Пример HTML-страницы

Мүмкүн болушунча көбүрөөк колдонуш керек болгон эң пайдалуу 10 азык

https://kyrgyzcha.site/?p=55003&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Мүмкүн болушунча көбүрөөк колдонуш керек болгон эң пайдалуу 10 азык

Ден-соолугубуздун чың болушуна салымын кошкон табигый пайдалуу азыктар бар. Албетте, булардын катарын жашылча-жемиштин ар кандай түрлөрү менен толуктай берүүгө болот. Бирок негизгилери төмөнкүлөр:

 

 

Балык

Эгер балыкты бир жумада үчтөн кем эмес жолу эттин ордуна пайдалансак, жүрөк ооруларынын алдын алып, кандагы холестериндин деңгээлин сактаган болоор элек. Балык өзүнүн баалуулук касиеттери жагынан этти алдына чыгарбайт.

 

 

Кара нан

Кара нан витаминдерге, минералдык заттарга гана бай болбой, мында клетчатканын көп өлчөмү бар. Клетчатка кандагы холестеринди жана кан басымды түшүрөт, тамак сиңирүүнү жөнгө салып, зат алмашууну тездетет, организмдеги шлактарды чыгарат, клеткалардын жаңыланышын күчөтөт жана жаштыктын сакталышына жардам берет.

 

 

Алма

Адамдын организмине эң керектүү болгон 15 витаминдин алмадан 12си табылган. Булар В, С, Е, Р жана башка витаминдер. Эгер күн сайын алма жесек, жүрөк-кан тамыр ооруларына болгон коркунучту азайткан болоор элек. Мындан тышкары алма клеткаларды картаюудан сактоочу антиоксидантка бай.

 

 

Сабиз

Сабизде да көптөгөн «сулуулук витаминдери» жана пайдалуу минералдык заттар бар. Сабизди жүрөк ооруда жеген жакшы жыйынтык берет. Ошондой эле сабиз онкологиялык оорулардын алдын алууда колдонулуп, көзгө эң пайдалуу азык.

 

 

Ашкабак

Ашкабак көптөгөн ооруларга даба: жүрөк, кан-тамыр, ичеги, боор, бөйрөк, суук тийгенде жана аз кандуулукта. Анда С, В, каротин, Е, РР, К, Т витаминдеринин көп өлчөмү болгондуктан, сабиз чачты, тырмакты бекемдеп, терини картаюудан сактайт, ашыкча салмактан арылтат.

 

 

Кара карагат

Кара карагатта С витамини көп. С витамининин бир суткалык нормасын алуу үчүн чоң адамга бир күндө 30-60 грамм карагат жеп коюу жетиштүүлүк кылат. Кара карагат муундарды бекемдейт, кан басымды түшүрөт жана жугуштуу оорулардын алдын алууда эң жакшы дары болуп эсептелинет. Ал зат алмашууну жакшыртып, ашыкча салмактан арылууда да колдонулат.

 

 

Ит мурун

Ит мурун бекеринен кырк оорунун дабасы деп айтылбайт. Ал С витамининин көптүгү жагынан мөмөлүү өсүмдүктөрдүн ичинен биринчи орунда турат. Ит мурундун тундурмасы, чайы жүрөк кан-тамыр ооруларын алдын алууда эң пайдалуу.

 

 

Жемиштердин кактары

Каткан өрүк, кара өрүк, мейиз, инжир, алма, алмурут сыяктуу кактар химиялык кошулмалар менен жасалган таттууларга караганда бир нече эсе пайдалуу. Кактар жүрөк ооруларына, астмага, анемияга, суук тийүүгө эң жакшы дары. Мындан тышкары катырылган жемиштер нерв системасын бекемдөөдө жана ичегилерди тазалоодо натыйжалуу каражат.

 

 

Көк чай

Көк чай кара чайга караганда алда канча пайдалуу. Бул суусундук жүрөктүн, бөйрөктүн, боордун ишин жакшыртат жана иммунитетти көтөрөт. Ошондой эле көк чай тамак сиңирүүнү жакшыртат, организмди шлактардан тазалайт, жүрөк оорулары жана рак оорусу коркунучун азайтат, организмдин картаюу процессин жайлатат

 

 

Бал

Бал организмге өтө пайдалуу азык. Ал организмдин көптөгөн инфекцияларга каршы турушун жогорулатат. Аны боор, ашказан, ичеги, дем алуу органдары ооруларында колдонуу сунушталат. Бул ажайып азыкта С, К, Е, Р, В витаминдеринен тышкары Менделеевдин таблицасындагы дээрлик бардык микроэлементтер бар.

 

 

 

Мүмкүн болушунча азыраак колдонуш керек болгон

эң зыяндуу 10 азык

 

Ден-соолукту тобокелге салбоо үчүн диетологдор айрым тамак-аштарды азыраак пайдаланууну, мүмкүн болсо алардан такыр эле баш тартууну сунушташат. Алар төмөнкүлөр:

 

 

Кант

Кантта эч кандай витамин да, минералдык азыктар да жок, ошол эле убакта ал өтө калориялуу азык болуп эсептелинет. Кумшекер көптөгөн оорулардын себепчиси болот: кант диабети, семирүү, жүрөк-кан тамыр оорулары, ашказан-ичеги, бөйрөк анан албетте, тиш оорусу. Ошондой эле организмдин ар кандай инфекцияларга каршылык көрсөтүүсүн төмөндөтөт.

 

 

Туз

Ден-соолугу чың чоң адамга күнүнө 5 грамм туз талап кылынат. Биз болсо 10-15 грамм туз жейбиз. Тузду ашыкча өлчөмдө кабыл алуу менен бирге биз өзүбүзгө жүрөк-кан тамыр, бөйрөк ооруларын жакындатып алабыз жана зыяндуу шишиктердин пайда болушуна жол беребиз.

 

 

Колбаса

Колбасада, сосискада майдын көп өлчөмү, жасалма кошумча азыктар жана туз бар. Айрым окумуштуулардын пикири боюнча колбаса жана сосиска берген даам наркотикке көнүүнү жана көптөгөн ооруларды чакырат. Бул азыкты такай жегендер нерв системасын бузуп алуу коркунучуна дуушар болушат.

 

 

Маргарин

Маргарин — көпчүлүк ойлогондой каймак майдын эле бир түрү эмес. Бул азык — чыныгы жасалма азык. Консерванттарга каныккан бул майдагы зыяндуу заттар организмде топтолуп калууга жөндөмдүү.

 

 

Майонез

Майонезге кошумча даам берүүчү жана түс берүүчү жасалма кошулмалар кошулат. Жүрөк жана кан-тамыр оорулары, ашказан жана ичеги оорулары, зат алмашуунун бузулушу жана семирүү — булардын баары майонезди көп пайдалангандын жыйынтыгы.

 

 

Бульон кубиктери,

тез даярдалуучу кесме

Бул тез даярдалуучу тамактар бүтүндөй химиядан турат. Буларда даамды күчөтүүчү жана жагымдуу жыт берүүчү кошулмалар, боёк, туздун көп өлчөмү бар. Айрыкча тез даярдалуучу кесменин өзүнүн желим идишинин үстүнө эле кайнак сууну куюп, жеп алганыңызда организмиңизге чоң зыян келтирген болосуз.

 

 

Фаст-фуд (гамбургер, чизбургер,

фри картофели, чипсы ж.б.)

Мындай азыктарда майдын, туздун, жасалма кошулмалардын көп өлчөмү болот. Ушулардын негизинде фаст-фуд баш мээсинин инфаркты, рак, гормоналдык тең салмактуулуктун бузулушу, тукумсуздук, семирүү сыяктуу коркунучтуу оорулардын себепчиси. Дагы бир жаман жагы — бул азыкты көп пайдалануу бара-бара наркотикалык көз карандылыкты чакырышы мүмкүн.

 

 

Консервалар

Айнек жана калай идиштердеги консерваланган азыктардын биздин организмибиз үчүн эч кандай пайдасы жок. Анда көптөгөн зыяндуу заттар: консерванттар, даамды күчөтүүчү кошулма, боёк жана туз менен канттын көп өлчөмү бар. Азыктарды консервалаганда алардын түзүлүшү жана даамы өзгөрөт, андагы пайдалуу заттар, айрым витаминдер жоголот.

 

 

Газдалган суусундуктар

Кола, пепси, лимонад жана башка «суусунуңду кандыруучу» суусундуктарда канттын көп өлчөмүнөн тышкары химиялык кошулмалардын түрү бар. Айрым суусундуктардын курамына кофеин, коки дарагынын жалбырагы кошулат. Башкасын айтпаганда да газдын өзүнүн эле ашказандын былжыр челине тийгизген зыяны канча?!

 

 

Алкоголдук ичимдиктер

Алкоголь калктын өлүмүнүн 3-себепчиси (жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулардан кийинки). Спирттик ичимдиктер бөйрөк, боор, ашказан, ичеги жана башка көптөгөн органдарга өз зыянын тийгизет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE