Пример HTML-страницы

ЖЕТИМДЕР 14 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7259&preview=true Кызыктуу окуялар.

?ЖЕТИМДЕР 14- БӨЛҮМ

 

Толкунду кайра алып келиптир деген сөз айыл арасын уу-дуу кылды. Эки кишинин башы бириккен жердеги сөз Султанбектин кара
мүртөздүгүн айтып түгөтө алгыс жомок болду. Ал эми эркектер болсо ата-бабанын наркын бузуп, кыргызда жок жорукту баштаган Султанбекке наалат айтышып, жерге түкүрүнүшөт.
Зайнидин жөнүндө болсо таптакыр башкача аңыз тарады. «Толкунду токолдукка алат экен» деген сөз мөндүрдөй жаады. Султанбек жең ичинен Зайнидинден калың алып жүрүптүр деген сыяктуу ушактар айыл ичинде учуп жүрдү. Бул каншаар күн өтүп, апта айланбай Касымдын үйүнө да жебедей сызып жетти…
Күнөөлүүлөрдүн үстүнөн жүргүзүлгөн иш да аяктады. Тергөө да бүттү, сот да болду. Сотмедэксперттин Толкунга берген справкасы
Саматтын ишин жеңилдетти. Ага бир жылга колхоздо иштөөгө кара жумуш кесилип, штраф салынды. Ал эми Қасым болсо партиялык
жаза алып тынды.
Намыс деген намыс да. Қектин арты кейиш деп бекеринен айтылып жүрбөгөндүр. Самат колунан келсе да, келбесе да өткөн өчтүн
өктөсүн кантип кыябын таап алууну ойлонуп жүрөгүнө муздай түйдү.
Сот өкүмүн угузган кездеги Зайнидиндин тергөө кызматкерлерине карата айткан сөзү анын көңүлүнө ширелген сары тикен болду. «Аз кестиңер. Бул өңдүү зордукчу, киши уурдагычка берген жазаңар ушул элеби?! Башкаларга сабак болгондой чоң жаза колдонуш керек болучу. Өкүмгө ыраазы эмеспиз». Самат басса да, турса да ушул сөздү эстейт, аны унутпайт. Анын үстүнө кошумча болгон «Толкунду Зайнидин алат экен» деген сыяктуу учурма сөз, уу тилдүү ушак.
Ал эми Зайракан менен Султанбек болсо бардыгына ыраазы.
Қызы үйдө, кылыгы түздө. Анын үстүнө Толкунга берилген догдурдун кагазы алардын көңүлүн көтөрүп, санаасын тындырды. Айткан эл айта берсин, десе эл дей берсин. Қызын кайра алып келип алды деп жаман көргөндөр жармасын бербей койсун дешет. Бирок, минтип
өз көңүлдөрүн өздөрү сооротумуш болгону менен эне-ата эл ичинде сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болду. «Жашабай жатып жолу катуу
болуп калды. Ачкан эшик, аттаган босогосуна өрт койду. Көктөйүндө каргышка калды» деген сыяктуу жагымсыз сөздөр өпкөдөн өттү.
А Толкун болсо үйүнөн карыш басып тышка чыкпайт. Мындай ушак-айың өзү эле актан караланып, элдин бетин тике кароодон айбыгып турган кыздын көңүлүн көтөрмөк турсун көңүлдөгү жаратын улам жаңыртып, капа-кайгысын ырбатты. Балалык шайыр мүнөзү коймайрек тартты. Айтылган сөз айтылган жерде калбасына көзү
жеткен кыздын көңүлү бирде түтөп, бирде алоолой берди. Абас келсе не учурашарын,
не учурашпасын билбейт. Анын алдында өзүн айыптуу сезет. Ууга ширетилген темир тосмо экөөнүн ортосун түбөлүккө бөлүп салгандай, ага эми эч качан жетпөөчүдөй. Богок байлап гүлүн ачууга даяр турган назик, таза сүйүүсү мезгилсиз уядан кулап жерге түшкөн кызыл
эт балапандай алсыз үнүн чыйп-чыйп
чыгарып жансерек талпынат.
Күндөн-күнгө санаага берилип, өңүнөн түшүп бараткан кызын ата-эне айыл ичинен эртерээк алыстатып, эл көзүнөн далдоо кылуунун камында болушту. Зайнидин Толкунду кайра алып келгенден кийин Фрунзедеги айыл чарба институтуна документтерин жиберген.
Андан көп узабай кабыл алуу комиссиясынан чакыруу кагаз келди.
Зайнидин Фрунзеге Толкунду өзү жеткирип, окууга өткөрүп, жатакана алып берип келмек болду.
Кубанычтары койнуна батпаган үй-бүлөдө бүгүн чоң салтанат.
Ооба, Султанбек ата бул күндү көптөн бери эңсеп жүрбөдү беле.
«Оо жараткан, менин жаман кызалагым да, Макиш эжесине окшоп Султанбекува, Султанбекува дедирип эл арасында кадыр-баркка ээ болуп, атасынын зоболосун көтөрүп турар бекен» деген сыяктуу жакшы тилек, узун санаа атанын тынчын алат.
Чийнеге чегилген аттарды кечке маал жылкыга кошкону барган Камчыбек Зайнидинге кезиккенин, анан ал «Бүгүн Толкун болуп бардыгыңар биздикинде болгула. Ооруканадан чыкканы атайылап чакырып тамак бере да албадык», — дегенин айтып келди.
Султанбек чакырылган коноктордун маалкатып кеч келгенин бала күнүнөн эле жактыруучу эмес. Өзү да бир жакка жумуштап барарда, же бирөөлөрдүкү чакырып калса, үй ээлерин күттүрбөй убагында баруучу. Тактыкты сүйгөн Султанбек бүгүн да мал-салын
башкарып, короо жайын сарамжалдап коюп, бала-чакасын ээрчитип эрте келди.
Булар келгенде Зайнидиндин зайбы дасторконун кеңири жайып, меймандарга арнап бышырган боорсокту арбын төгүп, сары майды томуруп, каймак менен кантка толтуруп салган.
Толкун алыстан келген кастарлуу коноктон бетер төрдүн төбөсүнөн орун алган. Мээримдүү үй ээлери менен ата-энесинин сүйүүсүнө
бөлөнүп олтургандыктанбы, же эртеңки күнкү өзүн күтүп турган бактысына алап-желеппи, айтор эки бети албырып, көздөрү тим эле
ботонукундай жайнайт.
Чай орто изилип калган кезде тыштан Зайнидиндин уулу Мэлис Эдиреңдеп чуркап кирди.
— Ата, Абас абам келди.
Олтургандардын көздөрү эшиктен бирөө кирип келаткансып баладан өтүп, анын арт жагына кадалды.
— өзү эле бекен? Үйгө кир дебейсиңби? Дагы бир үйдүн чоң азаматы. — Зайнидин уулуна бурулду.
— Қанатбек менен сүйлөшүп жатат. Кириңиз дедим. Болбой койсо кантейин. Сени сурады. Үйүңөрдө ким бар?—дейт.
Зайнидин ордунан ыргып турду. Эшикке чыгып баратып Султанбекке карап сүйлөдү.
Өзүм чыгып үйгө кир дебeсeм улуулардын үстүнө шам-шаркыт кире бербеген бала. Комсомолдор аны курска жиберген, кандайча
мезгилсиз келип калды болду экен.
Толкундун өңү өзгөрүп, көздөрү жалжылдап кетти. Ордунан улам бир жамбашына канча ирет которулуп олтурганын өзү да сезбей калды. Жүрөгү дубалга илинген сааттын маятнигинен бетер уруп көөдөнүндө үмүттүү удургуйт.
Үй ээси менен ээрчише кирген узун бойлуу, арык чырай жаш улан олтургандардан сүрдөгөндөй демиге түшүп токтоду. Ага үйдүн
ичи куйкаланган аптаптуу ысыктай, үп болуп сезилди. Алоолонгон денеси терисине батпай чатырады. Қырдач мурдунун үстүн чыбырчыктаган майда тер каптады. Ак кагаздай болгон жука жүзү албырып турду. Тили буулуп калган немедей олтургандарга бир демден кийин саламга келди. Анын алачакмак болгон көзүнө Толкундан башка эч ким урунган жок. Балбылдай түшкөн каректер бири-бирине
чагылыша түшүп тайыды.
Султанбек козголо берип жанынан орун көрсөттү.
Кел айланайын, мындай өт. Мен да кайсы бала десем Узакемдин уулу тура. Кандай, арбай-ачпай, аткөлүң аман келдиңби, чырагым. Сени окууга кетти деп энең айткан эле. Бүтүп келдиңби?
Абас такала түшүп жооп берди.
Жок ата, бүтө элекмин. Бир аз келүүгө шарт болуп суранып келдим.
— Ал Султанбекти эмне үчүндүр ата деп айтты. Ал мурда Султанбек аба дечү эмес беле. Оозунан ата деген бул кымбат сөз
кандай чыгып кеткенин Абас кийин байкады. Ушул бир ооз сөздөн айыбы ачылып калгандай шектенди.
Келгенден бери чай ич деп жатып, чакырып киргизе албаган Канатбек азыр үйдө, Абастын жанында олтурат. Ал бирде эжесин,
бирде болочок жездесин кубанычтуу түр менен күлүндөп алмай-термей карайт.
Оо, чиркин ай десен, мындай кысталыш жерде жүрөктүн түпкүрүмдөгү катылган сүйүүлөрдү, айтылбаган сырларды, көздөн учкан
сенин кусалык менен Тээ тереңде теминип жаткан түпкүрдөгү жүрөк күүлөрүн бири-бирине жеткирген да көз, түмөн элдин ичинен бири-бирин издешип тапкан да көз, сагынганды билдирип, санаадагы оюңду айткан да көз. Ооба көздөр ошондой курч, ошондой көрөгөч. Ал айланадагы элден канчалык сактанып, канчалык жашырганың менен ички дүйнөңдү байкатпай туруп ортого төгүп салат эмеспи.
Бул жерде олтургандардын ичинен жалгыз гана Зайнидин бирдемени байкады. «Қайран жалындуу жаштык, кереметтүү сүйүүлөр
ай» деп ойлоду ичинен дем алып. «Қалжылдап жылдыздай жанган Көздөрүңдөн айланайындарым. Абасты бул үйгө тартып кирген магнит сенин кумарлуу көздөрүң беле, Толкун. Же мен жөн гана ой жооруп, калжырап жатамбы?». Ушинтип ойлогон Зайнидин эмнеси болсо да балдарга жолтоо болбоюн дегенсип бурулуп олтурду.
Баятан бери Қанатбекти карап олтурган Султанбек уулуна суроо берди.
Қанат! Сен бул абанды качантан бери билесиң?
Бала башын кыйгач буруп, мукактана түштү.
— Тааныйм.
Зайнидин сөзгө аралашты.
Ээ, Султаш аба, билесиңби, тааныйсынбы деп да киши сурайбы. Окуган булар эмес, менин тетигил кичинекей кара тентегим Кээде мен билбеген, мен тааныбаган адамдардын аттарын айтат.
Абас ушул жерде окубадыбы.
— Аны билем го. Бирок, агасына жабышып, сагынышып калган немедей дердеңдеп олтурганынан сурай калдым.
Абастын денесине ток тийгендей болду. Ал чөнтөгүнөн жаңы алган, төрт бурчуна гүл түшүрүп, кырка чекесин таңдайлаштырып кайып, чебер сайылган ак жибек бет аарчысын силке салып чекесинин терин сүртүп келип, Толкунга көз учкунун чачыратып, мурдун басып
бир демге токтой калды. Абас кол жоолугун кусалуу искеп, андан Толкундун атыр аралаш жытын издеп жаткандай туюлду.
Зайракан баланын колундагы бет аарчыга көзүн кадады. Алда немеден шек санагандай ою капкайда чабыттап кетти. «Же мен бул
бет аарчыны жалган таанык болуп жатамбы? Жок, жок, ошонун өзү.
Қапырай, бул кандай табышмактуу көрүнүш. Мен сени бүгүнгө чейин Чолпонумдай эле кичинекей бойдон деп ойлоп жүргөн турбайымбы. Бой тартып, минтип жигиттерге белек берүүгө жарап калганыңды кайдан билдим. Зайракан астыртан Абасты тиктеп, анан талмоорсуп бешенеси жарылып олтурган кызын шектене карады.
Толкун укмуштай сулуу, укмуштай көрөшөм болуп кетиптир. — Булардын байланышы болду-болбоду Зайнидиндер аркылуу деп бо
жолдоду эне.
Мында эч нерсени элебеген жалгыз жана Султанбек болду. А Зайракан болсо кызы
бүгүн түндөн калбай ушул сымбаттуу жигит менен качып кетүүчүдөй көңүлүнө кайра баштан дүрбөлөң түштү.
— Қантейин. Кимге барсаң да өз теңиңди, кор болбой турган жериңди тапсаң болду. Экинчи көз жашынды, көкүрөк дартынды көзүмө көрсөтпөсө экен жараткан.
— Эне Абасты сынап да койду. Эгер Толкунума
күйөө болуп калса жарашчу бала экен. Атасы байкуш Султанбек окшогон жылаңач баатыр, кара таман кедей. Байлыгы балдары. Муну
укса Султаш кубанар эле… Эне кызынан сыр сурамак болду.

* * *

Фрунзедеги айыл чарба институтунун ичи-тышы шайыр күлкү, шаңдуу обонго мелт-калт толуп, каҙандай кайнап, фонтандай атылып
турган демейдеги күндөр. Мезгил деген кандай тез. Кечээ бул жерге жаңы келгенге окшогону менен Султанбектин кызынын биринчи курсту бүтө турган акыркы сааттары да канат сабап кирип келди.
Кошумча лекцияга келаткан топ жаштардын ичинде жакут таштай жаркырап көзгө токтомдуусу да, көрүнүктүүсү да, сулуусу да
Толкун. Анан калса көргөндүн көз жоосун алып маралдай маңкайып, көөдөнүн кере таштап, мойнун созо койкоюп келбеттүү басат да, чиркин.
Булардын аркасынан жете келген боз улан Толкундун жанындагы кыздарга тийишти.
— Жибекке жамаган курмушудай болгон байкуштар, калп эле керилимиш болосуңар. Толкундун айдай жамалын булуттай тоспой
алысыраак, көчөнүн тээ аркы өйүзү менен баскылачы.
Қайран неме айе, бака майрыгын билбей, жыланды ийри дейт имиш. А өзүң кимсиң?
Өзүм кишимин. Кантип эле силерден түзүпүрөөк болбоюн.
Дагы өлүп-тирилип артыңардан жигиттер чуркайт ов.
— А-а байкуш, сен деле текирең таскакка түшүп, эч кимибизге
жете албай, суй жыгылып жүрбөйсүңбү, же жалганбы? — Қыздар жарыша сүйлөдү.
Кудай сактасын. Баарыңарды кыркасы менен жолума көгөндөп койсо да карап өтпөсмүн.
— Ыя де.
Бардыгы тамаша, бийкечтер. Бирок, менин бир чоң арманым ушул Толкундун кандай жигит менен сүйүшүп, сүйлөшүп жүргөнүн
биле албагандыгым да-а. Аркасынан чуркагандар көп. Бирок, кимиси экенин билалбай күйүтүм күчөп жүрөт. .
Күйүп кетер күнүң кайда?
Коё тургулачы жарылдабай. Толкундун өз оозунан да сөз чыгабы же силер эле сүйлөй бересиңерби?
Толкун коңгуроодой шаңгырап күлдү.
— Кези келип, мезгили жеткенде сени суратып убара кылбай эле өзүм айтам. А балким өзүңдү жактырып жүргөнүмдү кайдан билесиң?
Қыздар айлананы жаңыртып каткырышты.
— Толкун сүйөт экен мени деп, жүрөгү жарылып өлүп жүрбөсүн бул жел өпкө.
— Эй, байкуштар, мен өлсөм бирөөбүз жесир калдык деп эсептей бергиле анда. Он жыл эрте өлгөн менен он жыл кеч өлгөндүн эмне
айырмасы бар. Баары бир өлөсүң да. Бирок, мен силер үчүн өлгүм келбейт…
Булар ушинтип шатыра-шатман болуп келатышып, институтка кандай жеткендиктерин да билбей калышты. Жүргөн жерин, баскан изин шаңга бөлөп, көркүнө чыгарган жаштар дарбазадан киргенде
окуу жайынын алдындагы кеңири аянтта адамдар адаттагыдан көп болчу. Толкундун көзүнө бул эл тим эле кумурскадай болуп көрүндү.
Кыздар тобу менен дем албай, тунжурап турган көпчүлүктүн четине келип токтоду. «Бир шумдук бар го» деп ойлоду Толкун ичинен.
Өздөрүнүн катарында турган бирөөдөн сурайын деп ойлоду эле, «унчукпа» дегендей колун жаңсап койду.
Ачык терезеге коюлган репродуктордон чыккан диктордун калтаарыган, сүрдүү үнү дымый түштү. Кыз айланасында тургандарга
карады. Бардыгынын кабагы салыңкы. Аза күткөн немедей жылдыздары жерге түшүп, маанайлары пас. Эрдин кесе тиштеп институттун директору жылаңбаш ортодо турат. Толкун чыдабай ошол кишини
кездөй жөнөдү. «Айтыңызчы, агай, эмне болуп кетти». Толкун кыйкырып жиберди. Туш-туштан «Согуш» деген жагымсыз сөз угулду. Суук
кабар анын көөдөнүн көзөп өтүп, жүрөгүнө тикендей сайылып, анан ал шал болгон немедей титирел сокту. Көпчүлүктөн бөтөнчөлөнүп, бардыгынан бийик турган узун бойлуу директордун демейдеги ачык-
айрым шайыр жүзү ачулуу да, капалуу да. Ал маңдай жагындагы терезеде турган репродуктордон көзүн албай тиктеп туруп оор күрсүндү.
Ќезектеги чабуулга даяр турган жоокерлерге команда берген офицерлерге окшоп, башын көтөрө берип заңк этти.
Ата Мекендин башына оор кайгы түштү. Гитлердик жүзү каралар элибиздин тынч өмүрүнө өлүм коркунучун алып келди. Алар
жерибизди өрттөп, шаарларыбыз менен айылдарыбыздын гүлүн көккө сапырып, адамдарыбызды кичинесинен чоңуна чейин кырып жок кылууга ниеттенип жатат. Өз жерибизди, өз өмүрүбүздү, бакты-таалайыбызды каракчылардын огунан коргоп калууга даяр турушубуз керек.
Тургандар чайпала түшүп, бирин-бири карашты. Шыбыр-күбүр, бышактаган үндөргө аралаш уландардын бирдиктүү чыккан үндөрү
көтөрүлдү.
Ата Мекен үчүн дайым даярбыз!
Директордун көзү жашылданып кетти. Ал ушул үн, ушул турган жалын жүрөк жаштар азыр эле согуштун алоолонгон демин басып
жибергендей, алп денеси ымыр-чымыр тартты.
— Ракмат, демилгенерге, жолдоштор. Родина керек десе бардыгыбыз согушка» аттанууга даярбыз. Қана, сөздөн ишке өтөлү. Кабатыңарды карыш салбай кайраттуу болгула. Бардыгыбыздын зор сыноодон өтө турган чечүүчү мезгил жетти…
Толкун турган ордунда таштай катты. Анын көзүнө айлананы кара туман каптап, кайдан-жайдан келгени . белгисиз, адамдын кебин
кийген жапайы жырткычтар тиштерин шакылдатып, мылтыктарды сундуруп, туш тарабын өрттөп, өзүн курчап келаткандай туюлду.
Султанбекова! Сага эмне болду, кызым?
Толкун бул мезгилде ыйлап турган болучу.
— Эркектердин бардыгын согушка алабы, агай? Атамды алып кетсе, көрбөй калат экенмин да. — Қыз жалгыз эле атасын эмес Абасты да,
бой тартып калган иниси Камчыбекти да ойлоп турган болучу.
Кой, айланайын, анчалык жашык болуучу эмес. Қантебиз. Көп көргөндү көрбөскө айла канча. Жалгыз сенин атаңдын башына түшкөн иш эмес, бул калайман калайык калкка келген кырсык.- Директор жакшы окуган, жайдары мүнөз сүйкүмдүү студенткасынын көз жашын көргөндө, мындан башка эмне деп айтып соороторунун айласын билбей калды.
Толкундун өпкөсү жарылып кетүүчүдөй көөп чыкты. Чын эле атасы менен Абасты катуу ойлонгондуктанбы, же элдин үрөйүн учуруп ар бир адамдын башына бактысыздыкты алып келе жаткан согуштун соккусунанбы, айтор шамалга ыргалган жекендей теңселип,
көзү караңгылап, буту чалыштап, жатаканага зорго жетти.

* * *

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE