Пример HTML-страницы

Эки куйоолу аял 9 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37401&preview=true Кызыктуу окуялар.

Эки куйоолу аял.

9-болум.

Болду да эми, — Көкө булдуруктай колун шилтеди.

 

— Ооба, күйгүздүңөр мени, чычып-сийгиче иче бергиле!

 

— Эй кыз, Миргүлгө тийишпе, ага сөзүң тийбесин, — деп көзүн жумуп жаткан Нурмира айтканда:

 

— Массың, кулагың угуп, баарын түшүнүп турасың, карасаң буларды! Мен балдарымды багамбы же силер ичип түгөтө бересиңерби? — Аселкан ушинтти да үйүнө кирип кеткен бойдон чыкпады. Миргүл бир аз отуруп чыгып кетти. Ичкени ирим болуп Нурмира балдарынан мындай сөз угам деп ойлогон эмес. Баланы багып чоңойтуп жатканда эне-ата кандай гана асыл-тилектерди тилебейт, ой күлүк деп нелерди гана ойлобойт. Миргүл батирине келатып ойлонуп алды: «Өмүрүндө жакшы жашоо көрбөй, атасы ичип жүрүп чоңойгон балдар жакшы жашоого жеткенде опурталдуу. Көрбөй жүрүп көргөн пендеден түңүл деген ушу да» деп келип жатып калды. Ошондон кийин Миргүл дүкөнгө барбай калды. Барса да Аселкан жокто баса берет. Нурмира дүкөндөн көрүнбөй калды. Бир күнү ага Самат келиптир:

 

— Жүрбөйсүңбү, Нурмира чакырып атат.

 

— Барбайм, кызы көрсө урушат.

 

— Карап туруптурбу?

 

— Баары бир барбайм.

 

— Бол эй, пиво ичесиңби?

 

— Алып берсең ичем, — Миргүл күлүп калды. — Бекер кепин табылса өлмөк бар дегенди билесиңби?

 

— Алып берем.

 

Бул жолу алар мончого барышты. Үчөө мончого келсе мончодон жаңы чыгып келаткан бири кичине бойлуу, бири жоон курсактуу кишилер экен. Курсактуусу мончонун ээсине карады:

 

— Чоң кыз, муздак сууңдан берчи, сен жүздү алып коесуңбу? — деп жанындагысына кайрылды.

 

— Мейли, — деди анысы.

 

Аларды карап турган Нурмира:

 

— Жаныңарда кыздар турат, сыйлап койгонго жарабайсыз да, биз кыз кезде сиз жигит эмес белеңиз, — деп калды.

 

— Ой-ой, кыздар, кечиресиздер, байкабай калыптырмын, кана суусунанбы, ачуусунанбы же таттуусунанбы?

 

— Байкабай калгыдай мажирөө деле эмеспиз, үчөөбүз тең жашырынган жерден да көрүнүп калчуларданбыз, — Миргүл Саматты кошо айтты.

 

— Ырас эле тең курдуу экенбиз, мен жигит кезде силер солкулдаган гана кыз болсоңор керек? -деп тиги култуңдай сүйлөдү, өзү да тамашакөй неме болсо керек. — Кел, чоң кыз, ушу кыздарга бир бөтөлкө берчи, — деди да өзүн тааныштыра кетти. — Менин атым Олжобай 155-маршуртканы айдайм, керек болсо тоого да алып барып келем, бойдок болсоңор андан да жакшы, мына бул тагам, — ал жанындагысын көрсөттү. — Аты Малдыбай, эки жакка барса издегени кыз-келин.

 

— Менин атым Нурмира, бул болсо Миргүл, бул болсо менин экинчи күйөөм Самат, — Нурмира тамашалап күлүп койду.

 

— Кудай уу-ур, экинчи күйөөм дейсиңби?

 

— Ооба, анын эки күйөөсү бар, законный, анан незаконный, а мен байкушта бирөө да жок, — Миргүл атайын ошентип Нурмира экөө чукулашып койду. — Күйөө келсе кыз даяр дегенди билесизби?

 

— Билбей анан, жактыңыз бизге, азыр алып кетсек да болчудай, — деп Олжобай арак куюп сунуп жатып сүйлөгөндө Нурмира:

 

— Бойдок экениңди айтпай турбайт белең, үчүнчү күйөө кылып алсамбы деп турса… — дегенде баары күлүп калды. Шарактап атып аларга рахмат айтып коштошушту. Самат аңгыча бошогон мончого акчасын төлөп, кирип баратканда Нурмира:

 

— Эй, эмне мени ала кирбей баратасың, экинчи күйөөм деп койсом таарынып калдыңбы, артыңды жышып берем, эй, — деди күлө.

 

— Эмкиде макулбу? — Самат жылмая кирип кетти.

 

— Өлүгүңдү көрөйүн, тим эле каадаланып калат, ага эле бирөө жармашып жаткансып, — деп Нурмира мурдун чүйрүп койду, калган аракты да Миргүл экөө ичип алды.

 

— Эми экөөбүздү да Аселкан өлтүрөт, үйгө барып кал.

 

— Балакетимди алсын өлүгүңдү көрөйүн, колунан эмне келет экен, — деп койду Нурмира.

 

— Ошентсе да алардан айбыгып коюш керек.

 

— Сен айбык, сен корк, мен коркпойм, — деп экөө сүйлөшүп отурганда:

 

— Мончо бошоду, киресиздерби? — деп калды мончо ээси. Миргүл аларды тагам дечү, чынында таякеси болчу, Нурмира экөө ага да «жазып кой» дешип далай карызы бар.

 

— Кирбей анан киребиз, — Экөө ээрчише мончого кирип баратып, дагы бир читок алып алышты. Мончодон чыккандан кийин үчөө ээрчишип жогору жак менен Миргүлдүн үйүнө жөнөштү. Саматка жаздырып бир бөтөлкө алып алышкан. Нурмира балдарына көрүнбөштүн амалын кылып, атайын башка жолго салганы эле. Ал күнү да кечке ичишти да, эртеси экөө ээрчише подружкасы Айжандын үйүнө жөнөштү. Миргүлдүн жанында финкага төгөм деген акчасы бар эле, жолдон дагы арак менен колбаса, нан, майда-чүйдө алып алышты.

 

— Ой, өлүгүңдү көрөйүн десе, качан болсо мас келесиңер, — Айжан көрөөрү менен ушинтти, анткени ал бир жолу ичип алып мас болуп билбей калгандан кийин ичкенин коюп койгон.

 

— Масты үйүңө киргизбесең кете беребиз.

 

— Өзүң ичпей калсаң эле укмуш болуп калдыңбы? — Алар ага тийише вагонго киришти. Ал вагондо турчу.

 

— Тамашалап койдум ай, силерди киргизбегенде кимди киргизем, — Айжан кайра күнөөлүүдөй дасторконун жайып, чай койду. — Капа болбойсуңар эми наным да катып калыптыр, дүкөндөн алыспыз.

 

— Нан бар, колбаса да бар, коркпо иче турган арагыбыз дагы бар, кароче сени кыйнабайбыз! -Миргүл пакетин ага карай жылдырды.

 

— Эй, сен эмне эле деловой болуп жатасың, андан көрө айтчы өткөндө түрккө тиймек болуптур деп уктум эле, эмне болду? — Нурмира андан сурап калды.

 

— Өлүп кетсин ай, ал мени үйүнө алып барып эле мал бактырмак болгон экен да, аялым жок, мага тий дейт, балдарымдын үчөөнө айына беш жүз доллардан салып турам деп коет дагы.

 

— Тие бербейт белең, «эки досум бар, аларга дагы саласың» десең болмок, — Миргүл каткырып калды. — Ай, мен көрбөй калыптырмын да, сени сатып иймек экемин.

 

— Ой, ал дале келген сайын айтып жатат, түйшүкчүл жакшы аял экенсиң, мага да сендей аял керек деп.

 

— Алып барып сени бир түрктүн ашканасына манты кылып сатып ийсин.

 

— Ошондон корком, өзү чириген бай экен, келген сайын бир орус аял менен келет, өлүгүңдү көрөйүн, — үчөө аркы-беркини айтып, сүйлөшүп отурушту. Миргүлдүн телефону чырылдап кыздары чалат, ал албай өчүрүп коюп жатты. Аерде үч күн көздөрү ачылбай ичип жатышты. Миргүлдүн эки миң эле акчасы калды. Айжандын келини аларды сүйбөй калганы белгилүү болду, ошон үчүн төртүнчү күнү аерден чыгып Саматтардын батирине келишти. Ал үйүндө экен:

 

— Дардайбай кара жерге кир, кана Саадат?

 

— Ал жумушта, кел-келгиле.

 

— Келдик, биз качып жүрөбүз.

 

— Уккам, силерди сураганынан билбейм дегем.

 

— Билсең кармап берет белең, ыя?

 

— Жок ай, эмнеге кармап берем, айтмак деле эмесмин, — Самат күшүлдөй туруп, чай алып келди.

 

— Биз чай-пай ичпейбиз, берсең бирдеме бер! — Нурмира Миргүлгө көз кысып койду. — Туурабы, Миргүл?

 

— Туура, чай өтпөйт.

 

— Желмогуздар экенсиңер го? — Самат сыртка чыгып кетип, бир топто кайра келди, пакетке эки бөтөлкө пиво, бир арак алып келген экен. Үчөө отуруп алып ичип да, сүйлөшүп да атты.

 

— Самат, туура кылдыкпы ыя? Бизди эмнеге урушат, аларды чоңойтуп койгонубуз күнөөбү, аныкын ичкен жокпуз, сен алып бересиң, дагы тааныштар алып берет, сыйлап жатса ичпей коет белек. Бул деле убактылуу нерсе, көп болсо беш-алты жыл ичээрбиз, андан кийин силер деле өз-өзүңөрчө кетип, биз үй күчүк болуп отуруп калабыз да, ошону кандай түшүнүшпөйт? — Нурмира ыйлап калды. — Мен ушуларды чоңойтом деп эмне күндү көрбөдүм, Көкөндү көрүп жатасыңар башынан эле ичет, ичип жүрүп үй-жай дегенди оңдомок турсун баарын сатып бүттү.

 

— Кой ыйлаба, ыйлагандан не пайда, андан көрө алардын сөзүнө таарынбай жүрө бер.

 

— Ошо да, экөөбүздүн таарынганыбызды билбей ичип жүрүшөт алкаштар деп сеники да, меники да боктоп жаткандыр? — Миргүл аны карап ойлуу сүйлөдү. — Сен экөөбүздү алар өлгөндө гана түшүнүшөт.

 

— Өлүп кетсин, өлүгүңдү көрөйүндөр, — Нурмира бет аарчыга мурунун сүртүп алды. — Мен өлсөм ыйлабай эле коюшсун, — деп алды.

 

— Ансыз деле эки-үч күндөн кийин унутуп: «Ичип жүрүп тажатты эле, ырас болду» дешет го?

 

— Койгулачы, тим эле сүйлөй бересиңер да, адегенде өлүп көргүлөчү? — Самат күлүп калды. — Сынап өлүмүш болуп көрбөйсүңөрбү?

 

— Ысыгында көмөлү деп көмүп койсо эмне кылабыз?

 

— Ошентет, өлүгүңдү көрөйүндөр, кутула албай жатпайбы ансыз деле, — Нурмира өтө кызуу болуп калып уктамак болду, жаздык коюп төшөк салып бермек болду Самат. Миргүл үч-төрт күндөн бери ичип, жүрөгү ооруп калгандыктан, коркуп аздан алып атып кызып калган, эшикке чыккысы келип акырын босогого келди. Саматтын батиринен дүкөн көрүнүп турчу, өзүнүн батири да көрүнөт, бир топко карап турса күйөө баласы эки баласын ээрчитип чыкканын көрүп туруп калды. Ал күнү аерде болуп эртеси Самат менен ээрчишип ооруканага жөнөштү. Экинчи кабатка көтөрүлүп Саадаттын кабинетине киришсе ал кийим-кече менен, шейшептерди бүктөп жаткан экен. Каалга ачылып, адегенде Самат көрүндү, анан Миргүл, унчукпай туруп калды эле Саадат:

 

— Тынччылыкпы, силерге эмне болду? — деп чочулай карады.

 

— Саадат, эмне кылсаң ошо кыл, биз эки күндөн бери Самат менен болдук! — Нурмира кенебей ушинтти эле, Саадат күлүп ийди.

 

— Ошол элеби, андай болсо жакшы болуптур, жүргүлө тиякка, — деп аларды Саадат оорукананын ашканасына ээрчитип жөнөдү. Отургандан кийин түшкү тамак убагы болуп калыптыр, ортого тамак алып келип койду. Тигилер өздөрү алып келген арагын чыгарды. Ошентип аерден да уланды, бакылдашып отурганда Саадаттын куда-кудагыйы келип калды. Ачык-айрым кудагыйы бар экен, чогуу отуруп ичишти. Нурмира акырын Миргүлгө шыбырады:

 

— Биз эле эмvес эл деле ичет экен го, анан эмне бизди урушушат?

 

— Унчукпа, — Миргүл аны тыйып койду. Андан кийин чогуу сыртка чыгып, оорукананын тушундагы бакка барышты да, аерден улантып бак ичин жаңырта ырдап жатышты. Кудагыйы Таалайгүл да кызыгандан кийин ачылып-чачылып сүйлөп жатты:

 

— Кудагый-куданын силердей теңтуштарын сыйлабаганда кимди сыйлайбыз, тур бирдеке алып кел, — деп күйөөсүн жумшады.

 

— Менде эчтеке жок, — ал тайсалдай калды эле, кызып калган Миргүл миң сомун берди:

 

— Алып келе бергиле меники кайсы, силердики кайсы мындан кийин жакшы тааныш болуп жүрөлү.

 

— Ай-ий уят кылдыңар, биздин айылга да келерсиңер, ошондо сыйлап алабыз, үйгө келгиле сөзсүз, — деп Таалайгүл ыңгайсыздана калды.

 

— Ээ, эчтеке эмес, биз турганда кам санабагыла, бүгүн менде болсо эртең силерде болот. Аңгыча Самат пакет көтөрүп келип калды, анын курсагы салаңдап турчу, тамашалап калганда: «Тогуз айлык баламды козгоп коесуңар, тийишпегиле» деп калат.

 

— Балаң козголгон жокпу, Самат? — Миргүл өлө албай жатып дагы ага тийише сүйлөдү.

 

— Жок ай, козголбой калсын, — Самат күлө жооп берди, ал пиво ичкенге беркилерден караганда соо болчу. Кийинки аракты ичишкенден кийин баары мас болуп калды. Самат такси чакырып, аларды батирине алып келди. Миргүл ичкенден кийин тынчы жок, таксиден түшпөйм деп аябай кыйнап, жетип келгенден кийин дагы уктабай сүйлөй берди. Нурмира жатып алса аны жулмалап, чымчып:

 

— Тур, тур, эй кетебиз үйгө, жинди, — дегенде Самат ага:

 

— Тим кой байкушту, уктап эс алсын, андан көрө өзүң деле эс алсаң, — деди.

 

— Ыя, мен… мен эс алайынбы, бу шишик, челек уктай береби, тур эй, жинди, бочка, шишик! — деп апчылап жатса да ал козголбоду. Самат Миргүлдү анын жанына жаткырды да, үстүн жаап койду.

 

Эртеси Саадат жумуштан келип тамак жасап, Саматты дүкөнгө жөнөттү, бир аздан кийин ал дагы көтөрүнүп жетип келди, ал күнү дагы кечке ичишти. Ичкилик ичип оңой эле бузулуп кетишин алар ошол бир жуманын ичинде түшүнүп, өздөрүнө келүүгө токтонушту. Дагы үч күн аерде болуп, анан үйгө кетишти. Убакыт дегениң кээ адамга табылбаган нерсе, кээ адам кылаарга иши жок. Булар да балдарына өчөшүп ичип алып, алтындай убакыттарын ичип-жеп өткөрүп жатышты. Нурмира кайрадан магазинге отуруп калды, Миргүл батирин которуп, башка жакка көчүп кетип, алардын ордуна Саматтар көчүп келди. Миргүл эми анда-санда гана келет, кашайып ал келгенде эле ичкилик башталып, кача албай кошулуп кетет. Дагы бир күнү Нурмира:

 

— Ушулардан келгенден көрдүм, тажадым мен эми өлөм, муунуп өлбөсөмбү, — деп ыйлап калды.

 

— Койсоңчу өлөм дегениңди кой, балдардын кайсы кылыгына таарынабыз, мени деле урушуп атышат.

 

— Өлүп кетсин, мен ушулар деп өмүр бою бир алкаш менен чыдап жашап келсем, булар менин бир-эки ичкенимди көрүп алышат, көрдүң го, эже, — Нурмира күндө жанында отурчу Райла эжени карады. — Канчадан бери эле ичкен жокмун, жиниме тийсе ичем да?

 

— Ооба, ичпей эле жакшынакай жүрбөдүңбү, бала да өчөшүп эмне кыласың, эсиң бар келинсиң баарын ичиңе сыйдыр. Адамдын ичине чара баштуу адам батат, анан бул майда-барат эмне болуп калыптыр?

 

— Ошону айтсаңыз, кимдин баласы эле кыйратып атат дейсиң, бар дечи эми, беш кол бирдей эмес, ата-эне дегениң баарына чыдайт тура.

 

— Жоок, Миргүл, мен баары бир өлөм, муунуп өлбөсөм элеби? — Нурмира болбой эле ыйлап атып, ары жактан арак алып эки идишке куйду да, — Бол, алып ийели, тиги Айнур шүмшүк келет азыр, ал мени камынып тур алып кетем деп чалган, — деди.

 

— Нурмира, мен ичпей эле коеюнчу?

 

— Эмнеге ичпейт экенсиң, ал азыр өлө элегиңде, ушуну менен көрүшөбүзбү же көрүшпөйбүзбү.. .

 

Ошол убакта Айнур келип калды:

 

— Ийи, эмне болуп атат биерде?

 

— Эчтеке, — Нурмира ага байкатпай идиш менен бөтөлкөнү ары алып барып коюп, кайра келатып сүйлөдү. — Эмне болуптур?

 

Анын кызуу экенин көргөн Айнур:

 

— Болду, кулпта дүкөнүңдү, кеттик үйгө, — деп эшигин жапмак болгондо Райла менен Миргүл чыга жөнөдү.

 

Нурмира ага болбой жатты.

 

— Мен азыр барбайм, ме ачкычты, Көкөндү ээрчитип эртең барам, жиниме тийбей кетип кал!

 

— Кызык го, Көкөнүң да ичип жатат да, экөөңөрдү тең дарылатпасак болбой калды, уятыңар деле жок, аның тиякта ичип турса, сен биякта.. .

 

— Ооба-а, биз алкашпыз, эмне болуптур, чоңоюп үй-жай күттүңөр, бизди жайыбызга тим койгула.

 

— Койбойбуз, бас азыр кетебиз, — Айнур Нурмираны карысынан ала сыртка жетелеп чыкты. — Бол деп атам.

 

— Барбайм! — Нурмира дүкөндөн чыгып ары жакты көздөй басып баратканда Айнур ага эчтеке дей албады, көчөдөгү элден тартындыбы же эмне болсо ошол болсун дедиби эжесинин үйүнө кирип кетти. Эң улуусу болгондуктан Аселкан аларды өзү тейлөөчү. Аселкан өзү майлуу-сүттүү жерде иштеп тапканы жетээрлик болгондуктан күйөөсүн да өзү билчү. Инилеринин Россиядан салган акчалары да анын кассасына түшчү. Ал жөнүндө билсе да Нурмирага эч нерсени ээ кылбай кийим-кечени алып берип тим болчу. Бир жолу күйөөсү Нурлан Миргүлгө сүйлөшүп отуруп минткен эле:

 

— Кайнатам менен кайненемди карап, багып жатам, өз атама деле эчтеке бергеним жок, кайнатам жакшы болсо өздөрүнүн үйүндө эле болсо болмок, балдарынын бирин алып.

 

— Нурлан, биерде жүрсө сага зыяны тийген жок го, балдарың багылуу, кечке иште жүрүп кечинде келесиңер, Нурмира кириңерди жууп, тамагыңарды жасап отурбайбы, — деп Миргүл айтканда ал тайсалдай түштү, оюнда аны кошо жамандайт десе керек.

 

— Эже, деги айтам да, атамды көрүп атасыз го, соо күнү жок.

 

— Ал эми башка сөз, балдарынын салганы силерге келет экен, ошолор ата-энеси үчүн берип жатат да?

 

— Туура, кайнилерим салып жатат, жерине фундамент куюп койдум, ага отуз миңден ашык кетти, — деп Нурлан Миргүлдөн алыстоого шашты.

 

— Баары ошол Көкөндөн болуп атат, ал ичпей калса эле Нурмира өз үй, өлөң төшөгүндө тынч гана эки башка тамак жасап коюп, эки чыныны жууп, бутту сунуп жата бермек.

 

— Ошо, ага кошулуп кайненемдин да ичкени арак болуп атпайбы? — деп ары басты.

 

«Атаны кайран неме а-ай, эгер балдары акча салып, үйүңдү бүтүрүп бербесе сен эки күн батырбай кал» деп ойлогон Миргүл батирине жөнөдү. Өткөндө Нурмира менен Көкөн тууралуу уккан сөздү эстеди: «Күйөө баласынын үйүндө жүргөнүнө караганда эркек баласы жок окшойт» деген эле коңшуларынын бири. Анда Миргүл: «Ой бир эмес үч эркек бар, үчөө тең Россияда иштеп, акча жөнөтүп жатпайбы» деген эле. Эми күйөө баласынын айтканы анын жинин келтирген. Миргүл ушуларды ойлонуп, үйүнө жетип калды эле алдынан Нурмира чыкты. Ал көчө менен тегеренип, ага келиптир.

 

— Айнурду алдадымбы? — Ал күлүп калды.

 

— Чын эле, анын көзүн бир паста жазгырыпсың.

 

— Бас үйгө кир.

 

— Ким бар үйдө?

 

— Айдана бар, ал жумуштан келген.

 

— Анда муну эшикке бекитип коеюн, — деп койнундагы бөтөлкөнү алып, сыртта бут кийим салынып турчу кутуга салып коюп, экөө ээрчише үйгө кирди.

 

— Ийи, каяктан келе жатасыңар, көйрөңдөр ээй, деги кыйын катынсыңар, аман эле болгулачы, — деп койду Айдана. Анын да кээде кыялы кармаганда кыйкырып урушуп кирет, бүгүн кудай жалгап көңүлү ачыгын көрүп экөө тең унчукпай калышты. Ал телевизордон көзүн албай отурган, экөөнө чайды куюп берип коюп эки көзү кинодо. Алар ошентип отурганда Көкөн келди:

 

— Ок, кайрандар десе, экөөнүн отурганын кара, эчтекеңер жок беле?

 

— Жанагы кыздарың бирдеке береби, жалаңкычтай болуп, аңдып турушат, сен эмнеге келдиң эми?

 

— Эмнеге келбейм, Миргүл өзүмдүн карындашым, качан кааласам келе берем, а сен эмне келдиң? — Көкөн күлө жооп берди.

 

— Менин кайын сиңдим, эмине болду?

 

— Эй, Нурмира, менин акеме тийишпегин, араң зорго таап алган акеме, — Миргүл күлүп калды.

 

— Жигит да, ошондой экен да, менчи анан, кете берейинби?

 

— Сен кете бер, акем айттыбы кет!

 

— Экөөңөн келгенди гана көрөйүн, дегеле бир тууган болуп калгандарын, — Нурмира Көкөндү быкындап жулмалап басып калды.

 

— Оме-ей эй, кара жерге кир, тамашалайм деп өлтүрүп кое жаздадың, болду ай, — Көкөн анын колун түртүп өйдө болду. — Бул ушундай жинди да, көрдүңбү, Миргүл, бул жама-ан, — Көкөн аны карап, сөөмөйүн чычайта күлдү. — Мындан корко-ом.

 

— Чын элеби ыя, азыр өлтүрөйүнбү? — Нурмира кайра баса калмакчы болуп колдорун тарбаңдата, — Аа-вуу! — деп койду.

 

— Кой эми, бир ачууңду мага бер, — Миргүл калп кой деген болду. Көпкө тамашалашып отуруп, анан Көкөн Нурмирага кыйшаңдады:

 

— Тур эй, Нурмира, барып бирдеке алып келбесең өлүп калбайын.

 

— Эмне-е, сен арак болбосо эле өлүп каласыңбы? — Бул жолу Нурмира ага чындап жини келе сүйлөдү. — Сен өлбөйсүң, илгертен бери, кой Нурмира, өлүп калам деп жүрөсүң, кана өлбөй эле жүрбөйсүңбү?

 

— Койчу эми, Нүкүш, барып бирди алып кел, Миргүл үчөөбүз ичип алалы.

 

— Миргүл ичпейт, — деди баятан бери унчукпай кино карап отурган Айдана. — Азыр арак апкелсеңер ташка чаап салам!

 

— Кой эми, кой, кой, — Нурмира ушинткенде ал унчукпай калды. Нурмира эшикке чыкты да:

 

— Миргүл, бери чыкчы, — деди, — Пияла ала чыксаң.

 

— Азыр, — Миргүл чыны алып чыкты эле, Айдана кошо чыкты, алар ээрчише жатакана жакка баратып, крандан суу ичкен болуп калышты, кинонун кызыгына баткан Айдана кайра кирип кетти. Нурмира койнундагы аракты ачып, экөө эч кимге байкатпай ичип алды да, кайра кирип келатып:

Өлүп кетсин, бербей коеюн, анан бир куюп берем, дагы жалдырай түшсүн, — деп койду Нурмира.

 

— Азыр эле үйгө киргизип берип койсоңчу, ансыз да сен жок эч ким бербей жаман болуп калыптыр, бир чыны ичсе оңолуп калат.

 

— Бир берсең, кечке сурай берет да, жаныңды да койбойт, андан көрө бир аз соолуга түшсө берип коем, — деп ээрчише кирип төргө катарынан түшүп жатып алышты. Кечке далдоодон ичип, калганын көтөрүп кирди:

 

— Бирдеке алып келдиңби? — Көкөн зорго жаткан белем экөөнүн дабышын угуп эле сурады. — Мени өлтүрүп алба, ээй Нүкүш!

 

— Өлбөйсүң, өлсөң да жубарымбек кетпейсиң, өлүп калам дегениңен бери канчалар өлүп кетти, сен жүрбөйсүңбү? — Нурмира өчөшкөндөй калп эле тийише берди. — Ийи, өлгөнү турасыңбы, жүз грамм болсо эле аман каласың да, туурабы?

 

— Ооба.

 

— Мейли, өлсөң жакшы бар, Көкө-өн! — Нурмира кычаштанып атып анан күлдү, — Жүз грамм ичесиңби?

 

— Кана барбы? — Көкөн башын көтөрүп тура калды.

 

— Кой эми өлүп калба, чалымды өлтүрүп албайын ээ, Миргүл, бу да керек да, — Нурмира чыныга арактан куюп, анын колуна карматты. — Атаңдын каны болсо ичип, өлсөң өлүп кетчи балдарга жаман көрүнүп бүттүң, сени коргойм деп жүрөгүм ооругандан ичип коюп, мен дагы жаман көрүнүп атам, — Нурмира өчөшүп эки жолу куюп берди, ал кенебей анын каргаганын кеп деп да койбой жатып алды.

 

— Койчу эми болду, ичкен менен зыяны деле жок го, алар да бала эмеспи, унчукпай жатып алган адам жакшы да, — Миргүл аны тынчтандырмак болду. Чынында жини келип турган Нурмиранын.

 

— Аа-а байым, Миргүл, сен билбейсиң, уйкунун дарысын берип уктаталы дегенде да «корком өлүп калабы» деп бердирчү эмесмин. Ичкенден кийин ар кимисине асылып сүйлөй берет, тамакка да тойбойт, бияктан ичсе бияктан кардым ачты деп турат, кара башына эле көрүнсө экен, — деп Нурмира эзиле ыйлап жатты.

 

— Кой ыйлаба, ооруп каласың, битке өчөшүп көйнөгүңдү отко ыргытпа дейт го, ушунча жыл чыдаган эми өлгөнгө чейин чыдоого туура келет, кудай кылса кубарыңдын акысы барбы деген.

 

— Ошондой экен да, үйлөнгөндөн баштап эле ичти, адегенде достору үйлөнгөнүн куттуктады, ошондон бери тынбай эле куттуктап келе жатат, өлмөйүнчө калбайт го мунун ичкени.

 

— Калат, бул дагы карыйт, анан мештин түбүндө Нүкүш деп жатканын көрөсүң.

 

— Карыбай эмне, карыды да, алтымышка чыкты, эми жашпы?

 

— Алтымыш жаш эркектин жаш эле курагы, Көкөн али токтоло элек да? — Миргүл Нурмираны сооротуп, алаксытып күлдүрүш үчүн тамашага чала сүйлөдү.

 

— Анда тим коеюнбу? — ал да күлдү.

 

— Тим кой өзүнө нысап бербесе эмне кыласың, урушуп-талашып койдура албайсың, мына экөөбүздү ойлочу, балдар өчөшкөн сайын жинди болуп атабыз, ал дагы сен урушсаң дагы иче берет.

 

— Өлүп кетсинчи ойлоно берип кан басымым көтөрүлүп кетмей болду ушунун айынан, — экөө Айдана ары карап отурганда калган аракты бөлө ичип алды. Кеч кирип калганда Айдана тамак жасап, ичип алышып жатып калышты.

 

Таң атаары менен Самат келип калды, ал кийинки кездери алар менен сырдашып калчу болгон. Бир жолу айтканынан: «Эр жигиттин ичине эр токулуу ат батат» дейт, алдагы чердейген кардыңдын ичине жок эле дегенде эки эр токулуу ат батаар» деп Миргүл анын айтканына маани бербей эле тамашалап койгон. Ал үчөөнү көрүп эле:

 

— Ой, кайран элдер, жаткан экенсиңер, — деп кирип келди.

 

— Самат, арак таап келчи? — Нурмира аны карады. — Өлгөнү турам, мени үйдөгүлөр сураса жокмун!

 

— Ой, жиндиле-ер, силер жинди болгондо да нак жинди экенсиңер, — Самат күлө баш чайкаганда Нурмира:

 

— Жаның кейип атабы, барба анда, отур өзүм барып алып келем, — деп кийинип жөнөдү. Таң атпай Айдана жумушка кеткен. Ээн-эркин калышты.

 

— Кой жата бер, мен алып келем, — Самат чыга качты.

 

— Апкелбей көрсүн, мага эркелесе мен табам, мен да эркелеп коеюн да? — деп Нурмира жатып алып сүйлөп жатты. Бети-башы барыгып, шишип калган, Миргүл андан бетер тура албай жатат. Ошентип Көкөн менен Нурмира үч күн жатып, анан кичи кызы Айнурдукуна таң эрте чыгып кетишти. Миргүл ордунан тура албай бир жума жатты, ошол убакта Самат келип калат, ага боору ачып, кыздарынан тартынып унчуга албай кетип жүрдү. Бир күнү ал:

 

Уландысы бар…..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE