Пример HTML-страницы

Периштенин көз жашы 10 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=43840&preview=true Кызыктуу окуялар.

Периштенин көз жашы 10 бөлүм 

 

 

– Айымкүл, бала урушат, кайра табышат, эмне болуп жатасың?- деди таене акырын гана. Бирок улуу небереси Кадыржанга да боору ачый тиктеп турду. Келин дагы күүлөнүп баштады эле, дарбазадан таятасы менен Айдар кирип калды. Келин кандай болсо да кайнатага үн ката албады. Көзүн ылдый түшүрүп, Кадыржандын колдорун бекем кармап туруп калды. Кечке маал тамак үстүндө отурганда таятасы Садырбек олуттуу кеп баштады.

– Кадыржан, сен туура эмес кылдың. Бул бир деп тур, экинчиден, Айдар биздин үй-бүлөдө бөлөк эмес. Сен бөлөксүнтпө. Керек болсо бул үйдөн сен кетишиң мүмкүн, атаң кетиши мүмкүн, атүгүл мен кетишим мүмкүн. Бирок Айдар калат! Муну баарыңар эсиңерге түйүп алгыла. Айдар, сенин дагы мындай жиндилигиңди экинчи көрбөйүн.

Баары үн катпай кабыл алышты. Айдар ушул окуядан кийин ачыла баштады. Катып калган каректери жылып, мурункудай күлгөндө күйүп кете турган көздөргө алмашты. Таенесине тамашалай сүйлөп, шайыр күлкүсү чыгып, өзүн эркин алып жүргөнгө өттү. Таятасы үчүн да кызы кайтып келгендей эле. Ар күнү небересинин жүзүн карап кызы үйүндө жүргөндөй бактылуу болчу. Адатта эркектер уул каалаганы менен, жүрөгүнүн тереңинде ар дайым кыздарын жакшы көрүшөт. Садырбек дагы үч уулдун ичиндеги жалгыз кызын жакшы көрчү. Айдарды эки эсе жакшы көрдү. Тез эле таякелери, жеңелери, балдар да ага тартылып, мурункудай коомай, өгөй мамиле жасабай чын дилден кабыл алып кетишти. Эгерде балдар үйүндө калганда, же таята-таенеси мээрим төгүп жан дүйнөсүнө киргенге аракет кылбаганда Айдар кандай бала болмок, ким билсин? Азыр болсо кимге болсо да жадырай караган, жакшы мамиле кылган, жайдары, боорукер, жароокер, эркин балага айланды. Айылда улуу-кичүү дебей “биздин Айдар”

дечү. Анын райондук, облустук сынактарда жетишкендиктерине өздөрү жетишкендей сүйүнүшчү. Анткени жүрөгүндөгү жылуулукту ар кимге чачып үйрөндү. Кайгысын жүрөгүнүн түпкүрүнө катып, кубанычын эл менен бөлүшкөндү билди Айдар. Жүрөгүндөгү коркунуч, жалгыздык, санаркоо жоголуп, ишенимдүү колдо тарбияланып жатканына ишене баштады. Бала үчүн ишеним кандай маанилүү. Өзүн бирөө аябай жакшы көрөрүн билүү ар бир баланы бактылуу кылат. Ал бактылуу болчу.

Жашоосундагы 10 жыл жоготуулардын жылы болсо, кийинки 8 жыл бактылуу жылдар болду. Арадан ошентип сегиз жыл өттү!

ххх

Эрнис түрмөдөн чыкты.Түрмөдөгү 10 жыл ичинде баары өзгөргөн экен. Бишкектин жолдорундагы чымын куюн болгон машиналардан баш адашат. Башка шаарды аралап жүрүп адашып кеткендей сезилди. Колундагы кагазга жазылган даректи карап коёт. Айтор, кыйналып жатып дарек боюнча издеп келди. Бул анын балалык кезиндеги досу эле. “Чыкканда менин үйүмө кел” деген эле бул даректи жазып жатып.

Босогодо турган Эрнисти көрүп кубанычтуу кыйкырып жиберди.

– Сенби? Келдиңби?

– Мен.

– Аа, баатырым десе,- кучактап бири-бирин далысынан таптап жатышкан экөөнү үй-бүлө мүчөлөрү таң кала карап калышты. Досу Кубан илгери эле жайланышып очор-бачар болуп калган. Аялын, балдарын чакырып бирден тааныштырып жиберди.

– Бул Эрнис аяш атаңар. Тээ төркү үйдө экөөбүздүн сүрөтүбүз турбайбы, ошол жигит ушу. Кана, кызым, алып келе калчы,- деди кызын жумшап.

– Окшобойт го сүрөттөгү жигитке,- деди аялы астейдил гана.

Чын эле сүрөттөгү көздөрү балбылдаган, керилген кара каштуу, сымбаттуу жигитке Эрнис таптакыр окшобой турду. Бубак баскан чачтуу, суусу какшып калган кудуктай нурсуз көздүү, жүзү ак шапак адам менен бул толуп-ташып турган жигиттин ортосунда эч окшоштук жоктой эле. Эрнис өзүнүн сүрөтүнө тиктеп турду.

“Ушу мен белем?” деген ой.

– Менде дагы толтура сүрөттөр бар, студент кездеги. Шашпай көрөбүз,- деди досу бапылдап. Чай ичилип, тамак желип бүткөндөн кийин эки дос сыртка чыгып узакка сүйлөшүп отурушту.

– Эми жашооңду кандай кылайын деген оюң бар?

– Билбейм, досум,- деди тунжураган Эрнис.

– Балдарымды издейм.

– Ой, издетпей эле табылат Айдарың. Бул жакта, борбордо да. Келгенине бир жыл болду.

– Койчу…

– Чын, аяш атам деп өзү издеп келиптир, азамат десе, сүйүнгөнүмдү сураба. Уулуң мыкты жигит болуптур. Сөзү орундуу, өз күчү менен мыкты деген жогорку окуу жайына өтүптүр. Чет тил адистиги менен эл аралык мамилелер дедиби… Айтор, ушундай бөлүмдө окуп жатыптыр. Мен аяшыңа айтып келсем “ал окуу жайына кантип өтүптүр? Бул жакта репетитор жалдап окуткан балдарыбыз өтпөй, алыскы Баткенден келип өтүп кетиптирби?” деп аябай таң калды. Мен ага “таң калба, Эрнис

деген келечектин генийи болчу, бул анын баласы да” дедим. Ээ, досум, уулуң сени жазбай тартыптыр. Жүзү, күлгөнү Асияга куюп койгондой окшош. Бирок акылы, жөндөмү так эле сен.

Түрмөдөн жаңы чыккан досун турмушка аралаштырыш үчүн ала чаап мактап жатты. Эрнис жүрөгү дүкүлдөп, чекеси тердеп кетти.

– Коё турчу, ал сени кайдан билет экен?

– Калыс ата борборго келгенде, мага алып келип тааныштырып кеткен. Ошондо эстеп калган тура. Өзүм да чочудум.

– Мени сурадыбы, мага эмнеге келген жок?- деди Эрнис алдастай.

– Сурабай коймок беле, дал сени сураш үчүн келиптир. Мен сага жиберген жокмун. Эрнис, жаш бала бара турган жай эмес, ошол атың өчкүр жерди көрбөй эле койсун дедим. Жакында чыгат атаң, өзүм ээрчитип келип сага жолуктурам десем муюп калды. Акылдуу жигит. Биринчи курсту бүткөнү жатат.

– Ким менен турат?

– Батирде. Ким экенин билбейм, Кадыржан деген бирөөнү айтты. Бөлөсүбү ушул сыяктуу. Таятасы төлөп турат экен.

“Экинчи курстан өзүм иштей баштайм” деген ал азаматың.

Эрнис алкымын бууп бараткан жашка араң ээ болуп турду.

– Досум, мени бир аз жалгыз ташта. Анан кирип жатайын,- деди ал үнү буулуп.

Ал үйгө кирип кеткенден кийин гана араң кармап турган көкүрөгү бошоп кеткендей сезилди. Көзүнүн жашын аарчып бир күлүп, бир ыйлап жатты. “Демек, чоңойду, жакшы жигит болду. Жогорку окуу жайында окуп жатат! Азаматым менин! Мени издептир. Мени көргүсү келиптир, демек, мага таарынычы жок тура. Кудайга шүгүр, жок дегенде ал өз жолун тааптыр. Жок дегенде бир балам жакшы турмуш кечириптир”. Көзүндөгү жаштар агып жатты. Досунун сөздөрүн кайра-кайра эстеп жатты. Бул кубанычтын көз жаштары эле.

ххх

– Айдар!

Кара тору, бою узун, балбылдаган көздөрү менен курсташ кыздарынын жүрөгүнө чок салган жигит болчу. Кылчайып өзүнө келе жаткан Диананы көрдү.

– Кандайсың, чогуу кетели дегем, жолубуз бир го,- деди ойноктогон кыз.

– Сен машинаң менен кетесиң го.

– Ала кетейин.

– Жок, бүгүн башка жерге бармакмын. Аяш атам чакырды.

– Эмнеге чакырыптыр?- деди кыз жини келе.

– Билбейм, кеңсеме келе кал деди.

– Менимче, шылтоо.

– Кайдагы шылтоо, чындап эле бүгүн колум бошобойт. Эмки жолу сөзсүз.

– Макул.

Айдар терең дем алды. Кыздар ага көңүл кош эместигин өспүрүм кезинен баштап билет. Кайсы бир кыз ага да кээде жагып калчу. Бирок алар ойлогондой, жактырып калуу эмес болчу. Мээсинде да, жүрөгүндө да бир гана максаты бар эле. Ал – карындашы Аруукени табуу. Эгерде башка бир кызга алаксып калса, жүрөгү кимдир бирөөгө байланса бул максаты экинчи планга жылып кетчүдөй коркунуч бар эле.

Ошентип Айдар эч нерседен капары жок аяш атасына бара жатты…

 

Бейкапар эле Айдар. Босогодон кирип келгенде ары карап турган эркектин карааны тааныш көрүндү. Жүрөгү солк эте түштү. “Атам!” деди ичинен. Аралыгы 5-6 метр жерде турат.

– Ата?

Эрнис кылчая калды да босогодо турган уулун көрдү. Эмне дээрин билбей туруп калды. Кылчайбай басып кетет деп да коркуп кетти. Экөө тең үн-сөзү жок туруп калышты. Биринчи Айдар кадам жасады. Атасын кучактай калды. Ата-бала үн сөзсүз кучакташып турушту, атасы ыйлап жиберди. Бир топ убакыттан кийин өздөрүнө келип ал-жай сураганга өтүштү.

“Балам” дегиси келди, бирок акысы жоктой кысынып, батына албай жатты.

– Окууга өткөнүңдү уктум.

– Ооба, буюрса, биринчи курсту бүттүм, ата. Жайкы сессияны аяктап туруп, анан жумуш издейм. Азыр Кадыржан экөөбүз батирде турабыз.

– Ал ким?

– Таякемдин уулу. Ата, сен кеткенден кийин…

– Билем, балам.

Экөөнүн тең атын атай албаган жарасы Арууке эле. Айдар атасын тиктеп турду. Ал өзгөрүптүр, көздөрүнүн нуру өчүп калыптыр. Жүзү чарчаңкы. Ичинде бир жалын бар эле атасынын, дал ошол нерсе көзүнөн көрүнүп турчу. Азыр жок. Аяп кетти. Кайра дагы бир кучактап алгысы келди. Бирок атасы андай нерселерди жакшы көрбөгөнүн эстеп кетип токтоп калды.

– Ата, жүрүңүз мени менен.

– Жок, Айдар, алгач айылга барайын. Калыс ата менен энеме куран окутайын. Үй-жайды бир карап эмне кылыш керек экенин байкап, анан келейин сенин жаныңа.

– Келесиңби?

Эрнис күлүп койду. Күлгөнү ыйлаганга окшош эле. Уулун бооруна кысып, кулак түбүнөн жыттады.

– Мен эми сен куусаң да кетпейм, балам.

ххх

Айыл ичи. Алыстан айыл көрүнгөндө эле Эрнис түшүп калды. Автобус айылдын чок ортосуна чейин алып бармак, ал жерден түшүп элге көрүнгүсү келбеди. Алгач эле көрүстөнгө барды. Энесинин коргону бир аз кыйшайып калыптыр. Жазуусунун да өңү өчүп бараткан экен. Бирок жазбай тааныды. Түрмөдө жатканда уул-кызын көрүү жана энесинин бейитинин башына барып куран окуу кыялы бар эле. Аны жашоого байлаган, түрмөнүн чыдагыс кыйноолоруна баш ийдирген ушул эле. Мына эми боз топурактын алдына келди. Куду энесин көргөндөй көкүрөгү бошоп эреркеп кетти.

– Келдим, апа, мен сага келдим,- деди үнүн бек чыгарып. Каргылданган үнүн баса албай кетти. Өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлагысы келди.

– Сени сагындым, апа. Мен сени аябай сагындым. Мен сага толтура нерселерди айтып берейин дегем, бирок кашайып азыр оюма эч нерсе келбей жатпайбы. Мен адам өлтүрдүм, апа. Мен өз кызымдын апасын өлтүрдүм. Жазамды өтөсөм жеңилдейм деген элем. Бирок бул жаза эч качан бүтпөгөн, жүрөгүңдү таш сымал басып, алкымыңды жип сымал бууган нерсе экен. Колдорум, жүрөгүм, жан дүйнөм булганды. Мен эми тазаргым келет. Сен мени кечир, апа, өзүмдү өзүм кечире албаган мени сен кечир. Сенин кечиришиңди тилеп дайым намаздарымда дуба кылдым.

Мен Асияны кетирген күнү жаңылыптырмын. Мен аны ата-энесинен ажыратып, аял кылып алгандан кийин акмакчылык кылып, көзүнө чөп салып, уруп-согуп жатып кетирдим. Көз жашын төгүп аргасыз кеткен. Ошол көз жаш менин түбүмө жетти, апа, аныкынан он миң эсе көп көз жаш төктүм. Аныкынан көп жоготууга учурадым. Эч ким болбой калдым, балдарым балдар үйүнө өткөрүлдү. Кызымдын дайыны жок. Аялдын көз жашын төктүрбө, анын ар бир тамчысын Кудай санап турат дегенге эми ишендим. Жашоомдо канча аялдын көз жашын төктүрдүм. Сенин да көз жашыңды төктүрдүм, апа.

Бейит башында көпкө отурду. Ыйлады, сырдашты. Кеч киргенде гана ордунан турду. Оюнда өзү өлтүрүп алган аялынын бейитине барайын деген. Бирок ага эрки жетпеди. Калыс атасынын бейитин издеп таба албады. Кечке маал үйүнө келди. Каралбай калыптыр. Эптеп эле төрт дубал тургандай. Кезинде айланасында бейчеки бирөө баспаган, кадырлуу адамдын үйү эле. Шуу үшкүрдү.

ххх

– Сен канча жолу келесиң, ай, бала, сага айттым го. Биз багууга берилген бала тууралуу маалыматты анонимдүү сактайбыз. Учурунда таштап кеткендер келип эле мээни эзип…- ажылдап кирди кадрлар бөлүмүндө иштеген аял.

– Мен директор менен сүйлөшөм.

– Ай, сен түшүнөсүңбү? Ал жылдары директор болгон аял кеткен. Андан кийин канчасы алмашты.

– Мен баары бир директор менен сүйлөшөт элем,- деди Айдар өжөрлөнө.

– Ал эс алууда.

– Эже, түшүнсөңүз. Мен ал кезде 10 жашта элем,- Айдар көп нерсе айтайын деди. Бирок анын жакшылык кылбасына көзү жетти. Чыгып кетти. Башка кандай жолдору бар? Документтер кайда сакталышы мүмкүн? Бул жерге ишке орношуп, документтерди карап чыгууга мүмкүнбү? Бир жиптин учу чыккандай сүйүнө түштү.

ххх

Таң атпай нечен жылдан бери түтүн чыкпаган үйдөн самоор кайнап жатканын көргөн Эрнистин коңшусу таң кала түштү. Чочулай карап басып келди.

– Эй, сен кимсиң?

– Акыбай аба, кандайсыз. Мен Эрнис.

– Кайсы Эрнис?

Тигил киши таң калып карап турду да, анан тааныды.

– Эй, Эрнисмин дебейсиңби, мурдуңду урайын. Мен сени тааныбай калыпмын. Ай, чачың кантет ак бубак болуп?..

Эрнис күлүп койду. Тигил киши жетине албай сүйүнүп үйүнө жетелеп кетти, анан бүтүндөй туугандары, айыл-апа курчап калды. “Мен баланчанын баласымын, түкүнчөмүн” деп жаткан балдарды карап туруп баарынын жүзүн сүйүп учурашып жатты. Туугандары унутпай минтип сүйүнүп тосуп жатканына ичи жылып турду.

– Калыс атамдын кызы кайда?- деди акырын.

– Калыс атанын үйү да бош турат. Кызы балдарын ээрчитип Орусияга кеткен. Күйөө баласынын аягы сай таппай коңшу айылдын биринде жүрөт,- деди коңшусу.

– Аны кой, сен эмне кыласың? Мына, тууган-уругуң турат, Кудайга шүгүр. Үйлөнөм десең үйүңдү оңдоп-түздөп алдына барып бергенге кудуретибиз жетет.

– Жок, байке, кайдан үйлөнөт элем? Мен уулумдун жанына барам. Ал борбордо студент. Мен айыл-апа менен учурашып, апама куран окутуп келейин деп келдим.

– Аа, мейлиң. Үйүңдү сатасыңбы?

– Жок, сатпайм.

– Кызыңдан кабар барбы? Айдарды тайлары алып кетти деп уккан элек?

Эрнистин чекеси тырыша түштү. Талуу жери кызы эле. Тунжурай түштү. Тигил анын абалын деле байкабады.

– Биздин уруубуз ынтымактуу, колдоп алганга күчүбүз жетет. Баарыбыз бул жерде турабыз,- деп күпүлдөй берди. “Эки баланы батыра албай, жалгыз жашашканда силер кайда элеңер?” деп эч ким сурабады. Эч кимдин акылына деле келбеди. Эрнис башын ийкегилей берди.

Үй-жайын актап, сырдап, короо-жайын тазалап бир жумача жүрдү да, шаарга жол тартты. Ага эми Айдардан башка жылуулук бере турган адам жок эле. Айдар жана Арууке! Жолду катар ойлогону кызы болду. Төрт жашында көргөн боюнча көргөн жок. Азыр 14 жашка чыгып калган экен.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE