Пример HTML-страницы

Кан коё бербейт 9 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=6139&preview=true Кызыктуу окуялар.

КАН КОЁ БЕРБЕЙТ.9-БӨЛҮМ.

Жумадан ишембиге караган туну сизди казинонун короосуна кирген деп айтышты. Тологонов деген кызматкерге чай алып барганыныз чынбы?
Мына сага! Сыртымдан беймарал корунгонум менен Алапаевдин тике коз карашына аран туруштук бердим.
— Чай берип койойун десем корунбоду.
Алапаев устолдун кырын таяна алдыга жуткунду:
— Анан андан ары эмне болду эле, айта бериниз?
— Эчтеке. Эмне болгону эсимде жок, ошончолук эле маанилуубу?
Алапаев жылмайды, кой коздору кулундоп жаш баланыкындай жайнай тушту. Мен да кайраттангансып калдым.
— Киши олтуруу кылмышы тергелип жатканда баары маанилуу. Жакшылап эстенизчи, андан аркысын.
— Мен кечке иштедим.
— Канчага чейин?
— Тун ортосуна чейин.
— Дайыма ошентип кечке чейин иштейсизби?
— Жок. Срочный заказ болуп калган.
— Эмне болгон заказ?
Мен аны кайрадан жалт карадым. Баштагыдай эле жайдары жылмайуу, кызыкдар коз караш.
— Кардарларымдын бироо машинесинин тормузу жакшы иштебей атат деп калтырып кеткен. Эртеси отпускага Колго кетмекмин дегенинен тун ортосуна чейин ошону жасадым.
— Кардарыныздын фамилиясын же атын айтсаныз?
Алапаев калпымды кармап Алды. Муну да Жанылдай коруп даяр калпымды айта салганымды карасан. Милиция баарын текшерээрин, текшергенде да ийне-жибинен бери текшерээрин келесоо жаным ойлогон эмес экенмин. Мээм иштебей калды. Алапаев суроосун улам кайталай берди, мен болсо козумду ирмегилеп айтаар жообумду таппай кайсалактадым.
— Эстей албай атам. Токтосунов беле же Токтобеков беле, атын очкур. Алапаев жылмая башын ийкеди:
— А машиненин маркасы кандай эле?
— » Фольксваген пассат».
— А номурчу?
— Анысын эстей албайм го, — дедим мен чымыркана. — Анын ишке кандай тиешеси бар. Жон эле убакыт коротуп атат окшойбуз.
Мен бир кулкулуу бирдеме дегенсип Алапаев корсулдап кулуп жиберди.
— Болуптур эми, Бактыяр мырза, сизден жашырбай эле койойун, фургондогу сигнализация иштебей калыптыр. Мурдагуну кундуз текшеришкенде иштеп аткан экен. Демек, аны кимдир бироо кечээ атайылап бузуп салган. Ошол ким экенин азыр аныктап табабыз. Казинонун озуно мин турлуу киши келгени менен кенсеси менен складына чоочун киши чанда гана кирет. Акыркы убакта киргендердин тизмеси такталды. Сигнализацияны жарактан чыгарган адамды тапсак эле тундогу кылмыштын бети ачылганы турат.
Кебетем бир кызык болуп кетти корунот.
— Менин колумдан келди деп турасызбы? — деп сурадым.
— Кенсеге ушул жумада беш чоочун адам баш баккан. Бироо сизсиз. Ошол бешоо куноосуз экенин далилдемейинче баарынан кумон санайбыз. Сиз кантип далилдей аласыз?
Мен былк этпей анын козуно тике карап отура бердим:
— Кантип далилдемек элем? Албетте мен Ал сигнализацияны коргон да эмесмин.
— Дароо эле мойнунузга алсаныз абдан тан калыштуу болмок. Пассат жонундо суйлошолучу, ону кандай эле?
— Боз.
— Сиз айткан Токтобеков сиздин СТОнузга жакын жерде жашайбы?
— Кайдан билейин кайда жашаганын. Ошондо биринчи жолу коргом, машинесин айдап кеткенден бери коро элекмин.
— Аны издеп тапсаныз жакшы болмок, корсотмолорунуздун чын-жалганын текшерет элек.
— Эми аны кайдан таптым, ишене бербейсинерби, силерди алдап мага эмне шам?
— Милиция эч кимге жондон жон эле ишене бербейт. Ар бир кенедей корсотмону да жадабай текшеруу биздин ишибиз. Токтобековду деле табыш оппоной. Издесек табылат. Кечке чейин иштедим дединиз, андан кийин эмне болду?
Тамагым кургап суусап чыктым, бирок суу сурасам нерв болгонум билинип калабы деп чочуладым.
— Тунку саат он экилерде чай кайнатып ичтим, анан Доорон да суусап отурса керек деп бир кружка чай куюп алып баргам.
— Чай алып бардыныз, — Алапаев чонток дептерине белгилеп койду.
— Ооба. Жолдон отуп, кенсеге баш бактым. Бирок Доорон корунбоду. Кыйкырсам жооп жок. Анан кой деп кайра гаражыма баса бердим.
— Куркого кирдинизби?
— Босогону бир бутум менен гана аттап, ичин карадым, андан ары отконум жок.
Алапаев кайрадан башын ийкеп, чонток дептерине бирдемелерди жазып атты.
— Анан эмне кылдыныз?
— Уйго кирип, кемпиримдин жанына жатып калдым.
Ал кой коздору менен мени баштан-аяк сыдыра карады да:
— Болуптур, Бактыяр Кабылович. Коп маселени тактап алдык. Тологонов кузотто турганда уктап калчумун деп озу мойнуна Алды. Сиз чай которуп барганда да адатынча уктап атса керек.
Мен женилдей туштум. Алапаев кулумсурой карады, мага ишенип калгандай туру бар. Мен кол саатымды карап:
— Майор, суроолорунуз бутсо мен бара берейин. Уйдо аялым жалгыз.
— Дагы бир-эки сурового жооп берип койсонуз. Кенсеге ошондон башка барган эмес белениз?
— Билбейм, — деп жооп бердим мен, далымдан чыпылдап тер кетти. — Мумкун, Сыргабек менен баргандырмын, бирок эстей албай атам, качан, канча жолу экенин.
— Бейшемби куну эртен менен барганыныз эсиниздеби? Аргынбаевди сурап барган экенсиз, ал жумушта жок деп айтышыптыр. Ошол чынбы?
Мен кеберсий тушкон эриндеримди жаландым:
— Ооба, баргам, ал таптакыр эсте жок.
— Ошондо Аргынбаевдин фургону кайсы деп сурагансыз, анан Доорон сизге аны корсоткон.
Капкандын оозу карс этип жабылганы калганын сездим да, дароо озумду колго алдым.
— Фургон жонундо жанатан бери суйлошподукбу?
Алапаев капыстан фургонду унутуп салып, кепти башка жакка бурду.
— Ишиниз кандай журуп жатат, Бактыяр мырза? Бул суроо мен учун кутуусуз болду.
— Акырын-акырындан эл катары журуп жатат, жакшы да эмес, жаман да эмес, кудайга шугур.
Алапаев кайрадан башын ийкеди.
— Эми кечээги тунго кайтып келсек. Тологоновго чайды кружкага куюп алып бардыныз беле?
Атайын мени адаштырмакка бир суроону турлоп берип атканын билдим, башында айткан жообумдан кайтпай:
— Ооба, кружкага, — деп кайталадым.
Алапаев энкейип, устолунун астынан бирдемени алды.
— Бул сиздин термосунузбу, Бактыяр мырза? — деп мен фургонго унутуп койгон ак гулдору бар когуш термосту алдыма койду.
Сержант Суракматов менин гаражымдын тушуна жеткенде тормузду басты.
— Эгер керек болуп калсаныз, — деди ал коштошоордо, — дагы келем. Эки-уч кун уйунуздон алыс кетпесениз, макулбу?
— Болуптур, эч жакка кетпейм. Кардарларымдын чакыруусу менен кетсем, аялыма айтып кетем.
Суракматов мени жакшылап карап алды да:
— Ошентиниз. Жакында керек болуп калышыныз ыктымал, — деп жоноп кетти.
— Ушуну бекер кылдын, дос, — деп кубуронуп алдым мен гаражга кирип баратып. — Бир мумкунчулукту койо бердин. Эмкиде мени таппай калаар бекенсин.
Алапаевдин мени койо бергени озунчо кызык болду. Камайм десе шылтоо табылат эле да. Анын калп жылмайганына, сержант экоо отпечаток алмакка манжаларымды сыяга малып атып жалпандап кечирим сурамыш болгонуна ишенген жокмун.
— Термосту кылмышкерлер калтырып кетсе керек деп божомолдоп атабыз, манжалардан отпечаток алып текшеребиз, — дегенде бул термосту Сыргабек менден бир жума мурун сурап алган дедим. Айтканыма муюп ишенип калгандай эле болгон, корсо ошенткендей тур корсоткон тура. Мени менен мышык-чычкан ойногусу келген тура. Анысын кийин билдим: ойлонуп отуруп менден шек алдырбай ширенке сурап алганын эстедим. Айтам да бир балээси бар деп! Дал ошол ширенкеден бир чий алып, Сыргабектин машинесинен кескен зымды эки башына орободум беле. Аарчыганыма карабай машиненин ичинде колумдун тактары калышы мумкун. Эгер калса булар арыдан-бери таба койот дечи. Анда эмнеге дароо камап салышпады? Мен аркылуу кылмыштуу топтун калганына чыгалы дешсе керек. Ансайын эркиндикте журо турган саналуу гана убактым калганын сезип шаштым кетти. Олсом да, тирилсем да Талантты табышым керек. Андан кийин камалмактан олсом да арманым жок.
Ангыраган ээн кордой карангы гаражга кирип келатып, Жанылдын шашыла басып келаткан кадамдарын уктум. Жетип келип кабатырлана сурады:
— Барсынбы деги? Сен келгенче ар кайсыны ойлоно берип чачым агарып кетейин деди.
— Журу уйго кирип суйлошолучу.
Экообуз кол кармаша уйго кирдик. Креслого отура калып, оор ушкурсом, Жаныл купкуу болуп мандайымда турат.
— Иш жаман, кемпир.
Ал менин жаныма чоголой отура калып:
— Эмне дешти? Мага баарын башынан айтып берчи, — дегенде ага баарын токпой-чачпай айтып бердим. Эч нерсесин жашырбадым: Сыргабектин кантип каза болгонун, оюман чыгарылган «фольксваген пассатты» да, термосту фургонго унутуп койгонумду, жадагалса Алапаев кантип мени алдап ширенкемди сурап алганын да калтырбадым.
— Алар фургондон термосту таап алышыптыр, — дедим мен ангемемди аяктап жатып. — Аны менден Сыргабек сурап алган дегениме ишенгенсип калышты. Бирок ошону шылтоолоп колумдан отпечаток алып калышты. Жаныл шуу ушкурду:
— Аны эмнеге алышты?
— Баарынан да фургондо колумдун тактары калганбы деп турам. Сени коркуткум келбейт, бирок абалым начар. Журогум бир жамандык болоорун сезип турат. Эртен-бурсугуну келип, кармап кетишчудой эле болуп атам.
— Кантип ушундай ыплас ишке аралаштын? Эми эмне болот? Сенин… сенин ушуга барганына канча аракет кылсам да ишене албай атам. Чын эле ушунун баары биз менен болуп жатабы? Бир жаман туш коруп аткансыйм. Кудай ай, тезирээк эле ойгонуп кетсем экен!
— Бул туш эмес, Жаныл. Эми окунгондон пайда жок. Баарына мен куноолуумун, мен! Эми мындай кылыш керек…
— Токто. Бул абалдан чыгыш учун билесинби эмне кылыш керек. Милицияга барып, болгонун болгондой айтып бергенден отоору жок. Мына азыр барыш керек.
— Кеч болуп калды, адамдын омуру кыйылды. Алар мени кармаган сон куноонун баарын менин мойнума илип коюшат, ал эми жанагы Талант кармалган кундо да акча берип суудан кургак чыгып кетет. Милицияларын эмне акча албайт дейсинби? Алганда да кандай алышат. Мен ошо бойдон турмодо чирийм, а сенчи, сен эмне болосун? Талант ооз ачып кын десен аялындын бетине кислота чачып кетебиз дешкен. Ал айтканын кылбай койбойт. Андыктан милицияга бар деген созунду кой.
— Мени эмне ошо Талантындан коркуп калды дейсинби? Коркпойм этпейм. Андан коро тилди алчы, милицияга барып, баарын айтып берсен алар азыр илинчек таба албай кайсалап турганда сенин жардамынды кийин эске алышат. Баарын оздору изилдеп, тергеп, оздору таап алган сон сени да башкалар менен кошо соттоп ийиши мумкун. Билип туруп кылмышкерлерди жаап-жашырган деген кине коюшат.
Кеч болуп калды. Дароо эле айтсам болмок. Эми барсам коркуп келди дешет.
— Созсуз барышын керек, — Жаныл менин колумду кыса кармады. — Сен барбасан озум барып, баарын айтып берем.
— Жок, Жаныл!
— Анан эмне кылганы жатасын?
— Качып кетейин деп атам.
— Кайда качасын?! Качпа! Качсан тигилер менен бир экен дешет, кайда барсан да баары бир таап алышат. Же элдикиндей пачка-пачка акчан болбосо чет олкого качып кеткидей.
— Мен азыр коздон далдоо боло турушум керек, Жаныл. Бир иш бар озум жалгыз бутуро турган.
— Иш? Эмне болгон иш?
— Талантты таппасам болбойт.
Жаныл мени акылынан айныган немени карагандай карады:
— Койсончу, болбогон кепти айтпай. Аны сен жалгыз кантип тапмак Элен? Тапкан кундо да эч нерсе кыла албайсын. Аны милиция издей берсин. Сен аралашпа, качып кетсен…
— Сен апамдыкына бара турчу. Ошол жакта болгонун дурус болот. Талант апандын уйун билбейт да. Бугундон калбай ошол жакка кет, уктунбу?!
— Жок, Бактыяр, мен сени жалгыз калтырбайм. Дагы бир балээнин ичинен чыгасын.
— Мени менен талашпай калчы. Созду кобойтпой айтканды угуп бара турсан. Жаныл бышактап ыйлай баштады:
— Суранам сенден, мени кубалабачы! Мен баары бир кетпейм. Акыл калчап иш кылалы да. Экообуз чогуу болгонубуз жакшы го.
Убакыт отуп атат, Жанылдын кетейин деген ою жок. Аялдардын бир коктугу кармаса эшектен бетер кежирленип, озунукун бербей калышат эмеспи. Башкача алдабасам болбойт, антпесе мунун коз жашы тыйылганча мени абакка тыгып салышмак болду.
— Болуптур, мен ойлонуп коройунчу, Жаныл, — мен ордумдан турдум. — Мага жарым саат убакыт бер. Озумчо отуруп баарын ойлонуштурайын.
Ал мага ишене бербей сууланышкан кирпиктерин ирмегилей карады.
— Талантты эмнеге табам деп атасын?
— Анын мындан аркы пландарын бузам. Анын устуно Сыргабектин олумуно жооп беришин каалайм. Ушунун баарын сотко чейин бутуруш керек. Сеники да туура, аны милициянын колуна салып бериш керек.
— Макул, Бакы, ойлонсон ойлонуп кор. Мен тамак жасай берейин. Аны кучактап бетинен оптум.
Кенсеге келип, устолдун тартмасынан журналды алып чыктым, анын ичиндеги акчаны санасам уч мин сомдой акча бар экен. Капчыгымды кагып, эки мин, беш жуз алтымыш алты сом элуу тыйын таптым. Актай барак алып:
» Жаныл, жаным менин!
Сага тушундуруп отурууга убакыт жок. Талантты Сыргабектин олуму учун кечире албайм, ал жузу караны жерден чукуп болсо да табам, андан оч алмайынча жаным жай алчудай эмес. Сыргабек экообузду байланыштырган сен билгенден да коп нерсе бар болчу. Ал Ооганда кан кечип жургон кезибизде мени далай жолу олумдон сактап калган. Ошол алааматтан аман-эсен келип, менин шалаакылыгымдын айынан коз жумганы учун озумду кечире албайм. Мени эртенки куну эмне болоорум жонундо сарсанаа болбо. Дене кумарына азгырылып сенин козуно чоп салдым. Кудай буйруса, бир нече жылдан кийин турмодон чыгам, бирок сен билген Бактыяр эмес, башка адам болуп калат болушум керек. Гаражды, машинелерди. баарын сат да, апандыкына кетип кал. Суранам сенден бул жерде калдын дегиче алар сени таап алышат. Кечире алсан кечир мени. Азыр коштошконубуз дурус болот. Мен сени омурум откучо суйуп журуп отом. Бул ишти созсуз жасашым керек, антпесе мындан ары кантип эркекмин деп жер устундо басып журо алам?
Код, жаным, мени кечир!
Бактыяр.»
деп жаздым, катымдын акырында: » Баары буткондон кийин озум кабарлашам» деп кыстырма жасап койдум.
Баракты торт буктоп конвертке акча менен кошо салдым. Бироо ийне менен таманга сайып аткансып, бир ордумда тура албай алдастайм. Ушинтип кат калтырып, айтпай-дебей кетип калыш канчалык оор болуп турса да, башка аргам жок болчу. Милиция кирип келсе иштин буткону. Кийим-кече алсамбы деген ой кетти, бирок кочодогу милиционерлер колумдагы баштыгымды коргондо качып баратканымды дароо билип калышып, ошол жерден байлап-матап кетишпейби.
Саатты карасам кенсеге киргениме жети мунот болуптур. Кой, жонойун. Гараждын ичин сыдыра карадым, жалтылдап турган «ягуарга» минип зымыраган бойдон кетсемби, жок, мындай машине менен тез эле кармалып калам.
Гараждын эшигин ачып жибердим эле чакчая тийген кундон козум уяла тушту. Эки жакты карамыш болуп бир аз турдум. Казинонун дарбазасында турган милиционер мени байкамаксан боло ары басты, тушунуктуу — демек Алапаев андып атканынды билдирбе деп катуу буйруган экен.
Жай басып Совет кочосу тарапка бараттым. Артымды караган жокмун. Коркконум эле Жаныл катты окуй калып артымдан чуркабаса экен. Кызыл жарыкка токтой калган маршрутканы коро коюп, чуркап барып тушуп алдым. Арткы бош орундукка отуруп, артымды карадым, кууп келаткан эч ким корунбойт. Бирок бир аздан кийин милициянын машинеси окчунураакта маршрутканын артынан келатканын байкадым. Булардан оной кутула албайм го. Мени таппай калышса деле, бардык МАИ постторуна кабарлап коюшса, бат эле колго тушоорум анык. Менин тулку-боюмду, кебете-кешпиримди, алтургай кийген кийимимден бери эчак кабарлап коюшкандыр. Ооба, булар менден оною менен калышпайт. Анткен менен согушта мындан да жаман кысталыш учурларда караанымды корсотпой качып кеткенимди алар кайдан билсин. Куйругумду карматпай кетээриме козум жетип турду.
Маршруткадан тушуп, темир жол бекетинин жанындагы гезит саткан курконун капталына туруп калдым. Мен тушуп кетээрим менен машинеден бир же балким эки кызыл шапкечен чуркап тушуп, кыжылдаган элдин арасынан мени издеп калышкандыр.
Куркодон колума тийген гезитти сатып алып, белет саткан кассага бардым. Кара-Балтага чейин билет алдым да, поездге отурдум. Платформада эл аз. Вагондун артына отуп, орун алдым. Платформада милиционерлер корунбойт, же мен корбой жаттымбы?
Гезитти ача салсам биринчи эле бетинде:
» Бугун тан эрте банкка бараткан жук ташуучу машинеге кол салуу болгон. Кара чумботчон уч кылмышкер 300000 доллар суммасындагы акча жана андан тышкары баалуу таштар чогорулуп жасалган зер буюмдарды алып, окуя болгон жерден изин сутуп кетишкен. Кылмышкерлерге каршылык корсоткон кароолчулардын бири курман болду. Бул жонундо билген-уккандар болсо, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына кабарлап коюунуздарды отунобуз.» деп андан ары телефон номурлары жазылыптыр.
300000 доллар! Эмне деген акча! Таланттын сары майды андыган мышыктан бетер кун-тун дебей андыганы ушул экен да. Зер буюмдардын баасы да оной акча эместир. Эми аны жашыруун чет олкого жонотсо чириген байлар акчанын козуно карабай сатып алганга ашыгышат да. Болбогон эле буюм-тайымдарды, картиналарды чурулдашып, тоорук откоруп сатып алышканын телевизордон корсоткон. Талант эми эмне кылат болду экен? Эмгиче учакка отуруп, Европага же Америкага учуп кетти бекен? Анда эле ит жеди. Адегенде эмнеден баштасам? Таланттын артынан тушоордон мурда артыман сая тушкон милициядан кутулушум зарыл. Эми колуна тийсем Алапаев мени койо бербейт. Кармады дегиче камайт, ошону менен баары бутот. Таанылгыс болуп кебетемди, кийимимди озгортушум керек. Эсиме Асхат кылт дей тушту. Сыргабек экообузду конокко чакырганда Пишпекте батирим бар, кааласанар келгиле деп дарегин айткан. Ал азыр беркилер менен бир жерде бекинип жаткандыр. Бою да меники менен тен, бир аз олбурлуу гана болбосо кийимдери чак эле келет болуш керек. Анын батирине кирип алсам сонун болгону турат.
Поезд Пишпек станциясына жакындап жайлай баштаганда гезитти буктоп, ордумдан турдум. Мен чыга беришке жакындаганда кара коз айнек тагынган, ак койнокчон жигит козумо урунду. Жука койноктун астынан бултуйган булчундары, туптуз отурушу, ылдам коз карашы башкалардай кийингенине карабай анын милицияда иштегенин бмлдирип койду. Мени байкамаксан боло терезени тиктеп отуруп калды. Мен да байкап калганымды билдирбей эле акырын коздон кайым болоюн деп чечтим. Платформаны карасам ээн, бирин-серин кишиден башка жан корунбойт. Каап, эл аз жерден качып кетиш да кыйын. Ондой сала берди болуп, ошол маалда ары жактан шарак-шарак этип келип бышш деп дагы бир поезд токтоду. Капталында Новокузнецк- Бишкек деген жазуусу бар, ары жакта колоколоп турган эл калдайган чаар баштыктарын, чемодан, пакеттерин которо чурулдашып, поездге умтулушту. Шып туштум да, алардын шарына аралаша темир жолдон аттап отуп, жолдун ары жагындагы кабат-кабат уйлорду аралап кирип кеттим.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE