Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк Адилет Карыев тайпалаштары менен чиркөөгө кирип, жарамазан айтканын унутпайт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Адилет Карыев музыкалык билим алып жатат. Ал келечектеги максаттары тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.

Карыев Адилет Раимбекович 2005-жылы 12-майда Жети-Өгүз районунун Чырак айылында туулган. Агасынын музыкалык аспапта ойногону ага кесип тандоого себепкер болгон.

«Музыкага болгон кызыгуум бала чагымдан эле башталган десем болот. Үй-бүлөбүздө бир тууган агам комуз чертет. Андыктан кичинемден ал чертип бергем кыргыз күүлөрүн, ырларын угуп чоңойдум. Балким ошол агамды көрүп ырчы болгум келген», — деди ал.

Адилет талантын өнүктүрүү үчүн атайы музыкалык билим алууну чечкен.

«Атайын музыкалык билим алуу үчүн Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайына тапшыргам. Учурда аккордеон адиси боюнча экинчи курста билим алып келем. Талант менен билим айкалышканда гана жакшы ийгиликтер жаралат деп ойлойм. Ошондуктан музыкалык билим алууну чечкем. Келечектеги максатым музыкалык билимди тереңдетип, дагы улантып, КР эл артисти наамын алсам жана ошондой эле өсүп келе жаткан муундарга музыкалык билимимди берсем деп кыялданам», — дейт ал.

Жашоодо эң кызыктуу күндөр студенттик мезгилге туура келет эмеспи. Карманыбызда ал күндөргө токтолуп өттү.

«Албетте студенттик күн дегенде эле чогуу окуган тайпалаштар эске түшөт. Алар менен болгон кызыктуу окуялар көп. Бир жолу орозо убагында балдар салтка ылайык жарамазан айталы деп чечтик. Кечке маал Кызыл-Суу айылына жарамазан айтмай болдук. Ал айылга биринчи жолу барып айткандыктанбы, айтор орустар сыйына турчу чиркөөгө кирип, жарамазан айтканыбыз эсимде. Караңгыдан тышы көрүнбөй, терезеси жарык болуп турганына карап айт баштаганбыз. Эшикти ачып, 2 байке чыгып келди да, бизде дагы орозо деп жарамазандын ырымын жасашты. Сыягы кыргыздардын салтын билишет окшойт деп калдык», — деди ал.

Карыев учурда аккордеон черчүүнү өздөштүрүп жатат.

«Мен ойногон аккордеон аспабы 18-19 кылымдарга таандык. Андан чыккан үндү жактыргандар, сүйүп уккандар көп, ошондуктан ал аспапта ойноону өздөштүрүп жатам. Келечекте элибизде чыкпай жаткан таланттарды эл алдына чыгарып, талантын ачууну, ошондой эле маданият чөйрөсүндө окуп жаткан жаш муундарга шарт түзүп берип, ар кайсы өлкөгө барып талантын такшалтууга өбөлгө болсом деп кыялданам», — дейт ал.

Ал учурда көбүнчө Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдин ырларын аткарып, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таап келет. Ошондой эле тамадалык өнөрдү да өздөштүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE