Пример HTML-страницы

Сыноо 9 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17574&preview=true Кызыктуу окуялар.

 Сыноо — 9 бөлүм

— Ой бала, андай жаман сөздү сүйлөбөй жүр! — деди Аскер.

— Анан эмне өздөрү тийишет, — деп Куматбек тултуя жер карады, ал Гүлайымдын көзүнчө: «Ал сенин карындашың эмес, багып алгансыңар да», — деген сөздү айтпай токтоп калды.

— Эмне деп тийишет? — деп сурады Гүлүйпа.

— Өздөрү эле…

— Айтпайсыңбы?

— Сенин карындашың эмес деп…

— Ким айтат ошону? — Аскер ачуулу карады, Гүлайым дагы көздөрүн бакырайта Кумашты карап калды.

— Сейит…

— Ат-таңдын ооз-зугурайын десе, ага өзүм барам, — деп Аскер жулуна сыртты көздөй жөнөгөндө:

— Аскер, сен эми жаш баланын сөзүнө теригип Сыртайдын эшигине барасыңбы? — деди Гүлүйпа аны ойлуу карап, Аскер тык токтоду: «Ырас эле, бакса багып алдык, анын эмнеси бар, андан көрө Гүлүгө чындыгын айтып түшүндүрүш керек го, быйыл бешке окуп калды, демек чоңойду», — деп ойлонуп отуруп калды. Гүлүйпа дагы ошентип ойлонуп балдары чогулганда кечки тамакта отурганда Аскер сөз баштады, чынында баары эле билет, бирок бири дагы айтышчу эмес эле, эми Гүлайымга түшүндүрмөк болушту:

— Гүлү , — деди Аскер оор дем ала кызга карап, — Менин бир тууган эжем бар эле, анын Толкунбү деген жалгыз кызы кичинесинен оорукчан болуп калган, жүрөгүнөн ооручу, бой жеткенде Толкунбү Мурат аттуу жигитке биз макул болбой койсок да болбой тийип кетти, анын ата-энеси кабыл албай шаарда жашар жүрүштү, анан сен төрөлдүң, Толкун төрөгөндөн кийин оорусу кармап ооруканага жатып калганда эжем сени алып келди, ошондо сен алты айдан өтүп калгансың, көп өтпөй Толкунбү көз жумуп кете берди. Мурат сага каралап бул жерде болуп калды, ал ата-энесине таарынып такыр барбай койгон, апаңдын кыркы өткөндөн кийин атаң шаарга кетти, келип кабар алып турам деген, анан эле сен бир жаштан өтүп калганда анын өлгөнүн уктук…

— Ата-а! — деп Гүлайым көзүнө жаш толо карады, башка сөз айта албады, — Апа…

— Садагам, — Гүлүйпа аны бооруна кысты, — Муну биз айтпасак башка бирөөлөр айтып сенин жүрөгүңдү оорутабы деп ойлодук, чындыкты билип алганың оң, биз сага өз балабыздай эле карайбыз, сени мына бул балдардан бөлбөйбүз садага.

— Сен өзүбүздүн эле кызыбызсың кызым, Канайым менен Эркайымдан кем көрбөйбүз, — деди Аскер дагы, Гүлайым үн дебей ыйлап отура берди, ал өзүнүн чындап эле жетимдигин ушул азып сезгендей жаш жүрөгү эзилип турду.

— Ата, апа Гүлүнү ыйлатпагылачы, — Кумат үңүрөйө карады.

— Ыйлатпайбыз балам, чындыкты айтпасак мындан дагы жаман кыйналат да уулум, элден укса ачык сурай албай ичинен сызат, андан көрө эми өзүн эркин сезип чындыгын билген соң бирөө айтса дагы тоготпой калат, — деди Аскер, ошентип Гүлайым жаштыгы менен коштошкондой болду, он үч, он төрт жашында токтоо тартып ойчул болуп кетти. Аңгыча Канайым турмушка чыкты, андан кийин Эркайым кетти, Кумат мектепти бүтүп аскерге кетип Гүлайым тогузга окуп калганда ага Адыл деген жигит ашыктык катын жазып артынан калбай, бура бастырбай калды. Аскер менен Гүлүйпа эле үйдө, мал-келин койчуларга кошуп ийишип эгин эгип, картошка айдап жүгөрү айдатат, эшигинин алдындагы эспарсетти эки кайталап чаап алып малына жыйып коюп кышында кыйналбай чыгышат. Колунда Гүлайым эле калган, ал бейчеки баспайт, өзү Асан деген бала менен кат аркылуу сүйлөшөт, бирок сыр билгизбей зымыраят. Гүлүйпа аны мээримдүү карап кээде сынап калат:

— Гүлү, окууну бүтсөң окууга барасыңбы?

— Жо-ок, сиздерди кыйнаганда эмне апа.

— Биз кыйналмак белек, окугуң келсе айт садага.

— Бир жылдай үйдө болом апа, мектепке сүйлөшүп берсеңер вожатый болуп иштеп турсам анан педучилищага тапшырсам оңой болот го?

— Макул, — Гүлүйпа ойлуу карады, — Бирөө жарым ала качып кетсечи? — Күлүп койду, — Кыз бала бой жетип көзгө көрүнсө эле элдин көзүндө болот кызым.

— Ала качпай калсын.

— Илгертен эле кызды ала качып кетмей бар кызым, орундуу жер болобу же жайсыз болобу билбейсиң, Канайым менен Эркайым эжеңдер деле отуруп калбадыбы.

— Кудай сактасын апа.

— Кокус сен тааныбаган…

— Апа-а, — Гүлайым эркелей карады, — Мен күйөөгө тийбейм.

— Кыз болгондон кийин эрге тиет, же сүйлөшкөнүң барбы?

— Жо-ок апа.

— Мейли, бирок атама айтпайсызбы?

— Айтпайм кызым.

— Апа.

— Оов.

— Садык дегенди билесизби?

— Кайсы?

— Кара-Кечүүдө жашайт экен го?

— Оо кокуй, ошонун баласыбы?

— Эмне жаманбы?

— Ал кишини өмүр бою уурулук менен жан сактайт дешет кызым, эки-үч жолу түрмөгө да барып келген ал.

— Баласы жакшы эле го?

— Жашында жакшы көрүнө берет кызым, өзүң жалгыз кыз болсоң, биз бөлбөгөн менен ала кушту атынан айт деп эл айтат, эл бөлөт кызым, барган жериң жакшы болсо биздин дагы көөнүбүз тынат, — Гүлүйпа дагы көп сөз айтты, чын ниети менен аны коргогусу келди, бирок жүрөк иши адам менен кеңешпейт эмеспи, жаштыгынын делөөрүткөн аруу сезими Асандан башканы көзүнө көрсөтпөдү. Онунчуну бүтүп калганда аны ала качмак болуп калганда классташтары менен Адыл алып калып үйүнө жеткиришти. Аскер менен Гүлүйпа аны үйдөн чыгарбай коюшту эле Асан ата-энеси менен туугандарын жөнөттү, бирок Аскер аны жолотподу, сүйлөтпөй дагы койду, Гүлайым ыйлап гана тим болду, Гүлүйпа:

— Атаңа айтайынбы кызым? — деди жанына отуруп.

— Жо-ок апа, атам теңсинбеген үй-бүлөөгө барып кайсы күндү көрмөк элем?

— Жүрөгүң кааласа кантебиз кызым, кийин өкүнүп каласыңбы дейм?

— Өкүнбөйм, менин камымды көргөн сиздердей ата-энем турганда бактылуумун апа, мага башканын кереги жок, — деп Гүлүйпага башын жөлөп алып көпкө ыйлады. Ошентип Асан күнү кечке анын артынан үйдү айланчыктап жүрүп жолуга албай, арага киши салса дагы Аскер болбой коюп арданып кетип үйүндөгүлөрдү кекетип шаарга кетип калды. Акыры жай өтүп күз келгенде Кумат келип калды, ал болгон окуяны угуп үйгө отура албай тынчы кетип жини келип жүрдү, Гүлайым суйкайып бой жеткен, ага сүйүүсү жөнүндө айтуу кыйынга турду, айта алмак да эмес. Көп өтпөй эле кайрадан Адыл деген жигит пайда болду, ал Гүлайымды бир көрүп сүйүп калып эле айласын таппай калган, анан анын классташы Анарбүгө барып ички сырын айтып кат жазып жолугушууга чакырды. Анарбү анын сөзүн кайтара албай Гүлайымга жөнөдү, ошол кезде Аскерге дагы андан мындан айттырып өздөрү жолугуп куда түшөөрүн айтып жатышкан. Гүлайым Анарбүнү көрүп кубанып кетти:

— Кел, кандайсың Анаш? — Эки кыз өбүшө учурашышты.

— Келдим, аябай зеригип кеттим.

— Жакшы болбодубу, мен деле зеригип отурганмын, — Экөө үйгө кирип орун алды, Гүлүйпа Анарбүнү жылмая карап учурашып ээн-эркин сүйлөшүп алсын дегендей сыртка чыгып кетти.

— Гүлү, мен сага бир сөз айтайынбы?

— Кое тур, азыр чай алып келейин, анан кенен сүйлөшөбүз, — Гүлмайрам чыгып дасторконун коюп чай алып келди.

— Чайды тим эле койчу эй.

— Жай отуруп кетсең.

— Гүлү.

— Айта бер, — Гүлайым курбусун күлүмсүрөй карап калды.

— Сага бир жигит ашык экен.

— Ки-им?

— Абыл деген, өзү шаардык болот, бул жерде тагасы бар экен.

— Ой кереги жок, эмитен эмне кылам?

— Асан келбей калдыбы?

— Ал бүттү, атамдарга жакпаса кантип бармак элем?

— Сен өзүңдү ойлобойсуңбу, алар эмес сен жашайсың да.

— Баары бир, мени ата-энем жаман болсун демек беле?

— Аның го туура дечи, бирок бир жагынан алса өздөрүнө дагы карашат да, алар менимче калың бере алышпайт, колдорунда жок дейт.

— Жо-ок, атам ошонусу үчүн жактырбайт, өздөрү жарыбаган немелер мени жыргатмак беле ойлосоң, атам менен апам келечегимди ойлонуп жатышат да,

— Сүйүүчү, жүрөгүң сүйгөн адамды жоктугу үчүн кечесиңби?

— Чынымды айтсам мен аны деле сүйбөсөм керек, бат эле унутуп калдым, эгерде чыныгы сүйүү болсо мен унута алат белем Анаш? — деди Гүлайым курбусун ойлуу карап, — Сен айтсаң, сүйүү унутулабы?

— Чын эле, чыныгы сүйүү унутулбайт.

— Мен да ошентип ойлоп калдым.

— Аа-а баса, — Анарбү чөнтөгүнөн төрт бүктөм кагазды алып чыкты, — Муну Абыл берген, жок дегенде бир жолу жолугуп таанышып койсун дейт.

— Мен аны менен таанышуу үчүн өзүм барат бекенмин? — Гүлайым мурчуңдай катты ачып карап калды, анда мындай деп жазылган эле: «Саламатсызбы Гүлайым, сизге таанышууну балким мен сыяктуу миңдеген жигит калаар, бирок сизге кат аркылуу болсо дагы таанышууга жол ачылганы мен үчүн чоң бакыт болду, менин атым Абылбек, өзүм Фрунзе шаарынан болом, аскерден жаңы келип тагам чакырганынан келип сизди көрүп калып эсимден чыкпай койдуңуз, бетме-бет бир жолугушсак мен өзүмдү кандай бактылуу сезет элем. Мейли сиз мени сүйбөңүз, бир эле жолу жолугуп оозмо-ооз сүйлөшсөк деген тилегимди орундатаар белеңиз? Сизден сураныч, суроомду канааттандырып бир эле жолу жолугуп коюңузчу… Актанов Абылбек», — дептир.

— Эмне деп жазыптыр? — Анарбү курбусун карады.

— Өзүң оку, — Гүлайым катты сунду, Анарбү окуп чыгып.

— Катуу сүйгөн го? — деп күлүп койду.

— Анаш, мейли десем үмүттөндүрүп коем, бир гана жок деген жооп жакшыдыр, жообун сураса болбой койду деп кой, — деди Гүлайым, — Адамдын үмүтүн жалган жерден жандырууга болбос…

— Өзүң бил.

— Ооба, сен дагы капа болбо.

— Мен эмнеге капа болмок элем? — Анарбү күлүп койду.

— Деги да, курбумду капа кылып албайын дегеним да.

— Гүлү, киши келди, бери чыкчы! — деген Гүлүйпанын үнү чыкканда Гүлайым менен Анарбү экөө тең туруп чыга калды, — Залды даярдап төшөк сала кал кызым.

— Апа, кимдер экен?

— Конок кызым, конок келди.

— Аа-а, — Гүлайым ушинткени менен: «Ким болду экен, мынчалык күткөндөрүнө караганда абдан сыйлуу го, же дагы жуучубу?», — деп ойлогону менен залга төшөктөрүн салып Анарбүнү узатмак болуп сыртка чыгышты. Волгадан үч-төрт эркек аял түшүп үйдү көздөй келе жаткан экен, арасында жаш жигит да бар эле.

— Сага жуучу келген го? — деп шыбырай калды Анарбү.

— Койсоңчу, жөн эле конок го?

— Билбейм, — Анарбү кыт-кыт күлө оозун басып алды, — Тигил жигит көркөмдүү экен.

— Болдучу, — Гүлайым аны жеңинен тартып кагып койду, — Анын көркөмү кимге?

— Макул-макул, жакшы кал анда, мен кеттим, — Анарбү колун сунду.

— Жакшы бар, келип тур ээ?

— Өзүң деле барсаң.

— Мени үйдөн чыгарбай жатышпайбы.

— Макул анда, мен дагы келем, жаңылык угайын, — Жылмая караган Анарбү жолго түштү, Гүлайым кайрылып үйгө киргиси келбей эшиктин алдына туруп калганда:

— Үйгө кир кызым, сенин туугандарың келди, — деп калды Гүлүйпа.

— Эмне дейсиз?

— Атаңдын бир туугандары.

— Алардын мага кереги жок апа, — Гүлайым терс бурулду.

— Кой Гүлү, антпе садага, алар атайын сени издеп келишиптир.

— Издебесе койсун, атам менен апама жакшылык кылбаган немелерди көргүм дагы келбейт! — Дарбаза жакка басып бара жатты, Гүлүйпа үндөбөй босогодо туруп кайра кирип кетти, Гүлайым ыйлап турганда Куматбек келип калды:

— Эмне болду сага? — Үйрүлө карады.

— Эчтеке, — Гүлайым жер карап көз жашын аарчыды.

— Апам бирдеме дедиби?

— Жок дейм, апам эмне демек эле? — Жүзүн бура дарбазадан чыкмак болду.

— Чыкпа, эми эле бирөө менен мушташа кеттим, сени аңдып жүрүшөт.

— Ки-им? — Гүлайым токтой калып ага карады.

— Ким экенин билбейм, москвич менен турушуптур.

— Жөн эле тургандыр да.

— Жо-ок, сени аңдыгандар, бас үйгө! — деди да колунан ала жетелеп келе жатканда Аскер чыга калды, ал экөөнүн жетелешип алганын көрүп селдээ түштү.

— Эмне болду силерге?

— Ата, кызыңды бирөөлөр аңдып жүрөт, бул болсо жолго бара жатат.

— Аа-а, — деп көңүлү тына түштү Аскердин, ал дароо эле: «Булар балакет басып бири-бирин жактырып калганбы», — деген ойго такала түшкөн болчу, — Бойго жеткен кызы бар үйгө келе берет балам, — Аскер Гүлайымга кайрылды, — Кызым, экөөбүз сүйлөшөлүчү, — деп ага келип короо жакка басты, Куматбек үйгө кирип кетти, — Кызым, атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер деген, сени биз өз балабыздай көрөбүз, бирок сени өз туугандарыңдан бөлүүгө акыбыз жок.

— Жок ата, мен аларды көргүм келбейт.

— Антпе кызым, алар дагы алыстан келди, бир кездеги каталыгы үчүн кечирим сурап сени чоң ата, чоң энең көргүлөрү келишет экен, алар карып калышыптыр.

— Карыса кайры берсин!

— Кой кызым, сен алардын баласынан калган табериксиң, өткөнгө абдан өкүнөт дейт, Мураттын эки агасы аялы менен карындашы болуп келишиптир.

— Баары бир, ата-энемди тирүүсүндө сыйлабаган немелерди көргүм келбейт ата, менин баарым силерсиңер, алар убара болушпасын! — деп басып кетип калды. Тураттар анын бул кылганын көпчүлүк эле балдардын мүнөзү катары карап унчукпай кетип калышты, Аскердин союш соеюн дегенине болушкан жок, өздөрү Гүлайымга деп бир сыйра кийим-кече менен акча алып союш союп бышырып, таттуу тарапаны боорсок менен мол алып Аскер менен Гүлүйрага дагы бир сыйра адеми кийит алып келген эле. Аларга Гүлүйпа кайра кийит кийгизмек болду эле болушпады, кеткенден кийин Гүлайымга:

— Кызым, туура эмес иш кылдың, карыган немелер көргүсү келген экен, — деди Аскер.

— Болбосо кыстабагыла да, — деди Куматбек.

— Ой бала, улуу киши сүйлөп жатканда бөлбөй жүр да, эми жашсыңбы? — Гүлүйпа уулуна ачуулу карады.

— Анан эмнеге эле кыстайсыңар?

— Кыстаганыбыз жок, жаңылбаган ким бар экен, каталыгын оңдоонун айбы жок, аларды эми кеп кылбай эле коюңуздарчы.

— Мына, айтпадым беле? — деп күлдү Куматбек, — Кереги жок дегенден кийин кереги жок.

— Мейли кызым, акыл өзүңдөн, — деп Аскер унчукпай калды. Ошондон көп өтпөй эле Дуулатбек кат жазып ийиптир, үч күндөн кийин келин алып барам деп, шашыла даярданып эле калышты, ошол учурда кайрадан Адыл пайда болуп бирөөнү жалдап ала качмак болуп жүргөнүе Куматка коңшусу айтты эле ал саксактап туруп күүгүм кире унаанын жанына эки жолдош баласын ээрчитип барды да Адылды жакадан алды:

— Бул жерге экинчи келгениңди көрсөм таарынба? — деди.

— Эмне, Гүлайымды эрге бербей өзүң аласыңбы? — деп жиберди ызаланган Адыл.

— Ыя, сен эмне дедиң, карындашын алганды кайдан көрдүң эле? — деп Кумат аны жиндене муунта баштады, — Кана дагы айтчы?

— Ал сенин карындашың эмес экенин билем, эч кимиң дагы эмес!

— Эмне, сен эмне деп былжырап жатасың? — Кое берип туруп кулак түпкө бир койду, — Кайталачы, ал менин кимим экен?

— Жээниңердин кызы, ошону үчүн кызганып жатасың, мен Гүлайымды сүйөм! — деп Адыл дагы тилин тартпай сүйлөп жатканда анын жанындагылар менен Куматбектин жолдош балдары мушташып кирди, ошондо жолдон өтүп бара жаткан ак сакалдуу карыя чыга калып:

— Балдар, талашыңар эмне, токтоткула урушуңарды! — деп таягын көтөргөндө баары селдээ туруп калышты, — Уят эмеспи, тур жолуңарга түшкүлө!

— Кечириңиз ата, — деди бири, Адылдар унаасына отуруп жөнөй беришти, Кумат достору менен үйүн көздөй келе жатканда эки унаа чаң ызгыта катуу келип алардын дарбазасынан зуулдай кирип кетишти, ал жүгүрүп кирди, чогулган эл чурулдап эле:

— Келин келди!

— Келинди тоскула!

— Чачыла кана? — дешип эле чурулдап калышты. Ошентип Дуулатбек үйлөнүп эле кайра кетип калды, үч кана күн турду, келини тастаңдаган неме экен, дароо эле кетебиз деп туруп алды, бир жагы экөө тең окугандыктан Аскер менен Гүлүйпа болгонун берип жөнөтүштү, Алинанын ата-энеси колунда жок болгондуктан эчтекесин бере албады, болгону Аскер берген ачуу басарды алып көшөгө дагы берген жок. Гүлүйпа ойлонуп отуруп Куматка кайрылды:

— Балам, аял алат деп эле жылтыраган өңүнө карабай жерге жээгине карап алган жакшы, — Оор дем алып үшкүрүп алды, — Дуулатты кара, кандай аял алганын, бул түрүнө караганда атаң экөөбүз өлсөк келтирбейт го сыягы?

— Туура байбиче, бир жылуу чай ичишээр немелер эмес экен, — деди Аскер.

— Койгулачы, өзү сүйүп алса эмне кылат элек? — Куматбек күлүп кол шилтеди.

— Сүйүү силерге ата-эне, бир боор болуп береби? — Аскер уулун ачуулу карады.

— Атаңгөрүңү десең, — Гүлүйпа шыпшынып алды, — Кайдан аа-а, эми сен дурусураак жерден аял ал балам, кудалар менен бир чай ичише турган бололу.

— Кыздарыңардын кайын журту жагабы? — Куматбек ата-энесин мулуңдай карады, — Ошолор менен чай ичишип жатасыңар го?

— Ал башка, алар дагы биздин кула сөөк, айрыкча баланыкы жакшы болгону өзүңөргө дагы жакшы балам, катын албай кайын ал дейт, ачуу басарга барган Докен акеңдер айтып келсе уялдым, түзүгүрөөк салган төшөгү жок дейт, карандай чай менен узатыптыр, келгенден кийин костюм шымды өзүбүз кийгиздик, — деп Аскер терең дем алып жамбаштай кетти, — САга кызды өзүм таап алып берем!

— Мен үйлөнбөйм!

— Эмнеге? — Гүлүйпа чоочуй карады.

— Жөн эле, азыр үйлөнбөйм.

— Эми азыр эле эмес дечи, Гүлүгө дагы жакшы жерден куда түшкөнү жатат, экөөңөрдү өз ордуңарга тургузуп койсок анан биз дагы эс ала түшүп көөнүбүз тынып калат эле, — деп Гүлүйпа үшкүрө карады, — Колумдан келсе… — деп келе жатканда Куматбек апасын жалт карап:

— Кимди ойлоп жүрөсүз? — деп жиберди, оюнда Гүлайымды эле алып берип коелу деп айтабы деп кубанып кеткен эле.

— Колуман келсе өзүмө жаккан бир кыз бар.

— Ким апа? — Кумат апасына жакындап келип ашыга карады.

— Наргизачы? — дегенде башы шылк эте түштү, аны байкаган Аскер:

— Оюңда бирөө барбы балам, же сүйлөшкөн кызыңды апаң билеби? — деди күлүңдөй.

— Жок-жок ата, — Куматбек көзүн ала качты.

— Анда апаң айткан кызчы?

— Кереги жок, — деп чай куюп отурган Гүлайымды көзүнүн кыйыгы менен карап койду, — Мен азыр үйлөнбөйм дедим го?

— Быйыл эмес, келерки күздө.

— Ага чейин көрөбүз да.

— Ошондо дагы кеңешип иш кыл.

— Макул, — деген Кумат ордунан туруп кетти, анын жүрөгү каалаганы жанында экенин кантип айтат, анын үстүнө Гүлайымды аяйт, ата-энесинин жогуна өкүнүп жүргөн кызды капа кылабы, өзү дагы бир тууган агасы катары көрөт, ошондуктан ага жакындап оюн, сезимин айткандан коркот, тартынат өзү дагы, айтпай коеюн десе бала кезинен келе жаткан аруу сезими күнү-түнү жанын кыйнап түнү уйкусу келбей, күндүзү жанын жеген ой аны алсыратып бара жатты. Гүлайым эч нерседен капарсыз, бирге өсүп бирге чоңойгон бир тууган агасы катары көрөт, кээде күлүп тамашалап калса кызарып кетет. Кумат бир сырын же досторуна айта албайт, же ата-энесине айта албай кыйналып жүргөндө алардын үйүнө Гүлайымдын агалары дагы келип калды, бул жолу карыларды ала келишкен экен, алар унаадан түшкөндө Гүлайым сыртта жүргөн, өткөндө көргөн Турат менен Канаттарды көрүп үй айланып басып бара жатканда балдары шыбырай койду эле:

— Садагаң кетейин, каралдымдын белеги, качпа каралды-ым! — деп Күмүш алдыга жүткүнө берип эки колун сунду, — Токто кызым, бизди кечир!

— Келиңиздер, — деп Аскер ары жактан басып келип учурашты, — Үйгө кириңиздер!

— Жакшы жатасыздарбы? — деди Турат.

— Жакшысыздарбы?

— Жакшы жатасыңарбы айланайын? — деди Күмүш.

— Кудайга шүгүр, үйгө кириңиздер, — Үйдү көздөй баштап келе жатканда Гүлүйпа чыга калды, ала аларды маанайы жаркылдай тосуп алды, баары кирип жайланышкандан кийин Тенти:

— Аскер, — деди каңырыгы түтөп, — Бизден каталык кетти, уулубуздун өлүмүнө өзүбүз күнөөлүү болуп калдык, ушул неберебизди алда качан издесек болмок, силердин аты жөнүңөрдү, келиндин апасын сурап билбегендиктен таба албай жүрдүк, Муратка тиешелүүнү бери небереме берели деп чечтик, акыры издесе табылат экен таптык.

— Айланайын Аскер, — Күмүш ыйлап отурду, — Бизди кечир айланайын, кызымды боорума кысып алайын чакырып койчу садага, — Эмшиңдей карады.

— Жарыктык, — Аскер күлгөн болду, — Кечиримди бизден эмес бей күнөө өтүп кеткен уул-келиниңердин арбагынан сурагыла.

— Ошентсе дагы кызды өз балаңдай кылып силер багып жатпайсыңарбы, — деди Канат.

— Гүлүйпа, Гүлүн чакырчы.

— Болбой жатат капырай, сүйрөп киремби?

— Мен чыгайын, — деди сексенге таяп калганы менен бир топ күүлүү Күмүш.

— Мен кошо чыгайын апа, — деп улуу келини Сайра кайненесин колтуктап тургузуп сыртка алып чыкты, тамдын артында Кумат менен сүйлөшүп ыйлап отурган Гүлайымга басып барышты, кыз ары карап кетти:

— Кыз-зым, мени кечир садагаң! — деп Күмүш кучак жайып барып кучактамак болду эле Гүлайым, ары жылып кетти, умтулган кемпир жыгылып кетээрде Сайра кармап калды.

— Гүлайым, карыны суутпа садага, — деди Сайра анан.

— Кетип калгылачы, силерди уккум келбейт!

— Кой каралдым, сени издеп келбегенге таарынып жатасың го? — деп Күмүш айтканда Гүлайым бери карады, көздөрүндө ыза менен кек жаткан эле, көзүнүн жашы жүзү ылдый куюлуп турган.

— Эмне, таарынып дейсизби, сиз кимсиз мен таарынгандай? — деди жаштуу көздөрү күлкү чайыла, бул күлкү эмес ыза болчу.

— Чоң энеңмин садага.

— Чоң эне-е?! — Гүлайым акырын күлүп жиберди, — Өз баласын кадырлай албай, алган жарын кемсинтип катарга кошпой койгон эне мага келип чоң эне боло алабы? — Кыжырлуу тиштенди,- Бекер келгенсиңер, менин бир гана ата-энем тапшырып кеткен кымбат адамдарым бар, ал мени тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай багып отурган ата-энем!

— Мейли-мейли, алардан айрыбайм, жөн гана өз туугандарыңды таанып ал!

— Менде тууган жок, мына менин бир туугандарым!

— Кызым.

— Жолобоңуз мага!

— Садагам, бир жыттатып койчу.

— Жолобоңуз мага, менин силердей тууганым жок! — деп бурулуп бара жатканда:

— Гүлү! — деп Аскер келип калды, — Токто кызым.

— Ата, буларга мени жакындатпаңызчы.

— Токто кызым, мени тыңша, — деп жанына барып бооруна кысып төбөсүнөн жыттады, — Биз сени улууга каяша айт деп өстүрдүкпү кызым?

— Жок ата, мени кечириңизчи.

— Алтын кызым менин, кары кишини суутканың болбойт кызым, кана чоң энең менен учурашып кой, — дегенде жер карап солуктап жатты, — Эрке кызым го менин, минтпей жүр, жер жүзүндө пенделер арасында жаңылбаган эч ким болбойт, бир кездеги жаңылыштыктын күбөсү сенсиң, сен чоң ата, чоң энеңди кечиришиң керек.

— Жо-ок ата!

— Болот кызым, кана бар, бара гой, — деп жылмая башын ийкегенде Күмүш өзү келип кучактап калды.

— Каралдым, көзүмдүн чечекейи, Муратымдан калган белегим! — Карынын көзүнүн жашы куюлуп жатты, — Берекем, алланын барына шүгүр! — деп сүйлөнүп жатты, Гүлайым аны түртүп басып кеткиси келди, бирок атасынан тартынып унчукпай тура берди, аларды Сайра коштой үйгө алып жөнөдү, Гүлайым унчуга албай кирип бара жатты, кирип барышканда Тенти тура калып:

— Оо жараткан, ушунуңа шүгүр, — деп келип калдая кучактап калды, — Садагаң кетейин берекем, алланын ушунусуна миң мертебе ыраазымын! — деп солкулдап турду, андан кийин Турат менен Канат, алардын аялдары келип өөп учурашышты, бул жолу дагы куру келишкен эмес, Аскер кой соеюн дегенде Тенти:

— Биз ансыз дагы карыздарбыз, ушул кичинекейибизди колубузга аман соо тапшырганыңар үчүн ыраазыбыз, — деди көз жашын аарчып.

— Мен сиздер менен эч жакка барбайм! — деп Гүлайым апасы менен атасын алаңдай карады, ал ушул азыр эле алып кетчүдөй туюлуп кетти.

— Сени азыр алып кетишпейт кызым, — деди Аскер күлүп.

— Барбасаң да аман бол кызым, бар экенибизди билип алсаң болду, — Күмүш үшкүрүп алды, — Арбактын бар экени чын болсо сени колдоп жүрүшсүн.

— Аман бол кызым, ушуга дагы каниет, — Тенти баш ийкеди.

— Сиздерге рахмат Аскер аке, — деди Турат, — Гүлайымды өз балдарыңыздан кем кылбай багыпсыз, ыраазыбыз сизге!

— Эчтеке эмес, жээним Толкунбү жалгыз жээним эле, көз алдымда өскөн, Мурат дагы жакшы жигит эле, кызына келип турам деп кетип дайынсыз болду.

— Каралдым ай! — деп алды Күмүш, бирок дал ошондогу уулунун барганы көз алдына келип телмирип отуруп калды… Ошондо күүгүмдө шашылыш кирип келген уулун көрүп көзүн алайта карап жүзүн буруп кеткенде:

— Апа, мени дагы эле кечирбедиңби? — деди Мурат.

— Кечире турган ишпи? — Кекете карады.

— Апа, эми силер жаман көргөн Толкун өлдү, мен силерге кеңешкени келсе…

— Эмнени, аялыңды кеңешпей алып эми эмнени кеңешмек элең?

— кызым калды, жалгыз карыган кемпир бага алабы, макул десеңер кызымды алып келсемби дегенмин, — деп башын кашылай туруп калды.

— Ыя, сен эми ошол сенин башыңды айлантып алган жүзүкаранын тууган баласын алып келмексиңби? — деп колунун сөөмөйүн көтөрө жакын келди, — Мен тирүү турганда ошол шуркуянын тууган баласын үйгө келтирбейм!

— Болуптур апа, — деген Мурат көзүнө жаш кылгыра апасын тике карады, — Эми менин дагы караанымды көрбөйсүңөр! — деди да чыгып кетти, эчтекеден шек санабаган алар эртеси гана уулунун сөөгүн табышты…

— Күмүш.

— Апа, кеттикпи, — дегенде чоочуп кетти:

— Кокуй эмне болду?

— Эчтеке, кетпейлиби апа, — деди Сайра.

— Ийи, — деп эсине келип өйдө болду, ал абдан өкүнүп турду, Гүлайым мисирейип алар менен кошо унаага чейин барды, баары аны өөп анан унаага отуруп жөнөп кетишти, Аскер алар кеткенден кийин унчукпай көпкө отурду, чымын учса угула турган болуп эч кимиси үн чыгарбады, тымтырс болуп отурганда:

— Ата, Гүлүнү алып кетебиз дештиби? — деп Куматбек сөз баштады.

— Алып кетебиз деп айта албайт да уулум.

— Ооз ачып көрүшпөйбү, — деди Гүлүйпа, — Ошолор жакшы болгондо Гүлү бизге келмек беле?

— Болду байбиче, — деди Аскер аялын тыйып, — Түтөп турган отко май чачпай.

— Чындык ушул эмеспи, баласынын кадырын өлгөндөн кийин билбесе койсун, эми Гүлүгө байлык берет имиш, биз эмне карабай коюптурбузбу, алардын бергенине кызым муктаж эмес! — Гүлүйпа чындап жини келип айтып турду.

— Кыздар менен балдарга жетет өзүбүздүкү деле, болгону жакшы бүлөөлөргө жолукса деп жатпайбызбы.

— Ата, — деди Гүлайым экөөнө карап, — Мен шаарга иштеп келбейинби?

— Кызым, эмнеге иштейсиң? — Аскер көңүл бура карады.

— Соода кылам.

— Эмне бар шаарга? — деп Кумат ортодон чыкты, — Шаарга баргандар эле жыргап кетиптирби?

— Сен жөн турчу балам, Гүлү өзү айтсын, — деди Аскер, — Соода кылсам дейсиңби?

— Ооба, баары эле иштеп жатышат го? — Гүлайым жер карай сүйлөдү.

— Мейли, — Гүлүйпа сөзгө аралашты, — Үйдөн чыкпай тажап да кетти, барсаң барып Калийпаныкына жүрүп шаар көрүп кайра кел кызым.

— Туура, эки жакты көрүп кел, жазда окууга барсаң кыйналбайсың, жанагы тил боюнча курстарга окуп да ал, — деди Аскер.

— Рахмат ата.

— Ата, анда мен деле Гүлү менен барайын, көз болом да, окуса иштеп акча таап үч айлык курстарды параллел бүтүп келет.

— Сен азыр үйгө керексиң, мал келет балам, — деп койду Аскер, — Кызым өзү эле таежесиникине барып жүрүп окуйт, акчаны кенен-кесир беребиз.

— Кызыңарды бирөөлөр алып кетсечи? — деп Кумат күлүп калды.

— Шаардын кайсы жеринен тапмак эле, чоң эмеспи борбор, — деди Гүлүйпа, ошону менен сөз бүтүп баары унчукпай калышты. Аскер кечээги Тентилер алып келген, миң долларды бүт бермек болуп жатты, Гүлүйпа болсо союш сойдуруп сиңдисинике куру жөнөтпөй эт менен сары май, чаначтагы сүзмөдөн кылып даярдап, Гүлайым кийимдерин даярдап кеткени камынып эртеси эле Калыйпанын дарегин таксиге берип дайындап салып ийишти. Ээх, шаардын керемети кандай гана сонун, алтымыш-жетимишинчи жылдарда башкача эле, бирок азыркы кезде көчөлөрүндө таштандылар көбөйүп, базар менен кадам баскан жериңден кайыр сурагандарды көрөсүң, кичине жел болсо кытайдын салафандары учуп кээде бутуңа илээшет. Гүлайым келген күнү үйдө болду, Калыйпа кубанып эже жездесин сурап коноктоп отурду, Мирлан, Эрлан эки уулу, Саида аттуу жалгыз кызы бар, улуусу Мирлан үйлөнүп өзүнчө кеткен, Эрланы аскерден Алтернатива менен калып ай сайын төлөмүн төлөп турушат, Саида Гүлайым менен тең, ал келээри менен эле аны менен сүйлөшүп бир бөлмөдө болуп бирде күлүп бирде унчукпай калып жатты.

— Шаарга биринчи келишиңби? — деди Саида көптөн кийин.

— Ооба, жаңы эле келдим да.

— Окууга тапшырган жоксуңбу?

— Келээрки жылы кирем.

— Эмнеге быйыл эмес?

— Корктум.

— Эмнеден?

— Шаарга келбегендиктен го.

— Аа-а, чын эле.

— Сен окуп жатасыңбы?

— Жо-ок, мен ырчы болгум келет.

— Ал үчүн деле окуу керек го?

— Мен мындай эле ырдайм, — Саида күлүп койду.

— Андайларды угуп жүрөм.

— Сен кайсыга тапшырайын деп жатасың?

— Мединститутка.

— Оо сенин окууң жакшы беле?

— Алтын медалга бир сабактан жетпей калганмын.

— Жакшы окуйт турбайсыңбы, эми эмнеге келдиң анда?

— Англис тили менен орус тилинен курска окуюн дегенмин.

— Чын элеби? — Саида ага таңгала карады, өзүнүн окууга таптакыр шыгы жок болчу, ата-энеси эркелетип каалаганын аткарганга окуюн деген ою деле жок, кийим-кечеге, жалтыракка жакын, оюн-зоокту сүйгөн адаты бар.

— Ооба, тил билип алсаң жакшы да, окууга тапшырсам дагы кыйналбайм.

— Туура, — деп койду Саида, — Орусчаны мектептен окуткан жок беле?

— Анча-мынча билем, толук курсун окусам баарына жетишем да.

— Азамат экенсиң, эгерде кааласаң өзүм шаарды бүт көрсөтөм, курстарга барабыз, кандай курска болсо деле кириш үчүн акчаң болсо эле болду.

— Акча бар, аа-а баса акчамды таежеме каттырып коеюнчу, — деп Гүлайым акчасын сумкасынан алып Калыйпага берип керегин алып салып алды, ал күнү жатып уктап калды, бала болуп үйдөн алыс чыкканы ушул эле, оңкулдап көнө албай чоочун үйдө уктай албай кеч уктаган, эртең менен аларды Калыйпа өзү ойготту, саат тогуз болуп калыптыр. Таңкы чайын ичишкенден кийин кийинип жөнөөрдө Саида кошо чыкты, экөө чыгып шаар кыдырып келип гезит алышып, үч айлык, бир айлык курстарды таап телефон чалып көрүп Гүлайым үчүнчү эле күнү англистин үч айлык курсуна акысын төлөп жазылып саатын көрдү анан андан бошогондон кийинки саатын карап корей тилин бекер окуткан жерди таап ага кирип, анан ошолор менен катар эле орус тилин окуганга аракет кылып эртең менен чыгып кечинде келет, орус тилин бир айга жетпей эле үйрөнүп алып эми түрк тилин окууга кирди. Англис тилин үйрөнүү курсунан Адилет деген жигит ага ач кенедей эле жабышып туруп алды, сабактан чыккандан кийин кафеге чакырат, ага анын убактысы жок экенин айтса дагы болбойт. Кийин анын бир курстан чыгып бирине барып окуп жүргөнүн билип калып ого бетер асылды да калды, Гүлайым кээде түштөнүүгө убактысы келбей шашылып биринен бирине жетип барчу.

— Гүлайым, — деди бир күнү Адилет, — Эмнеге мынчалык өзүңдү кыйнайсың?

— Эмне болуптур?

— Бир күндө үч жерге жетишем деп жүгүрөсүң, кийин деле убакыт жетет го?

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE