Пример HTML-страницы

Жашагым келет 15 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=6541&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жашагым келет!!!!!!!!!!!!!
15-болум.
Бул масалени чогу олтуруп чечиш керек экен. Мыкы келсе сөзсүз кеңеш кылыш керек. Биз күткөндөй эле Мыкы кеч келди. Салим уктап калган, Шуру экөөбүз аш үйдө сүйлөшүп олтурганбыз. Маанай жок болчу.
—Оо менин кымбаттууларым, уктай элексиңерби? Түн жарым болду го апа.
—Сени күтүп олтурабыз балам, сүйлөшчү сөз бар. Шуру тамак сал Мыкыга.
— Жок апа Сайра эжекемдикинен тамактанып алдым, эмне сөз?
—Биринчи тынч олтуруп угам, уккан соң акыл калчап иш кылам деп сөз берчи.
— Тынчылыкпы апа? Жакында согуш болчудай го кебетенер, эмне болду? Билесиз го апа мен сиздин айтканыңызды аткарат экенимди.
—Шурунун ичиндеги баланын атасы кабарлашып жатат.
—Кимге?
— Шуруга кимге болмок эле.
—Сенин номеринди кайдан билет? Же дайым байланыштасынбы?
Мыкынын көзүнөн от жанып кетти, Шуруга болгон кызганыч Мыкыны жинди кыла жаздады.
—Мен билбейм, айылдагылардан алса керек. Ушул күнгө чейин бир дагы жолу байланышкан эмес болчумун, кудай турат үстүмдө.
—Кимде бар эле сенин номерин?
— Курбумда эле, анан туугандарда.
—Мен ошол курбундун башын жулуп келем, шашпасын. Ал ким экен бирөөнүн номерин бергидей. Ошол баланы кошуп жок кылам.
—Мыкы сен мага сөз бердиң эмеспи, эмне унуттуңбу? Олтур могундай.
—Апа угуп жатасызбы эмне деп жатканын?
—Угуп жатам, эгер ал бала Шуруну чындап издесе номерсиз үйгө дагы таап келмек. Азыр андай майда- чүйдөгө убакыт жок.
— Эмне кыл дейсиз анан? Эмнеге байланышыптыр?
—Баланы талашып, жакында авария болуп үй-бүлөсүн толук жоготуптур. Эми балалуу боло албайт имиш, эми келип мурун баш тарткан баласы керек болуп калыптыр.
—Мен ага көрсөтөм, бирөөнүн убалына калып анан кайра уялбай баланы сураганды көрсөтөм. Эртең жолго чыгабыз.
— Көрсөтө албайсың Мыкы.
—Эмне? Сен болушуп жатасыңбы? Же эмне бергиң барбы баланы?
—Ооба, мага койсо баласын карматып качмакмын. Өзүбүздүн көөп балабыз болмок. Түшүнүп жатасыңбы экөөбүздүн гана балдарыбыз болмок. Сага кандай өгөй болсо мага да ошондой эле өгөй бул бала. Мага керек эмес бул баланын.
—Анда эмнени чечише албай жатабыз? Сага бала керек эмес болсо бер анда. Сен деген күкүк энесин да. Сага баарыбир да э. Эркекке, мына бизге баланын өгөйү болушу мүмкүн, а мына аялдарга тагыраак айтканда силерге баардык бала бирдей болуш керек. Менден же анданбы бул баланын айрымасы эмне? Эгер энеси сен болуп жатсаң, сенин ичиңде турса. Сага кандайча өгөй болот айтсаң? Мен сени акылдуу экен дегем Шуру, каалаганыңды кыл уктуңбу. Мына мен, мен баланы эч кимге бербейм. Кудайдан башка эч ким тартып ала албайт, уктуңбу дейм?
— Уктум, кечирип койчу мен ойлогом бул баладан сени жийиркенет деп. Адашыптырмын, кечирчи, кечирип койчу.
—Басылгыла, баланы албетте бербейбиз. Бирок азыр бул жерде Шурунун абийри болуп жатат, ата-энеңдин жүзү жер карайт экен эми. Бул масалени тынч бүтүрө алсак кандай жакшы болмок.
—Апа мен аны жок кылып салсам маселенин өзү жоголот, мен эркекмин намысым бар.
—Жок кыла албайсың Мыкы.
—Эмнеге? Эмне мени арсыз деп жатасыңбы?
—Жок ал төшөктөн тура элек экен, турабы жокпу али белгисиз. Мен сени жакшы билем, оорукчан адам эмес сен өзүңдөн алсыздарды капа кыла албайсың.
— Төшөктө жаткан адамга баланын эмне кереги бар экен? Кантип багат?
— Ошо Мыкы маселенин баары ошондо, бала менен кошо Шуру дагы кайтпаса элге шермендесин чыгарат имиш.
— Шуруну каалап жатыптырбы э?
— Эмне кылабыз ошондо?
— Алардын сотко берүүсүн күтөбүз, биринчи кадам таштоого болбойт. Эгер биринчи тийишсек өзүбүзгө зыян.
—Мени шермендечиликтен сактайм!-деп башыңыздарга балээ үйүп алдыңыздар. Мен ал адамга барган бул жакта турсун атын уккум келбейт. Эмне кылышым керек эми.
—Арыз жаза электе чет өлкөгө чыгып кетсеңер болот же соттошуп, аягына чейин катуу турушубуз керек. Бирге болсок баарын жеңебиз. Шуру сен эч коркпо, эч бир сот баланы энеден ажыратпайт. Албетте эне өзүнө тың болсо, жашаган жайы болсо. Сенде ал нерсенин баары бар, буйруса сен эң мыкты эне болосуң.
—Балким жакшылап ойлонуп, чогу кеңешип, баланы берип салабыз. Айтабыз да баланы алып, тынчыгыла деп.
—Шуру дагы бир жолу ушул кеп оозуңдан чыкса менден таарынба, уктуңбу.
— Жакшы жолун издеп жатам мен.
— Кимге жакшы? Сагабы? Тигигеби? Же магабы? Кимге дейм. Тигинин аты ким?
— Толкун. Баарыбызга жакшы Мыкы. Айтып жатпаймынбы, мага бул баланын кереги жок.
— Сен накта жинди турбайсыңбы, эгер баланы бере турган болсоң мен сени менен жашабайм.
—Бирок, мен сен үчүн кылып жатам го баарын.
—Мен эч качан баланы же мени танда!-деп шарт койгон жокмун жана койбойм дагы.
—Мен сени жакшы көрөм Мыкы, бир жолу менин айтканыма көнүп койчу. Мындан кийин баардык нерсе сенин айтканың менен болот.
—Шуру Мыкы маакул болсо да мен макул болбойм. Баланын кайгысын мына мен жакшы түшүнөм, азыр ката кетирсен өмүр бою өзүңдү кечире албай өтөсүң. Жүрөгүңө кара дарт болот, мен аны жакшы билем кызым. Эгер соттошуудан, сөздөн коргоном десеңер кетип эле калгылачы. Кайрат дагы чоңоюп калбадыбы. Окуусунан кийин деле сенин ордуңа Сайрага жардам бере берет.
— Сөз өлүп кетсин, мен сенин күйөөң болуп турганда башыңды жерге кылчу болбо. Сөз менден өтө албайт, көчөдө калган жоксуң. Баланы болсо бербейбиз, уктуңбу.
—Ушул балага анча жабыштынар, түшүнбөйм. Аны дагы түшүнүп койсок кантет? Жалгыз туягын алгысы келет да.
— Убагында баш тарткан баланы азыр алып дагы жарытпайт. Төшөктөн тура албаса жаңы төрөлгөн баланы апасына каратат. Апасы өз баласын карайбы же ымыркайды карайбы?
Шуру ыйлап гана туруп берди, бүгүнкү түн аябай оор болоору турган кеп. Эми эмне болот экен, бул адамдар менен соттошууга алыбыз жетеби? Ушул ойлор менен алпурушуп таң атканча көз ирмебей чыктым. Биз корккондой эле эртеси таң атпай Толкун дегендин ата-энеси келиптир. Дарбазаны ачсам турушкан экен, болжол менен дароо тааныдым. Кайра эшикти жаап алууга аракеттендим, колу менен түртүп жаптырган жок, кирип келди.
—Шуруну чыгарып бер, бирөөнүн баласын көтөрүп жүргөн аялды эмне кармап олтурасың? Эмне өзүңдүн балаң тукумсузбу?
— Оозуңа кара-таш, чоң эле киши экенсиң сөз тандап сүйлөбөйсүңбү уятсыз. Мен Шуруну үйүмө ак нике менен киргизгем, кудай алдындагы ак никелүү келиним.
— Ичиндеги балачы? Ал дагы силердикиби?
—Атасы, чын эле ойлонуп туруп сүйлөчү, биз бул жака тынч олтуруп сүйлөшкөнү келдик.
—Анан эмне эшикти жаап алат, биз адамча келгенде адамча киргизбейби.
— Мен сени киргизүүгө милдеттүү эмесмин керек болсо уктуңбу. Азыр милиция чакыра элегимде кет. Шуру менен балам мыйзам алдында эрди-зайып, азыр сенин эч кандай акың жок Шуруга уктуңбу. Шермендечиликтен болсо коркпойбуз, мага демек дүнүйөнүн төрт тарабына жай. Бизге баарыбир.

Ушинтип айтканымды билем, бетиме муштум тийгенин билем. Катуу тийгенби же өзүм алсыз болуп калганмынбы жыгылып кеттим. Көзүм тунара түштү, бул акмактар үйгө бастырып кирип токмоктоп жатышса, көчөдө болсом өлтүрүп эле салышат окшойт. Балдарыма зыяны тийсе эмне болот? Мен булардан корктум. Шуруну Мыкыга алып берген жатканда Шуруну куткарам деп Мыкыны сындырып албаймынбы!-деп туура ойлогон экенмин. Бирок мен жаш кызды ажалдын колуна карматып кете албайт элем да, Мыкыга алып бербей эле шаарга жүрүп келсин!-деп алып кетсем да болмок экен. Болоору болду эми, артка кайрылып келбейт ал убак.
—Кызым, милиция чакыр тез. Бизди өлтүргөнү келишти де.
—Эмне болду апа? Булар ким?
—Милиция чакыр да бөлмөдөн чыкпай, бекитип олтуруп тургула милиция келгенче.
—Апааа сизди өлтүрүп салсачы, жардаааам,, жардамгааааа.. Эшикте ким бар жардам берип койгулачы, апамды өлтүрүп салат.
—Кызым ызы-чуу салбай айтканымды кыл.
—Токто эй кыз, Шуру кана? Эшикти жаппа дейм, Шуруну чакыр алып кетишет экен де.
—Кулпула дейм, жаап эшикти.
Чуркап жанагы кишинин артынан жеттим, эшикти ичинен илип алууга жетишип калды. Мени дагы урган калды эле жердеги пол жууган жыгачты ала койдум. Кудай жалгап жардам чакырганды угуп калып эки эркек чуркап киришти.
—Могу эркек кирип алып бизге зомбулук көрсөтүп жатат, эшике чыгарып салгылачы суранам. Милиция келгенче кармап тургула жок дегенде, кудай ыраазы болсун жардам кылып койгулачы.
—Эй байке аял кишиге зомбулук көрсөткөн эмне деген шумдук, тийбеңиз. Жакшылыкча чыгып кетиңиз, чоң эле байке экенсиз уят да ушул. Болбосо бизден таарынбайсыз, улуу экениңе карабайм.
—Аралашпагыла, бул катын менин боюнда бар келинимди үйүндө катып алып олтурат.
Тиги эки бала экөөбүздү улам карап, кимибизге ишенерин билбей калды.
—Эй калпычы, азыр милиция келсин ким кимдин келинин алып кеткен жатканын далилдейбиз.
—Бала биздики, уктуңбу.
Биз ушинтип урушуп жатканда милиция келип калды. Аялы- күйөөсүн унаага салып кетишти, мени дагы арыз жазуу үчүн чакырышты. Артынан барып арыз жазып келдим, жок дегенде он беш күн камайт деген үмүт болчу. Он беш күн камалып турса, бизден бала талашуу оюнан кайтат деп ойлогом. Бирок булар акчалуу немелерби эртеси эле чыгып кетишиптир. Үйдүн эшигин жаап, үйдөн чыкпай калдык. Кайрат менен Мыкыны дагы абайлагыла дегем, Шуруга болгон нерсенин баардыгын айткан жокпуз. Ансыз да ай- күнү жетип калган неменин жүрөгүн түшүрүп албайлы дедим. Кече болгон окуяны укту бирок көрбөй калган, анан экөөнү чыгарып жибергенин да билбейт. Күч жактан же мыйзам жактан тең келе албай аябай айлабыз кетти. Айылдагы Шурунун туугандары али билбейт окшойт, тынч эле жүрүшөт. Бизде жашынып, сактангандан башка айла жок, мен барып бүт жерге арыз жазып кайрылдым. Эч биринен майнап чыккан жок. Беш күн өтүп кетти арадан, Шуруну врач бүгүн төрөйсүң деген экен, ооруканага алып баргандан дагы коркосуң. Толгоо келбей турса деп тилейм. Бирок түндө Шурунун толгоосу башталып, төрөтканага алып бардык. Шуру өзүнүн баласын көргүсү жок, берип кутулгусу келет. Мен буга жол бере албайм, Шуру азыр жаш. Түшүнбөй ката кылган турат, эгер мен азыр акыл айтып токтотпосом кийин өмүр бою өкүнүп калат. Өмүр бою өзүн эле эмес баардык үй-бүлөнү бактысыз кылат. Мыкы дагы бергиси келбейт, Мыкы кандай сезимде бергиси келбейт биле алган жокмун бирок, менин оюмча намыс үчүн гана бергиси жок. Экөөбү тең жаш азыр. Шуру жарык дүйнөгө уул алып келди, накта баатыр төрөлдү. Бою узун, салмагы оор, кабагы салыңкы, кара-тору. Кудай дагы билип туруп бердиби өзүм таң калдым, Мыкымдын бала кезинин өзү. Бул баланы эч ким башканын каны дебейт, кээде мен дагы унутуп кетем каны башка экенин. Мен биротоло эле унутуп салмакмын, Толкундун ата-энеси болбогондо. Экөө күндө келип тажатты, Шурунун айласын кетирди. Сатып алалы дейт. Бала буюмбу силерге сатып алгыдай!-деп кууп чыккам. Шуру болсо экөөнү көргөн сайын жинденип, баланы такыр колуна албай койду. Баласын карагысы да жок, Мыкы экөө урушуп кетти ошонун артынан. Өзүнүн баласы өзү билсин дейин десең баламды кыя албайм. Эгер баланы берүүгө макул болсом балам мага таарынып, өмүр бою сүйлөбөй койот. Мыкым ушунчалык жүрөгү жумшак адам экенин эми билип жатам.
Наркылар кичине эсине келгендей, артыбыздан аңдыбай калды. Биз дагы кичине өзүбүзгө келе түштүк. Мен ойлодум Шуруну баарыбир бербейт!-деп үмүттөрүн үздүбү деп. Негизи баардык адамды өзүндөй ойлойт экенсиң, мен аларды ушунча сөздөн соң баарын түшүнгөн го дегем. Көрсө бул тынчтык согуштун алдындагы тынчтык экен. Акумду мектептен чыгып үйгө келе жатканда уурдап кетишиптир. Мага коңгуроо кылып кызыма өздөрүнүн небересин алмашат экенин айтышты. Болбосо кызынды экинчи көрбөйсүң дешти. Шуру өзү көнүп эле жаткандай, болгону балаңды көндүр алмашалы дешти. Бул айбандардын мындай жолго бараары үч уктасам түшүмө кирбептир. Колдорум титиреп эмне кылышымды билбей калдым.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE