардын келгенине кара кызым, откондо жакшы эле кийип-ичип кеткен, артындан бир учрашып барып койбоду, же кызынды коруп койгон жок, — Атыркул абысыны м.н озунун келинине нааразылыгын чыгара суйлоду, — Сени кепке калтырбай бир барып койсо болот эле го, кайненен ооруганда деле барып койгула биз м.н деп канча айттым, колдору бошобогонун шылтоо кылышат. — Апа, озунуз айтчы элениз го, сабырдуу анан которумдуу бол деп, аларга таарынбай эле коюнуз, кантсе дагы бир тууганбыз да апа, — деп Асел апасын кучактап ооп эркелей кетти, — Менин алтын апам, дунуйодо сиздей аялдар коп болсо адамдардын баары таптаза, адилет заман курулмак. — Чонойгонунду билбей эркелей бересин, эми кыздуу болуп калбадынбы, уят кызым- деп Атыркул кызынын чачынай сылай жыттап койду, — Силердин бактылуу жузунорду гана коруп турсам жаным тынч кызым, башканын мага кереги да жок, байлыктын- дунуйонун, алар адамдан кымбат эмес, кардым ток, кийимим бутун болсо, силер кашымда бактылуу жузунордон кулку чачып турсанар болду, мага ошол гана керек садагам, — Оор дем алып алды Атыркул. — Апа биз кетели, Тургун, кетебизби? — деп уйго кирген Тургунга кайрылды. — Жатып алгыла балам, тамак асып койдум эле, атан келсе чогуу отуруп тамактаналы, Улук дагы келип калат, — деп Атыркул бойпондоп калды, — Ушунча келип кайра эле кетем дегенинер болбойт. — Апам кал дегенден кийин калабыз, менин атам м.н суйлошо турган создорум бар, — деди Тургун куло, — Атайын келип кетип калмак белек. — Болуптур анда, кетпейбиз, — деп Асел ага карап наздана кулуп калды, — Тургун атамды аябай жакшы корот, аны м.н суйлошом деп турат, — деп апасын карады. — Чоро дагы Тургунду Улуктан кем корбойт кызым, куйоо баланын жакшысы оз баладай эле болот. Кой мен тамака карайын,- дегенде Асел: — Мен эле карайм, отура бер, апа, — деп сыртка болмого чыкты. Ангыча Чоро м.н Улук кирди. Сырткы болмодон чечинип суу жылытып жуунуп анан ичкериге киришти. — Келгиле балдарым, кудагый жакшы турабы, оорусунан сакайып калдыбы? — Жакшы-жакшы, озунуздор… — Тургун тура калып учрашты. — Отур балам, отура бер. — Сиз отунуз. — Ээ балам, ушуну кут кылсын, кана Айсууну мага бергилечи, неберемди бир жыттап алайын, чарчаганым таркап кетсин, — деп Атыркул алып отурган наристени колуна алды, — Ой-оой, жээни чоноюп калган го? — Колуна алып жаттап — жыттап алып алдына алып отуруп эркелетип жатты, нарирте аны карап кулуп култун этип коюп жатты. Бардар уйбулонун ойлогону, бактысы жалан дунуйо-байлык болуп бири-бирине карама-каршы болуп кээде атадан калган байлыкты болушууго аракеттенип жоо болуп чыгат, ага караганда жетип-жетпей, ак эмгек м.н нан тапкан уйбулодо тынчтык м.н ынтымак окум суруп, баарына тен болушуп адамгерчилик, адамдык сапат жогору болоору анык. Тургун м.н Асел эртеси уйлоруно кетти. Алар келгенде Кундуз: — Куда-кудагыйлар жакшы жатышабы? — деди уул — келинине карап. — Жатышат, салам айтып жакшы болуп кетишинизди суранат. — Рахмат, саламат болушсун, уйу бутуптурбу? — Аз калыптыр, баса апа,себи м.н бешикти алып келебиз дейт. — Качан келет экен? — Эки кундон кийин келет го? — Анда эжен м.н акендерди чакыр, даярдык королу, Асел экоонор дордойго барып кийит-кече алгыла, колунда жогуна карабай байкуштар далбастап жатышат, Аселдин кадыры да балам, эне сутун дагы акчалай берелиби? — деди Тургунга карап, — Сыйлашаарым ушул кудалар эмеспи ээ, балам? — Кундуздун созун угуп турган Асел кубана ыраазы болуп калды. Ошентип баары оз жол-жосуну м.н болуп, кыргыздын салты, урп-адаты м.н болуп куда-кудагыйлар ынтымактуу отуп жатты. Ошол арада Айдар дагы Алтынайдын себин эртелеп бермек болуп кыз- куйоосунон айттырып ийди. Муну уккан Кундуз < Кандай гана болоор экен, бир кафени сатууга жетиштик, ресторандан тушконун улам кетирип уч балам кийин оокатсыз калабы, Аселдин ата-энесине сут акыга элуу мин бердим, булар го элуу мин сомго алар ыраазы болбойт, ошондуктан жакшы алып келишет. Тургун келсе машинаны айдатып алып дуконго барайын дагы бир жылдан берки аренданы алайын, бир жыл торт ай болуптур>, — деп ойлонуп алды. Чынында артка кетип бараткан эле, удаа-удаа балдары уйлонуп, ар биринин жол-жосунун откоруп келип каржала баштаган. Анан дагы балдарынын баскан турганы, кийген кийими жонокой эмес, каалаганынча акча кармашат: < Эркеги жоктун булосу башы жок элдей чачкын болот тура, атасы болгондо мынчалык коромжу болмок эмес>, — деп ушул ирээт Бектурсунду эстеди: < Сени да озумду да азапка салдым, сен олуп тындын, балдар биринен сала бири уйлонуп, той топура болуп жакшы эле болуп жатат дечи, бирок сенин туугандарындан пайда жок, сенден калган дунуйону мен озум жок кылып жаткандай унчугушпайт, колунан келгенин кылсын дедиби, балдарынды бир тууган катары корбойт, канткенде учоону оз-озунчо жашоого кондуром? Тургун окуп алды, кор болбойт, келинчеги уй аялы, Турсундун окугусу келбейт, Туйгундунда окуюн деген ою жок, баары кочо балдарындай сезилет, анан эле суйом деп жетип келет, кандай кылаарымды билбей калдым>, — деп ушкуруно эшикке эптеп чыгып кунго отурду: < Ушунуна дагы шугур, куз келди, жакында кыш да келет, сенин арабыздан кеткенине он жыл болуптур>, — деп ойлонуп туугандарын чакырбай эле коюуну ойлоду. Ошентип Айдардын колунда бардыгын корсотуп Алтынайдын себин укмуш алып келишти, мебелдери чет элдик, жууркан тошоктору шуудураган жибек м.н таза кыжымдан, идиш-аягынын баалуусун айтпа, жаздыктар куштун жунунон жасалган, диван креслолору Германияныкы. Кыскасы бардыгын эсептегенде миллиондон ашаары чындык. Муну уккан Тумаркан жулкунуп жетип келди. — Озунду -озун билип калдынбы, эмнеге кудан келсе чакырбайсын, балдар менин бир туугандарым, унутуп калдынбы аны? — Эже, эчтекеден куру калтырбадым, эки келинге жалгыз озум чачылдым, биринер жардам бердинерби? Жамандыкын жатып ич, жакшыныкын катып ич болду, Бектурсундан калган дунуйону талаага чачкан жокмун, балдарын элден кем кылбай уйлондурдум, жасаган ишин улантып ошолордун келечегине кам коруп жатам! — Сенин тилин чыгып калган экен, — Тумаркан кекете карады, — Сенин оюнча биз дагы сага колтойтуп кошумча беришибиз керек экен го? — Мен учун эмес, ининер учун бермексинер. — Ой келин, мынча тилин узун, миллиондогон байлыгы калды инимдин, он келин алсан дагы жетет, озун копконундон как жерге отуруп калышын мумкун! — деп булкуна кетмек болуп бурулганда алдынан Тургун корунду: — Эже, апамды жаман корсонор дагы биз учун жакшыраак мамиле кылсаныз болбойбу? — деди ачуусу келе. — Эмне болуптур, ботом? — Качан болсо апама кыйкырып-бакырып кетесинер, азыр апам оорудан зорго сакайып келе жатат, ага капаланганга болбойт, сиз эже келсениз сый коруп кете тургандай болуп келип кетиниз, биз эми бала эмеспиз, адам болдук. — Оп-пей ботом, курган Бектурсун олбой ка-ал, сенин бир олгонун мен учун мин олум болду го-о, мына сенин жогун билинди, уйуно келип сенин ордунду таппай ыйлап гана кете турган болдум! — деп коз жашы кылып кетип баратканда Тургун: — Келсениз ыйлабай кетип журун, эми биздин уйдо ый эмес той гана болсун десениз, же инилериниздин бобунон башыныз адашып биздин жамандыгыбызды коргунуз келеби ушул уйдон? — деди орой, унун бийик чыгарып. — Ко-оку-уй, булар башкача болуп оскон тура, — Тумаркан кайрылып карады, — Бектурсун барында керилип креслого отуруп чалкалап, кофе ичип, серуундоп бак аралап эс алып конулумду которуп кетчу элем. — Ошого татыктуу болуп келип журунуз, апама жону жок асыла бербениз, биз апамды кайра жаралгандай кубанып карап отурабыз, жакшы келсениз сизди биз дагы сыйлайбыз, эже, — деди Тургун, — Ооруп жатканда кимин сурап койдунар. — Кой балам, суйлобо улуу кишиге, мага суйлосо деле билинбейт, бир туугандай болуп калбадыкпы, эженди уйго киргиз, чай — пай ичип кешиктен ооз тийсин, — деди Кундуз, — Аселдин колу бошобой жатабы? — Бош элемин апа, тамак жасайынбы? — деп Асел кире калды. — Эжеме озунчо тамак ас, дасторкон жайып кешиктерди алып келип ооз тийгизчи, балам. — Макул, апа, — Асел шыпылдай чыгып кетти.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE