Пример HTML-страницы

Куткаруучу Амантур Түркиядагы алааматты баяндады

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын мобилдик куткаруу отрядынын 3-мобилдик куткаруу тобунун улук суучул-нускоочусу — 26 жаштагы прапорщик Амантур Амалбек уулу аталган кызматка киргенине бир жыл болду. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде Түркиядагы катуу жер титирөөдөн кийинки издөө-куткаруу иштерине катышып келгенин айтып берди.

Амантур Амалбек уулу куткаруу жумушуна 1-топ менен барган. Алгач Кахраманмараш шаарында, андан соң Хатай шаарында жалпы 15 күн куткаруу иштеринде жүрүп келди.

Каза болгон адамдын бетине карабагыла…

Куткаруу кызматына киргенде командирлер «психологиялык жактан даяр болуп киргиле» деп көп айтышат. Бирок практика баары бир башка да. Жай айында ишке киргендиктен сууга чөккөндөр көп болгон. Биринчи жолу практикамда анча даярдыгым жок эле Кара-Сууда сууга чөгүп кеткен адамдын жансыз денесин алып чыгууга барганбыз. Командирлер «дененин бетин гана карабагыла дагы, ишиңерди аткара бергиле» деп айтат. Бетин караган жокмун, бирок денесин кармап, кечке маал суудан алып чыктык. Өзүм корккон жокмун, үйдөгүлөргө айтсам коркушкан.

Биздин куткаруучуларды Түркия суранып, кайра алып калганы сыймык

Түркияга барганда согуштан кийинки шаарды көргөндөй болду. Биринчи барып эле кантип иштейбиз, шаймандарды кайсы жерде, кантип колдонобуз деп билбей туруп калдык. Себеби баары аралашып калыптыр. Анан да Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ӨКМ ушундай чоң жумушка чет өлкөгө тартылып жатыптыр. Кыргыздын жигиттери кыйын, колундагы бар шайман менен ишке кирип, аракет кыла бердик. Бирок карап көрсөк, күчүбүз жеткидей эмес. Андан кийин гана техниканы ишке тарттык. Кыргыз куткаруучуларынын айырмачылыгы, техника менен ар бир казган сайын токтотуп, тешик көрүп калсак кыйкырып, түшө калып издеп жаттык. Башкалардай кайдыгер иштеп, четинен каздырган жокпуз. «Бул имаратта эч нерсе калган жок, болду» дегенде гана токтоп, башкага өттүк. Башка куткаруучулар биринчи өздөрү «бул жерде адам калган жок» деп кетип калып жатышыптыр.

Бишкектен барган командир кайсы бир шаарда акыркы тирүү чыккан адам 20 күндөн кийин табылганын айтып, «жумушту тынымсыз уланткыла» деп айтып жатты. Жетекчилер «бир тирүү адамды сактап калуу, дүйнөнү сактап калууга барабар» деп кулагыбызга куюп турду. Андан да ӨКМдин башчысы өзү Түркияга келип, балдарга дем берип кетти. Кыргызстандык куткаруучулар кеткени жатканда түрк эли «дагы бир аз жардам беришсин» деп сураныптыр. Башка мамлкеттер турганда бизге кайрылып, суранып жатканы деле чоң сыймык болду. Бир өлкөнүн куткаруучулары каза болгон адамдын шакектерин чечип жаткан жеринен көрүп калышып, кууп жиберишти.

Ал жакта жүргөндө күнүнө 15-20 жолудан жер термеп турду. Башың айлангандай болуп кетет экен. Тирүү калгандар 2 метрге да жыла албай калганын, жер толкун сымал болуп туруп алганын айтып жатышты.

Тирүү чыккан кош бойлуу келин

Урлап калган имараттарды көрүп, «бул жерде тирүү калуу мүмкүн эмес» деген менен ичер суусу түгөбөгөн адамдардын тирүү чыкканы керемет болуп жатты. Мисалы, 195 саат дегенде 40 күндүк наристе эжесинин астынан тирүү табылды. Кайсы жактык куткаруучулар экенин билбей калдык. 5 жаштагы кыз да тирүү табылып, бирок тез жардам унаасында каза болуп калыптыр.

Биздин куткаруучулар 5-кабатта жашаган боюнда бар келинди урандылардын астынан тирүү алып чыктык. Тепловизор деген аппарат келгенге чейин табылгандыктан үн алышуу менен таптык. Кош бойлуу келин бетондор бири-бирине туш келди түшкөндө бир боштукта калып калыптыр. Бетондорду ургулап, айланадагыларды тынчтандырып, «белги бериңиз» деп жаттык. Белги алган соң болжолгон жерге кирип бардык.

Бир эне «ушул жерде 2 айлык неберем бар эле» деп оюнчуктарын көрсөтүп, таап берүүбүздү суранды. Аябай аракет кылдык, бирок табылган жок. Ичибизден «табылбаса экен» деп тилеп жаттык. Себеби 2 айлык наристени алып чыгуу өтө оор болмок.

12 кабаттын астында 8 күн кыймылсыз жаткан адам

Кечки саат 21:00 чамасында 12 кабаттын 1-кабатында тирүү адамды таптык. Өтө этияттык менен иштеп, түнкү саат экиде алып чыктык. Себеби үстүндөгү урандылар кайра басып калбасын дедик. Төшөктө жаткан, үстүндө төшөк болгон, анын үстүнө урандылар түшүп, бутун басып калыптыр. Ошол абалда 8 күн жатыптыр. Жанында аялы менен баласы каза болуп калыптыр. Бир жолун таап, ооруну басуучу асма ийне сайып, андан соң гана алып чыктык. Табылган убакта «мени таштап койгула, тынч койгула, бул жерден чыкпайм» деп жатты. Психологиялык жактан катуу сокку алып калдыбы, же жакындарынан айрылып калганына шок абалда болдубу, билбеген жокпуз.

Көп жансыз денени таптык, бири да буюмун кучактап же кармабаптыр. Жакын адамынын колун кармаган же кучакташкан абалда табылышты.

Башында түрк куткаруучулар менен жакшы иштеп жаттык. Бирок биз тапкан адамдарды талашып баштаганда түшүнбөстүктөр пайда болуп жатты. Алар тапканга биз такыр аралашкан жокпуз. Биз тапкан адамды куткарып чыккан соң талашканда «эмнеге?» деп жаттык. Аларды деле түшүнүү керек. Себеби бизге деле башка өлкөнүн кызматкерлери келип, жакшы жыйынтык көрсөтүшсө, биз дагы сөз укмакпыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE