Пример HTML-страницы

Кара-балталык жаш мушкерлер Казакстандагы мелдештен чемпион болуп кайтып келишти

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарынын спортчулары Казастанда өткөн жанг санъати боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү болушту.

Маалым болгондой, турнир Казакстандын Шымкент шаарында өтүп, ага 10 мамлекеттен 1000 мушкер катышкан. Кыргызстандан Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинде машыккан 6 спортчу барган. Алардын бешөө чемпион болуп кайтышты.

Кыргызстандын пенчак силат боюнча федерациясынын президенти Каныбек Бикбоев жанг санъати Өзбекстанда пайда болгон мушкерлик өнөр экенин айтты. Ала Казакстанда өнүгө баштаганына бир аз гана жыл болду. Жанг санъати көп кылымдык түрк салттарын таймашуунун эффективдүү системалары менен айкалыштырат. Бул стиль пенчак силатка окшоп кетет. Ошондуктан кара-балталык спортчулар ийгиликтерге жетишип кайтышты.

16-17 жаштар арасында (65 кг) Биназира Мустафокулова чемпион болуп, алтын медаль тагынды. 13-14 жаштар арасында (44 кг) Нурислам Мустафокулов чемпион болду. 12-13 жаштар арасында (38 кг) Эльвина Абдраманова 2-орунду алды. 18 жаштан жогоркулар арасында (70 кг) Мухаметшах Мустафокулов 2-орунду алды. 13 жаштагылар арасында (40 кг) Дайыр Мирбеков коло медаль утту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE