Пример HTML-страницы

Ошто изделип жаткан аял Баткен шаарынан табылды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынан изделип жаткан аял Баткен шаарынан табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка караганда, 2-апрель күнү Ош шаарында убактылуу жашап жүргөн 61 жаштагы П.М. милицияга кайрылып, 33 жаштагы П.Р. аттуу кызы жашаган үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ага байланыштуу багыттама берилип, издөө иштери башталган. П.Р. 4-апрель күнү Баткен шаарынан табылып, Ош ШИИБге кабар берилди.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE