Пример HTML-страницы

Социалдык тармактарда автоунааларды ташуучу техниканын видеосу кызуу талкууланууда

Акыркы жанылыктар

TurmushСоциалдык тармактарда автоунааларды ташуучу техника тартылган видео кызуу талкууланууда, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.

Токмок шаарынын айланма жолундагы көпүрөнүн астынан унаалар жүктөлгөн техника араң өткөн. Себеби жүктөлгөн унаалар көпүрөнүн темирине чейин жетип, кооптуу абал жаралган.

Дача айылы менен Токмок шаарынын ортосундагы, айланма жолдун үстүндөгү көпүрө 2019-жылы курулган. Буга 2018-жылы мектеп окуучусунун жол кырсыгынан улам каза болгону себеп болгон.

Токмок шаарынын ошол учурдагы мэри Данияр Амангелдиевдин айтымында, асма көпүрө Дача айылынан Токмок шаарына жөө келип окуган окуучулардын коопсуздугу үчүн жасалган.

Көпүрөнүн бийиктиги 24 метрди түзөт. Ага республикалык бюджеттен 13 млн сом каралган.

Дачанын тургундары болжол менен 2000 кишиге жетсе дагы айыл макамын ала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE