Пример HTML-страницы

Баткен облусунда 32 мечит жабылса, анын 10го жакыны кайра ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунда жалпы 32 мечиттин иш алып баруусуна тыюу салынса, 55 мечитке эскертүү берилген. Бул боюнча Баткен облустук мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров билдирди.

Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана башка тиешелүү кызматтар тарабынан эскертүү берилген 55 мечиттин дээрлик 99 пайызы кемчиликтерин жоюшкан.

«Ал эми ишмердүүлүгүнө тыюу салынган 32 мечиттин 10го жакыны да тиешелүү документтерин жана кемчиликтерин жоюп, ишмердүүлүгүн баштаган. Калган мечиттердин кемчиликтерин жоюу боюнча да иштер жүрүп жатат. Бул мечиттер биротоло жабылган эмес. Кудай буюрса, кемчиликтер жоюлгандан кийин баары кайра ачылат», — дейт ал.

Баткен облусунда жалпы 536 мечит бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE