Пример HTML-страницы

АБИЙИР ЖАЗАСЫ.

https://kyrgyzcha.site/?p=38187&preview=true Кызыктуу окуялар.

АБИЙИР ЖАЗАСЫ 

 

Соттун өкүмүн уккан залдагылар бир толкуп алышты. Солкулдаган жигиттин жаштыгын аяштыбы же бышактап, улам эсинен танып кетип жаткан апасына боору ачыштыбы, айтор, эл күү-гүү боло түшүп тынчыды.Ал эми темир тордун артында турган жигит көзү менен бир гана адамды издей берди. Акыры тапты. Аны көпкө чейин телмире тиктеди да, терс бурулду.Кыз үнсүз ыйлап турган эле. Жигиттин көз алдынан өткөн өмүрү чууруп жатты.

 

АЛГАЧКЫ ТОСКООЛДУК

 

Эртең менен уйкудан ойгонгон Мырза саатты карап алып, ордунан ыргып турду. Апасы даярдап кеткен тамакты шашып-бушуп ичип, калтырган акчаны чөнтөгүнө салып, сабагына жөнөп калды. Университетке жетейин деп калганда артынан кыйкырган үнгө кылчая калып жоон топ балдардын коштоосунда келе жаткан Бекти көрдү. Аны көрүп чекесин тырыштырып алды. Анткени, бул экөөнүн башынан жылдызы келишчү эмес. Атасы белгилүү фирманы жетектегендиктен, Бектин жан-жөкөрлөрү анын айтканын айткандай аткарышчу. Окуду деген эле аты болбосо, күнү кечке «разборкада» ушинтип жан-жөкөрлөрүн ээрчитип жүрүү мунун адаты. Анын буйругуна моюн толгоп, көрсөткөн жагына баспаган жалгыз гана Мырза эле.

– Кайда шашып баратасың?

– Лекцияга…

– Сабак качпайт. А көрө бери келсең, сүйлөшөлү…

Киркирей сүйлөгөн Бек ийинден алмай болду эле, Мырза жулкунуп чыгып кетти.

– Мен сени менен сүйлөшкүм келбейт. Деги эле менден алыс жүрсөң,- деп Мырза жөнөй берди.

Бирок, аны Бек колдон ала токтотту.

– Токто!

– Тарт колуңду!..

Ызырына калып тике караган Мырзанын үрөйүнөн чочуладыбы, коё берди. Колун силкип алып, Мырза университетке кирип кетти.

Экөөнүн ортосундагы келишпестиктин тамыры тереңде эле. Өздөрү менен курсташ сулуу Мунира менен Мырзанын мамилеси бардыгына дайын болсо да кийинки кездерде Бек жабышып калды. Мунира менен Мырза тээ мектептеги кездеринен бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал эми Бек көзү түшкөн кызды коё берчү эмес. Бири атасынын байлыгына чиренсе, экинчиси өз күчүнө, акылына таянып бири-биринен жол талашып жүргөнүнө көп болду.

Айлана жымжырт. Мырзанын ийнине башын жөлөп отурган Мунира суроо узатты:

– Эмнени ойлонуп жатасың?

– Окуумду бүтүп, аспирантурага тапшырсамбы деп жүрөм. Анан апамды, сени, карындашымды кор кылбай багып…

Мунира колун тартып алды да, тиктеп калды.

– Дагы окуйсуңбу?

– Ооба, окушум керек.

Маанайы түшкөн Мунира ойлуу отуруп калды. Кулагына апасынын үнү жаңырды. «Сен ошол бир бөлмөлүү үйгө келин болуп барсаң, жыргайт экенсиң. Китепканачы кайненең, кедей күйөөң болуп… Сенин сулуулугуң менен жок эле дегенде…» «Ооба, Мырза канчалык кыйын болсо да Бектей болуп мен каалаган байлыкты, жасалгалуу үйдү, алдыма машинаны даяр кыла албайт эмеспи. Демек, мунун жолу башка… Эмитен кеч боло электе…»

Ушинтип ойлогон кыз Мырзаны көпкө карап турду да, үстүнө жамынган костюмун чечип колуна карматты.

– Мунира, сен кайда?

Ал үн катпастан узап, карааны караңгылыкка сиңип кетти.

 

КАРГАШАЛУУ ТУУЛГАН КҮН

 

Ушул окуядан кийин Мунира Мырзадан алыстай берди. Мунун себеби Бектин кымбат баалуу белектери эле. Менменсинген сулууну азгырган байлык экенин көңүлүнүн түпкүрүндө сезсе да Мырза үмүт үзө алган жок.

– Апа…

Кылчая калган апасы уулунун кабагы бүркөө экенин байкады. «Бою да өсүп, жигит болуп калды. Карасаң, көр оокат менен алышып жүрүп уулумдун бойго жеткенин да байкабапмын» деп апа оор үшкүрүп алды.

– Эмне болду?

– Эртең Муниранын туулган күнү. Ага белек…

Апасы уулунун башынан эркелете сылап коюп ордунан турду да, капчыгын оодара кетти.

– Мына.

Мырза «бул жетпейт да» деп айтайын деп баратып апасынын чарчаңкы жүзүн көрүп, акчаны алып өз бөлмөсүнө кетти.

 

 

Кафенин ичи күү-гүү. Бийлеп, ырдаган жаштардын арасында өзгөчө жасанган Мунира жадырай күлүп, өзүн кеченин ханышасы сезип жатты. Бир кезде «көңүл бургула, азыр силер күтпөгөн шоу болот. Кана, баарыңар эшикке чыккыла» чепилдеген Кубат аттуу жигиттин үнү угулду.

Мына сага, кафенин алдында жалтыраган машинанын жанында Бек турган экен. Кекирейе жылмайган ал Мунирага жакын келди да, колундагы ачкычты сунду.

– Туулган күнүң менен!

– Койчу?! Бул магабы?

Мунира Бектин мойнуна асыла калды. Ушул учурда топтун арасында өзүн өрттөнө карап турган жигиттин бар экенин сезе бербеди. Калтырай колундагы жупуну белегин мыжый кармаган Мырза Мунираны телмире тиктеп туруп терс бурулду.

– Мырза!

Артынан кыйкырган досторунун үнүн да уккан жок. Тез эле караңгылыктын кучагына сиңип кетти. Башы оогон жакка чуркап бара жаткан жигиттин көз жашы көкүрөгүнө таамп бара жатты. Бул анын өмүрүндөгү биринчи жана акыркы көз жаш эле.

 

БУРУЛУШ

 

– Кана, жашоодо эмне жаңылык?

– Тиги «Кенттин» жигиттери моюн толгоп жатышат. «Мындан ары силерге «отметка» бербейбиз» дешти. Калганы тынч.

– Өзүң жайгарасыңбы?

– Мейли.

Кыска сүйлөп суз жооп берген Мырза артына бурулду. Тиги киши Мырзанын артынан ойлуу карап калды. Мындан бир жыл мурун тобуна келип кошулган эле. Тез эле көзгө илинип, ишенимдүү жигитине айланды. Бирок, жигит бул чөйрөгө адашып келип калгандай таасир калтыраар эле. Бул чөйрөдөн дили, жандүйнөсү алыс экени сезилип турчу. Бул кыраакы шефтин көз жаздымынан калган жок.

Ооба, ошол каргашалуу туулган күндөн кийин Мырзанын жашоосу түп тамырынан бери өзгөрдү. Апасынын ыйлаганына карабай окуусун таштап салды. «Бардыгы булганыч. Менин тазалыгым эч кимге керек эмес. Бул жашоодо байлык, күч гана жеңет» дейт анын ызалуу көкүрөгү.

Алгач чакан офиске күзөтчү болуп орношкон. Бою узун, карылуу жигитти көргөндө эле жактырышкан. Ошол жерден «Гранат» деп аталган криминалдык топтун жигиттери менен таанышып калды.

– Дос, көрүп турам, сага акча керек. Ал эми бизге сендей ишенимдүү жигиттер керек. Биз менен иштешкенге даярсыңбы?

Мырза үнсүз гана башын ийкеди.

– Демек, даярсың. Мындан ары ушул жигиттер менен болосуң.

Кыска буйрук берилди. Ушул буйрук тагдырынын өкүмү болуп калаарын сезген жок. Ал үчүн бутуна туруп, менменсинген сулуусунун көзүнө көрүнүү гана жашоосунун башкы максаты болуп калган эле.

Кримчөйрө аталган сормо сазга күндөн-күнгө батып бара жатты. Алардын темирдей бекем мыйзамын, карышкырдай жулунган жашоо образын, керек жерден өлүмгө башты байлап койгон кашкөйлүгүн үйрөндү. Боору катып, карышкырга айланып бара жатканын сезсе да, кайра кайтууга кеч эле.

 

КАН ТӨГҮҮ

 

– Бул эмне деген жашоо? Өз ак эмгеги менен тапкан дүйнөмө эмне үчүн акча төлөшүм керек? Өткөн айда эле…- деп чырылдап жаткан фирманын жетекчисин күржүйгөн жигит жакадан кармай силкип жиберди.

– Эй, байкуш болбочу. Билебиз сенин акчаларыңдын кайда катылып жатканын. Эгерде сураганыбызды бербесең, бардыгынан айрылып каласың. Андан көрөкчө…

Тигинин безилдеп жатканын уккусу келбеген Мырза машинасынын радиосун бурап кирди.

– Эй, катындай чырылдайт. Шашпа, эл кетсин…

Эшикти ачып кирип келген күржүйгөн жигит ушинтип жиндеп жатты.

Ошол күнү кечинде эле фирманын жетекчисин офисинен чыгып үйүнө бара жаткан жеринен дегдеңдете жетелеп жөнөштү. Бир сааттан кийин тирүү-өлүүсү билинбеген, шалактаган дене Мырзанын бут алдында жатты.

– Сүйлөйбү?

– Сүйлөгөндү айтасың да. Наркы дүйнөнүн чегинде турат,- күңк эткен күржүгүй артына бурулду.

Мырзанын жүрөгү «болк» дей түштү. Тизелей калып тиги кишиге көз жүгүрттү. Негедир тааныш сезилди. Бир жерден көргөн сыяктуу.

– Сиз кимсиз?- Мырза киркиреген үнү менен суроо узатты.

– …

Мойну шылк эте берген адамдын денеси муздап калган экен. Тула бою дүркүрөй түштү. Бул Бектин атасы эле. Мурун көрүп жүргөндүктөн, дароо тааныды. Ошол замат балалык баёо күндөрү, Муниранын элеси көз алдына тартыла калды. «Айбандар… » Бул сөз кимге арналганын аңдай алган жок. Тиги мыкаачыларгабы же буйрук берген өзүнөбү?

Жандүйнөсү ала салып кетти.

– Мырза, муну эмне кылалы?

Үн катпай ордунан турган Мырза кайдыгер колун шилтеп баса берди. Эч ким даап алдынан тосо албады.

 

ЖОЛУГУУ

 

«Мындан ары чыдай албайм. Кетишим керек. Бирок, кайда? Башка шаарга жер которуп кетсем, кутула алаттырмын? » Көптөн бери Мырзанын көкүрөгүн ушул суроо кемирип келет. Мунираны бир көрүп, анан кете берсе арманы жок эле. «Жолуга алсам, анан баары бүтөт.»

Акыры тапты. Жолугууга убадалашкан жерге бир саат мурун барып алган экен. Тээ көптөн кийин гана тааныш караан көрүндү. Жай басып келе жаткан Мунираны алдынан утурлай чыкты.

– Кандайсың? Мен сени келбейт го дедим эле.

– А мен келдим,- деди Мунира көзүнө тике карап.

Жүдөп калган экен. Баягы керилген келбеттүү кыз жок. Көпкө чейин басып кете беришти.

– Үйлөндүңбү?

– Жок, кыз издегенге убактым болбоду? Өзүң кандай?

– …

– Бек менен бир жылдай гана чогуу жашадык. Анан жаман адатын баштады. Ичип, уруп, көрбөгөн кордукту көргөзгөнүнөн апамдын үйүнө кете бергем. Ошол боюнча… Мырза, мени кечир, мен баарына күнөөлүүмүн. Сенин да, өзүмдүн да тагдырымды талкаладым. Мен сени гана сүйчү экем.

– Байлык керек беле сага?

Мунира шылкыя түштү.

– Бул эмне, табалаганыңбы?

– Жок, сени эмнеге табалайын? Билесиңби, сени унута албадым, Мунира, унутуу үчүн канча гана аракет кылбадым. Көксөм сууйбу деп эмнени гана кылган жокмун. Зөөкүрлүк кылдым. Колум канга булганды. Сен каалагандай акчалуу да болдум. Бирок, кептин бардыгы байлыкта эмес экен. Жүрөгүм ооруп жүрөт, Мунира. Өз жолуман адашып калгандаймын.

– Кечир мени…

Шуу үшкүргөн Мырза чакан спорт сумкасынын оозун сыдыра берди. Долларлар… көргөн көзүнө ишенбей турган Мунирага карап салмактуу сүйлөдү:

– Эми жакшылап ук. Бул акчалар менен бутуңа туруп, жакшы жашап кете аласың. Мен болсо алыс жакка кетип жатам. Кайра кайрылып келе аламбы, билбейм. Анткени, артымдан милиция да, башка адамдар да…

Ушул учурда Мырзанын кыраакы көзү өзүнө карай келе жаткан милиция кызматкерлерин көрдү. Кимдир бирөө изине салып койгонун сезди. Эми качса да кутула албай калганын туйду. Мунирага шаша ээк какты:

– Кет эми.

– Сенчи?

– Убакыт тар, кет деп жатам.

Артынан келген милиция кызматкерлери дабырап келип калышты. Мырзанын колдору кишенделди. Мырза бир кезде артына кылчая берди. Бирок, Муниранын караанын көрө алган жок.

 

ххх

 

Темир тордун артында турган Мырзанын көз алдына ушулар чууруп өттү. Анын кулагына соттун өкүмү, өзүнүн эмнеге күнөөлөнүп жатканы да угулган жок. Ойлоп көрсө аз убакыттын ичинде көп нерселерди кылган экен. Эми жазасын алуусу керек. Бирок…

«25 жыл… Эмне деген шумдук? Качан келет? Күтүүгө дарманым жетеби? Жок, бул жолу Мырза эмес, мен жазаландым. Абийирим, ак сүйүүм жазалады.» Ушинтип ойлогон Мунира дирилдеп турду.

Анан конвойлордун жетегинде кетип бара жаткан Мырзага боюн таштап буркурап жиберди.

– Мырза, сени гана сүйгөм. Эми… канча убакыт болсо да мен сени күтөм…- деди жаш аралаш шыбырай.

Кылчая калган Мырза күлүмсүрөп жиберди. Көптөн бери чын дилинен күлгөнү ушул. Акыркы мүнөттө гана ушул сөздү өмүр бою күткөнүн сезди.

Аягы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE