Пример HTML-страницы

РАМАЗАН айы жөнүндө

https://kyrgyzcha.site/?p=54772&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

РАМАЗАН айы жөнүндө

 

ﺑِﺴْﻢِ ﺍﻟﻠّٰﻪِ ﺍﻟﺮَّﺣْﻤٰﻦِ ﺍﻟﺮَّﺣِﻴﻢِ

 

ﺷَﻬْﺮُ ﺭَﻣَﻀَﺎﻥَ ﺍﻟَّﺬِﻯ ﺍُﻧْﺰِﻝَ ﻓِﻴﻪِ ﺍﻟْﻘُﺮْﺁﻥُ ﻫُﺪًﻯ ﻟِﻠﻨَّﺎﺱِ ﻭَ ﺑَﻴِّﻨَﺎﺕٍ ﻣِﻦَ ﺍﻟْﻬُﺪَﻯ ﻭَ ﺍﻟْﻔُﺮْﻗَﺎﻥِ

 

«…Рамазан айы — бул айда адамдар үчүн туура жолду көрсөтүүчү, ачык-айкын хидоят далилдерин камтыган жана акыйкат менен жалганды айырмалоочу Куран түшүрүлгөн…» (Куран 2:185)

 

Биринчи түйүн:

Ыйык Рамазан айындагы орозо — Ислам дининин беш түркүгүнүн бири жана Ислам шариятынын улуу шарттарынан болуп саналат.

Ушул ыйык Рамазан айындагы орозонун Аллах Тааланын ааламды башкаруусуна, инсандын коомдук жана жекече жашоосуна, напсисинин тарбиялануусуна жана Аллахтын берип жаткан ырыскыларына шүгүр кылуусуна караган көптөгөн даанышмандыктарды камтыган терең сырлары бар.

Аллах Тааланын ааламды башкаруусу жагынан карагандагы орозонун көптөгөн сырларынын бир сыры мына ушундайча:

Аллах Таала жер жүзүн бир сый дасторкон сыяктуу жаратып, бардык ырыскыларынын түрлөрүн дал ошол дасторкондо

ﻣِﻦْ ﺣَﻴْﺚُ ﻟﺎَ ﻳَﺤْﺘَﺴِﺐُ

 

«…күтүлбөгөн жерден чыгарат…» (Куран 65:3) аятында айтылгандай, күтүлбөгөн жерден ал дасторконун жаюусу менен чексиз башкаруучулугун жана Мээримдүүлүк менен Ырайымдуулугун көрсөтүп жатат.

Инсандар наадандык пардасы астында жана себептер чөйрөсүндө ал жагдайды баяндап жаткан акыйкатты толук көрө албай, кээде унутуп коюшат.

 

Ал эми ыйык Рамазан айында болсо, ыймандуулар дароо тартиптүү бир аскер ордосу сыяктуу болуп калат.

Аллах Тааланын сый дасторконуна чакырылган конок сыяктуу ооз ачарга жакын: «Кана эмесе, келгиле!» — деген буйрукту күтүп жатышкан сыяктуу кулчулук мамилелерин көрсөтүүлөрү — ошол Аллах Тааланын мээримдүү, боорукер жана баарын камтыган ырайымы үчүн, кенен, улуу жана тартиптүү бир кулчулук менен жооп бергендикке жатат.

Таң калыштуу, ушундай улуу кулчулукка жана кадырлуу сый көрүүгө кошулбаган адамдар инсан деген атка татыктуу болушабы?..

 

 

 

Экинчи түйүн:

Ыйык Рамазан айындагы орозонун Аллах Тааланын берип жаткан ырыскыларына шүгүр кылууга караган жагынан көптөгөн сырларынын бир сыры мындайча: «Биринчи Сөздө» айтылганы сыяктуу, бир падышанын ашканасынан бир кызматчынын алып келген даам-тамактары кандайдыр бир бааны талап кылат.

 

Ал кызматчыга акы төлөнүп берилген болсо да, абдан баалуу болгон ал тамактардын кадырын билбей, ошол тамактарды берип жаткандын ким экенин тааныбай коюу – жеткен акмакчылык болот.

Дал ошол сыяктуу, Аллах Таала ырыскыларынын чексиз түрлөрүн бүткүл адамзатка жер жүзүндө жайып таштаган. Ошондуктан, ал ырыскыларынын акысы үчүн шүгүр кылуубузду каалайт.

Ал ырыскылардын сырткы себептери менен ээлери жогорудагы мисалда айтылган кызматчы сыяктуу. Ал кызматчыларга акы берип, аларга милдеткер болуп, атүгүл алар татыктуу болбогон көптөгөн ашыкча урмат-сый менен ыраазычылыктарды билдирип жатабыз.

 

А бирок, чыныгы ырыскыларды берип жаткан Аллах берип жаткан ырыскыларынан улам, ал себепчилерге караганда чексиз шүгүр кылууга татыктуу. Мына ушул ыраазычылык болсо – ал ырыскыларды түздөн-түз Андан деп билүү, ошол ырыскылардын кадырына жетүү жана ал ырыскыларга муктаждыгын сезүү менен гана боло алат.

 

Мынакей, Ыйык Рамазан айындагы орозо – чыныгы жана ыкластуу, улуу жана жалпы бир шүгүрчүлүктүн ачкычы болуп эсептелет.

Анткени, башка убактарда ачкачылыкка мажбур болбогон инсандардын көпчүлүгү чыныгы ачкачылыкты сезишпеген кезде, көптөгөн ырыскылардын кадырын түшүнө алышпайт.

Бир сындырым кургак нан карды ток адамдарга, өзгөчө ал адам бай адам боло турган болсо, андагы ырыскынын баалуулугу билинбейт.

 

А бирок иптар учурунда ошол кургак нан ыймандуу адамдын назарында Аллах Тааланын өтө баалуу белеги болгондугуна даам сезүү органы күбө болот.

Падышадан баштап тээ кедей-кембагалдарга чейин баары ыйык Рамазанда ошол ырыскылардын баалуулугун аңдоо менен руханий шүгүр кылган болушат. Жана да күндүзгү жеп-ичүүдөн тыйылуу менен: «Бул ырыскылар менин мүлкүм эмес.

Мен буларды өзүм каалагандай жеп-иче албаймын. Демек, башка бирөөнүн малы жана белеги.

 

Анын буйругун күтүп жатам» деп ырыскыны Аллахтын бир белеги деп билет, руханий шүгүр кылган болот. Мына ошентип орозо көптөгөн жактары менен инсандын чыныгы милдети болгон шүгүрчүлүктүн ачкычы сыяктуу болуп кала берет.

 

Үчүнчү түйүн:

Ыйык Рамазан айындагы орозонун напсини тарбиялоо жагына багытталган көптөгөн сырларынын бир сыры мындайча:

Напси — өзүн ээн-эркин жана боштондукта болуусун каалайт жана ошондоймун деп эсептейт.

 

Атүгүл курулай кыялданган бир башкаруучулук менен өзү каалагандай аракет кылууну табиятынан арзуу кылат.

Чексиз ырыскылар менен асыралып жатканын ойлонгусу да келбейт. Өзгөчө, дүйнөдө байлыгы менен күч-кубаты бар болсо жана ага наадандык дагы жардам бере турган болсо, Аллахтын белектерин зордуктап, ач көздүк менен айбан сыяктуу жеп жутат.

 

Ал эми ыйык Рамазан айында эң бай кишиден тартып эң кедей-кембагалдарга чейин ар кимдин напсиси өзүнө кожоюн эмес кызматчы экенин, эркин эмес кул экенин түшүнүшөт.

Буйрук болбогон болсо эң жөнөкөй жана эң оңой нерсени да кыла албайт экенмин, колуму сууга да суна албайт экенмин деп, курулай кыялданган башкаруучулук сезими жоголуп, ибаадатты мойнуна алат, чыныгы милдети болгон шүгүрчүлүккө киришет.

 

 

 

Төртүнчү түйүн:

Ыйык Рамазан айындагы орозонун напсинин адеп-ахлагынын түзөлүшүнө жана ээнбаштык мамилелеринен баш тартуусуна багытталган көптөгөн сырларынын бирөөсү мына ушундайча:

Инсандын напсиси наадандык аркылуу өзүнүн ким экендигин унутуп калат.

Жаратылышындагы чексиз алсыздыгын, бүтпөс муктаждыгын жана көптөгөн кемчиликтерин көрө албайт жана көргүсү да келбейт.

Анан калса канчалык алсыз, жок болууга дуушар кылган кыйынчылыктарга туш болгондугун жана тез бузулуп чирий турган эт менен сөөктөн турганын ойлоп да койбойт. Кудум эле болоттон ширетилген денеси бар болгонсуп жана өлбөй тургансып өзүн түбөлүктүү деп кыялданып, дүнүйөгө кол салат.

 

Сугалактык жана ач көздүк менен, жан дилинен берилүү жана сүйүү менен дүйнөгө умтулат.

Ар бир ырахаттуу жана пайдалуу нерселерге байланат.

Ошентип отуруп өзүнүн чексиз мээримдүүлүк менен ырыскы берип жаткан Жаратуучусун унутуп калат.

Жана да жашоонун натыйжасы болгон акыреттик жашоосун ойлобойт, жаман адеп-ахлактардын ичинде тоголонуп кетет.

 

Ал эми ыйык Рамазан айындагы орозо – эң наадан, эң кежир адамдарга да алардын күчсүздүгүн, алсыздыгын жана көп нерсеге муктаждыктарын сездирет.

Ачкачылык аркылуу ашказанын ойлойт. Ашказанындагы муктаждыктарды түшүнөт. Күчсүз денеси канчалык чирик болгонун эстейт. Канчалык боор ачуу менен мээримге муктаж болгондугун түшүнөт.

Эгер наадандык жүрөгүн бузбаган болсо, напсисинин фараон сыяктуу текебердигин таштап, алсыздыгы менен муктаждыктарын сезүү аркылуу Аллахтын ырайымына кайрылууну каалай баштайт жана шүгүр кылуу менен ырайым казынасын каккылоого даярдана баштайт…

 

 

 

Бешинчи түйүн:

Ыйык Рамазан айындагы орозонун Куран-ы Хакимдин түшүүсүнө караган жагынан жана Ыйык Рамазан айы – Куран-ы Хакимдин түшүүсүнүн эң маанилүү мезгили болгондугу жагындагы көптөгөн сырларынын бириси мына ушундайча:

Куран-ы Хаким – ырасында ыйык Рамазан айында түшүрүлгөн. Андыктан, ал Курандын түшүү мезгилин алдын ала даярдоо менен ошол көктөн келген кайрылууну жакшылап кабыл алуу үчүн,

Рамазан айында напсинин эң төмөнкү муктаждыктары менен пайдасыз иштеринен кол үзүп, жеп-ичүүнү таштоо менен периштелердин абалына окшошуу жана ошол Куранды жаңы түшүрүлүп жаткан сыяктуу окуу,

угуу жана андагы Аллахтын буйруктарын кудум түшүрүлүп жаткан учурунда угуп жаткандай угуу жана ал кайрылууну Расул Акрам (САВ)дан тыңшап жаткандай угуу, балким Жабрейил (АС)дан, балким Мутакаллим-и Эзелийден угуп жаткан сыяктуу ыйык бир абалга бөлөнөт.

Жана өзү да «котормочулук» кылып башкаларга угузуу жана Курандын түшүрүлүүсүнүн сырларын аз да болсо көрсөтүү болуп эсептелет.

 

Ооба, ыйык Рамазанда Ислам ааламы кудум бир мечитке айлангандай.

Болгондо да миллиондогон хафыздар ошол улуу мечиттин булуң-бурчтарында ал Куранды, ошол көктөн түшүрүлгөн кайрылууну жер тургундарына угузуп жатышкан улуу бир мечитке айланган сыяктуу. Ар бир Рамазан сайын

شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِى اُنْزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ

 

“Рамазан айы – бул айда Куран түшүрүлгөн…” (Куран 2:185)

аятын жаркыраган нурдуу бир жагдайда көрсөтүүдө. Рамазан – Куран айы болгондугун далилдейт.

Ошол улуу жамааттын кээ бир адамдары жан дили менен берилишип ал хафыздарды угушууда. Башкалары өз алдынча окуп жатышат.

 

Мына ушундай бир жагдайдагы ыйык мечитте напсинин эң төмөнкү каалоолоруна моюн сунуп, жеп-ичүү менен ошол нурдуу жагдайдан чыгып калуу кандай гана жаман болсо жана ошол мечиттеги жамааттын руханий жийиркеничине кандай гана дуушар боло турган болсо, дал ошондой эле:

Ыйык Рамазан айында орозо туткандарга каршы болгондор да ошончолук бүтүндөй Ислам ааламынын руханий жийиркеничтери менен жек көрүүлөрүнө дуушар болушат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE