Пример HTML-страницы

ЖЕТИМДЕР 15 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=7259&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЖЕТИМДЕР

15 — БӨЛҮМ

* * *

Толкун каникулда Абасты узаткандан кийин, үйүндө аз эле туруп кайра тартты. Анткени, институт студенттерди башка жерге,
башка колхозго жардамга жиберип жаткан болучу.
Ооба, Абас согушка биринчилерден болуп кетти. Байкуш кыз бардык күч-кубатын көз жашына чыгарды. Мурда айтпай жүргөн
сырын, бербей жүргөн убадасын ошондо, Абас узап жатканда айтпадыбы. Демейдеги тарткынчак, уяң мүнөздөр отко салган болоттой чыңалып, коргошундай эриди. Туңгуч махаббаттар чың толгонгон комуздун кылына окшоп көөдөндөрдө муңдуу күү чыгарып тарсылдап сокту. Эл туят, ата-эне билет деп жазгактоочу эки жаштын көзүнө ”
эми эч ким көрүнбөдү. Акыркы жолу кол кысышып коштошкон мүнөттөр, бири-бирине тиктеше калган жаштуу көздөр «Сен мени күт,
мен сени күтөм» деп арбашты. Толкунду Абас кучагына алды. Пароходдун акыркы гудогу жүрөк кандарын үркүтүп, дене-бойду калтыратты. Қыздын ысык кучагынан бөлүнө түшкөн Абас артын кылчаңдай карап, пароходду көздөй жүгүрдү. Кеме бир заматта Жээктен алыстай баштады. «А-ба-а-с! А-ба-а-с!» деп кыйкырган кыздын үнү кайра-кайра жаңырып, жигиттин артынан ээрчий түшүп, теребел солкулдап, аба жаңырды. Абас ак жибек бет аарчысын желпип, каютада сeлeйип турду. Жигиттин сыздаган жүрөгү тигил көлдүн жээгинде, Толкундун колунда калды. Ал эми кыздын жүрөгү Абасты издеп, Абасты чакырып пароходдун артында ак чардактай кош канатын сабап кошо учуп баратты. Толкун Абас менен ушинтип коштошкон, ушинтип бөлүнгөн. Ал аны эч качан унутпайт, өмүр бою күтөт.

Эртеден кечке эркек балдар кызылча казуу менен алек болсо, кыздар аны уламкысын улам чогултуп, сабагынан ажыратышат.
Айтор, эч кимисинде тыным жок. Эмгек менен алп урушуп жүрүп, күндүн кандай өткөнү да билинбейт.
Башкаларга караганда Толкун санаачыл экен. Қажы-кужуну анчалык каалабайт, көп сүйлөгөндү жактырбайт. Ал Абасты өзүнчө
ойлоп, өзүнчө кыялданып жүрүүнү не бир кымбат нерселерден жогору баалайт. «Менин Абасым, менин алтыным, мен сени кандай сагынып жүргөнүмдү билесиңби? Алты саның аман, тирүү келер бекенсиң?!» деп күңгүрөнөт. Абасты кошуп ырдаган болот. Ага арнап өзүнчө ыр чыгарат. Анан анын кыялы бир заматта согуш талаасынан, Абасынын жанынан, заңкылдап учуп олтуруп Жол-Арыкка, өзүнүн өсүп-өнүп бойго жеткен бир тууган айлына келип токтойт.
Бир кезде ошол жерден өз көзү менен көргөн эмгек талаасын, өз үйүн, өз мектебин, Абасын көз алдына элестетет. Энеси Зайраканга
азык жеткирүүнү шылтоолоп, жумуш жасап жаткандардын үстүнө барууну сонун көрүүчү. Ошондогу ышкыбоз уландар менен кыз-ке-
линдер, Толкундун көзүнө кудум эле биринен-бири өтүп клубдук сахнага чыгып жаткан чыгармачыл чоң коллективге окшоп көрүнүүчү.
Жүрөктү толкутуп, делебени козгогон ошол күлкүлөр, ошол ырлар, ошол обондор Толкундун кулагына бекем сиңип калгандай, кайра баштан угулуп, алардын ар биринин элеси көз алдынан тартылып өтө берет. Жазыгы жок жаш жүрөк ошентип өмүрүндө бир келип кеткен ажайып күндөрүн кумарлана ойлоп олтуруп өзүн башка дүйнөгө
келгендей сезет. Эненин сүйкүмдүү, мээрбан элесичи?! Ана, Зайракан кубанычы койнуна батпай, дүнүйөсү түгөл болуп албырып олтурган кызын элжирей тиктейт. «Қана, кызгалдагым, эми сен бирдеме деп
шыгыр айтып жибер» дейт ал. Толкун энесинин сөзүн эки кылуучу уяң кыздардан эмес. «Забойщикти», «Кызыл атчандарды» «Қызыл
жоолукчанды» таза шаанисине келтирип тартынбай ырдап берет.
Анын сыбызгыдай ичке, балалык назик үнүнө башкалардыкы кошулуп, айлананы магдыратып, ачык асманды көздөй канат күүлөп, күмүш кирпик күндү толкутуп фонтандай атылат.
Ооба, анда эч кимдин кулагы да, көңүлү да, өзү да ырдап ырга, күлүп күлкүгө тойбогон укмуштай бир доор белем. Анан калса ошол
согуштун алдында өсүп, бойго жеткен жигиттер менен кыздардын сонуну ай. Же алар чындыгында эле сүйүү менен күлкүдөн ширелишип, эмгек менен бакыттан баар таап, жазгы көктөмдө гүлдөгөн жоогазындын гүлүндөй дүркүрөп текши ачылган бир учур белем.- Қыз эки алаканынын оту менен бетин басып токтой калат.— Кайда ошол гүлдөр, кайда ошол жигиттер?! Согуш башталгандан берки аз эле күндүн ичинде эмне деген эр азаматтар жок болуп кетти!..
Кыз көз жашына нымдашкан алаканын жалбыракка сүртөт.
«Согушка жөнөп жатабыз, токтолгон жерде кат жазам» деген бойдон Абастан кат келе элек. Бирок, кыз Абасты башка үчүн эмес, өзү үчүн
өлбөй тирүү келүүчүдөй сезет. Ал Толкун үчүн жашап, Толкун үчүн от аралап, кан кечип, ажалга моюн бербей, бакыт үчүн салгылашып
жүрсө керек. Кыз ушинтип ойлойт.

* * *

Зайнидин кырктардын кырына барып калган, кара торусунан келген сулуучумак жигит эле. Ал бир жагына кыңырайып басуучу.
Кедей жаштарынын тобуна кошулуп, байларды тап катары жоюуга катышкандыгы үчүн өз жазасын душмандан ушинтип алган. Алар
бир жак кабыргасын талкалап кетишкен. Ошондон кийин эки кабыргасын алдырып салып жаны тынган. Кебете-кешпирине, өңү-түсүнө караганда жаш жигиттей көрүнүүчү. Анын эмгекке бышкан темирдей чың денесин, али бырыштан кабарсыз чырымталдуу жүзүн көргөн киши отуз-отуз бештерден ашыкты берүүчү эмес. Ал адамга жакшылыктан башканы ойлобогон, боорукер, анча-мынча ишке оңойлук менен жеңиле бербеген токтоо, оюбаган калың жигит эле.
Согуштун экинчи жылында аны зав. Облоно кылып дайындашты. Эмгекти ичкен ашындай жогору баалаган, иш десе эт-бетинен
кеткен Зайнидиндин мойнуна дагы бир залкар жумуш жүктөлдү.
Азыр ал көл айланасындагы эл агартуу ишинен тышкары бир районду бүтүндөй шефке алган уполномочен.
Бүгүн Султанбек устаканадан кабагы бүркөө, маанайы пас келди. Ал үй-бүлөсүнө күтүлбөгөн суук, жаман кабар угузду. «Зайнидин
бир жумадан бери эч жерден табылбай жатыптыр. Не өлүүсүн, не тирүүсүн билген киши жок деп айылда дүрбөлөң түшүп жатат»,— деп, мурутун чыйратып, кабагын карыш салып олтурган Султанбекке Толкун менен Зайракан сөнө тиктешти. Зайнидин өткөн дем алышта Толкунга келип учурашып кеткен. Эгин тегүү кампаниясына карата жүргөнүн айтып, чайга күтпөй аттанган.
Атанын уккан сөзүнө караганда, түн жарымы ченде эгин тарткан арабакечтер жолдон көргөн имиш. Зайнидин аларга Сары-Камыштын оюнан кезигиптир. Ал атчан, шаарды көздөй кетип бараткан болучу деп айтышыптыр. Султанбектин үй-бүлөсү Зайнидиндин жок
болушун Саматтан да шек кылышты. Бирок, көз менен көрбөгөндөп кийин, кулак менен уккан этер имиш сөздү чындыкка чыгаруу кыйын эле. Бирме бир жигитке бой бербөөчү Зайнидин кантип эле Саматтан өлүп кетсин. Балким ал өз жумуштары менен башка жакта жүргөндүр. Ылайым ошондой болуп аман-эсен келип калар күнү кайда.
Жамандык жерге жатмак беле. Зайнидиндин жоголушу бардык жерге чуу түшүрдү. Жеке гана райондун тергөө органдары эмес,
областтык, шаардык милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жер-жерлерди кыдырып, Зайнидиндин артынан изилдөө салып жүрүштү.
Жол-Арыкка келип Саматтын таякелеринен баштап, Султанбектердин үй-бүлөсүнө чейин түшүнүк кат жаздырды. Бирок, бул аракеттерден эчтеке чыккан жок. Зайнидин бул жерге убактылуу келип кеткен келгин куштан бетер өлүү-тирүүсү — билинбей, ың-жыңсыз жок
болду. Уламдан-улам иш аяксыгандан аяксып, жоголгон кишинин изи сууп баратты.

* * *

Айылдан келген каттар жалпы жонунан бир түрдүү жазылат.
Жердештери кимдерди аскерге узатышканын, канча кара кагаз келип, кайсы кишиле угузганын, баласынан ажыраган ата-эненин кайгы-касыретин, жесир калган аялдардын муң-зарын, жетим калган балдардын түгөнбөгөн көз жашын, анан дагы-дагы толуп жаткан эмгектеги оор түйшүк, орчундуу иштер жөнүндө жазышат. Толкун окууга
келгенден бери жүрөк эргитип, көңүл көтөрө турган бир дагы кат ала элек. Дагы бир келген каттан Зайнидиндин ошол бойдон дайынсыз
жоголгонун билди…
Институтта окуу менен практика тең жүрүп жаткан кез. Студенттер Фрунзеге жакын бир колхоздо практикада жүрүп кечээ келишкен. Бүгүн алардын группасы лабораториялык кабинетте иштешмек.
Жогорку окуу жайына келгенден бери эрте туруп, кеч жатып көнгөн эмгекчил, сарамжалдуу Толкун үрүл-бүрүлдөн туруп кирдеген кийимдерин жууп жайган. Ал мончодон келгенде курдаштары толук туруп бүтө элек болучу. Коңур кургак кылып майга куурулган карындагы, талкандан эки чоң кашыкты кружкасына салып кайнак суудан куюп, туз татытып ичти да, малдардын оорусунун анализин чыгаруучу лабораториялык кабинетке кетти. Бул Толкундун лабораториялык ишке кадам шилтеген биринчи күнү болчу.
Қабинетте жандуу кыймыл өкүм сүрөт. Үстүлөрүнө ак халат, баштарына кагаздай аппак калпакчалар кийген лаборанткалар,
практиканттар менен мугалимдер.
Қичинекей сүйрүсүнөн келген төрт бурчтуу айнекке кийгизилген уйдун канын карап жаткан лаборантка колундагы лупаны катарында олтурган Толкунга сунду.
– Кара муну.
Кыз бир көзүн жуумп, бир көзү менен лупаны кадала тиктеди.
— Ой то-бо-о, палочкалар кадимкидей кыймылдап жүрөт. Қара буларды, жайма-жай жылып баратышат.
— Сен бурцеллёз менен ооруган уйдун канындагы палочкаларды көрдүң. Эми ага кайсы дары кандай таасир берерин байкап тургун.
Оору мал менен адамда бирдей өнүгөт. Туура берилген дарылар адамдар сыяктуу эле малга да укмуштай таасир берет. Демек кандай
гана болбосун, малды дарылоодон мурда анын оорусун алдын ала табыш керек. Андан кийин дарылоону ошого жараша жүргүзүү талапка ылайык болот. Мен сага кайсы суюктуктун, башкача айтканда, кайсы дарынын кайсы ооруга кандай таасир берерин практикалап
көрсөтөйүн. — Лаборантка жанындагы чоң бутылкага куюлган боорунда латынча жазуусу бар тунук суюктуктун оозун ача баштады.
Аңгыча болбой ары жактан эшикти жарым ачып: «Султанбекова ким? Чакырып коюңузчу?» деп кимдир бирөө баш бакты.
Толкун орто жашап калган ак жуумал, орто бойлуу бей тааныш аялга бүткөн бою менен бурулду.
Султанбекова менмин. Қандай жумушуңуз бар эле?
— Кол коюп берип мына буп повестканы алыңыз.
Қыз таңдана түштү. Столдон туруп баратып сурады: — Повестка дейсизби? — Ал ийинин куушура берип, эшик алдында өзүн күтүп
турган аялды көздөй ылдамдай басып жөнөдү. — Бул , кагаз кайдан,
апа?
Республикалык прокуратурадан!
Прокуратурадан?! — Таңдана түштү.— Қызык. Прокуратурага чакырылгандай менин эмне күнөөм бар экен?
— Сенин оюнча жалгыз эле күнөөлүү кишилер чакырылат деп турасыңбы, кызым. Ар кандай иштер боюнча чакырууга мүмкүн. Повестка алып келген аял Толкундан көзүн албай кадала тиктеди. Ал кандайдыр тааныш кишисин көргөндөй күдүктөнүп турду. Эмне үчүндүр кыздын жүзү жылуу да, тааныш да учурайт.
— Кол коюш керек дедиңизби?
Ооба, мына бул жерге. — Китепченин ичиндеги Султанбекова деген фамилиянын тушун сөөмөйү менен чукул көрсөттү.
— Бул өз фамилияңызбы, айланайын?
Кол коюуга камынып, жаңыдан үңүлүп бараткан Толкун башын ылдам көтөрдү.
— Өзүмдүкүнөн башка дагы кандай фамилиям болууга мүмкүн?
Бир чети таңдана, бир чети чочулай сурады.
— Кечир кызым, жайынча эле сурай калдым. Сен биздин прокурорго өтө эле окшош экенсиң. Оо, ал абдан матур жигит. Балким…
Толкун аялдын сөзүн жактырбагандай кыртыштай түштү.
Қооңузчу, апажан, жер жүзүндө окшош кишилер менен окшош фамилиялар азбы?
— Қитепченин бетин жаап ээсине берди. Ал машинкага басылган кагаздын бүктөөсүн ачып, окуп бараткан калыбында артына кылчайды.
Аял баягы турган жеринде кыймылсыз дагы эле Толкунду ээрчий тиктеп турган болучу.
— Кош, кызым.
— Қайыр, саламатта болуңуз.
Прокуратурага чакыруудан да алиги аялдын көз карашы Толкунга кооптуу болду. Кыздын оюна коркунучтун үстүнө коркунуч келе баштады. Кайсыл жагынан күнөөлүү болуп калдым экен деп, өзү жөнүндө ойлоно берип
эч нерсе таппады. Акыры анын шектенүүсү
Саматка, анан Зайнидинге келип токтоду…
Қыз эртеси саат онго жакын республикалык прокуратура орношкон мекемеге барып кирди. Бир эшикте «юридикалык тергөөчү», экинчисинде «прокурордун жардамчысы», «тергөө бөлүмүнүн башчысы»
деген вывескалар илинип турат. Анын бет маңдайындагы «граждандык иштер боюнча прокурор» деген жазуудан өтүп, аябаган чоң-чоң тамгалар менен бадырайта жазылган прокурор деген вывескага көзү
кадалды .Қыздын жүрөгү опколжуй баштады. Бир заматта эки бети кулагына чейин оттой жанып чыкты. Алакандары менен ысыган бетин басып-басып койду. Анын көзүнө бул жер коркунучтуу, суук болуп көрүндү. Арт жагынан адамдардын дабышы чыкты. Толкун
үрпөйгөн калыбында бир жагына обочолой берди. Ал милициянын формасын кийген лейтенанттын бир жигитти алып келатканын көрдү.
Алар эч жакка буйдалбастан, түз эле прокурордун үстүнө кирип кетишти.
Толкун кайра басып, жазуу машинкасынын үнү чыгып жаткан эшиктин алдына келип токтоду. Анан ага кирсемби же эч кимге көрүнбөй эле ушул жерден кайра кетип калсамбы дегендей, тышка чыгуучу узунчасынан кеткен коридорду бир карап коюп ден-дароо боло түштү. Кыз ушинтип чайпалып турганда катарындагы эшик ачылып, андан колуна жаңы басылган бир топ кагаздарды кармаган тармал
чач жаш кыз чыга келди. Кыз Толкунга бир карап алды да: «А, саламатсызбы? Сиз
кантсе да Нурлан Чокоевичке келсеңиз керек?»
деди жакын кишисин көргөн адамдай жайдарылана.
Толкун колундагы повестканы суна берди. Машинистка кагазды окуп сустайды. Өзүнүн ойлогон ою айкашпай калганына өкүнгөнсүп,
сөөмөйү менен эрдин басып, Толкунду бир демге тиктеп турду.
Толкун кыздан каргылдана сурады:
— Мени мында эмнеге чакырганын билбейсизби? Келгеним жарым саатча болуп калды. Айтыңызчы, бул кагаз боюнча кимисине кирем?
— Сизди прокурор өзү чакыртыптыр. Келгениңизди айтып, качан кабыл аларын биле чыгайын.
Алиги кыз кайра чыкканда Толкундун дагы бир аз күтөрүн айтып коюп кирип кетти. Прокуратурага келген даттануучулар көбөйө баштады. Санаасы тынбай, өзүнөн өзү чочулаган кыз скамейкалардын эч
бирин байкабаган немедей аркы-терки басып жүрдү. Ал өзүн ушул жерден эле күнөөлүү киши катарында кармап, кайдадыр алып барып
камап коюучудай болду. Бара-бара өзүнөн өзү ыйлагысы келип жүрөгү туйлай баштады. Бүткөн бою шалтырап, көңүлү чөктү. Султанбекова жанакы келген лейтенант менен берки кишинин качан чыгып кеткенин да байкаган жок. Звоноктун кандайдыр чырылдаган үнү чыкты. Тармал чач кыз тыпылдай басып, кабинетке кирер-кирбестен
кайра тартты.
— Сизди-сурап жатат. Кире бериңиз.
Толкун калтырап кетти. Прокурордун үстүнө шыдыр басып кирүүдөн жалтанды. Қоркунуч ага улам жакындап келаткандай туюлду.
Бир азга буйдалып калды. Эмне кыларын билбей өзү кире турган эшикти тиктеди.
Акыры тобокелге салып, прокурорго кирүүгө бел байлады.
Эки кабат бүктөлмө эшиктин бирөөнөн сала бирөөнү ачып өтүү Толкунга ок эле чоң түйшүктөй сезилди. Ал мурда мындай эшикти эч качан көрбөгөн адамдай буйдалды. Эшиктердин аралыгындагы секунддук ала көлөкөлүү түнттүктөн өлгөн-талганда суурулуп чыккандай болду. Ичкерки эшик ачылганда прокурордун таза, жарык бөлмөсү көзүнө сүрдүү да, жылуу да учурады. Оң колундагы таякка салмагын сала, сол колу менен терезенин кичинекей форточкасын
ачып жаткан узун бойлуу.жигиттен башка бул жерде дымыр эткен жан жок эле. Жаңы ачылган айнектен керимсел соккон чыкыроон
аба бөлмөгө алкынып кирди. Жигит таза абадан аптыга жутуп жаткандай, энтиге түшүп көөдөнүн кере дем алды. Толкун үн катпай,
аны артынан телмире тиктеди. Жигиттин бир бутунун майып экенин байкады. «Бечара, бул дагы согушка барып бир мүчөсүнөн жарым
ажырап келген экен» деп ойлоду. А жигит болсо алыска, Ала-Тоонун ак кар баскан бийик чокуларын издеп жаткансып, мүрүсү сынган
жаралуу алгыр бүркүтчө кызга далысын салып тура берди. Бир оокумда ал төш чөнтөгүнөн күрөң кичинекей таракты алып, коюу ка-
ра чачын бир нече ирет артын көздөй тарап туруп, аны кайра үйлөп тазалаган болду да ордуна салды. Телефондун капысынан шыңгыраган үнү жигитти уйкудан ойготту. Ал бурулуп телефондун трубкасын ала берип, эшик алдында үнсүз селейип турган Толкунду көрөр замат трубка колунан ыргып кете жаздады. Жигит телефондон чыккан үндү укпаган кереңдей трубканы рычагга шак илди да, акыл-эсин жоготкон оорулуу адамдан бетер кубулду. Прокурордун бакыракай коймолжун кара көздөрү канталап, чанагынан чыгып кетүүчүдөй болуп турду. Қарегине бирдеме туруп калгансып, кол жоолугу менен көзүн кайра-кайра сүрттү. Толкундун бүткөн боюн муздак тер басты. Жигит кызды көздөй таягын салмактуу таштап, бутун алдыга шилтеди.
— Ра-ка-а-т! — Прокурор далбастай түшүп, кандайдыр олку-солку өндөнүп үнү буулуп чыкты. Қыздын көзүнө тигил кишинин
бүткөн бою калч-калч этип титиреп тургандай туюлду. — «Сенсиңби, боорум. О-о мен эмне деп жатам. Сен Ракатым эмессиң го. Анан мен
кимди көрүп турам тобо» деп ойлоду жигит чайпалган денесин зорго токтотуп.
Толкун эшикти көздөй кетенчиктеп баратты.
— Мен Ракат эмесмин. Сиз эмне деп жатасыз, жолдош прокурор.
— Ня. Ошондойбу? Оо жараткан, чын эле башка кызсың ээ.
Нурлан сендиректей түштү. Ал маңдайынан чыбырчыктай түшк.өн майда терден көтөрүлгөн ысык бууга думугуп бараткансып, эки колдоп галстугун ылдам бошотту. Бет аарчысы менен өңүн желпип, чекесин сүрттү. Эз болгон немедей бир орунда жансыз турду. Толкун столдун үстүнө титиреген колу менен повестканы таштады. Прокурор көргөн көзүнө ишенбегендей бирде Толкунга, бирде өздөрү жиберген кагазга алмак-салмак тигилди. Анан чайпала түшүп ордуна барып олтурду. Салаалаган кош колу менен ээгин жөлөп, эки чыканагы жазы столуна кадалган бойдон кызды бир далайга тунжурай тиктеп,
олтуруп оозун кыбыратты.
– Олтуруңуз, фамилияңыз ким?
– Султанбекова!
Қыз орундукка коомай олтуруп жатып сүйлөдү.
— Атыңызчы?
– Толкун.
– Қанча жаштасың?
– Он сегизде..
– Ата-энеңиз барбы?
– Бар. Қолхоздо турушат.
– Эче бир туугансыз?
– Төрт.
– Сиз Султанбектин өз кызысызбы?
– Эмне үчүн минтип сурадыңыз. Атам да, энем да өзүмдүкү.
Мен алардын кара чечекей, болгондо да тун баласымын.
Нурлан Толкунду кусалуу, армандуу, Көздөрү менен шектене карап, бүшүркөй берди.

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE