Пример HTML-страницы

Жумгалда «Апам жана мен» кароо-сынагы уюштурулду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунда «Апам жана мен» аттуу кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка жалпы 5 эне кыздары менен катышты. Сынактын максаты — эне-баланын ортосундагы сүйүүнү бекемдөө.

Кароо-сынакка 32 жаштагы Бурулсун Рысбекова кызы Арууке менен катышты. Алар Бугу эненин образында кийинип келишкен. Бул кийимди тигүүгө 3 күн кеткен.

«Мен кызым менен сынакка катышып жатам. Бул сынак өткөн жылы да болгон. Кызым Арууке бийге барып жатканына быйыл 4 жылдын жүзү болот. Сынакка ошол бийдеги кыздар энелери менен катышты. Башында кызым катышалычы деп болбой туруп алды. Кызымдын кыялын кыялбай койдум. Жободо көрсөтүлгөн талаптар менен даярдандык», — деди Рысбекова.

Бул сынакта катышуучулар ырдап, бийлеп, саркеч кийимдерди, кол эмгектерин көрсөтүштү.

Сынакта баш байгени 4 баланын энеси Гүлзат Дүйшөналиева кызы Раяна Турлубекова менен жеңип алышты. 2-орунду Бурулсун Рысбекова кызы Арууке Иманбекова менен, 3-орунду Элиза Жапарова кызы Эсманура Аскарбекова менен жеңип алышты.

Ал эми Назгүл Турданова менен кызы Адеми Турданова, Наргиза Шайыкова кызы Элима Асаналиевалар номинацияларга ээ болушкан.

Сынакка катышкан конкурсанттар демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер жана сыйлоо баракчалары менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE