Пример HTML-страницы

ОшТУнун колледжи менен Жалал-Абад колледжинин окутуучулары тажрыйба алмашты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад мамлекеттик университинин колледжи менен Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучулары тажрыйба алмашты. Бул туралуу окуу жайдан билдиришти.

Колледждер аралык мобилдүүлүктү өнүктүрүү максатында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин окутуучулары М.А.Бекешов жана Э.Ч.Ташиев ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин ТОиРАТ-1-21(9) тайпасынын студенттерине «Автоунаанын түзүлүшү» предметинен конок лекцияларды өтүштү. Мында автоунааларды техникалык тейлөө багытындагы адистиктер үчүн атайын адистикке тиешелүү болгон бардык акыркы маалыматтарды камтыган лекциялар окулду.

Заман талабына ылайык адисти даярдап чыгуу үчүн өнүгүүнүн заманбап үлгүлөрүн камтыган лабораториялык, техникалык жана усулдук колдонмолорду колдонгон маанилүү лекциялык сабакка студенттер кызыгуу менен катышышты.

Бул тажрыйба алмашуунун алкагында гуманитардык-технологиялык колледжинин автоунаа кафедрасынын ага окутуучусу А.Э. Кочкоров «Автоунаалардын диагностикасы» предметинен, окутуучу Т.М.Бурканов «Автоунаанын түзүлүшү» предметинен Жалал-Абад колледжинин ТОиРАТ-2-21(9,11) тайпаларынын студенттерине практикалык сабактарды өтүп келишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE