Пример HTML-страницы

ЖАМАТТАН БӨЛҮНБӨӨ!!!

https://kyrgyzcha.site/?p=40771&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЖАМАТТАН🌹🌙🌹

БӨЛҮНБӨӨ!!!

Социалдык тарбия дин Исламдын эң маанилүү негиздеринин бири. Мусулмандын социалдашуу тарбиясы жамаатка кошулуп намаз окуудан башталат. Ислам коомчулугунда ынтымак жана биримдик сезимди жандандырган эң зарыл изги амал мына ушул!

Кай жерде жамаат намаз окуп жаткан болсо, ошол жерде Исламдын рухий жана социалдык түзүлүшү эл тарабынан түшүнүлгөн жана колдоого алынган деген тыянак чыгарууга болот.

Ислам дини иралды кандай гана абал жүз бербесин ар убак жаамааттык ырашкерликте, бири бирине жөлөк-таяк болуп, көмөк көрсөтүүнү жана Алланын жолунда бир бүтүн денедей биримдикте жашоону буйруган🌹

«Акыйкатта, Алла Өзүнүн жолунда бекем дубал өңдүү катар, тыгыз туруп күрөшкөндөрдү жакшы көрөт» (Сафф, 4).

Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыздын төмөнкүдөй хадиси бар🌹

«… Бир бүтүн жамаат болушуңарды, бөлүнүп тарап кетүүдөн жаа бою качышыңарды каалайм. Анткени шайтан жалгыз бой жашаган адамдар менен чогуу. Эки адам болсо да чогуу жашагандардан узак турат. Бейиштин ортосунда болууну самаган пенде жамаатка кошулсун🌹…» (Тирмизи, Фитан, 7/2165)

Маалым болгондой, окуган намаздын ар бир ирекетинде Фатиха сүрөсүн окуйбуз. Анын «Сага гана ибадат кылып, Сенден гана жардам тилейбиз!» деген аятын эң аз дегенде күнүнө кырк жолу окуп, жамааттык абалда болгонубузду Улуу Жараткандын алдында тастыктайбыз🌹

Маселен, Азирети Пайгамбарыбыз мейли Куба айылына барсын, мейли Медина шаарына барсын, эң алгач мечит куруу менен алектенген. Өзү баш болуп курулуш ишине катышып, Ислам жамаатынын пайдубалын түптөгөн🌹

Улуу жолбашчынын сүннөтүн улаган ата-бабаларыбыз шаарларда болобу, айылдарда болобу калктуу аймактын чок ортосуна салабаттуу көрүнгөн мечиттерди курушкан🌹

Ошо себептен бардык намазды жамаат менен чогуу окусак, Исламдын максатына ылайык иш жасаган болобуз. Баарынан маанилүүсү жамааттык абалда биригүү — бул Жараткан Алланын буйругу.

Азирети Пайгамбарыбыздын хадисине көңүл буралы🌹

«Узактагы тууганы кайтып келгенде үй-бүлө кандай кубанган болсо, намаз окуу жана зикир чалуу үчүн мечитте отурган мусулмандын бул абалына Алла Таала дал ошондой кубанат, кубаттайт🌹» (Ибн-и Мажа, Масажид, 19).

«Кимде-ким мечитке барууну көнүмүшкө айланткан болсо, Алла Таала ал адам менен тыгыз байланыш курат» (Суйути, II, 143).

«Каталарыңарды Алла Таала эмнелер менен өчүрүп, эмнелер менен даражаларды көтөрө тургандыгынан кабар берейинби?

Күндүн суугуна карабай даарат алып, аралыктын узактыгына карабай мечитке баруу, намазды окуган соң кийинки намазды күтүү. Мына ушу чыныгы туруктуулук!

Мына ушу чыныгы туруктуулук! Мына ушу чыныгы туруктуулук!» (Муватта, Касрус-Салат, 55).

Аиша энебиз буларды насааттаган🌹

«Азанды угуп туруп мечитке барбаган адам өзүнө жакшылыкты каалабайт» (Байхаки, ас-Сунатул-Кубра, III, 57).

Алланын Элчиси жамаатка такай себепсиз катышпагандарга арсар мамиле кылган. Бир күнү ал мындай деген эле🌹

«Кимде ким азанчынын үнүн угуп туруп олутту себеби жок болгонуна карабастан жамаатка барбаган болсо, жалгыз окуган намазы (толук кандуу окулган намаз катары) кабылданбайт».

Муну уккан сахабалар чочуркап суроо салат:

-Ардактуу Пайгамбар!

Кеп ичинде айтылып кеткен олуттуу себеп дегениңизден эмнени түшүнсөк болот?

«Кооптуу абал же болбосо ооруу деп түшүнгүлө» деди Пайгамбар (Абу Давуд, Салат, 46/551).

Жамаатчылыкты колдообоо, жалпы мусулмандардын жамаатка кайдыгер мамилеси Ислам коомчулугунун бүлгүнгө учурашына, биримдиктин жылас болушуна алып келет. Жамаатты бүлгүнгө учураткандарды Алла Таала🌹

«Өздөрүнүн дининде бөлүнүп жарылып, топторго айрылгандарга сенин тиешең жок…» (Анаам, 159) деп жээриген.

Изгилик элестери🌹

Бул окуяны Абу Хурайра баяндаган🌹

«Мусулман аскерлери казатка чыккан эле. Алла Элчиси Дажнан менен Усфандын чок ортосуна тыныгууну буйруду. Аларга узактан көз салып турган мушрик башчысы ичинен кымыңдап:

-Алардын дигер аттуу бир намазы бар, мына ошол намаз алар үчүн атадан да, баладан да кымбат. Дароо даярдык көргүлө, байкатпай басып калгыдай бололу! деп үнүн өктөм чыгарды.

Буга күбө болуп турган Жабраил Алла Элчисине жетип келип намазды жамаат менен кантип окуу керектигин камтыган Ниса сүрөсүнүн 102-аятын маалымдайт🌹(Тирмизи, Тафсир, 4/21).

Мындайча айтканда, кандай шарттар жүз бербесин, мейли согуш майданында болсо да, намазды кечиктирүү же жамаатсыз жалгыз-жалгыздан окуу мусулмандарга эгерим жарашпай турган нерсе.

🌹«Азирети Пайгамбырыбыз дасторкон үстүндө жилик жеп жаткан. Аңгыча азан айтылып калды. Колундагы бычакты да, жиликти да дасторконго таштап дароо намазга чуркады» (Бухари, Азан, 43) деп атасынын эскерүүсүн Жафар бин Амр маалымдап калтырган.

Пайгамбар мына ушундай жагдайларда дагы пайгамбарлык озуйпасын аткарган. Жеп жаткан таттуу тамагын таштап намазга шашылган, тамактануудан кийин деле окуса боло турган намазды өз убагында орундаткан🌹

🌹Жамааттын артыкчылыгы тууралуу Язид бин Амир буларды айткан🌹

«Мечитке барсам жамаат намаз окуп жатыптыр. Үйдөн окуп алгандыктан жамаатка кошулбадым, тек гана четке олтура кеттим. Намаз бүткөн соң Ардактуу Пайгамбар мага өкүнүчтүү кайрылды🌹

«-Язид, сен мусулман боло элексиңби?»

-Пайгамбарым, мен мусулманмын!

«-Андай болсо эмне үчүн жамаатка кошулган жоксуң?»

-Сиздерди алиге чейин намаз окуп алса керек деген ойдо үйдөн окуп келдим эле.

«-Мечитке келген кезде жамааттын намаз окуп жатканын көрсөң, дароо кошулуп чогуу оку. Эгер мурдатан окуп келген болсоң, үйдө окуганың парздын ордун толуктап, жамаат менен окуган намазың нафил болуп кала берет» деди🌹(Абу, Давуд, Салат, 56/577).

🌹Түбөлүктүү сапары жакындап төшөк тартып калган кезде да Алла Элчиси жамаат менен чогуу намаз окуганга жан үрөп, кайрат көрсөткөн. Азирети Анастын маалыматына караганда, оорусу жан чыдатпай калганда гана Жаратылыш Нуру өмүрүнүн акыркы үч күнүндө жамаатка кошула албай калган (Бухари, Азан, 46).

Азирети Айшанын айтуусуна караганда🌹

«Кутман Пайгамбардын оорусу күчөгөндөн күчөп баратты. Ал ошого да карабай сурады:

-Сахабаларым намаз окудубу?

-Жок, али окуй элек.

-Андай болсо, суу даярдагыла.

Жуунган соң сергип калды көрүнөт, намазга жөнөө үчүн камданып жатып эстен танды. саамдан соң кайра эсине келип, жанакындай суроо узатты.

-Жок али окуй элек, сизди күтүп жатышат дедик. Өтүнчүн кыйа албай, суу даярдап бердик. Чайканып чыккан соң, намазга жөнөп жатып дагы эстен танды. Аз гана убакыттан кийин кайра эсине келди. Кыскасы, ушундай кырды бычак абал дагы төрт беш жолу кайталанды. Агезде жамаат куптанды окуу үчүн Азирети Пайгамбарды күтүп жаткан. Бара албасына чындап көзү жеткен Пайгамбар имамдыкка өтө беришин өтүнүп Азирети Абу Бакирге кабар жөнөттү.

Абу Бакир өтө акниет, нары сыпаа, нары токпейил жан эле. Андыктан ал бул озуйпаны Азирети Умарга ыраа көрдү🌹

-Умар, имамдыкка сен өтчү?!

-Жок! Бул ишке сен гана ылайыктуусуң!

Умар Азирети Абу Бакирге ушундай таризде жол бошотту. Ошентип, сыддык атанган сахаба ошол күндөрдөн тарта жамаатка имамдык кылды🌹

Арадан үч төрт күн өткөндөн кийин Алла Элчиси өзүн бираз жакшы сезип калды. Өтүнүч боюнча эки киши жөлөп-таяп аны мечитке алып чыкты (Алсыздыгы себептүү бутун эптеп сүйрөп баратканы азыр да көз алдымда турат). Дал ошол маалда Абу Бакирдин имамдыгы астында жамаат бешим намазын окуп жаткан болот. Имамдын намазды токтоткусу келгенин сезген кыраакы Пайгамбар улантууга ишаарат кылды. Акырын келип имамдын жанына отурду» (Бухари, Азан, 51).

🌹Анас минтип эскерет🌹

«Сапка катар тизилип намаз окуп жатканбыз. Имамыбыз Абу Бакир болчу. Дүйшөмбү күнү экени али эстен кетпейт. Бир маалда Алла Элчиси бөлмөсүнүн айнек пардасын ачып кыйлага чейин бизди карап турду. Жүзү Курандын барагы сыяктуу жаркырайт тим эле. Анан кадимкидей жылмайды эле акактай болгон тиштери көрүндү. Сүйүктүү Пайгамбарыбызды көргөнгө ушунчалык сүйүндүк дейсиң, намазыбыз бузулуп кала жаздады. Алланын Элчиси намазга катышкысы келип жатса керек деген ой менен Абу Бакир артка кетенчиктеп намазды токтоткусу келди. Азирети Пайгамбар байкап уланткыла дегендей ишарат кылды да парданы жаап койду. Көрсө аны ошондо акыркы жолу көргөн экенбиз. Дал ошол күн Жараткандын алдына сапар тартты🌙🌹».

Алланын Элчиси артына пайдубалы кыттай бекемделген жамаатты түптөп, намазды жамаат менен чогуу окуган ынтымактуу үммөттү калтырып кетип жаткандыгына чын-дилден кубангандыктан аларды карап туруп куттуу жүзү гүл сыяктуу кулпурган🌹

Жаратылыш Нурунун ааламга кубаныч чачкан бул жылмайышы өзүн жандан артык сүйгөн сахабаларына үмүт берген эле. Бирок анын көңүлү үлп эткен жели жок абадай бейпилдикке мемиреп, Улуу сапардын каалгасынын ачылышын күтүп турган экен кайран🌹…

Алланын Ардактуу Элчиси🌹

«Намазга, асыресе, намазга дит койгула. Кол астыңардагылар(акысын жегенден) тууралуу Алладан корккула» деп акыркы насаатын айткан экен🌹

🌹Жабир бин Абдулла минтип эскерет🌹

Салима урпагы атанган менин уруум байырлаган жер мечиттен бир кыйла узак эле. Пайгамбардын мечитинин айланасында бош жер көп болгондуктан, үйлөрдү сатып, мечитке жакыныраак көчүп барууну туура көрдүк. Ошо кезде береги аят түшүрүлдү🌹

«Акыйкатта Биз өлгөндөрдү тирилтебиз, алардын эмне кылгандыгын, өздөрүнүн артында эмне калтыргандыгын жана бардык нерселерди айкын жолбашчыда тактап койгонбуз» (Ясин, 12).

Ниетибизди кулагы чалып калган Пайгамбар бизден сурап калды🌹

-Угушума караганда мечитке жакын жерге көчүп келүүнү тилек кылыпсыңар? Туурабы?

-Туура, Урматтуу Пайгамбар, биз чындап эле көчүп барууну каалаганбыз.

«-Салим урпагы! Силер ордуңардан жылбай эле койгула, мечитке карай таштаган ар бир кадамыңарга сооп жазылсын. Ооба, ордуңарда эле калгыла, мечитке карай таштаган ар бир кадамыңарга сооп жазылсын» (Муслим, Масажид, 280, 281, ; Тирмизи, Тафсирул-Куран, 36/1) .

🌹Абдулла бин Умми Мактум🌹

-Оо Алла Элчиси!

Мединада уулу жана жырткыч айбандар көп эмеспи. Зыяны тийип калабы деп корком. Ошондуктан жамаатка катышпай эле үйдө намаз окусам болобу?

-Хаййа алас-салаах, хаййа алал фалаах деген чакырыкты угасыңбы? Уккан болсоң токтоосуз мечитке кел! (Абу Давуд, Салат, 46, 553).

Аалам Ардагы бул өкүмү менен кандай абал болбосун курч кырдаалды аттап өтүп болсо да мечитке келип жамаатка катышуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген🌹

🌹Жамаатка такай катышпаган мусулмандарга Алланын Элчиси ар кандай шартта эскертүү берип турган. Убай бин Каабдын айтымына караганда, күндөрдүн биринде Алланын Элчиси имамдыгы астында багымдат намазы окулат. Намаздан кийин Азирети Пайгамар жамаатка кайрылды🌹

-Палан киши намазга келдиби?

-Жок, келбеди.

-А палан келдиби?

-Келген жок.

Жоопту уккан пайгамбар жамаатка мына бул хадисин айтты🌹

«Мына ушул эки (багымдат менен куптан) намаз мунафыктарга өтө оор келет. Эгер ушу эки намазда канчалык көп сооп бар экенин билгениңерде, жөрмөлөп болсо да жамаатка катышат элеңер. Мобу биринчи катар периштелердин катарына тете. Мындагы артыкчылыкты эгер билгениңерде жарышып келет элеңер. Эки адамдын окуган намазы жалгыз адамдын намазына караганда абдан берекелүү, сообу да арбын. Эки адамга кошулуп окулган намаз бир адамга кошулуп окулган намаздан дагы да берекелүү, нары бийик. Жамааттын саны канчалык көп болсо, Алла Таалага ошончолук жагат🌹» (Абу Давуд, Салат. 47/554; Насаи, Имамат, 45).

🌹Абдулла бин Умар бир күнү базар кыдырып жүргөн. Аңгыча намаздын убагы болуп калат. Азан айтыла баштаары менен көөрүкчүсү да, зергери да, соодагери да дүкөнүн жаап, мечитке агылганына күбө болот. Дили элжиреп кеткен Абдулла мындай деди🌹

«Алланы зикир кылуудан, намаз окуудан, зекет берүүдөн соода-сатык тосо албай турган эрендер бар. Алар жүрөк титиреп, көздөр чакчая турган күндөн коркушат» (Нур, 37) деп, Алла Таала мына ушуларды мактаган🌹» (Ибн-и Касийр, Тафсир, III, 306; Хайсами, VII, 83).

🌹Шифа бинти Абдулла мындай деген🌹

«Жер жарып калганда Умар бин Хаттаб биздин үйгө келди. Бүлө мүчөлөрүнөн эки адамдын уктап жатканын көрүп туура эмес көргөндөй уйкудагыларга ээк нускап🌹

-Буларга эмне болду? Мени менен жамаатка катышкан жок!

-Момундардын журтбашчысы!

Куптан намазын жамаат менен чогуу окуган соң, эл тарагандан кийин таңга чейин намаз окуп чыгышты. Анан жана эле багымдатты окуп кынтайышты эле, дедим журт эгесин жоошутуу үчүн.

-Мен үчүн багымдат намазын жамаатка кошулуп окуу, таң аткыча намаз окуудан да сүйкүмдүү! деп баса айтты да, артына кайтты.

🌹Азирети Осмон куптан намазын окуу үчүн мечитке барат. Жамаат толук чогула элек болгондуктан мечиттин бир бурчуна жамбаштай кетти. Көп өтпөй анын жанына ибн-и Амира келип көчүк басат. Экөө таанышкан соң Азирети Осмон ага Алланын Элчисинин береги хадисин насааттады🌹

«-Кимде ким куптан намазын жамаат менен чогуу окуй турган болсо, түн жарымга чейин намаз окуганга тете сооп табат. Кимде ким багымдат намазын жамаат менен чогуу окуган болсо түнү бою намаз окуганга тете сооп табат🌹» (крз. Муватта, Салату-л Жамаа, 7; Муслим, Масажид. 260).

🌹Умар бин Хаттаб мечитке келет. Мусулман журтчулугунун халифасы болгондуктан алдыга өтүп элге карап🌹

-Намазыбыз үчүн эч кимди күтө албайбыз! деди да, азан айтууга уруксат берди. Намаз окулуп болгон соң жамаатка кайрылып нааразы болгон таризде кыйла наалыды:

-Бир топ адамдарга эмне болуп калган, жамааттан калып кетип жатышат. Өздөрү эле калбастан башкалардын жамаатка катышпай коюшуна үлгү болуп атышат! Ант болсун, аларга адам жөнөтүп бул жерге карматып келип «Жамааттан калбагыла!» деп эскертүү берсемби деген ой келип жатат🌹 (Абдурразак, I, 519).

🌹Умид Дарда баяндайт🌹

Абу Дарда кимдир бирөөгө кыжырлангандай ачуулуу келди жаныма. Түтө албай жагдайды сурадым:

-Эмне болду анчалык, эмнеге ачууланып жатасың?

-Кудайга ант болсун! Жамаат менен намаз окуу Мухаммаддын үммөтүнүн белгиси деп билем🌹

Бул үммөткө жакшылык апкелчү андан башка нерсе акылыма келбей турат. А булар болсо жамаатчылыкка, намазга кайдыгер мамиле кылып жатышат (Бухари, Азан, 31).

Абдулла бин Умар бир эле намазды жамаат менен окуй албай калды дегиче жаны жай албай кийинки намазга чейинки убакытты ибадат менен өткөрчү экен. Бул эрежеге куптан намазы үчүн да кынтыксыз баш ийчү. Кокус ушундай абал болуп калган маалда багымдатка чейин ибадат кылганы булактарда жазылып калган🌹(Ибн-и Хажар, Исаба, II, 349).

🌹Харис бин Хасан аттуу сахаба жаңы үйлөнөт. Ошо мезгилдердин салт-санаасында жаңы үйлөнгөн мырза бир топ күн сыртка чыкпашы кажет, ошол себептүү багымдат намазына мечитке келчү эмес. Дин Исламды бүт дилине сиңирген Харис динди салттан жогору койо билген жан болгондуктан үйлөнгөн күндүн эртеси багымдат намазына кирип келет. Анча-мынча таң калгандар бир чети кызыгып, бир чети таңкалып жабалактап сурап калышат:

-Сенин никең кечинде эле кыйылбады беле? Сыртка чыгып алыпсың го? Же бир нерсе болдубу?

Харис намаз дегенде жандүйнөсүн да арнап салганга даяр экендигин билдире мына мынтип жооп айтты:

-Аллага ант болсун! Багымдатты жамаат менен окуганга тоскоол болгон айымды эң жаман айым деп эсептеймин🌹! (Хайсами, II, 41).

🌹Ибн-и Журайж таабиин аалымы маркум Атага суроо салат🌹

-Маселен бир адам намаздын парзын үйүндө окуп жаткан кезде же азанды, же кооматты угуп калышы мүмкүн. Мындай учурда намазын токтотуп мечитке барышы керекпи?

-Парздын кайсыдыр бир бөлүгүнө жетише алам деп үмүт кылса, барса болот.

-Айтылган кооматты азан деп ойлоп намазды бузуп жамаатка келишим керекпи?

-Ооба (Абдурраззак, I, 528).

Анткени ибн-и Умар үйүндө намаз окуп жаткан. Аңгыча азан чакырылып калат. Ибн-и Умар окуп жаткан парздын алгачкы эки ирекетинен кийин салам берген соң дароо мечитке чуркаган экен (Абдурраззак, I, 514-515).

🌹Амир бин Абдулланын абалы кыйла оорлошуп турган. Сапарынын жакындап калганын аңдаган туугандары чогулуп келип тегеректеп олтурган. Аялзаты сезимтал келет эмеспи, кыздары жана айрымдар ыйлап алышыптыр. Бир маалда созолонтуп шамга азан чакырылып калды. Араң дем алып кыңкыстап жаткан оорулуу Амир жанындагыларга кайрылды:

-Мени тургузгула! Жөөлүп жататко деген ойдо сакалдуу адам чочулап, кулагына жакын барып:

-Апей ботом, кайда барасыз күүгүмдө! дейт.

-Мечитке!

-Жарыктык киши ушу абалыңыз мененби? деп таң калышат.

-Субхааналлаах! Азан үнүн угуп туруп, кантип мечитке барбай койо алам?! Кана мени жөлөгүлө намазды мечитке барып жамаат менен окуйбуз, кеттик! дейт кудум жаш кезиндегидей шайдооттоно.

Ошентип жакындарынын жардамы менен жамаатка барган Амир шам намаз парзынын биринчи ирекетинде саждада жан берет.

Өмүр өткөнчө жамаатчылыкка катуу маани берип келген ыкластуу пенде болгон дешет жакындары. Мына ушул жандуу элес:

«Кандай жашасаң, дал ошондой өлөсүң» деген хадисти таамай чагылдырып турат🌹

🌹Ата бин Сабит минтип эскерет🌹

Алла досторунан Абдуллах Суламинин сыркоолоп калганын угуп, абалын сурап кою үчүн камына баштадык. Бирок кабарды айтып келгендер анын мечитте турганын айтышты. Сыркоолуу адамдын өз үйү, өлөң төшөгүндө тынч жатпай, жанын кыйнап мечитке барганын кабатырлануу менен кабылдадык. Эмнеси болсо да бир барып көзүбүз менен көрүп келели деп аттандык. Түз эле мечитке тизгин бурдук. Айткандай Ата мечитте намаз окуп жатыптыр. Деми кыстыгып араң чыгат, кыймылы үлбүрөп өтө жай. Кырсык баспагай эле деп Кудайдан тилендик.

-Аксакал байкашыбызча сыркооңуз өтө эле оор окшойт. Үйгө барып төшөктө тынч жатсаңыз, бираз айыгып калат белеңиз.

Биздин пикирибизден миң эсе изги пикирге чын жүрөктөн байланып калганын ортого койду🌹

-Угушума караганда, Алла Элчиси жамаат менен намаз окуу өтө кайырлуу иш экенин билдирген хадисин айткан. Мен ошон үчүн мечитте намаз окуп жаткан кезде жанымдын алынышын арзуу кылып келем!

🌹Айтууларга караганда Мухаммед бин Саммад ашкере ибадатчыл, абдан ыкласман пенде болгон экен. Жамаат менен чогуу намаз окуганга жанүрөп аракет кылчу экен. Ал минтип эскерген🌹

Бардык намазымды жамаат менен окуганмын. Кырк жыл бою бир жолу дагы башталгыч-ифтитах такбирден кеч калбаган жан элем. Бирок бир гана жолу энемди жерге берүү расми менен шугулданып жүрүп парздын алгачкы эки ирекетине жетише албай калдым. Жамаат менен окуганчалык сооп табайын деп дал ушул намазды жыйырма беш жолу кайталап окудум. Ошол күнү түшүмдө мага белгисиз бирөө тарабынан🌹

«-Эй Мухаммед, намазды го жыйырма беш жолу кайталап окудуң, бирок, периштелердин «амийн» деп айтышынын сообун кантип табасың?» деген эскертүү айтылды (Кандахлави, Фазаил-и Амал. 275).

Анткени Азирети Пайгамбарыбыз минтип айткан🌹

«Имам фатиханы окуп болору менен жамаат «Амийн!» деп айтсын. Эгер жамааттын бул мунажаты, периштелердин «Амийн!» деп айтышына тете ыкластуу болсо, адамдын өтмүштөгү бардык (кичине) күнөөлөрү кечирилет» (Бухари, Азан, 113; Муслим, Салат, 76).

🌹Осмон дөөлөтүнүн алгачкы тарыхчыларынан Ашык Пашазаада мындай деген🌹

«Али-Осмон чынчыл уруу. Алар кишини иренжите турган эч бир жосунсуз жорук жасаган эмес. Аалымдар күнөө деп тыю салгандын баарынан жаа бою качышкан».

Арийне, алардын мына ушундай жоокерчилигине жедеп көнгөн Шайхулислам Молдо Фанари көпчүлүк учурда жамаатка катышпагандыктан Осмон дөөлөтүнүн ажосу Йылдырым Байезиддин күбөгө өтүшүн убактылуу кабылдаган эмес. Мунун себебин сураган ажого жоопту ачык айткан🌹

-Султаным!

Сизди негедир жамаат арасынан көрө албай жүрөм. Аныгында сиздер журтчулуктун жолбашчысы катары алдыңкы саптан орун алышыңыздар керек эле. Сиздер жарамдуу салих-амалды көп аткарган диндар болушуңуз керек эле. Эгер жамаатка катышпай турган болсоңуз, элге жаман жагынан үлгү болосуз. А жаман жагынан өрнөк болуу күбөгө өтүшүңүзгө биринчи кезекте тоскоол болот…

Мына ушул окуядан катуу таасирленген Йылдырым Байезид падыша (башка булактан алынган маалыматка караганда Нигболу жеңишине шүгүрчүлүк ниети менен) Бурсадагы атагы алыска кеткен Улуу мечитти курдуруп, беш убак намазды аталган мечитте окуп өткөн.

🌹Айтууларга караганда Алла Таала кыямат күнү🌹

«-Менин коңушуларым кайда?» деп үн салат экен.

-Оо Кудуреттүү Кудай Таалам, Сага ким коңшу боло алат? деп периштелер суроо салышат.

«-Менин мечиттеримде жамаат менен такай намаз окуган кулпенделер Мага коңшу болот!» деп билдирет Жараткан (Али-ал Муттаки, VII, 578/20339).

Алла Элчисинен бир хадис🌹

«Бардык муттакинин үйү өзү үчүн мечит. Үйүн мечит кылган жанга Алла Таала кеңчиликти, мээримди, сырат көпүрөсүнөн өтүп бейишке барууну жана Өз ыраазылыгын берүүнү убада кылган🌹»

🌹Жыйынтыктап айтканда, жамаат менен намаз окуу ыйманга бектиктин белгиси.

Алла Элчиси🌹

«Бир адамдын мечитке такай барып жүргөнүн көргөн болсоңор, аны ыймандуу инсан деп билгиле» деген хадисин айткан соң береги аятты окуган🌹

«Алланын мечиттерин Аллага, акырет күнүнө ишенген, намазды толук аткарган, зекет берген жана Алладан гана корккон (адам) курат. Туура Жолго түшкөн деп ушулардан үмүт кылса болот»(Тооба, 18) (Тирмизи, Иман, 8/2617).

Күнүнө беш маал мечитте жамаат менен намаз окуунун пайдасын Аллага жандилден берилген нары ыкласман, нары кыраакы инсандар төмөнкүдөй тизмектеген🌹

-Жараткан Алланын мечиттерге чачкан кут-берекесинен насибин алат да, момун-мусулмандын жандүйнөсүндө жамаатташуу (социалдашуунун) сезими бүчүр байлап өнө баштайт🌹

-Бардык намаз кабылданар убагында (өз убагында) окулат🌹

-Периштелер жамаатка катышкан жаамы мусулманга батасын берет, ал үчүн кечирим тилейт, күбөгө өтөт🌹

-Шайтандан оолак болот🌹

-Башталгыч такбирге жетише алса, албан соопко эгедер болот🌹

-Жүрөктөгү кайдыгерлик, экижүздүүлүк бара-бара жоголот🌹

-Көптөгөн мусулмандар менен чогуу тиленген дуба аркылуу көккө карай агылган зикирдин берекесинен пайдаланат🌹

-Мусулмандардын арасында үлпөт, биримдик жана ынтымак-ырашкерлик өрүш алат🌹

-Таат-ибадат өңүтүнөн бири-бирине көмөк болушат🌹

-Намаздын жарыя окулушу менен Курандын кубулжуган кырааты жамааттагы ар бир адамдын дилине ширелет, жадысына жат болот🌹

-Намаз жамаатчылыкта буйрулгандай так жана берилүү менен окулат🌹

Мына урматтуу окурман!

Өзүңүз баамдагандай жамаат менен намаз окуунун көптөгөн пайдасы бар🌹

Мына ушу себептен Алла Таала да, Анын сүйүктүү Элчиси да мечиттен калбай, жамаатчылыкты жандуу тутууну ар бирибизге жооптуу милдет катары буйруган🌹

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE