Пример HTML-страницы

ЖЕТИМДЕР 24 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7259&preview=true Кызыктуу окуялар.

?ЖЕТИМДЕР
24 — БӨЛҮМ

Толкун менен Камчыбек экөө эртең менен шаарга, прокуратурага кетишкен. Үйдө Чолпон менен Зайракандан башка киши жок. Энебала кампадан үйүнө алып келген үрөндүк арпаны үйдүн ортосуна
таар жайып алып чар-чабырын терип олтурушкан. Тыштан Қанатбекьэнтигип чуркап кирди.
– Эне! Эшикке машина менен бир чоочун киши келди,
– Кайдасы неме экен?
– Билбейм, милийса го.
– Милийса? Милийса экенин тааныдыңбы? Ал мында эмне кылып жүрөт, Аялдын колундагы тазаланып табакка салынган арпа
каптын оозуна жетпей жерге төгүлдү. Энесинин калтаарган кебетесин көргөн Қанатбек сестээ түштү.
— Жок, жок, милийса эмес, ошого окшогон киши, ким экенин билбейм.
Эмне деп тамтаңдап жатасың?
— Кудай урсун, тамтаңдабай эле. Султанбек атамдын үйү ушулбу деп сурады. — Ооба дедим. — Үйүңөрдө ким бар дейт. — Энем бар
дедим. Мени кучактап өптү. Ошол. — Қанатбек эшикке көз чаптырды.
— Энеке! Тигине, ишенбесеңиз өзү да келатат. Бизди тааныган
— киши болсо керек.
Заматта Зайракандын санаасы санга бөлүндү. Кантсе да Зайнидиндин өлгөнүнө байланыштуу Султанбек менен Толкунду алып кетүүгө келген милийса болуп жүрбөсүн деген коркунучтуу ой эненин көңүлүн чакчелекей түшүрдү.
Бейтааныш кишинин төбөсү короо жакты караган терезеден
көрүндү.. Ал түз эле үйдү көздөй келатат. Эшик ачылды. Зайракандын көптү көргөн кыраакы көзү жигитти кайдан көрдүм эле дегенсип
бүшүркөдү. Жүрөгү опколкуп, көздөрүнөн чаар чымын учту. Мууну бошогондон бошоп, оозу батташты.
Жигит жылдызын чачып энени көздөй умтулду.
— Айланайын ардактуу эне, саламатсызбы? — Анын
оозуна ушундан башка сөз кирбей калтырап кетти.
– Са-ла-мат! — Зайракан сөздү созуп, муунга бөлүп сүйлөдү.
Үнүї алсыз чыкты. — Тааныбай жатам, сен өзүң кайсы баласын кагылайын? — Аял тонгон немедей кыймылсыз турду.
Менмин эне, уулунузмун!
Уулуңузмун?! Қандайча! Жок, жок, менин сендей уулум жок, калп айтпа чырагым. .
Жигит балалык мээрими менен бакырып барып эненин кучагына жыгылууга даяр эле. Бирок, Зайракандын салкын сөзү, куп-куу болуп турган коркунучтуу иреңи жигиттин көңүлүн кайнап жаткан сууга бир кесек муз таштап жибергендей дымытып барып, кайра көтөрдү.
– Айланайын мээрбан эне! Антип айтпаңызчы, уулум эмессин дебеңизчи. Мен Сиздин балаңызмын. Жоголгон апамды, жоодон өлгөн
атамды, сагынган бир туугандарымды издеп келдим. — Ал коргошундай эрип бараткансыды. Қанатын күүлөп, алыска учуучу барчындан
бетер кучагын жая талпынды.
— Мен Нурланмын, апа! Алтын шиле-
кейиңизди чачыратып коюңуз, мендей мусапырга. Атам экөөңө өмүрүм өткөнчө, башым жерге жатканча карыздар болоюн. Балам деңизчи мени. Ысып келген дилимди суутпаңызчы. Эне! Энекебай! — Нурлан кыйкырып жиберди.
Зайракандын көзүнө жүдөп, азып-тозгон, узун бойлуу, бакыракай, коймолжун көздөрүнүн чарасы бөксөрүп, жедеп арыктап, сүйрөлө баскан Шайымкүлдүн сөлөкөтү жигиттин жанында, анын катарында тургандай болуп көрүндү. Ал үнүн толкундуу чыгарып, жадырап сүйлөдү: «Бул менин баякы өзүнө айткан Нурланым. Тааныбайм дебе
Зайраш, сага Токуш менен Нукенин айырмасы эмне» деп жаткан.сыяктуу бир күчтүү үн жаңырды. Зайракан калтырап-титиреп бир кадам алга басты. Жүрөгү кабынан ылдый түшүп бараткансып, дүпөйүл жулкуп алды.
— Нур-лан! Чын эле сенсиңби? — Аял өзүнүн эмне болуп жатканын, кубанганын же кайгырганын билген жок. Жигит өз жашына өзү ээ боло албай ыйлап жаткан энени кучактап, боюн токтото ал-
бай солкулдап турду.
— О-о жараткан, сен бизди кантип таптың балам. — Эне ушул сөздү кыйналып айтып, жигиттин чачынан сылап, маңдайынан өптү…
Нурландын көзү улага тарапта эч нерсеге түшүнбөй, жаңы табышкан эне-баланы жалдырай тиктеп, ооздорун ачып, аңкайып
турган Чолпон менен Қанатбекке түштү.
— Окшошкон каралдыларым, канат-бутактарым, мен силерди чын эле көрдүмбү? — Ал Қанатбекти таяктуу колу менен орой кучактап, Чолпонду сол колу менен эңип алды…
Зайракандын башы эңги-деңги. Анын оюна Султанбек гана түштү. Толкундан биротоло ажырагандай үйдүн ичи аңгырап, өпкө-жүрөгүн бирөө чеңгелдей кармап сууруп бараткандай көңүлү бөксөрүп, көзү караңгылашты.
Аял өлөр-тирилерин билбей чуркап келатты. Көчөдөн өткөн адамдар кычыраган кышта көйнөкчөн, жоолугу желкесине түшүп
дагдактап чуркап келаткан Зайракандын кебетесин токтой калып «Султанбектин катынына жин тийгенби» дегенсип, аңкая карашат.
Аялы киргенде Султанбек дөөшүсүнө оттон жаңы чыккан чоктой кызыл темирди сол колундагы кычкач менен кабыштыра кармап ке-
лип коюп жаткан. Зайракандын кебете-кепширин көргөн ата колундагы оор балканы асмандата көтөрүп бараткан калыбында токтой
калды. Күйөөсүн көрөр замат аял өңгүрөп коё берди.
— Қара көзүбүз кашайды атасы. Толкундан айрылдык кокуй.
Оо менин кызыл гүлдөй кулпунган кайран балам. — Зайракан мурдунун суусун алып ыргытты. Султанбектин колундагы «балка ыргып
кетти.
– Эмне болду?
– Эмне болгону курусун, шорубуз катты. Қайран гана эмгегим ай. Бактысыз башым, таалайсыз башым. Жылдызым Толкун, ушинтип
мени томсортуп… Зайракан сөзүнүн аягына чыкпай башын уруп-уруп алды.
– Эй, кандай сүйлөйсүң, сен. Бала аманбы?
– Ажырадык. Акыры ушундай шумдук болмок экен ээ кудай.
– Мен сенден сөз сурап жатам. Жооп бербейсиңби? Толкун кайда? Қалаадан келди беле? Эмне шумдук болуп кетти?
– Айтып жатпайымбы, андан кол жуудук. Оо шор. Ушинтип — күймөк экенмин го. өзөгүм өрттөнүп, жатыным жалбырттап бара жатат да, Султаш.
— Маңдайынан куюлған терди жеңи менен сүртө берип Султанбек аялына жакын келди. Сөөмөйү менен Зайраканды чекеге түрттү.
— Эй куда урган, эмне деп тамтандап жатасың? Айтпайсыңбы адамдын жүрөгүн түшүрбөй.
Нурлан келди. Толкундун баякы деддомдогу агасы. Түшүндүңбү эми.
Султанбек колундагы кычкачты темири менен кошо отту көздөй ыргытты. Жанында турган дөнгөчкө өзүн салмактуу таштады. Эрди-
катын үнсүз телмирип бири-бирин тиктеп турушту. Ата аялы өндөнүп кызууланган да жок, өкүрүп-бакырып бейжайлык кылган да жок.
Бирок, анын алгыр бүркүттүкүндөй бийик, жазы кабагы уламдан улам түнөрүп, жылдызы өчүп баратты. Мурутун кайра-кайра чыйратып турду. Ал далайдан кийин көйнөгүнүн этеги менен маңдай терин сүртүп, ордунан туруп баратып мындай деди:
— Қантебиз. «Ээси келсе бээсин бер» дейт. Же биздин багып алганыбыз жалган беле. Нурлан деги кандай жигит болгон көрүнөт.
Эмне деп келди? Эче киши экен?
— Эч ким менен келген жок. Шопуру менен өзү эле. Барганда көрөрсүң, өңүнүн окшоштугу кадим эле Толкун. Мен анын Нурлан экенин киргенде эле тааныдым. «Мен Сиздин балаңызмын апа! Атам
бар, энем бар деп издеп келдим» деп кучактап калса болобу. Қантсин анан ата-энеден көзү каткан куу тумшук.
Анда кудай бериптир байбиче бизге. Баякы күнү түшүмдө «Тапталган барчын учуп келип колума конуп жатыптыр», дебедим беле. Сен аны Толкунум жакшы күйөөгө барат экен деп жоругансың.
Ал Толкунду алуучу күйөө эмес эле Нурландын өзү турбайбы. Қой, Закен байбиче, капааттанбай барып, шек алдырбай конок камын же.
Толкун бизде турганда ал кайда кетет эле. Баса Нурлан айткандай алардын сенден башка энеси, менден башка атасы бар беле.
— Айтчы Султаш, Толкунумду чын эле алып кетпес бекен?
— Албайт. Алам деген күндө да Толкун маакул боло коёбу?
Баарыбызга калайманды ошол кызыбыз салабы деп турам, кеткенди мындай кой.
— Оо, оозундан айланайын абышкам, келчи өөп коёюн, — Зайракан Султанбекке жакындап кучактамак болду.
Турчу нары тамаша кылбай.
— Өлтүрчү эми, Толкунум үчүн.
Сары желимдей чапташкан куда урган, мына өп. — Султанбек түзөлүп тура калды. Ойноо кыздарга окшогон, бала кыял Зайракан жерде жаткан кичинекей дөңгөчтү оңдоп, анын үстүнө чыкты. Эки колу менен Султанбектин мойнунан орой кучактаган аял абышкасынын оозунан чопулдатып кайра-кайра өпкүлөдү.
Зыңгырап көзүн жуумп турган Султанбек, «Ыраазысыңбы?» деди сүзүлө күлүңдөп.
Ыраазымын атасы. Қарасаң сенден мен канча чоң болуп кеттим? — Дагы эле коё бербей мойнунан орой кучактап турду. — Сен каласыңбы? Балаң менен барып учурашпайсыңбы?
— О кокуй чын эле…
Зайракан эринин артында жетер-жетпес болуп эбелектеп учуп келатты. Элдин баарын өзүндөй ойлогон ак пейил Султанбектин деми
көөдөнүнө батпай өрөпкуйт…
… Нурлан Зайракандын тышка кандай чыгып кеткенин байкабай калды. Анын көзүнө өлгөн кишинин өңүндөй кан-сөлсүз кубарып, көздөрү жашылданып, муундары титиреп турган эненин сөлөкөтү көрүнүп турду. Эмне кыларын билбей дендароо болгон жигит үмүтсүз тунжурады. Анын булар үчүн болгон ою, тилеген тилеги деңиз үстүн-
дө мезгилсиз кыйраган жел кайыктай быт-чыт болуп жатты. Үй ичине айланта максатсыз карап турду. Бир кезде Нурландын көзү капысы-
нан эки терезенин ортосунда илинген эски рамадагы сүрөттөрге түтү. Толкундун сүрөтү бар бекен деп ойлоду. Алысырактан бир демге
кирпик какпай тиктеп туруп, таягын ошол жакка ылдам шилтеди.
Жигит дем албай калды. Өпкөсү көөп, жүрөгү тарсылдап сокту. Мурдуна атасы Чоконун кан аралаш жыты бур дей түштү. Жигит көргөн
көзүнө ишенбеген сыяктуу бакырая карады. Анын ушул көз карашында эң күчтүү кыял, укмуштуудай образдуу ой жүгүртүү бар эле.
Нурландын маңдайында өзүнө тааныш, жүрөгүнө жакын, бардык дүйнөдөн кымбат, көп жылдан бери көксөп, караанына зар болуп, көзүнөн учкан эң жакын кишиси турган болучу. Жигит аны жаздым
дедирбей тааныды. Атасы да уулуна ыраазы болгондой күлүмсүрөп турду. Экөө тиктеше түштү.
Бул сүрөттү атасы Чоко өзүнүн жолдоштору менен шаарга барганда түшкөнүн эстеди. Ортодо Никонор Васильевич Самарцев турат.
Сүрөттүн сол жак бурчу кара кочкул тартып киргил. Ал маркум атасынын өз каны болучу.
«Оо дүнүйө, чиеленишкен тагдыр ай, сен ушундай экенсиң ээ?»- Нурлан оозун кыбыратты. Бул ыйык сүрөткө энеси Шайымкүлдүн
касиеттүү, мээрбан колу тийген деп ким айтат. Байкуш эне бул сүрөттү суусу бүтүп, өмүрү өчкөнчө жүрөгүнүн тушуна катып сактаган
эмес беле. «Чын эле атам Чокосуңбу? Балаңды таанып жатасыңбы?
Мен Нурланмын ата! Сенин кандайлыгыңды жакшы эсиме түшүрө албай, арманда жүрүүчү элем. Ушул кез, ушул курагың сенин толуп
турган жигиттик чагың экен го ата! Мен сенден колго урунар, төөнүн көзүндөй белек калбады деп өкүндүм эле. Көрсө уулуңдун маңдайын
жаркытып, көңүлүн көтөрүп, ай ааламга жар салып, үнүн бийик чыгарын мактана турган укмуштай залкар эстелик бар турбайбы. Сен өлбөптүрсүң ата!
Чоко жанакы бойдон Нурландан көз албай тиктеп турган калыбында «Сен Токуш экөөбүздү эми араң издеп келдиңби балам» дегендей угулду. Нурлан өзүнүн ыйлап жатканын сезген жок. Ал бет
аарчысы менен бетин бекем басып алып буулугуп, катуу солуктап жатты. Жигит эсин бир далайда жыйды. Ал атасы Чоко өлгөндө да
мынчалык кейип, мынчалык ыйлаган эместир. Нурлан аккан жашын сүртө берип, кайра баштан сүрөткө, атасына тигилди. «Мен сени менен көрүшкөндүгүм үчүн бактылуумун, ата!»
Нурлан Султанбектер жөнүндө эстеди.
«Ага ордуна ата, эне ордуна эне болгон ушул асыл адамдарга
Токуш экөөбүздүн берер белегибиз, кылар кызматыбыз эмне? Охо,
мен эмне деп жатам?! Жок, жок, жолдош Нурлан, Токуш булардын өзөгү менен өзөктөш, кан-жаны бирге өз кызы. Сен эмне, ата менен
баланын ажытын ажыратканы келдиң, беле? Эй акылсыз, андан көрө өзүн жөнүндө ойлосоңчу… Туура. Эгер булар болбосо мен Токуштун
топурагын көрөт белем. А атамдычы? өх, жараткан ай, жер жүзүндө ушундай ак пейил, жүрөгү таза, адамдык сапаты жогору турган ак
эдил жакшы адамдар да болот экен ээ. Бул адамдарга эмне кызмат кылсам эмгегин актай алар экенмин. — Сен айтчы ата, башым менен
кудук казып, тишим менен таш чаксам арзыйбы кызматым?
«Жок, Нурлан балам, ал аздык кылат» деп жооп бергендей болду атасы. «Султанбекти атам де, Зайраканды энем де уулум. Көңүлдөрүн оорутпай уул ордуна урмат менен сый көрсөт». Бул миң кудук казганыңа караганда жогору болот». – Жигит Чоконун сөзүн жактыргандай сүрөттүн алдына башын ийип, ага убада менен ант берип жаткандай оозун кыбыратты…

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE