Пример HTML-страницы

Сыноо 6 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17574&preview=true Кызыктуу окуялар.

СЫНОО…

6-БОЛУМ.

— Кел балам, — деди Кадырбек аны көрүп.

— Жезде, Залкар биздин тунубуз, — деди Сапийна атайын.

— Бойго жетип калган тура, — деп Шааркан Залкарды мээрим төгө карады, — Өтө гой айланайын, — Көп катышпасак эле жат болот экен адам, Сапийна өзүң жакшы келбейсиң.

— Таеже, биз мал менен эле чыга албай жүрбөдүкпү, эми кудай буйруса өзүн-өзү билген кезге келдик, каттайбыз да, — Сапийна шакылдай жооп кылды.

— Ооба-ооба, билгенге эркин заман, билбеген менен колунда жокко кыйын заман келбедиби, — деп Кадырбек карсылдай күлдү, — Деген менен кой үстүндө торгой жумурткалаган сонун заманда деле жетпегендер жетпей эле жашап жүрүшпөдүбү.

— Анан эмей, заманга шылтап коюп өздөрү эптей албай замандан көрүп келишет, ботом заман деген мына ордунда эле турбайбы, төрт мезгил ошол эле нугунда, элдин пейили гана өзгөрүп бара жатат, соода дегенди билбеген кыргыз баласы эл-жерин таштап бөтөн жерге кетип жатышат, байыртадан эле кыргыз эли момун калк, салт-санааны ыйык тутуп ата-бабанын сөзүн унутпай урпактарга аздектеп жеткирген улуу калк эле, жерибиз ыйык, кылымдар бою тоолорубуздун кенинин сырын ачып бүтө албай келе жатпайбы, — деди мугалим болуп иштеген Айтбүбү.

— Ырас-ырас, бир короо койго бир серке дегендей жетимиш жыл бою он алты Республиканы былк эттирбей башкарып келген Брежневдей адам жок болуп жатпайбы, эми өз-өзүнчө мамлекет болсо кантээр экен? — деди бири.

— Ошону айтпайсыңбы, дагы бир адилеттүү бирөө чыкканда эле май көл, сүт көл заман болбойт беле?

— Аттиң десеңчи, соодага көнбөгөн байкуш кыргыздын жаштары ар жакка кете баштады.

— Ай-ай, — деди тойду алып барып жаткан жаш келин колун көтөр, — Саясатты кое тургула туугандар, биз эки жаштын тоюнда отурабыз.

— Жакшы эмесе туугандар, эзелкиден баштайлы, эки жашка бакыт-таалай каалайлы, жакшы сөздөн айтылсын, эзил кайран өткөндү, эми мындай таштайлы, Бакыт менен Аиданын келечегинен баштайлы, — деди бири сөзмөрлүгүн билдиргендей, — Эмесе туугандар, куда-кудагыйлар, тага-жээн бөлөлөр, мына бул бөдөнөнүн сүтүн Какем жайында атайлап саап катып койгон экен, татып көрбөйлүбү? — деп отургандарды караганда жалпы күлүп калышты.

— Оо Какем элде жокту таап келсе кантип татпайлы.

— Ошону айтсаң, бөдөнөнүн сүтү болсо таталы.

— Эмесе эки жаш бактылуу, ырыс-кешиктүү болсун! — дешип алып ийишти, бака-шака болуп отуруп Нуралы бата тилеп уруксат сурашып үйүнө жөнөштү, жаш балдар калган эле да, Залкар жымыйып үйүнө келди. Ошондон кийин эле ал эки-үч жолу Атыркүлгө жолукту, узатпай кызды ала качып алышты, Атыркүл анча чыр салбады, эки жак сүйлөшүп алыстап бара жаткан тууганчылыкты эки баланын аркасы менен жакындаталы деп бүтүм кылышты. Нуралы ачуу басарга бир тай менен он миң рубль алып барды, ошол кезде рубль деген бапырап турган кез эле, ошентип Залкар акылкарачачтай кыз Атыркүлгө баш кошту, баардык ырым жырымын бүтүп Атыркүлдүн окуусуна карап Залкарды кошуп шаарга жөнөтүштү. Зайна зыңкыйган келин болгон, баласы бир жаштан өтүп боюнда да бар, ата-энесиникине келсе бир-эки гана күн болуп кайра жөнөйт, Эмил кайнагасы үйлөнгөндө кызмат кылып жүрдү. Уулунун атын Урмат коюшкан, Зайна кайын журтун сыйлап, ызаттап ыймандуу келин болгон, Нуралы менен Сапийна бир азга көңүлдөрү тына түштү. Туралы менен Зуура алардын жакшылыгында бирге, конокторун тозушуп, бир жагынан колунан келгенин берип канат бутак болуп иниси менен канаатташ. Табылды тамтуң басып калганда Айсалкын аны алы жетпесе деле көтөрүп, оюнчуктарын карматып кечке жанында. Зуура ага оюнчуктун түрүн алып берген, бою менен тең куурчагын уктаса дагы кучактап алып жатат. Табылды дале болпоюп жоош, жөрмөлөп бара жатып эле тура калып эки-үч аттап кайра отура калат, аны Айсалкын:

— Келе гой бас, бас Таки, — деп колунан тартканда ал башын чайкап:

— Тат-тат, тат, — деп жаркылдай күлүп колдорун серпе талпынып калды.

— Секетиң кетейин десе, балпайган каралдым, — Зуура келип көтөрө калып өөп-өөп алды, — Кудайым берген эрмектерим го?

— Жаман эмне басам деп жатабы? — Туралы сырттан кирип сурады.

— Ооба, тамтаңдап жатат, эжеси бастырам деп шашып жатпайбы.

— Зукен, — Туралы отура кетти.

— Эмне болду?

— Такинин тушоосун кесип койсок кантет?

— Азыр кое тур, нооруз майрамы болот деп жатышат го, ошондо кудай буйруса кестиребиз.

— Макул анда, ага деле үч-төрт ай бар экен, ушу нооруз майрамын ырас кылды ээ Зукен?

— Аначы, ал чоң майрам деп жатпайбы.

— Эл тынч болсунчу, жамандарыбызды эл ичинде аман-эсен жүрүп тарбиялап өстүрүп Асини жакшы-ы жерге берсек, уулума жакшы жерден аял алып берсек бкыйган байбиче чал болуп жашап калабыз.

— Кудайым ошого жеткирсин Туку, сокурдун тилегени көз дегендей экөөбүзгө ушулардын амандыгы гана керек го? — Зуура башын ийкеңдете жылмайып алды.

— Апа, мен качан чоңоем? — деп Айсалкын быйтыйган колдору менен Зуураны кучактап алып өпкүлөп калды, — Мен эйте-эйте чоңоюп калам ээ?

— Берекем го, секетим го ушул, сен сулуу кыз болуп чоңоесуң да.

— Мен чулуумун ээ апа?

— Ооба, сен сулуу кызсың да, — Зуура чоп эттире өөп койду.

— Кызым Курманжан жаткадай кыз болот, — Туралы мулуңдай карады.

— Менби? — Айсалкын көзүн ирмей карап калды.

— Ооба, сен да, — Туралы күлүп койду.

— Апамчы?

— Апаң дагы сулуу.

— Апам экөөш чулуубуз да ата.

— Ананчы кызым, апаң экөөңө эч ким жетпейт да.

— Ченчи ата?

— Мен дагы кызым.

— Такичи?

— Таки дагы, биз баарыбыз башкачабыз кызым, — Зуура күлүп бооруна кысып өөп-өөп алды, — Садагаларым го ушулар.

— Ырыстары го ушул.

— Ат-та, ат-та, — деп ойноп отурган Табылды талпынып калганда экөө тең умтулуп жетип:

— Таки, — деп Туралы ала койсо:

— Таки, — деп Зуура ага жалдырай карады.

— Апа-а, Такини ойното-ом, — Айсалкын аларды бучкактады, бул ар бир күнү үй-бүлөөдө болуп турган көрүнүш, эрди аял эки бала менен бактылуу эле, Табылды күн санап чоңоюп бара жатты. Жашоонун өзөгү болгон адам, өмүрдү жашартып турган бактылуулук эмеспи, Айсалкын бөйтөйүп чоңоюп бара жаткан сайын Нуралы менен Сапийна аралашып чогуу жүргөнгө кийинчерээк саал имергендей, болуп бара жатты, күн ара эле чогуу болуп той-топураларда келип кеткенге көз алдында өспөдүбү, анын үстүнө кыз бала боорукер дагы жаракөр болот эмеспи, Нуралыны деле аталап жетип барып алдына отуруп калат, Сапийнаны апалап жанына барып калат, кантип имерилбесин. Башында тең карап: «Балам жок деп арман кылчу элем, Асинин өз ата-энесинен бөлмөк белем, аман болсо болду, эки үйдүн эркеси болуп жүрө берсин», — деп ойлоп жүргөн Зуура негедир кызганчу болуп бара жатты. Баккан бала боор эт менен барабар дегендей дилинде макул болсо дагы жүрөгү макул болбой кийин алардыкына бара турган болуп калса Туралыны эки бала менен үйүнө таштап кетчү болду. Айрыкча Айсалкын өзү дагы көзгө жакын болуп тили буудайдай сайрап текилдеген кыз сүймөнчүк эле. Чоңоюп кеп-сөзгө түшүнгөндө өзүм айтып түшүндүрөм деген оюнан кайтты Зуура, ал балам жалгыз болуп калат, эжем бар деп каниет кыла турган болсун деген ниетте эле. Бирок кудайдын керемети менен уулу экиден өтүп калганда кайрадан кош бойлуу болуп калды, илгертен эел улуу кишилер: «Бирөөнө эрте, бирөөнө кеч берет, алланын буйругуна айла жок, үмүт үзбөш керек», — дегендей эле Зуура кырктан ашканда балалуу болуп бактылуу болуп турган кези. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок демекчи экинчиси дагы уул болду, жылдар жылып билинбей өткөн убакыт тез эле Айсалкынды суйкалган сулуу кызга айлантты. Зуура дал өзү күткөн мезгил келгенин сезди, кудайга тобо кылып Айсалкын он үчкө чыкканда аны жанына отургузуп алып сөз баштады:

— Кызым, — деди ал кызынын көкүлүнөн сылап, жүзүнөн өөп, — Менин сага айтаар бир жомогум бар, сен бой жетип бара жатасың, мени түшүн, — деди.

— Ал кандай жомок апа?

— Чындыктан жаралган жомок кызым.

— Кызыктуубу?

— Ооба кызым, — Зуура терең дем алып алды.

— Айта бериңиз апа.

— Сен сабакты жакшы окуйсуң ээ?

— Ооба, эмнеге сурадыңыз?

— Жакшы окуп жатасың туурабы?

— Ооба.

— Эмесе тыңда, — Зуура Туралы жокто сөз баштады, Табылды экинчи класста окуп калган, экинчи уулу Айылчы жетиге чыгып жаш деп окутушпай койгон, алар атасын ээрчип Нуралыныкына кетишкен эле, — Эки бир тууган болуптур кызым, абдан ынтымактуу экен, бири-бири үчүн ичкен ашын таштай коюп кандай кыйындык болсо дагы бел болушчу тура, ошол эки бир туугандын бири балалуу болбой көп жыл инисинин балдарын өз баласындай көрүп чогуу жашашат. Алардын аялдары дагы эже-сиңдидей бири-бирине ынак, сырдаш курбудай болот, инисинин аялы беш бала төрөйт, алтынчысын төрөөрдө…

— Апа, бул жомок эмес го?

— Жомок кызым, болгон окуядан алынган жомок.

— Анда айта бериңиз.

— Ошол баласын эркек болсо агасына берүүнү чечишет, бирок кыз болуп калып иниси агасына кеңешсе кыз болсо дагы бере бер дейт да төрөөрү менен жети күндүк наристени ага-жеңесине беришет. Алар кубанып багып алышат…

— Ал ким апа? — дейт сезимтал кыз башын көтөрө.

— Азыр айтам кызым, ошол кызды багып алгандан эки жыл өтпөй баягыл төрөбөгөн аялдын боюна болуп уул төрөп алып баккан кызын акжолтой дешип ого бетер жакшы көрүп багышат. Кыз татынакай сулуу кыз болуп өсүп келе жатканда бир туугандардын үйүндө тойлор болуп көпкө бир үйдө болгон учурда аял кызын ата-энесинен кызганып алып барбай калат. Кийин дагы бир балалуу болуп алардын балалуу болбой калдык деген санаасы тынып бактылуу жашап калышат.

— Ошолор биздин айылдабы апа?

— Ооба, ал тургай менин жанымда, — Зуура мээримдүү жылмайып Айсалкынды көздөрүнөн өбөт, — Мына ошол кыз сенсиң кызым.

— Эмне дейсиз? — Айсалкын алая карады, анын көз карашында эч нерседен бейкапар бае көз караш эле, — Ки-им?

— Сенсиң кызым, сенин апаң Сапийна, ушундайда айтып койбосом кийин мени кечирбей коебу деп ачык айтканга бел байладым кызым, эстүү кызсың сен, баарын түшүнө албасаң дагы таразалап көрө турган болосуң, — деп Зуура алдына башын коюп жаткан кызын эңиле караса көздөрүнөн мөлтүлдөгөн жаш куюлуп Зууранын тизесине агып сиңип кетип жаткан экен, жүрөгү миң жеринен канжар тилгендей зырп эте сайгылашкан аял анын башын көтөрүп бооруна кысты, солкулдап өзү дагы ыйлап жатты.

— Апа, мен сенин эле кызың болоюнчу.

— Ооба садагаң, сен менин эле кызымсың, болгону чындыкты билип алсын дедим.

— Апа, мен мурда эле уккам.

— Кимден?! — Зуура чоочуп кетти.

— Алина бар го?

— Ийи.

— Ошол уруша кеткенде сен Нуралынын кызысың деген да.

— Сен эмне дедиң эле?

— Калп, мен атамдын эле кызымын деп айткам.

Айсалкын керилген кыз болду, ата-энесинин айтканынан чыкпайт, суйкайган сулуу кызга айылдан далайлары куда түшүүгө даяр эле, болгону он биринчи класста окуйт. Өзү бир дагы жигитке көңүл бурбады, Нуралынын балдары үйлөнүп эң кичүүсү Жапар үйлөнгөнү

Турат, Жайна болсо бир балалуу болуп калган. Зайна төрт баланын энеси, күйөөсү экөө бизнес менен алектенишип, тың турушат, Нуралы абдан байыган, мен дегендер менен байланышып, малын бакканга киши жалдап абройлуу боло баштаган. Туралынын малын чогуу багат, аны көбөйткөн дагы ошол Нуралы, жайы-кышы керек дегенин берип, сатканын сатып турат, Зуура менен Сапийна болсо балкайып толгон, кийим кечеси баалуу, колдору менен мойнунда алтындар, Табылды менен Айылчы катар бой жетип бара жатат, Айсалкынга ар кай жактан жуучу түшкөндөр көбөйгөнүнөн мектепти бүтөөрү менен эле шаарга окууга жөнөтүштү, мед академияда окуп калды. Алгачкы курстан бир жигит артынан түшүп бура бастырбай сүйүүсүн арнап жалдыраган жигиттин аты Аманат эле…

Аманат Көлдүн Тоңунан болот, ал дагы жалгыз бала, Санамдын жалгыз уулу Болот, сүйлөшүп жүрүп Гүлсайрага баш кошкон эле, эне кубанып уул-келини менен жашап бактылуу болуп жүргөндө келини ушул Аманатту төрөп эле көз жумду, Болот сүйгөн жарынын көз жумганына кайгырып баласын ла карабай ичип жүрүп алды. Санам бечара агы — ак кызылы кызыл сүлкүлдөгөн аял, өз курагынан бир топ эле жаш көрүнчү, үч жылда алтымышка чыга турган аял бир гана бала төрөгөнгөбү же өзүн жакшы карап жүргөнгөбү он жаш берегирээк көрүнчү. Аманат үчкө чыгып калганда Болот тагдырына көнүп сүйгөн жарын унутуп бир аз өзүнө келип уулуна карап калганда капыстан өзүнүн волга-31инен аварияга учурап каза болуп калды. Ушул Аманатты дагы өзү атайын койгон болчу. Ботодой боздоп отурган Санам ошолорду ойлонуп отуруп: «Каралдым ай, аманатың ушул беле, өзүңдүн дагы өлөөрүңдү билдиң беле кокуй», — деп сыздап отурду. Ал ушул азыр өткөндү эстеп жалгызын жоктоп отуруп көз алдына кээ бирин келтирип жатты, анда жаңы гана Гүлсайра көз жумуп башын көтөрбөй ичип да ыйлап да отурган баласына:

— Боки, баланын атын коелу балам, мына кыркы да өттү, күбөлүк алына элек, — деди эле башын көтөрбөй туруп:

— Аманат деп жаздыра бериңиз, — деди.

— Башка эле ат коелу балам.

— Жок апа, Гүсайра мага аманатын таштап кетти, сүйүүм ушуну менен өчтү, балаңды көзүмө көрсөтпө, бага бериңиз, — деп колун шилтеди.

— Балам, өлгөндүн артынан өлмөк жок садага, атадан бала калат, энеден кыз калат, бир туугандан ажырайт, бирок жашоо токтоп калбайт, жашоонун сыры да чыры да көп жагы ушунда.

— Бара бер апа, Аманат болсун ошол бала сизге, мен көргүм келбейт!

— Кой садага, Бакытбек же Таалайбек коелу…

— Болсо Аманат болсун, болбосо жок! — деп Болот туруп кетти. Санам андан кийин үндөбөй чыгып кетти, бирок күбөлүгүнө Аманат деп жаздырды, уулун капа болот деп ойлоду. Кийин Аманат төрткө карап сүйлөп калганда:

— Боки, уулуңду карачы, ата-ата деп жаны калбайт, — деп Санам имерилсин деген ойдо айтты эле:

— Апа, туулбай жатып энесин жуткан балаңды койчу! — деп телевизор коюп отуруп алды.

— Кой балам, балаңды антип өзүңдөн алыстатпа.

— Чоңое берсин апа, ал сенин балаң.

— Мейли-мейли, — Санам күлүп калды, — Боки мени укчу садагаң.

— Дагы эмне болду апа? — Суз апасын карады.

— Үйлөнсөң боло эми.

 

УЛАНДЫСЫ БАР…..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE