Пример HTML-страницы

Эгерде бул азыктардын пайдалуулугун ар бирибиз тереңден билгенибизде дасторкондон үзүлбөйт эле.

https://kyrgyzcha.site/?p=53804&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Эгерде бул азыктардын пайдалуулугун ар бирибиз тереңден билгенибизде дасторкондон үзүлбөйт эле. Лимон,

сарымсак, пияз, имбирь… Булар бир гана иммунитетти көтөрүп тим болбостон, олуттуу оорулардын алдын алууга,

онкологиялык илдеттен сактаганга жөндөмдүү.

Лимон

– Лимондун кабыгы жана андагы шире көп өлчөмдөгү С витаминин өзүнө камтыйт. Цитрустун бирден бир

артыкчылыгы, организмдеги бардык шлактарды чыгарып, аны менен кошо вирустарды да өлтүрөт. Ал үчүн күнүнө

1 даана лимон колдонгон жакшы.

– Лимондун ширеси рак клеткаларын ойготпой турган артыкчылыкка ээ. Ошол эле учурда башка органга эч кандай

залакасын тийгизбейт. Лимонду химиотерапия алган учурда да колдонуу жакшы жардам берет.

– Лимондун курамындагы аскорбин кычкылы иммунитетти көтөрөт жана организмди чыңдайт. Өзгөчө сасык тумоо

учурунда болгон уулуу заттарды сүрүп чыгарат. Ал үчүн лимондун ширесин гана эмес, анын маңызын кабыгы менен

жеген пайдалуу. Ошондой эле кайнак сууга салып ичсе көбүрөөк натыйжасын берет.

– Ичегилердеги топтолгон шлак, уулуу зат бара-бара онкологиялык клеткаларды ойготот. Ичегидеги таштандыны

цитрус өсүмдүктөрү гана тазалай алат.

– Унаада жүрөк айланган адатыңыз бар болсо лимондун кесимин таңдайыңызда кармап турсаңыз болот.

– Ашыкча салмактан жапа чеккендер үчүн да лимон жакшы жардамчы. Ал зат алмашууну жакшыртат жана

тамакты жакшы сиңирет.

Кимдерге болбойт?

1. Цитрустарга аллергиясы барларга.

2. Ичеги-карын, ашказан оорусу бар болсо. Жемиштин кычкылдуулугу ашказандын былжыр челин сезгентет.

3. Тиштер жаман абалда болсо – лимон кычкылдуулугу тиштин коргоочу чел кабыгын бузат.

4. Цитрус кан басымга таасир этет. Андыктан кан басымы жогору же төмөн болгондор көп колдонбогону оң.

Кантип колдонуу керек?

– Лимонду майда бөлүктөргө туурап, үстүнө кайнак суу куюу керек. Аны ысык кезинен баштап чай ордуна

колдонгон оң.

– Күндүн биринчи бөлүгүндө көбүрөөк колдонгон жакшы, себеби кыймылдын көбү ушул учурда болгондуктан

таасири жакшы болот.

Сарымсак

– Иммунитетти көтөрүүдө орду чоң. Сасык тумоодо, тамак ооруганда, дем алуу органдарында инфекция болгондо

күрөшүүгө жардам берет. Какырыкты жибитип, анын бат чыгуусун шарттайт.

– Кандын курамындагы холестеринди жөнгө салат, бул жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат. Жүрөктүн

булчуңдары чың болуп кан айлануу жакшырат.

– Сарымсактын курамындагы аллицин заты рак оорусунун алдын алат. Бул зат организмдеги клеткалардын

жаңылануусун жөнгө салат жана клеткалардагы  бузулууларга жол бербейт.

– Заара чыгаруучу түтүктөрдөгү сезгенүүнүн алдын алып, табарсык ооруларынан сактайт. Ал жагынан сарымсак

аялдарга да, эркектерге да бирдей пайдалуу.

– Мээнин иштөөсүн жакшыртат, улгайган адамдардын эс-тутумун жакшыртат.

– Кичинекей балдарда кеңири кездешчү чүчөк оорусуна жардам берет. Курт менен кошо жоон ичегидеги

инфекцияны тазалайт.

– Сөөл чыгып, жараат ириңдеген учурда, чач түшкөндө, теринин картаюусунун алдын алууда сарымсактын пайдасы

өтө чоң.

– Сарымсак кальций, калий, фосфор, селен, йод, А, С тобундагы витаминдерге бай. Аны күндө колдонгон адам

ооруга чалдыкпасы илимий жактан далилденген.

Кимдерге болбойт?

1. Эгерде алдын ала пландалган операция бар болсо, ага чейинки эки апта  аралыгында сарымсак жегенге болбойт.

Себеби сарымсактын канды суюлта турган артыкчылыгы бар болгондуктан, операция учурунда кооптуу абал

жаралышы мүмкүн.

2. Аллергиясы бар адамдарга болбойт.

3. Геморрой, гастрит, он эки эли ичегисинде жарасы бар адамдарга колдонуу сунушталбайт.

Кантип колдонуу керек?

– Сарымсакты жаңы аарчып, ширесин сыгып алган учурда аллицин заты бөлүнүп чыгат. Рак илдеттерин алдын

алгыңыз келсе ширесин шорпого сыгып ичиңиз.

– Чоң кишиге бир күндө 3-5 тиш сарымсак колдонгон жетиштүү. Андан ашса ашказан оорусуна алып келет.

– Көбү сарымсактын жыты жагымсыз болгон үчүн колдонгусу келбейт. Аны жегенден кийин сүт менен оозуңузду

чайкап койсоңуз жыттан арыласыз. Мындан сырткары лимон, петрушка жыттан арылууга жардам берет.

Имбирь

– Курамында фенол заты кош бойлуу кезде, химиотерапиядан кийинки жүрөк айланууда жакшы жардам берет.

– Физикалык көнүгүүлөрдөн, оор жумуштан кийинки булчуңдун оорусун баса турган артыкчылыкка ээ.

–  Д витаминдин жетишсиздигинен, гормоналдык өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан муун жана сөөк ооруларынын

алдын алат.

– Альцгеймер оорусунан сактайт. Өнөкөт чарчоо, стресс – картаюуну тездетет. Ал эми имбирдин курамындагы

табигый антиоксидант альцгеймер оорусуна каршы иштейт.

– Имбирь кандын коюуланып кетүүсүн жана уюп калуусунун алдын алат. Андыктан жүрөк-кан тамырларын жакшы

тазалайт, жүрөк ооруларынан сактайт.

– Баш оору, шакый болгон учурда табылгыс дары.

Кимдерге болбойт?

1. Имбирди көп колдонуу уйкусуздукка алып келет. Бир күндүк норма 4 граммдан ашпаганы дурус.

2. Ашказан жарасы, өтүндө ташы барларга сунушталбайт.

3. Имбирь зарнаны жана ич өтүүнү чакырат.

Кантип колдонуу керек?

– Имбирдин тамырын чай же кайнатылган суу түрүндө колдонгон натыйжалуу.

– Кургатылган имбирь эт азыктарынан жасалган тамактын даамын чыгарат.

– 1 стакан кайнак сууга бир кесим имбирь тамырын, 1 чай кашык бал кошуп ичсеңиз иммунитетти бекемдөөгө жана

тамак сиңирүүгө жардам берет.

Пияз

– Пияздын ширеси дем алуу органдарын тазалайт, сасык тумоо жана инфекциялык оорулардан сактайт.

– Пияз ар кандай жараат алган учурда пайдалуу. Анын кабыгын ачык жараатка жапса микробдордон коргойт жана

жараат бат бүтөт.

– Бул өсүмдүктүн курамы кургак учук, кептөөр бактериясын өлтүрө алат.

– Аялдар үчүн этек кир келген учурда пайдасы бар. Ооруну басаңдатат. Пиязды күнүмдүк тамактанууда

колдонгондо мындай маселе жаралбайт.

– Элдик медицинада пияздын ширесин сыгып, ачытып спирт даярдашат. Ал ич катууда жардам берет жана

ичегинин рак оорусунун алдын алат.

– Жатындагы сезгенүүнү, инфекцияны да пияздын жардамы менен дарыласа болот. Ал үчүн пиязды тампон

катары колдонуу керек.

– Косметологияда пияз чачты бекемдөөчү жана какачтан арылтуучу касиетке ээ. Анын ширеси беттеги безеткини

кетирип, терини тазалайт.

Кимдерге болбойт?

1. Ашказан жарасы барлар колдонгон болбойт.

2. Өтү ооругандар көп колдонсо зарна кылат, оозго ачуу зил келет.

3. Эгер пиязды аарчып туруп бир нече убакытка коюп койсо, ал айланасындагы бардык микробдорду өзүнө сиңирип

алат. Аны кийин колдонууга болбойт.

Кантип колдонуу керек?

– Майда тууралган пиязды жумшаргыча сүткө кайнатып, муздаган соң күндө үч маал 1 аш кашыктан ичүү жөтөлгө

жакшы жардам берет.

– 1 аш кашык эзилген пияз, 1 жумуртканын сарысы жана 1 чай кашык бал менен жасалган маска чач түшкөндө

пайдалуу.

– 2-3 даана пиязды майда туурап 1,5 литр кайнак сууга демдеп коёсуз. Эртеси ач карын 1 стакандан ичип турса,

ичегидеги мите курттарды жок кылат.

– Баш ооруп, шакый кармаган учурда пияздан ботко жасап чекеңизге бассаңыз, ооруну басаңдатат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE