Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдүн акваториясында булганганган аймактарды тазалоо иштери башталды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-мартта Түп районуна караштуу Ысык-Көл (Маяк) айылында Ысык-Көлдүн акваториясындагы булганганган аймактарды тазалоо иштери башталды.

Маалым болгондой, тазалык акциясына өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттин облусттагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. «Ысык-Көлдү коргойлу» иш-чарасынын алкагында суунун алдындагы таштанды тазалоого жаш активисттер, суучул куткаруучу ыктыярчылар, экологиялык милиция жана ӨКМ, жаратылышты коргоо министрлигинин облустук кызматкерлери тартылууда.

Ысык-Көлдүн флорасын жана фаунасына коркунуч туудурган суу алдындагы таштандылардан, балык уулоочу торлордон көлдүн акваториясынын булганган тилкелерин тазалоо жана суучулдук изилдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында министрлер кабинети 3-марттагы тескеме кабыл алынган. Анын алкагында Түп районунун Ысык-Көл айылында тазалоо иштери расмий түрдө башталды.

«Бул багыта ИИМ, Өзгөчө кырдаалдар жана экологияны коргоо министрлиги биргеликте планды жүзөөгө ашырабыз. Бүгүнкү кұндө сууда жүрчү унаалар жетиштүү деңгээлде. Эгер бул аракет ийгиликтүү жүзөөгө ашса жыл аяктап, Соң-Көлдүн ичин да тазалоону колго алабыз» ,- деди министр Ажикеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE