Пример HTML-страницы

ЖАҢГАКТЫН ДАРЫЛЫГЫ 

https://kyrgyzcha.site/?p=52737&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЖАҢГАКТЫН ДАРЫЛЫГЫ 

Адам колдонгон азыктардын эң пайдалууларынын бири – жаңгак. Азыктан тышкары жаңгак медицинада кеңири колдонулат. Тактап айтканда, анын данынан баштап жалбырагы, көк жаңгак жана тамырынын кабыгы, жаңгактын ичиндеги жука кабыкчалары, майы да дары болуп берет. Бул алмаштыргыс заттын пайдасын изилдеп көрөлү. КАСИЕТИНИН КҮЧҮ ЭМНЕДЕ? “Азык болгондон тышкары миң түркүн ооруларга даба болуп келе жаткан жаңгактын касиети эмнеде?” деген суроо жаралбай койбойт. Буга окумуштуулар “касиети андагы эң пайдалуу заттарда” деп түшүндүрүшөт. Изилдөөлөрдө жаңгактын данында, май, белок, йод, калий, магний, темир, күкүрт, жез, кобальт, цинк жана витаминдерден: В, В6, В2, А, С, К бар экени тастыкталган. Булардан тышкары амин кислоталарынын топтомдору да бар. ОРГАНИЗМГЕ ТААСИРИ Жогоруда айтылгандай, жаңгактын тандалма курамы адамдын иммунитетинин көтөрүлүшүнө, денеден оор металлдардын (стронций, коргошун ж.б.) чыгышына, организмдин радиацияга каршылыгынын жогорулашына салым кошот. Ошондой эле жаңгак мээни азыктандырып, анын иштешин жакшыртат. Жүрөктүн булчуңун жана ашказанды бекемдеп, атеросклероз оорусунун алдын алат. Кант диабетинен арылууда салым кошуп, кош бойлуу аялдардын курсак терисинин жарылышына жол бербейт. Эркектердин бел кубатын күчөтөт. Жаңгактын жалбырагы микробдорду өлтүрүүчү касиетке ээ экенин да айта кетели. Жаңгактын мындан башка да дарылык касиеттери толтура. Төмөндө элдик медицинада жаңгак кайсы ооруда кандайча колдонулары тууралуу маалымат беребиз

. ИНФАРКТТАН КИЙИНКИ АБАЛДА… 100 грамм майда талкаланган жаңгактын үстүнө 2 аш кашык бал кошулат. Муну 3кө бөлүп, 1- бөлүгүн эртең менен, 2-бөлүгүн түштө, 3-бөлүгүн кечки убак жеш керек. ООРУДАН КИЙИН Бул үчүн жаңгак сүтүн даярдоо кажет. Рецеби: жаңгактын бүтүн даны (60 грамм) 10 саатка муздак сууга салынып коюлат. Анан суусу төгүлүп, жаңгак майдаланып, үстүнө 0,5 литр сүт куюлат да, жай отко коюлат. 20 мүнөт кайнаган соң оттон чыгарылып, сүзүлөт. Даамына жараша туз, анан 50 грамм кант же бал салынат. БОГОК, МАСТОПАТИЯ ЖАНА ЖАТЫН МИОМАСЫ Жаңгактын ичиндеги данын бөлүп турган жука кабыкчалар болот. Ошондой жука кабыкчалардан 25 грамм алып, үстүнө 100 грамм спирт куюп, 10 күн ачытуу зарыл. Андан кийин күнүгө 3 маал тундурмадан 20 тамчы алып, аны 50 грамм сууга кошуп ичүү керек. Дарылануу курсу 2 ай. Ортодон 10 күн тыныгуу кажет.

ЭН БЕЗДЕРИНИН СЕЗГЕНҮҮСҮ Урук чыктагыч безинин сезгенүүсүндө (простатит) жана эн безинин барсылдагында (киста) жаңгактын ичиндеги жука кабыкчалардан 2 аш кашык алып, үстүнө 300 грамм кайнаган суу куюп, 20 мүнөт жай отко кайнатуу кажет. Андан соң муздатып, 3 маал 50 граммдан иче берсе болот.

УРУК ЧЫКТАГЫЧ БЕЗИНИН АДЕНОМАСЫ 3 аш кашык майдаланган жалбырактын үстүнө 200 грамм арак куюп, караңгы жерге 14 күн тыныктырабыз. Тундурма дары даяр. Күнүгө 2 маал 40 тамчыдан тамактан мурда ичүү кажет. Ошентип, тундурманын баары ичилип бүтөт. Андан соң 2 апта тыныгып, кайра тундурма даярдап ичип баштоо керек. Анткени дарылануу үчүн 5 курс талап кылынат.

ЭС-ТУТУМДУ КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮ Бул үчүн жаңгак бальзамын даярдоо керек. 1 килограмм жаңгакка 300 грамм бал кошулат. Ал эми 100 грамм алоэге 300 грамм суу кошулуп, өзүнчө кайнатылып, анан муздатылып алынат. Эми жаңгак, бал, алоэни кошуп аралаштыруу зарыл. Дары бальзам даяр. Күнүгө 3 маал 1 аш кашыктан колдонулат. ИММУНИТЕТТИ КӨТӨРҮҮ 500 грамм майдаланган жаңгакка 300 грамм бал, 100 грамм алоэнин жана 4 лимондун ширеси, 1 стакан арак кошулат. Аралашма 1 сутка тыныктырылат. Тамак ичерден 30 мүнөт мурун 1 аш кашыктан ичүү сунушталат. Жаңгактын кургатылып, майдаланган 2 аш кашык жалбырагын термоско салып, үстүнө 0,5 литр суу куюу керектелет. Дары чайды түнү менен термосто калтырып, эртеси 50 граммдан 4 маал ичүү талапка ылайык.

БЕЛ КУБАТТЫ КӨТӨРҮҮ 100 грамм жаңгак менен бир аш кашык балды аралаштырабыз. Ар күнү уктаарга 3-4 саат калганда бир аш кашыктан кабыл алуу керек. Таасири бир нече күндөн кийин байкала баштайт. ТИШТИ ТАЗАЛОО Көк жаңгактын сыртындагы калың кабык менен тишти сүртсө, тиш аппак болуп чыга келет. Ооз ичиндеги жагымсыз жыттар да кетет.

СӨӨЛДӨН КУТУЛУУ Жаңгактын жалбырагын бир идишке салып, үстүнө суу куюп кайнатып алат. Анан кайнатма сууп калганда сөөлдүн үстүнө жалбыракты суусу менен басып, үстүнө целлофан коюп таңуу кажет. Муну күндүз деле бир нече ирет жасай берүүгө болот. Сөөл алгач карарып, анан өлчөмү кичирейип баштап, акырында жоголот.

ЖАҢГАК КЫЯМЫ Көк жаңгактын кыямы (варенье) бөйрөктүн сезгенүү ооруларында (нефрит, пиелонефрит) колдонулат.

ЖАҢГАК МАЙЫ Жаңгак майы заманбап жана элдик медицинада коньюнктивит (көз оору), тери жаракатында жана эмчектин үрпү кесилгенде сыйпоо үчүн колдонулат. Отитте (кулак оору) кулакка тамызылат.

КИМДЕРГЕ КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ? Псориаз, экзема, нейродермит, бөрү жатыш ооруларынан жапа чеккендерге колдонууга болбойт. Ошондой эле гастрит оорусунун курчуп турган кезинде пайдаланууга тыюу салынат. Анткени жаңгак аталган ооруларды күчөтүп жиберет. ЭСКЕРТҮҮЛӨР Жаңгактын түбүндө уктабоо керек! Жаңгак дарагы өзүнөн кандайдыр бир деңгээлде уу жытты бөлүп чыгарат. Андыктан анын түбүндө уктап калса, уудан улам адамдын башы катуу ооруп калат. Көп жесең, оору жаралат! Дагы бир эскертип кетчү нерсе, 1 күндө100 граммдан ашык жаңгакты жегенге болбойт. Анткени ал абдан калориялуу болгондуктан (100 грамм жаңгакта 650 ккал) оңой менен сиңбей, организмге кыйынчылык жаратат. Андыктан ашказан ооруп, ич катуу күтүлөт. Семирип кетпейин дегендер да жаңгакты аз жегендери туура. Ал эми узак жашап, жаштыкты сактайм десеңиз, бир күндө 3 даана жаңгак жеп туруңуз. Эскертүү: элдик медицинадан колдонуудан мурда врачка кеңеш сурап кайрылуу кажет!

КЫЗЫКТУУ Авиценна кургак учукту дарылоодо балга кошулган жаңгакты да колдонгон. Гиппократ менен Диоскорид (байыркы Рим дарыгери)көк жаңгактын кабыгынан кайнатма жасап, аны ичеги курттардан арылуу үчүн пайдаланышкан. Жаңгактын данынын 50 пайызы майдан турат. Элибиз жаңгактын жалбырагын күбө түшүрбөөчү каражат катары колдонуп келет. Жаңгактар 400 жылдан 1000 жылга дейре жашашат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE