Пример HTML-страницы

Эмне үчүн балдар жаман окушат?

https://kyrgyzcha.site/?p=36067&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЭМНЕ УЧУН БАЛДАР ЖАМАН ОКУШАТ?

 

Мектеп жашындагы балдардын ата-эне үчүн жараткан эң көйгөйлүү маселеси – сабакка болгон мамилеси. Айрыкча баланын улам жаман окуп калышынын жүйөөлүү себептери бар.

Ал боюнча ата-энелерди түйшөлткөн суроолорго жооптор төмөндө.

 

— Баланын сабакка болгон кызыгуусунун начарлашы мугалимден өзгөчө көз каранды. Мугалимдин баланы сабакка кызыктыра албаганынын натыйжасында бала мектепке достору менен ойноого ашыгып гана бара баштайт. Сабак учурунда оюндун планын түзүп, танаписти чыдамсыздык менен күтөт. Болбосо мугалимдин кызыксыз сабагынан тажаган бала мектепке баргысы келбегенин айтып, үйдө калууну сурана баштайт.

 

— Ал эми үй-бүлөдөгү ага карата көңүл кош мамиле, кайдыгерлик баланын окуу менен эмес, жан дүйнөсүндөгү боштукту балалык кыялы менен толтуруу менен убаралануусуна алып келет. Улуулардын мээримине муктаж болгон бала мугалимдин сабагына көңүл буруунун ордуна кыялдануу менен алек болот. Жалгыздыкты самап, өз ою менен өзү алек болуп, сабакка болгон кызыгуусун жоготот.

 

! Эки жагдайда тең баланын жакшы окуусуна, сабакка кызыгуусуна түрткү болчу адам – ата-эне. Баланын келечеги түптөлүп жаткан бул мектеп курагында анын жакшы адаттарга калыптануусуна ата-эне абдан кылдат мамиле кылуусу зарыл. Болбосо балага болгон туура эмес мамиле алар ойлогондон тескери натыйжага алып келет.

 

МУГАЛИМ МЕНЕН БАЛАНЫ ДУШМАН КЫЛБАҢЫЗ…

 

– Балаңыз мектеп босогосун аттагандан баштап мугалим менен жолугуша албасаңыз да, телефон менен кабарлашып балаңыздын билим деңгээли жөнүндө кабар алып туруңуз.

– Мугалимден балаңыздын кемчиликтерин угарыңыз менен баланын ички сезиминде эмнелер болуп жатканын сурабастан, ага дароо «жалкоо» деген тыянак чыгарбаңыз.

– «Сен жаман окуйсуң! Жалкоосуң!» деген сыяктуу сөздөрдү айтпаңыз. Бул болгону балаңыздын билимге болгон умтулуусун мурдагыдан да солгундатчу сөз.

– «Мугалимиң сени “жаман окуйт” деп айтып жатат» деген коркутуу сөзү менен балаңызды эжейине душман кылып аласыз. Андайда балаңыз ал мугалимге болгон ишеничин жоготуп, жек көрүп, ал турсун ошол эжейинин сабагына кош көңүл мамиле жасап калат.

 

САБАГЫНА ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨ ЖАМАН МАМИЛЕ КЫЛГАНЫҢЫЗ–БАЛАҢЫЗДЫ ӨЗҮНӨ ИШЕНБЕСТИККЕ ТАРБИЯЛАГАНЫҢЫЗ

 

– Үй тапшырмасына жардам берип жатканда анын билбей калганына, жай ойлонуусуна кыжырданбай сабырдуу болуңуз. Ага мүмкүнчүлүк бериңиз.

– Катуу тилдеп, кол көтөрүп «балага боло берет» дегендей мамиле жасабаңыз. Мындай мамиле баланын аң сезимине жараат алып келип, “жаман окуганым үчүн мени баары жаман көрүшөт” деген ойго түртөт.

– Өзүнө болгон ишенимин жоготуп, кийинки сабак даярдоодо «дагы урушпаса экен» деген санааркоого дуушар болот.

– Мындай абалдарда бала сабакты кунт коюп окуунун ордуна аң сезиминде «мен тапшырма аткара албайм» деген ой пайда болуп, бара-бара өзүнө болгон ишеними жоголот.

– Мектептен балдарга аралаша албай корунуп, көп сүйлөбөй, ызакор болуп калат.

– Өзүн эч кимге керексиз сезүү менен бирге сабакка болгон мамилеси начарлайт.

– Келечек үчүн эмес, «уруш жебесем болду» деген түшүнүк менен сабак окуп калат.

 

БАЛА ЖАКШЫ ОКУУСУ ҮЧҮН:

 

– Дайыма тапшырмаларды, мугалими айткан эскертүүлөрдү жазып алуусу үчүн өзү жактырган кооз дептерче жана калемсап алып бериңиз. Натыйжада балаңыз кооз дептерчеге жазууга болгон кызыгуусу менен тапшырмаларды, эскертүүлөрдү унутпай жазып, аларды аткарууга аракет кылат.

– Атайын бир саатты белгилеп алып, ар дайым ал убакыттан кечикпей балаңыздын тапшырма аткаруусуна жардам бериңиз. Бул учур ар убак бала үчүн кызыктуу мисалдарга бай болушу жана ата-эненин көңүлү көтөрүңкү

болуусу керек. Себеби үйдөгү тынчтык баланын жакшы окушуна чоң таасир берет.

– Тапшырма аткара турган бөлмөнү телевизор, телефон, компьютер сыяктуу буюмдардан бошотуңуз. Баланын сабак окуусуна тоскоол болуучу ага эң керексиз буюмдар ушулар.

– Ар дайым балаңызды туура тамактандырып, убагында уктатыңыз. Булар балаңыз сабакка кирген күндөн баштап адат болуп калыптанып калуусу кажет.

– Эртеңки күнгө эч бир тапшырма калтырбоого көндүрүңүз. Себеби мектепке барчу убакыттын алдындагы шашылыш даярдык баланын маанайын бузуп, сабакка болгон кызыгуусун жоготот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE