Пример HTML-страницы

Стоматиттен кандай сактанууга болот?

https://kyrgyzcha.site/?p=46848&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Стоматиттен кандай сактанууга болот?

 

 

Өзүбүз оорусак да, балабыз оорубасын деген элбиз. Бала ооруса, жан үрөп, убайымга батабыз. Кичинекей чүрпөңүз стоматит менен оорудубу? Стоматит эмнеден улам пайда болду? Алдын-алуу үчүн эмне кылыш керек? Бүгүн ушул темага байланыштуу бир нече маалыматка көз жүгүртсөк.

 

Стоматиттин пайда болуш себептери:

 

* Бала уктап жатканда ууртун тиштеп алуусу мүмкүн. Жыйынтыгында анын орду жарага айланат;

 

* Өтө ысык тамакты суутпай оозго салып, күйүп калган учурда;

 

*Иммунитетин алсыздыгы да таасир берет;

 

*Тамактан аллергия болгондо;

 

*В12 витамининин жетишпестигинде;

 

*Стоматит көп учурда ооз көңдөйүнүн кургап калуусунан да пайда болот. Мисалы, балага суук тийип калганда тез-тезден жөтөлүп, чүчкүргөндүктөн, тамагы менен ооз өңдөйү кургап кетет. Суюктук өтө аз бөлүнөт. Ошондуктан, ушул аймактардын иммунитети алсырай баштайт. Анын кесепетинен ооздун чел кабыгы коргоосуз калат да, анда түшкөн бактерияларга коргон боло албайт. Андан улам ооз көңдөйүнүн жабыркашы «стоматит» же “оозул” деп аташат. Бул кичинекей балдарга да, чоңдорго да ыңгайсыздык алып келет.

 

 

 

Белгилери:

 

*Уурту былжыр болуп, ооздо жагымсыз жыт пайда болот;

 

*Баланын уйкусу бузулат;

 

*Туура тамактана албайт;

 

*Тынчы кетип, ыйлай берет;

 

*Дене табы көтөрүлөт;

 

*Алгач пайда болгон 1-2 күндө тилде өтө майда көбүкчөлөр пайда болот. Артынан тилдин көп бөлүгү ак тартып кетет;

 

Стоматиттин үч түрү белгилүү: афтозды, герпетикалык, ангулярлуу.

 

 

 

Алдын алуу ыкмалары:

 

*Атайы диета. Жаранын күчөп кетүүсүнө алып келчү тамактарды чектөө кажет. Мисалы, кычкыл, ачуу жана ысык тамактарды бербеңиз. Ошону менен бирге, таттуу тамактарды да азайткан оң.

 

*Ооз көңдөйүнүн гигиенасы. Тазалоого жумшак щетканы пайдаланыңыз. Күндө бат-баттан антисептикалык каражаттар менен тазалап туруу зарыл.

 

*Үй жагдайында кайнаган сууга эзилген сода менен чайкоо жардам берет.

 

*10 күндүн ичинде жара айыкпаса, дарыгерге алып барыңыз.

 

Адамдардын көпчүлүк пайызы таттууну жакшы көрүп, көп жешет. Таттуу ооз ичиндеги бактерияларды көбөйтүп, кислотаны пайда кылат. Кислота тиштин эмалын жукартып, натыйжада тиштин саргайышына жана курт түшүшүнө алып келет. Тишке терс таасирин тийгизүүчү азыктар булар: кофе, чай, шоколад, таттуу жемиштер, кызыл вино, шире жана эң зыяндуу азык – бул Кока-Кола. Тиштин саргаюусунун дагы бир себеби – тамеки. Тамеки тарткан адамдын тиши сары болот, себеби тамекинин түтүнү тишти бат эле саргайтып, тиштин өңүн жагымсыз абалга алып келет.

 

Профессионалдык тиш агартуу

 

Бул заманбап технологиянын өзгөчөлүгү катары өзүнүн крем пастасын жана тазалоочу гелин айтсак болот. Бул технологиянын жардамы менен тазалаткан адамдын тиши бир жыл бою таза жүрөт, башкача айтканда тишке терс таасирин тийгизүүчү микроб, бактериялардан бир жыл бою сактайт. Кошумчалап кетүүчү нерсе, zoom гели тиштин тамырларын бекемдеп, бир аптанын ичинде тиштин эмалын көбөйтөт. Ооз ичинде аллергиясы бар адамдар бул ыкманы колдоно алышпайт.

 

Лазердин жардамы менен агартса да болот

 

Дүйнө жүзү боюнча эң кымбат тиш агартуу ыкмасы – лазердик болуп саналат. Себеби тишти лазердин жардамы менен агартат жана ооруну сездирбөөчү лазер дарыларын колдонот. Бул процесс бир айда төрт жолу кайталанып, мөөнөтүнө жараша тиштин актыгын сактайт. Башкача айтканда мындай процесстин мөөнөтү 6 айлык, 1 жылдык же 3 жылдык болот. Мындай агартуудан кийин тамеки чегүүгө жана таттууларды көп жегенге болбойт.

 

Кош бойлуулар агартпай койсо болот

 

Албетте боюнда бар аялдар, жашы 16га толо элек улан-кыздар, тиши жасалма адамдар, башкача айтканда брикет же таңдай тиши бар адамдар тишин агартпай койсо болот.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE