Пример HTML-страницы

КОШ БОЙЛУУЛУКТАГЫ ШИШИК ! 

https://kyrgyzcha.site/?p=44435&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КОШ БОЙЛУУЛУКТАГЫ ШИШИК ! 

 

Бала күтүп жаткан учурда болочок эненин организминде көптөгөн өзгөрүүлөр болот эмеспи. Алардын бири — кош бойлуулукту коштогон шишик. Башка учурда жүрөк-кан тамыр же бөйрөк ооруларынан белги берип турган шишик кош бойлуулук учурунда канчалык деңгээлде коркунучтуу?..

 

Шишик эмне үчүн пайда болот?

Кош бойлуулуктагы шишиктин негизги себебин көпчүлүк дарыгерлер сууну көп пайдалануудан деп түшүндүрүшөт. Бирок, шишиктин негизги себеби суу эмес. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, шишик организмге чогулуп калган натрийден улам пайда болот. А натрийди болсо туз пайда кылат. Андыктан, кош бойлуу аял суу ичүүнү эмес, туздуу азыктарды пайдаланууну чектөөсү керек. Ошондо кош бойлуулуктан да, болочок баланын ден соолугунан да кооптонууга негиз жок болот.

— Мурун туура келген бут кийимиңиз кысып калдыбы?

— Нике шакегиңиз колуңуздан чыкпай же араң чыгабы?

— Салмагыңызга жумасына 300 граммдан же андан көптөн кошулуп жатабы?

— Бармагыңыз менен териңизди басып көргөндө пайда болгон чуңкурча дароо калыбына келбей ошол бойдон калып калдыбы?

Анда сизде шишик бар.

Кош бойлуулуктагы шишиктин

өнүгүшү төрт стадиядан турат:

Тамандын жана шыйрактын айланасындагы шишик. Мындай шишиктин эч кандай

кооптуулугу жок. Бул кош бойлуулуктагы кадыресе көрүнүштөрдүн бири. Мындай шишик адатта кечинде пайда болот да, эртең менен өзүнөн-өзү жок болуп кетет.

Курсактын ички бети жана белдин айланасынын шишиги. Мындан да көп кооптонуунун кажети жок.

Колдун, буттун жана беттин шишиги. Эгерде буттун шишиги такыр кетпей, анысы аз келгенсип ага колдун шишиги кошулса, анан да беттин көпкөнү байкалса, анда бул кош бойлуулуктагы кооптуу абалдардын бири. Тактап айтканда, мындай шишиктер гестоз деп аталган кош бойлуулукка таандык оорулардын бири болуп саналат.

Жалпы шишик. Жогорудагы саналган шишиктерге карата кош бойлуу айым эч кандай чара көрбөсө, анда шишик бара-бара жалпы денеге жайылат. Мындай шишик кээде көзгө дароо урунса, кээде билинбейт. Эгерде көзгө урунбаса, муну болочок эненин көптөн салмак кошуп жатканынан байкоого болот.

Гестоз деген эмне?

Гестоз — кош бойлуу айымдарда гана кездешип, төрөгөндөн кийин да бир нече күнгө чейин сакталып турчу оору. Мунун кооптуулугу мында, гестоз — төрөт маалындагы энелердин өлүмүнүн үч негизги себебинин бири болуп эсептелинет. Ал кош бойлуулуктун 16-20-жумасында башталып, 28 жумалыгынан кийин кайра кайталанышы мүмкүн. Гестоздо кош бойлуу эненин бөйрөгүнүн, кан тамырларынын жана баш мээсинин иштеши начарлайт. Булардан тышкары гестозго тиешелүү эң мүнөздүү белги — артериалдык кан басымдын жогорулашы жана заарадан белоктун чыгышы. Мына ушуга байланыштуу гинекологдор кош бойлуулардан заарага тез-тез анализ тапшырып турууну талап кылышат. Заарадагы белок бөйрөктүн ишине доо кеткендигинен кабар берип, шишик менен коштолот. Ал эми кан басым жогорулаганда баш оору, көңүл айнуу, көздүн тунарышы келип чыгат. Гестоздун оор түрүндө кош бойлуу эне эсин жоготот, түйүлдүк өөрчүбөй калат же такыр эле өлүп калат.

Гестоз кимдерде көп жолугат?

Биринчи жолу эне болуу алдында турган айымдарда;

Эгиз күтүп жаткандарда;

35 жаштан өткөн болочок энелерде;

өнөкөт оорусу бар айымдарда;

Жыныстык инфекциясы барларда (хламидиоз, микоплазмоз, уреаплазмоз).

Кош бойлуулуктагы

шишиктен алыс болуу үчүн:

Көбүрөөк кыймылдаганга аракет кылыңыз;

Күн сайын 15 мүнөт бутуңузду өйдө көтөрүп жатыңыз;

Таманыңызды мочалканын жардамы менен массаж кылып туруңуз;

Деңиз тузу кошулган сууга түшүп туруңуз. Суунун температурасы болжол менен 30-35 °C болууга тийиш;

Суюктук ичүүнү чектебеңиз. Эгер организмге суюктук жетишсиз болсо, өзүндөгү болгон суюктукту кармап калууга аргасыз болот. Андыктан, бир күндө 3 литрге чейин суюктук ичишиңиз керек;

Физикалык көнүгүүлөрдү жасап туруңуз;

Тузду пайдаланууну азайтыңыз. Ошондой эле ачуу тамактар, ышталган азыктар сизге болбойт. Алар чаңкоону чакырат да, организмден суюктуктун бөлүнүп чыгышын токтотуп коёт;

Таттууну жана газдалган суусундуктарды да аз пайдаланыңыз. Бул азыктар да организмден суюктуктун бөлүнүп чыгышына тоскоолдук кылат;

Ысыкта көп жүрбөгөнгө аракет кылыңыз.

Доктурдун макулдугу менен төмөнкү элдик ыкмаларды да колдонсоңуз болот:

Алманын кургатылган кабыгын майдалап, анын 1 чоң кашыгынын үстүнө 1 стакан кайнак суу куясыз да, 5-10 мүнөт демдеп коёсуз. Тундуруп алып, жарым стакандан күнүнө 5-6 маал ичесиз.

Кайыңдын ширесин эч нерсеге аралаштырбай туруп бир күндө 2-3 маал 1 стакандан ичиңиз. Же болбосо жалбырагын кайнак сууга 1-2 саат демдеп, анын маңызын ичсеңиз да болот.

Сельдерейдин ширесин сыгып алып, тамактанарга жарым саат калганда 1-2 чай кашыктан ичип туруңуз. Муну күнүнө 3 жолу кайталашыңыз керек.

Заара кубалоочу каражат катары петрушканын тамыры да жакшы. Анын 1 чоң кашыгынын үстүнө 2 стакан кайнак суу куюп, 8-10 саат тыныктырып коёсуз да, күн ичинде 1 чоң кашыктан иче бересиз.

1-2 чоң кашык жүгөрүнүн чачын 1 стакан кайнак сууга демдеп коюп, 2-3 сааттан кийин тундуруп аласыз. Алынган маңызга 1 чоң кашык бал кошуп 1-3 чоң кашыктан ичип турасыз. Маңызды кабыл алуу аралыгы 2-3 саат болууга тийиш.

Доктурга сөзсүз көрүнүңүз!

Айрыкча кош бойлуулуктун 20 жумалыгына чейинки пайда болгон шишик кандайдыр бир башка оорунун белгиси болушу мүмкүн. Андыктан, шишик пайда болгонун өзүңүз байкасаңыз доктурга барып, бөйрөгүңүздү, жүрөгүңүздү текшертиңиз.

Кош бойлуу эне канча

салмак кошууга тийиш?

Кош бойлуулугунун 28 жумалыгынан баштап болочок эне орточо эсеп менен 350 граммга толот. Бирок, 500 граммдан жогору эмес.

Кош бойлуулуктун акырында жалпысынан 12 килограммга чейин салмак кошулат.

Арык айымдар, мисалы, 170 см бой менен 53 кг чыккандар нормасынан 2-3 кг ашыкча салмак кошсо мунун эч кандай кооптуулугу жок.

Ал эми толук айымдар тескерисинче, 10 килограммдан ашык салмак кошпоолору керек.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE