Пример HTML-страницы

ӨРҮКТҮН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ

https://kyrgyzcha.site/?p=46795&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Өрүктүн мекени болуп Армения өлкөсү эсептелинет. Бул жемиш Армениядан Греция, андан кийин Европа өлкөлөрүнө македондук Александр аркылуу таралганы тарых булактарында айтылып келет. Дүйнө жүзүнө өрүктүн 50дөй сорту белгилүү болсо, анын 20га жакыны, «Кандек», «Курмайы», «Субхоны», «Мирсанжали», «Курсадык» сыяктуу даамдуу түрлөрү мекенибизде өстүрүлүп келет. Келгиле, эмесе, биздин күнөстүү Баткен облусунун бренди болгон өрүк тууралуу кеп салалы.

 

ӨРҮКТҮН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ

Пакистандын тоолуу бир районунун тургундары европалыктарга караганда 10 жыл узак жашашат экен. Окумуштуулар бул сырдын түйүнүн да чечүүгө жетишишкен. Көрсө, алар өрүктү күнүмдүк турмушунда кеңири пайдаланышат тура.

Чындыгында, өрүктүн адамдын ден соолугуна пайдасы зор. Бул жемиш сулуулукту сактап, терини жашартып, чачтын түбүн бекемдейт. Кан айлануусу начар, жүрөгү бир калыпта сокпогон, инфаркттан жапа чеккендерге өрүк жеп туруу сунушталат. Өрүктүн дагы бир касиети, ал жүрөк булчуңдарын бекемдеп, чарчоону тез жазат. Астма пристубун жумшартып, канды жана боорду тазалоочу касиетке ээ. Түрк медиктери көп жылдар бою изилдеп, жаңы жана кургатылган өрүк эркектер үчүн эң пайдалуу азык экенин айтып чыгышкан. Анткени бул жемиш потенцияны жогорулатуучу касиетке да ээ. Ошондой эле өрүктүн курамындагы калий менен каротин заты ашказан жарасынан жана бөйрөктөгү таштардан арылууга жакшы жардам берет. Ал эми өрүктүн данегинен жасалган “өрүк сүтү” жөтөлгө, бронхитке даба. Мындан сырткары данегинен май алынып, ал медицинада дары-дармектерди жасоодо кеңири колдонулуп келет.

Чоңдор үчүн күнүнө 200-300 грамм өрүк жеген жетиштүү болот. Эсиңизде болсун, өрүктү ач карын жегенге болбойт. Ошондой эле бул жемишти жеген соң дароо муздак ичүү сунушталбайт. Ичеги-карындарга зыян алып келиши мүмкүн.

Өрүктө жана анын кагында кант көп болгондуктан, кант диабети менен ооругандарга өрүктү көп пайдаланууга тыюу салынат.

 

ӨРҮК КАК ЖАСОО

Өрүк кургатуу иши алгач Орто Азия чөлкөмүндө башталганы айтылып келет. Андан өнүгүп отуруп акырындык менен дүйнө жүзүн кучагына камтыган. Өрүктү туура кургатууну жана сактоону кааласаңыз, анда аны күнгө эмес, көлөкө жана мелүүн жел жүрүп турган жерге кургатканыңыз оң.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE