Пример HTML-страницы

Сыноо 8 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17574&preview=true Кызыктуу окуялар.

СЫНОО…

8-БОЛУМ.

— Билбейм, деги башкача болуп жүрөсүң.

— Койчу, — Айсалкын дептерине үңүлдү, Дамира аны саамга карап туруп өз алдына карап калды, аңгыча кышкы семестр аяктап он күнгө үйүнө кетмек болуп жатканда ооруп калды, эртең менен туруп жуунуп жатып эле көзү караңгылап жыгылып калды, ваннадан чыккан дабыштан улам эле кыздар жетип келишсе ал эч нерсе билбей жатыптыр, дароо эле кыздар тез жардам чакырышты, ооруканага алып барышканда гана көзүн ачты:

— Мен кайдамын? — деди өйдө болгону жатып.

— Тынчтаныңыз, — деди аны үңүлө карап турган врач жылмайып, — Сизге кыймылдоого болбойт, ооруканадасыз азыр.

— Эмнеге, мен эмне болдум эле?

— Көп ойлонуп коюпсуз, жүрөккө таасир эткен.

— Эми жакшымын, кете берсем болот го?

— Жок, сиз бери жагы он чакты күн жатып дарыланышыңыз керек.

— А окуумчу?

— Адегенде ден-соолук болуу керек, анан окуй бересиз, — Врач аны көз айрыбай карап туруп калды.

— Мен жакшы эле сезип турам өзүмдү.

— А биз оорулууну көзүбүздүн карегиндей кароого милдеттүүбүз чоң кыз, азыр сестра келип укол саят, сиз козголбоңуз, — деп туруп бара жатып кайра бурулду, — Аты-жөнүңүз ким?

— Бектурганова Айсалкын.

— Жылыңыз?

— Сексен экинчи жыл.

— Жакшы, жата бериңиз, — деди да врач чыгып кетти. Айсалкындын оюна дароо эле кызыл жүздүү көздөрү күйгөн эркек түштү, атын укпай калган: «Аты ким болду экен, Арууке Батырканова эле, атасынын аты ким, эмнеге эле аны эстей берем», дегиче сестра келип ага укол сайды, анан дарыларды берип кеткенден кийин эле ал карды ачканын сезди, жанында бир келин жаткан, ал дегеле эч ким менен иши жоктой ары карап жатат, канча жатканын билбеди, бир кезде топурап эле кыздар менен эки жигит кирип келишти, баары курсташтары эле.

— Кандайсың, бизди коркутуп жибердиң го? — деп Аида келип өөп калды.

— Сен ооруп жүргөнүңдү неге айтпадың?

— Этият болбойт белең, — дешип Айсалкынды сүйлөөгө мурчасын келтирбей эле бакылдап жатышты, колунда асма укол болгондуктан өйдө боло албай жылмайып аларга жооп кылды:

— Мен өзүм билген жокмун да, бүгүн үйгө кетүүм керек эле…

— Жо-ок, сен ооруп жүргөнсүң, — деди Гүлмайрам, — Ооруңдун сырын биле-ем.

— Койчу Гүлмайрам, сен эмнени билмек элең?

— Билем, — деп жылмайып койду, ошол кезде Арууке кирип келди.

— Эй, сага эмне болду? — Келип эле өөп-өөп ийди.

— Эчтеке, жакшы элемин, — Айсалкын күлө карап андан уялып кеткендей болду.

— Атам ооруп жаткан, ага келип анан сени угуп калбадымбы.

— Эмне болуп? — Айсалкын бир башкача болуп кетти, — Эмнеси ооруйт?

— Кан басымы жогору, анан жүрөгү дагы ооручу.

— Иий, — деп кабагы бүркөлө түштү, негедир ушул азыр аны көргүсү келип кетти.

— Эми жакшысыңбы анан?

— Жакшы эле…

— Ой Аси эркелеп жатат, — деп койду Аида.

— Мейли кыздар, мен кеттим, эшикте Аманат күтүп жатты эле, — Арууке шаша кайра Айсалкынды эңкейип өөп коштошту, — Ооруба жаным, али жашсың, көрүшкөнчө кыздар, — деди да чыгып кетти, курсташтары дагы бир аз туруп анан кетишти, Айсалкындын жүрөгү элеп-желеп болуп жатты, негедир адаттан тыш лакылдап колундагысын алса эле туруп басып өзүнө тааныш жүздү издегиси келип жатты. Ошол учурда сестра кирип колундагыны алып:

— Жылуу жатыңыз, судрого болуп кетиши ыктымал, — деп кымтылап кайра чыгып кетти, жанатан кеткиси келип турган кыз эми былк этпей жатып калды, эмнеге экенин өзү дагы билбейт, туруп барып ошол жүрөгүнөн чыкпаган адамды көрмөйүнчө эч жака чыккысы келбей: «Кызык, мен аны сүйүп калдымбы, ал менден канча жаш улуу, жо-ок жөн эле ошондой сезимдир, кантип эле мен аны сүйүп калмак элем», — деп ойлонуп жатканда түшкү ашты алып келип калды, Айсалкын аны ичпейм деп койду, кыздар алып келген тамактар турган болчу, туруп андан ичти. Анан туруп коридорго чыгып узун коридордун башына барып кайра илкий атайын жай басып кайсы эшиктен чыга калаар экен деп жал-жал карап келе жатты. Бирок эч карааны көрүнбөдү, деми суй палатага келип жатып калды, дегеле эсинен чыгаар эмес, кээде гана ата-энесин ойлоп: «Мени күтүп жаткандыр», — деп ойлогону болбосо кайра эле тык этип бей тааныш адам көз алдына тартыла калганда жүрөгү зырп этип кетип ошол күндүн өтмөгү тозок болду. Кечки уколдорун алып бүтүп эми жатканы калганда эшик ачылып врач кирди:

— Кандай сулуу кыз? — Жылмая карады.

— Жакшы.

— Өзүңдү кандай сезип калдың?

— Жакшы элемин го.

— Колуңду берчи, — деп керебеттин кырына отуруп тамарын кармап көпкө-ө отурду да Айсалкынга аста карады, — Эмне көйгөйүң бар Айсалкын, тамырың негедир катуу согуп жатат, көп ойлонууга болбойт сага, жапжаш туруп мынчалык ооруну жабыштырып алгансың?

— Эч кандай деле санаам жок.

— Анда бирөөнү сүйүп калдыңбы? — Олуттуу карап жооп күттү.

— Жо-ок, — Көздөрүн алайта карап кызарып кетти.

— Кандай болсо дагы сага ойлонууга болбойт, жүрөгүң начар.

— Кантип, мурда эч ооруган эмесмин.

— Капыстан эмес, өзү жүрөктө бар.

— Кечиресиз…

— Мени Абаз Айталиевич десең болот, укол алдыңбы?

— Ооба.

— Тынч жата гой, эртең менен дагы келип көрөм, — деген Аваз Айталиевич акырын чыгып кетти, Айсалкын ойлуу жатканда Аманат кирди:

— Кандайсың?

— Жакшы…

— Аруукеден уктум, жакшыбы эми?

— Жакшы эле…

— Муну сага алып келдим эле, — деп тумбочканын үстүнө манты менен алмаларды койду, — Жакшы болуп кет.

— Рахмат.

— Эмнеңден дейт?

— Жүрөгүм…

— Көп ойлонуп жибергенсиң го?

— Эмнени ойломок элем?

— Текеберлигиңди.

— Аманат, башты оорутпачы.

— Деги эле текеберсиң, Аруукеге үйлөнгөнүмө өкүнгөндүрсүң? — Ырсая мыскылдай карады, — Албетте, сенин өкүнгөнүңдү түшүнүп турам.

— Эч качан өкүнгөн эмесмин, өкүнбөйм дагы.

— Аси, эми деле кеч эмес.

— Эмне-е?

— Менин Аруукеге көңүлүм жок, сенден өч алыш үчүн үйлөнүп алып…

— Эсиң менен болчу, бирөөнүн тагдыры сага оюнчукпу?

— Мен үчүн эч нерсеге арзыбайт!

— Кетип кал Аманат, мен ооруп турам, — Айсалкын жүзүн буруп кетти.

— Ойлон, мен сени сүйөм, өмүр бою сүйүп өтөм!

— Кет дейм! — дегенде Аманат кайсактай ырсалаңдап чыгып кетти, ал аны кайра ооруп калбасын деди, болбосо дагы көпкө турмак.

— Бул эмне жигитиң беле? — деди тиги келин.

— Жо-ок, жөн эле жабышып жүргөн неме да.

— Өө-өх, — деп алды тигил келин, — Анан туруп отурду, — Ушундайлардан мен дагы тажаганмын, атым Гүлайым, ата-энем жок, — Дагы үшкүрүп алды, — Тагамдын колунда чоңойдум, жашым отуз экиге келди…

— Күйөөгө чыктыңыз беле? — Айсалкын алаксымак болуп аны менен сүйлөшкүсү келе карап калды.

— Ооба, бирок бактым көп узабай эле кыйрады…

— Эмнеге?

— Азыр айтып берем, — деген Гүлайым муңайым көздөрүн Айсалкынга кадап көпкө отуруп сөзүн баштады, — Атам менен апам бири-бирин катуу сүйүп ата-энеси каршы болгонуна карабай үйлөнүшкөн экен. Мен төрөлгөндөн кийин дагы атамдын ата-энеси кабыл албаптыр, апам жашынан жүрөгүм ооручу экен, менин алты айлыгымда жүрөгү катуу кармап ооруп калып көз жумуптур, атам ыйлап жүрүп шаарга кетип мен таенемдин колунда калыптырмын… Ошентип алты айымда апамдан, бир жашка толо элегимде атамдан айрылдым, анын эмне болуп өлгөнүн билбедим, кийин таенем жалгыз кызынын кайгысынан ооруп калып бир тууганы Аскердин колуна барып ошол жерде көз жумуптур, мен ошондо үчкө чыгып чыга элек экенмин. Тагамдын төрт баласы бар эле, мен алардан кичүүмүн, эки кыз, эки уулунун улуусу Дуулат ошондо онунчу класста, эң кичүүсү Куматбек биринчи класста окуп калган экен. Гүлүйпа апам мени өз кызындай өстүрдү, Аскер өз атамдай…

Аскер колунда бар, элге кадыры бар адам эле, балдары дагы тартиптүү, кыздары ыймандуу болуп өсүп бара жатты. Жалгыз эжесинин небересинин кызын көз карегиндей карап өз оюу менен өстүрүп жатты, Гүлүйпа дагы жакшы аял эле, кенжесиндей көрүп багып жатты, эркелетип жанына ала жүрүп кайда болсо ээрчитип алат. Убакыт деген адамдын ар бир мүнөтүн уурдап билинбей өтүп Гүлайым суксурдаө суйсалган кыз болуп чоңоюп бара жатты, Кумат эң кичүүсү болуп Гүлайымды ойнотуп чогуу өскөндүктөн өтө жакын, анан калса бала күнүнөн жакшы көрчү. Ыйлаганын укса тура калып көтөрүп сооротуп, балдар менен ойноп жатканда ага бирөө сүйлөсө же колундагысын талашса эле аны түртүп талашканын жулуп алып Гүлайымга алып берип үйгө жетелеп баса берет. Ата-эне муну башкача элестете албайт эле, анткени өздөрү дагы мээримин төгүп балдарынан бөлө алгыстай жакшы көрөт, бир туугандык сезим деп кубанып жүрүштү. Дуулатбеги мектепти бүтүп эле физкультурный институтка тапшырып окуп калды, Канайымы тогузунчуга окуп, Эркайым жетиге, Куматбек бешке окуганда Гүлайым биринчиге барып калды. Ошондо өзүнүн сабагы бүтсө дагы кетпей күтүп туруп аны ээрчите келет, бир бала же кызды сүйлөтпөйт, негедир жанынын жартысы, эгизинин түгөйүндөй. Сабагын өзү үйрөтүп, аныкын даярдап болуп анан өзүнүкүн даярдачу. Бара-бара Гүлайым көздөрү бадырайып татынакай кыз болуп бара жатты. Анда дагы аны Куматбек өзү ээрчитип барып кайра алып келет, кийин чоңойгондо аны классташтары тамашалап койсо мушташып кетчү болду. Бирок Гүлайымдын боору бөлөктүгүн кылдыбы ага бир күнү минтти:

— Кумаш аке, мен эми чоңойдум го, өзүм эле барып келем, мен үчүн балдар менен урушпай эле койчу.

— Гүлү, — Аны баары ошентип аташчу, — Мен сени аябай жакшы көрөм да.

— Ооба, агасы карындашын жакшы көргөндөй.

— Ананчы, сага бирөө сүйлөсө өлтүрүп коём.

 

УЛАНДЫСЫ БАР …

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE