Пример HTML-страницы

Каш беттин формасына жараша чийилет.

https://kyrgyzcha.site/?p=21863&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КАШ БЕТТИН ФОРМАСЫНА ЖАРАША ЧИЙИЛЕТ.

 

Каштын формасын туура тандоо керек

 

Каштын формасын тандоонун алдында бетиңиздин формасы тегерек, төрт бурчтуу, үч бурчтуу, сүйрү экенин аныктап алышыңыз зарыл.

 

Каштын формасы сиз каалагандай идеалдуу болуусу үчүн 3 эрежени аткаруу керек. Ал 3 эреженин жардамы менен төмөндөгү чекиттерди бириктирүү абзел.

 

-Мурундун учуна карандаштын бир башын коюп, экинчи жагын каштын башталган чекитине алып келип белгилөө керек.

 

-Мурундун учуна карандаштын бир башын коюп, экинчи жагын каштын борбордук чекитине алып келүү абзел. Ушул жерден каш беттин формасына жараша өйдө же ылдый кайрылат.

 

-Мурундун учуна карандаштын бир башын коюп, экинчи жагын каштын бүткөн жерине жылдырып, ошол жерди белгилеп алуу зарыл.

 

— Эми чекиттерди бириктирип күрөң карандаш же тендин жардамы менен кашты чийип алыңыз да, ашыкчаларын кыркып, терип салыңыз.

 

 

 

Каштын бетке жараша формалары

 

Төрт бурчтуу беттерге

 

Каштын ай сымал формасы төрт бурчтуу беттерге сунушталат. Себеби каштын бул формасы беттин формасын түп-тамырынан өзгөртүп, бетти тегерек көрсөтүп коёт.

 

 

Тегерек беттүү айымдарга

 

Ич жагы кичине өйдө көтөрүлүп, уч жагы кичине ийилип турган каштын формасы ылайыктуу. Анткени ал бетти узунураак көрсөтүп, адамдын көз карашын ажардуу кылат.

 

 

Сүйрү беттүү айымдарга

 

Ич жагы өйдө көтөрүлбөгөн, бирок уч жагы кичине ийилип турган каштын формасы сүйрү беттүү айымдарга туура келет. Анткени ал тең салмактуулукту сактап турат. Эгер кашты туурасынан түптүз формасы боюнча калтырып койсо, ал адамды ачуулуу же токтоо көрсөтүп коёт.

 

Үч бурчтуу беттүү айымдарга

 

Мындай беттүү айымдардын кашы ичке жана узун, уч жагы кичине ылдый карап турушу керек. Эгер каштын баш жагына караганда уч жагы ылдыйыраак жана узун болуп калса, ал каш адамды кайгы тартып, кабагы ачылбагандай көрсөтүп коёт. Үч бурчтуу беттүү айымдарга үйдүн чатыры сымал үч бурчтуу каш жараша бербейт.

 

 

 

АДИС “Кардарлардын көпчүлүгүнүн кашынын формасы туура эмес чийилген”

 

– Айтсаныз каштын формасы беттин формасынан тышкары дагы эмнеге карап чийилет?

 

– Адамдын кашы менен көзүнүн аралыгы жакын болсо, анда каштын ортосун алысыраак чийип, уч жагын өйдө каратабыз. Эгер адамдын чекеси алыс жайгашса, каштын уч жагын ылдый каратып чиебиз. Бул учурда чекеси    жакын жайгашкандай элес калат. Мурду узун болсо, каш жоонураак жана узунураак, уч жагы өйдө карап турушу зарыл.

 

– Каштын формасын макияж бүткөндөн кийин чийүү керекпи же ага чейинби?

 

– Бетти тоналдап жана упалап алгандан кийин кашты чийүү зарыл. Кашыңыз табигый, өзүңүздүн кашыңыздай көрүнсүн десеңиз, ички бетин тень менен боёп коюңуз. Атайын каш үчүн эки өңдүү тендер бар. Ошондой тендердин  биринчиси менен каштын өзү, экинчиси менен асты жана үстү боёлот. Эгер адамдын чачы кара, өзү кара тору болсо, кашын кара кылып боёо керек. Ак жуумал, бирок чачы кара болсо, күрөң өң беребиз. Бизге келген айрым  кардарлар өзү ак жуумал болгонуна карабай кашынын өңүн кара кылып боётуп кетишет. Бул анын эрки деп унчукпайбыз.

 

– Кашты коррекциялоонун эрежелерине токтолсоңуз.

 

– Кашты коррекциялоодогу эрежелердин бирин да калтырбай аткаруу зарыл. Аларга токтолсом, алгач каштын ылдый жана өйдө жагындагы ашыкчаларын терип саласыз. Каш идеалдуу болуш үчүн уч жагы кичине кайрылып туруу керек. Андан кийин кашты кайчы менен тегиздеп кыркып аласыз да, каштын щёткасы менен бир тарапты көздөй тарайсыз. Арасынан 1-2 каш өзүнчө бөлүнүп чыгып калбашы үчүн тегиз кыркылуусу зарыл. Эң негизгиси эки каштын ортосу 2 сантиметрден ашпашы керек. Эскерте кетсем, эч качан кашты сакал алгыч менен кырууга болбойт.

 

– Кашынын формасын туура эмес чийип алгандар дагы кайрылышабы?

 

– Ооба, бизге макияж жасатканы келгендердин көпчүлүгүнүн кашынын формасы туура эмес чийилген. Биз макияж жасап жаткан учурда кеп-кеңешибизди айтып, ага кандай формадагы каш жарашарын түшүндүрүп беребиз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE