Пример HTML-страницы

Баткенде диний агымдардын бирине берилген адамдардын тобу кармалды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунда оор кылмыштарга шектелген жарандар кармалды. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы 29-августта билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана Баткен ОИИБдин кызматкерлери менен биргеликте оор кылмыш фактылары боюнча козголгон кылмыш иштеринин негизинде ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургандарынан турган адамдардын тобу мыйзамга каршы иш-аракеттерди жасады деп шектелүүдө. Бул топтун бардык катышуучулары диний агымдардын бирине берилген. Алардын лидери, руханий насаатчысы «Абу Нур» деген лакап ат менен белгилүү Г.К аттуу жаран болуп саналат.

Алар жарандарга ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкен. Анын ичинде үйлөрдүн ичине кирип, бир нече миллион сом уурдашкан. Кармалгандар мындан башка дагы кылмыштар боюнча шектелип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бир күн мурда ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана Баткен ОИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүлөр жашаган 3 турак жайда тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул топ Кызыл-Кыя шаарында жашап, алардын экөө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турары аныкталган. Ошондой эле тыюу салынган заттарды, тагыраак айтканда курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүрүшү мүмкүн деген ыкчам маалымат түшкөн.

Соттун чечими менен бул кылмыштуу топтун мүчөсү болгон үч адамга карата бөгөт коюу чараларын камакка алуу түрү тандалды. Учурда тергөө ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE