Пример HTML-страницы

Мугалим Айзат Куттубек кызы жолдошу менен таанышкан күнү эле турмуш курган

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-аталык мугалим Айзат Куттубек кызы кесиби боюнча ийгиликтерди жаратып жатат. Ал учурда Ивановка №4 башталгыч мектебинин мугалими.

Каарманыбыз 1996-жылы Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Кара-Шаар айылында туулган. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын алтынчысы.

«6 кыз, 4 уулбуз. Мен кыздардын эӊ кичүүсү, эркесимин. Менден кийин 4 уул бар. Ата-энем баатыр ата, баатыр эне. Учурда алар ардактуу эс алууда. Кара-Шаар айылындагы Т.Салыкбаев атындагы мектепти 2014-жылы аяктап, Балыкчы шаарында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин башталгыч класстын мугалими факультетине тапшырып, аны 2016-жылы артыкчылык диплому менен аяктагам. Колледжде стипендия алып, эң жакшы окудум. 2022-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башталгыч класстын мугалими факультетин бүтүрдүм.

Эмгек жолум 2017-жылы Кочкор районунун Соң-Көл орто мектебинен башталды. Ал жерде аз убакыт иштеп, 2018-жылдан тарта Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка №4 башталгыч мектебинде иштеп баштадым. Жумушка болгон кызыгуум, балдарга болгон сүйүүм ушул мектептен башталып, көптөгөн ийгиликтерге жетише баштадым. Алгач чоочун айыл, чоочун жерге көнүш абдан оор болду. Бирок мени тосуп алган окуучуларым менин үйүмдөн да артык болор эле. Бар күчүмдү, идеямды окуучуларыма арначумун. Күнүгө жаңы идея менен барып, балдарга кызыктуу сабактарды өтөр элем. Азыр ал классым 6-класс болушту. Башка мектепте окушса дагы мени эжекелеп келип, ден соолугумду сурап, баарлашып кетишет. Окуучуларга болгон сүйүүм күч болгондуктан, окуучуларымды олимпиадаларга, чемпионаттарга, турнирлерге алып бардым. Алгач эле спорт стекинг боюнча мелдешке катышып, Чүй облусу боюнча мелдештен жеңип, мектепке 10 кубок, белектер менен келдик.

Мектебибиз заманбап талапка ылайыкталган. Мектепте интернет, интерактивдүү такта, колонка жана башка жабдыктар менен жабдылган. Үзүрлүү эмгектин арты менен Ивановка айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы менен, КРдин «Мугалим журнал» тарабынан уюштурулган «Мыкты класс жетекчи-2022 » онлайн кароо-сынагында ардак грамота менен сыйлангам. Ошол эле жылы Ысык-Ата районун ардак грамотасы менен да сыйландым», — деди ал.

Каарманыбыз Кочкор районунун Төлөк айылына келин болгон. Ал үй-бүлө куруу окуясы өзгөчө болгонун айтат.

«Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди таанычу эмеспиз. Элдер кыз-жигит болуп 5 жыл же 5 ай сүйлөшсө, мен 5 сааттын ичинде эле таанышып, турмушка чыгып кеткем. 2016-жылдын 19-ноябры болчу. Негизи жолдошумдун карындашы биздин айылдын жигитине турмушка чыккан. Ошол карындашы аркылуу мага куда түшүп келиптир. Мени терезеден көрүп эле «жакты, бүгүн алып кетиш керек» деген экен.

Көшөгө отуруп, кишилер келип баштаганда чай куйганы чыктым. Баарына текши эле жүгүнүп жаттым. Кайним баласы менен кирсе, аны мен кайнагам деп ойлоп, ага дагы жүгүнүп алыптырмын. Кайним да мени алкап, билмексен болуп коюптур.

Дагы бир күнү чуркап келе жатып, колумдагы табакты кайнагама байкабай берип, «ары коюп коёсузбу» деп кетип калыптырмын. Мен кеткенден кийин кайнагам: «Келиним мени жумшап койду» десе, үйдөгүлөр күлүшкөн тура. Угуп алып аябай уялгам.

Ал эми жумуш үстүндө көп эле кызыктуу окуялар бар. Бирок, бир окуя такыр эстен кетпейт. Окуучу кыздар: «Эжеке кыз төрөӊүз» десе, балдар: «Эркек төрөсүн» деп тартышып калышчу. Мен болсо, «тилегиӊер орундалып, кыз дагы, уул дагы төрөйүн» деп күлүп калчумун. «Сиздин 26 балаңыз бар. Биз сизге үй алып беребиз» деп азыркыга чейин айтып келишет», — деди каарманыбыз.

Айзат айым келечектеги максаттары тууралуу дагы кеп кыла кетти.

«Азыркы убакта интернеттин өнүккөн учуру. Мугалимдерге күн санап курстар, тренингдер, вебинарлар онлайн өтүп жатат. Ар жыл сайын республикалык кароо-сынактардан өзүмдү сынап келем. 2023-жылы «Санарип мугалим» уюштурган курска катышып, сертификат жана кол саат менен сыйландым. Бул курстардан мен өзүмө болгон ишеничти, жаңы методдорду, жаңы кесиптештерди таап келем.

Менин кесибим — эң ардактуу кесиптердин бири. Мен бул кесибим менен сыймыктанам. Келечектеги максаттарымдын бири — окуучуларымдын билим деңгээлин, күч-аракетин республикалык деңгээлде эмес, эл аралык деңгээлде сынап көрүүсүн каалайт элем», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE