Пример HTML-страницы

Хадистер

https://kyrgyzcha.site/?p=53106&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Хадистер

1-хадис

Мухаммед бин Жахш (разияллооху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дан мындай деп баяндайт:

«Напсимди кудурети менен кармап турган Аллахка ант ичемин, карызы болгон бирөө Аллах жолунда шейит болсо, кайра тирилтилип кайрадан шейит болсо, кийин кайра тирилтилип кайра дагы шейит болсо да, карызы төлөнмөйүнчө бейишке кире албайт». (Насаи, Буйуу-98; Муснад-5:290)

2-хадис

Абу Хурайра (разияллооху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва салла)дан мындай дегенин баяндайт:

«Колунда бар (алган карызын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жеткен) бирөөнүн өз карызын төлөбөй, мөөнөтүн узартуусу — зулумдук». (Бухарий, Истикра-12; Муслим, Мусаакат-33; Абу Дауд, Буйуу-10; Тирмизий, Буйуу-68)

3-хадис

Абу Хурайра (разияллооху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дан мындай дегенин баяндайт:

«Кимде-ким кыйналып жаткан карыздар адамга карызын төлөө үчүн мөөнөт берсе, же аны алуудан баш тартса, Аллах кыямат күнү ал адамды Аршынын көлөкөсүнөн башка көлөкө болбогон күндө көлөкөгө алат». (Бухарий, Буйуу-18; Тирмизий, Буйуу-65; Ибну Маажа, Садакат-14)

4-хадис

Хузайфа (разияллооху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дан мындай дегенин баяндайт:

«Периштелер силерден мурунку үммөттөрдөн бирөөсүнүн жаны чыккандан кийин, андан «жакшылык иш кылдың беле?» деп сурашат.

— Жок, — деп жооп берет ал адам.

Периштелер: — Эстегенге аракет кылып көр, — дешти.

Ал адам: — Мен адамдарга карыз берип, андан кийин карыздарды топтогон кишилериме оор абалда болгондордун карыздарын кийинкиге калтырууну, узак мөөнөтү барларга дагы жеңилдик берүүлөрүн буюрчумун, — деди.

Улуу жана Улук болгон Аллах «Ал кулумдун күнөөлөрүн кечиргиле» деп буюрду». (Бухарий, Буйуу-17; Муслим, Мусаакат-26)

5-хадис

Жаабир бин Абдуллах (разияллооху анху) мындай деп баяндайт:

«Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мага карызы бар эле. Аны убагы келгенде, мен каалабасам да, мага бере турган карызынан бираз көбүрөөк өлчөмдө төлөдү». (Фатхур-Раббаани-15:85)

6-хадис

Ибну Умар (разияллооху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин баяндайт:

«Карыздар бойдон дүйнөдөн кайткан адам Акырет күнү алган карыздарын динар же дирхам түрүндө төлөөсү мүмкүн эмес. Бирок, өзүнүн соопторун карыз берген адамга берүү менен, анысы да жок болсо, карыз берген адамдын күнөөлөрүнөн өз мойнуна жүктөнүү менен төлөйт». (Фатхур-Раббаани-15:87

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE