Пример HTML-страницы

КӨЗ ООРУЛАРЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=46079&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КӨЗ ООРУЛАРЫ

 

Сыналгыны жакындан көрүү, компьютерде көп олтуруу жана айлана-чөйрөнүн таза эместиги, булардын баары көзгө терс таасирин тийгизет эмеспи. Учурда ар кандай көз ооруларына чалдыгып ооруканага кайрылгандар көп. Көз оорулары эмнеден улам пайда болуп жатат жана көзгө кандай кам көрүү керек, бул боюнча дарыгер-офтальмолог кеңеш берет.

 

Айдарали Арыков, Ош облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын дарыгер- офтальмологу:

 

«Айрым көз оорулары жугуштуу болот»

— Көз бул — сезүү органдарынын ичинен эң негизгиси. Адам баласы жаңыдан жарык дүйнөгө келгенде көзүнүн көрүүсү +3 же +4 болуп төрөлөт. Ал бала чоңойгон сайын бара-бара көзүнүн көрүүсү өз калыбына келип калат. Ал эми кээ бир учурда көзүнүн көрүүсү начар төрөлүп калгандар да болот. Андайларга албетте, колдон келген жардамыбызды беребиз. Ал эми көзү тубаса азиз болуп төрөлүп калган болсо, анда жардам берүү кыйын болот. Көзүнө көп күч келтирип, көрүүсүн начарлатып алгандар да жок эмес. Көздү да өз убагында дем алдырып туруу зарыл. Антпесе көзгө көп күч келип олтуруп баш ооруп, көз талып, көздүн көрүүсү начарлап кетүүсү ыктымал. Көзгө жакшы кам көрүү ар бир инсандын өз колунда. Көздүн бузулушу көбүнчө ички органдардын же системалардын кандайдыр бир оорусу менен байланыштуу да болот. Айрым оорулары жугуштуу болот. Мисалы, көзгө суук тийип калганда, бактериялык коньюктивит жана вирустук коньюктивит деген микробдор көзгө кирип калат, ал жугуштуу оорулар. Бул оору адам баласына шейшеп, сүлгү, бет аарчы жана башка ушул сыяктуу буюмдар аркылуу жугат. Эгерде көрүү начарлап баратса сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу керек. Дарыгер көз айнек жазып берсе аны пайдалануу зарыл. Көз жабыркаганда көрүү өтө начарлап сокур болуп калуу коркунучу бар. Ооруп жаткан көзгө убагында медициналык жардам көрсөтүлсө жакшы айыгып кетет.

 

Азыркы кезде биздин ооруканага көбүнчө көзгө чел басуу (катаракта) жана көздүн кан басымынын жогорулашы (глаукома) боюнча көп кайрылышууда. Катаракта бул — көздүн ичине эт сыяктуу чел каптап калуу. Бул оору менен келгендер сөзсүз операция жолу менен айыгышат. Аталган оору менен кайрылгандарга 15 же 20 мүнөт операция жасалат. Айрым учурда көздүн катаракта оорусу менен туулган балдар да кезигет. Кээ бир учурда жашы улгайып калганда деле катаракта оорусуна кабылып калышат. Бул оору эс-тутумдун начар болушунан, көзгө суук тийип ооругандан, гормоналдык дарыларды ичкенден, көзгө бир нерсе киргенден пайда болушу мүмкүн. Ал эми көздүн кан басымынын жогорулашы көздүн ички кан басымы жогорулап кеткенде пайда болот. Аталган оору менен учурда жашы өтүп калгандар көп кайрылышууда. Глаукома көздүн көрүүсүнө аябай чоң коркунуч алып келет. Бул дартты убагында дарылабаса көздүн ичиндеги нерв тамырлары басылып отуруп кургап калат. Эгер аталган оору өтүшүп кетсе, операция жолу мененда оорудан айыктыра албайбыз. Анда көз биротоло сокур болуп калуусу мүмкүн. Бир гана жол оорунун алдын алуу болуп эсептелинет. Бул ооруга чалдыккан адамдын көзүнүн кан басымы дайым бир калыпта болсо гана көзүнө эч кандай зыяны тийбейт.

 

«Линзанын көзгө зыяны жок»

-Линзанын көзгө эч кандай зыяны жок. Линза экиге бөлүнөт: көздүн сыртынан жана ичинен коюлуучу линза болуп. Начар көргөндөр көз айнек тагуудан уялса көзүнө линза коюп алса болот. Ал көздүн сыртынан тагылуучу линза. Көзгө линза коюп жатканда колду таза жууп андан соң коюу керек. Анткени кир кол менен койсо, көзгө микробдор кирип көздүн ичин кызартып оорутушу мүмкүн. Линза койгондо биринчи кезекте тазалыкка маани берүү зарыл. Ал эми көздүн ичине коюлуучу линзалар көбүнчө көзгө чел басып калганда (катаракталарга) коюлат. Бул линзалар көзгө коюлган бойдон кайра алынбайт. Өмүр бою көздүн ичинде калат.

 

Алыстан начар көрүү (миопия)

Көрүүнүн кемчилдиги алысты бүдөмүк көрүү. Ал адамга жарыктын жетишсиздиги. Буюмдарды өтө жакын коюп иштөө мисалы: жазуу, китеп окуу, кол өнөрчүлүк жана башка нерселер себеп болот. Алысты начар көрүү көбүнчө мектепте окуган кезде башталып жаш өткөн сайын начарлай берет. Алыстан начар көргөндөрдүн көзү бат чарчап, көп китеп окуганда же жазганда каштын үстү ооруйт. Көз алмасын кыймылдатканда көзүнө чыбырчыктар көрүнөт. Алысты начар көргөндөр буюмду так көрүү үчүн аны көзүнө жакындатууга аргасыз болушат. Көрүү кемчилдигин оңдоо үчүн линза же көз айнек сунуш кылынат. Алар көзгө күч келүүдөн пайда болгон жагымсыз сезимдерди жоготот. Алыстан начар көрүүнүн күчөшүн алдын алуу үчүн көз менен иштөөдө гигиеналык шарттарды сактоо зарыл. Эгерде мектепте же болбосо бир мекемеде иштебеген адам болсо, көзгө күч келтирүүнү азайтса болот. 30-45 мүнөт иштегенден кийин 10-15 мүнөт көздү эс алдыруу зарыл.

 

Жакындан начар көрүү (гиперметропия)

Гиперметропия бул — буюмду жакындан бүдөмүк көрүү. Жакындан начар көрүү тубаса же кийин жашы өткөндө пайда болот. Дээрлик бардык балдар жакынды начар көрүшөт, бирок өсүү жана өнүгүү процессинде көпчүлүгүнүн көрүүсү калыбына келет. Эгерде жашы өтүп калганда жакындан начар көрүп калса дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, сунуштаган көз айнекти тагуусу керек.

 

Көзгө пайдалуу азыктар

 

Сабиз — көздүн тунарып жакшы көрбөй калышында жакшы жардам берет. Эгерде көз караңгылап, көз алдында кандайдыр бир жылдызчалар учуп калып жакшы көрбөй коньюктивит менен жабыркап жаткан болсо. Анда организмге А витамини жетишсиз болуп жаткан болот. Бул витамин көз торчосунун жакшы иштөөсүнө жардам берет. Күнүнө 300 граммдан сабиз жеп туруу сунуш кылынат.

 

Балык — көзгө эң чоң пайдасы бар. Балык көздүн даана жана курч көрүү үчүн көзгө эң керектүү азык. Жумасына балыкты 2-3 жолу 300 граммдан жеп туруу керек. Анткени балыктын курамында көздүн көрүүсү үчүн эң керек болгон май кычкылдары бар.

 

Көзгө туура кам көрүү

Көз бул — биздин эң негизги куралыбыз. Көзгө жакшы кам көрүү үчүн, биринчиден көздүн иштөөсүнө ыңгайлуу шарт түзүп, көзгө көп күч келтирбей, өз убагында дем алдырып туруу керек. Көз ооруларынан алыс болуу үчүн өздүк гигиенаны сактоо зарыл. Начар жарыкта эч убак китеп окуп, жазбоо, уюлдук телефондо, компьютерде көп олтурбоо керек. Анткени алардан чыккан жарык нур көздү талытып башты оорутуп, көздүн көрүүсүнө чоң зыян алып келиши ыктымал.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE