Пример HTML-страницы

Ошто көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери жүрүп жаткан жерде кран кулап кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери жүрүп жактан учурда жогорку кабатка жүк көтөрүп берип жаткан кран кулап кетти. Бул тууралуу окуяга күбө болгон Сыймык Үсөн уулу билдирди.

Анын айтымында, окуя 24-апрель күнү Курманжан датка көчөсү менен Асыранкулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө катталган.

«Бул окуя 9-кабатка келип калган көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жаткан учурда болду. Атайын техника Асыранкулов көчөсүнүн боюна токтоп, курулуштун берки бурчунда туруп, наркы бурчуна эң жогорку кабатына жыгач опалубка алып берип жаткан. Ошол учурда кран кулап кетти. Кран жарактан чыкты. Бирок Кудай сактады, адамдарга, курулушчуларга эч кандай зыян келтирилген жок. Кранды башкарган бала болжол менен 2000-2003-жылкы экен. Ал шок абалда ары-бери чуркап, ыйлап, сөзгө келбей жаткан болчу. Себеби атайын техниканын ээси башка адам экен. Ал бала күнүмдүк жумуш үчүн иштеп жаткан экен. Компаниялардын курулуш иштеринде атайын адистерди жумушка албай, жоопкерчиликсизден ушундай окуя болду деп эсептейм», — деди Сыймык Үсөн уулу.

Ош шаарынын аймагында ушул жыл башынан бери көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жаткан обьектилерде жумушчулардын өлүмү менен коштолгон фактылар байма-бай катталган учурлар болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE