Пример HTML-страницы

Гулго оролгон ак сүйүү 9 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=19618&preview=true Кызыктуу окуялар.

Гулго оролон ак суйуу

9-болум

— Каны бир да, бир кызыбызды агасы тигинтип кетсе бир кызыбызды иниси алат бекен? — деди аялы Нурийла.- Айыбыбызды тарталы, келинди айылга алып кетебиз, бир ачууңарды бизге берип, эки жашты ажыратпайлы эми, — деген Бекболу ортого түйүнчөк койду. — Мында жүз миң сом бар, жеңетай тою болсун, ал эми калыңды буйруса эл катары койобуз.- Жок, болбойт, кызыбыздын кийинки жашоосунан кабатыр болуп отура албайбыз. Бул акчаны ансыз дагы Турсундан өндүрөбүз, соттолуп кетпейин десе төлөп берет, үйдү дагы бошотуп койсун! — деди Толкунбек акчаны ары түртүп. Ошол убакта курун мойнуна салып ыйламсырап, мусаапыр кейиптене Турсун келди алдыга.- Мени кечириңиздер! — Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч деген, куда, кылган күнөөсү үчүн бир түн ичинде бир тууганынан, аялы менен кызынан айрылганы турат, кечирим бериңиздер? ! — деп тура калып башын ийди Бекболу. — Мен бир тууган агамдын арбагы үчүн ушуларды караан тутуп келем, кулдугубуз бар, келинге сөйкө салып, жаңыча алып кетейин.- Мени кечириңиздер, иттик кылдым. Туура айтат апам, эки чылбыр, бир тизгинди бергени да ырас, мен акмактык кылдым. Кечириңиздер, өл десеңиздер өлөйүн…- Сен бизден сураба, Света жеңем менен Гүлинадан сура! — деди Толкунбек. — Кандай уятсыз, напсиң курган немесиң, ыя?- Кечириңиздер! — Ушул үйдү кандай абалга калтырганың эсиңдеби? Кудайдын көзү түз экен, аткан окту житкен ок табат деп, экинчи кызыбыз качанкы өткөн кара такты таап отурат. Мен кечтим, эчтекенин кереги жок мага, Жазираны ыйлатпай бага алабы иниң?! — деп Света чыга келди. — Ушундай шерменделиктен өткөн өлүм барбы, өлөм дейсиң коркуткуң келеби, кимди айтчы? Ушул колумдан даам сызып, кийген кийимиң бекер болгон кезде көптүң го?!- Кечириңиз, апа?- Сенин эмес, кызымдын кадыры, Жазиранын кадыры!- Кудагый, рахмат сизге, — деди Бекболу ийиле калып. — Тил билги адамсыз да, — деп Турсунду карады. — Сен бара бер, иче турган ашыңа какырба да түкүрбө деген, сен суу иччү кудугуңа түкүрүп арамга айлантыпсың, — деди орой. Турсун ордунан туруп, башын жерге сала чыгып кетти.- Турсунду атасы экөөбүз тең өз балабыздай көрүп, өз оюна келгенин жасап жүрүп ушул болду. Эми өткөн нерсени козгомок эмесмин, көргөндө ачуумдун келгени ушунчалык болду, — деп Света келгендерди дасторконго чакырды. Чогуу отуруп тамактанышты. Убакыт деген улуу нерсе эмеспи, көзгө илээшпей өтө берет.- Кудагый, билбестиктен уу ичет болупсуңар, даамыңарды бир келип таттык эле, биз анысын билбедик. Өзүңөр айткандай, жигиттин өлбөгөндө эмнеси калды, аялы дароо эле кызын алып кетип калды, иниси болсо жүзүңдү карабайм деп отурат.- Алдындагы машинасы дагы биздики, билинбей калат деп ойлодубу? Биз канча азап тарттык, ал аш кылып кетем деп ойлогон го?- Жеңе, мен дагы кызымды бербейм. — Толкунбек Жазираны карады. — Уктуңбу, кызым, дөөдөй-таштай адамдарды сызга отургузуп кеткен неменин иниси бизге жакшылык кылабы? Окууңду таштап, айылга кетесиң, — дегенде Жазира шолоктоп ыйлап ийди:- Жүрсүн андай эмес, мен эч кайда барбайм.- Кызым, — деди Нурийла, — сенин көз жашыңа арзыйбы ошол бала, өзүңдүн кийинкиңди ойлосоң боло?- Баары бир мен башкага барбайм.- Куда, кудагый, биз мынчалык сынып көргөн жок элек, алдыңыздарда айыптуубуз, мал-жаныбыз тартуу. Бир жакшыны, бир жаманды төрөйт экен эне, эне үчүн экөө тең бала, дүнүйөдө энеден мээрман, энеден боорукер, энеден кең пейил эч нерсе жок. Аял эне, силердин жүрөгүңөр ташты эритет, алдыңарга башыбызды ийип келип отурабыз, өз бүлөбүздү бергиле, — деди баятан бери үндөбөй отурган Шерикбай.- Макул, — деди Толкунбек. — Өз үйүмдөн барып алып кетесиңер, тойду өткөрүп, ошол үйдөн сөйкөнү салып, анан алып кеткиле, — деди кызынын көз жашын көлдөтүп турганына боору ооруй. — Ушуга макул болсоңор мен макулмун! — Ап баракелде, куда, биз дагы макулбуз, келинибизди ойдогудай кылып алып кетебиз. Эмесе бизге бата, — деп Бекболу алакан жайганда Света:- Таздын көөнү болбосо да кыздын көңүлү деген экен, мен сиздерди, Турсунду сыйлабасам да кайнимдин кадыры, күйөөмдүн арбагы үчүн даам татып кеткиле, тамак асып койдум, жай алып чоң үйгө киргиле, — деди.- Туура, кириңиздер үйгө, — деп Толкунбек аларды экинчи кабаттагы конок бөлмөгө алып кирди.Дасторкон үстүн баятан бери даярдап койгон эле, эмне гана жок, көз жоосун алган таттуулардан баштап жер жемиш, өрүк-мейиз.. . Төргө чыгып, импорт отургучтарга отурушкандан кийин аркы-беркини кобурашып атышты. Гүлина эч нерсе менен иши жок, телевизор коюп, кино көрүп, жанына анар менен бананды коюп алып, диванда жаткан. Жазира улуу кишилер менен отургандан тартынып, анын бөлмөсүнө башбакты:- Гүлү эже, кандайсыз?- Кел, кайдан жүрөсүң?- Мындай эле…- Күйөөңдөн баса бердиңби?- Атамдар алып келе берди.- Сүйлөшүп жүрдүң беле?- Ооба.- Өзүң эле чечсең болмок.- Айылдагы үйдөн алып кетмек болушту.- Ошондойбу? — деп каштарын керип койду.- Ооба.Андан кийин Гүлина унчукпай телевизорду карап жатып алды. Жазира анын жанында кино көрүп отурганда Гүлина кайра ага карап:- Кай жерлик экен? — деп сурады.- Ысык-Атадан. — Аа-а, — деп койду. — Байка, аферисттерге кабылып калба.- Андай эмес го?- Иши кылса жаңылып калба.- Эже, сиз сүйдүңүз беле?- Сүйгөм?- Кайда ал сүйгөнүңүз? — Бүгүн келет го деп турам.- Жезде менен таанышат турбайынбы? — Буйруса.- Ал дагы сизди сүйөбү, эже?- Ооба, аябай сүйөт.- Ата-энеси барбы?- Апасы бар.- Каякта жашайт?- Шаарда турат.- Байбы, эже?- Мага анын байлыгынын кереги жок.- Деги айтам да, сизди сүйгөн жигиттин кандай экенин көргүм келет.- Эмне кызыгы бар?- Жөн эле, сиз аябай сулуусуз.- Ыраспы?- Чын айтам. — Экөө сүйлөшүп отурганда Нурийла кирди:- Гүлү, кандай?- Жакшы.- Сиңдиң экөөңөр сүйлөшүп отурасыңарбы? — Ооба.- Эмнеге өзүң чыгып агаларың менен учурашпайсың? — деген Нурийла катар отурган Гүлина менен Жазираны таңгала карап: «Тобо, тууган болсо эле ушунча окшош болобу, бир туугандай болуп калат экен, кокусунан Толкунбектин кызы эмеспи бул? Кантип эле ошондой болсун, Света жеңе андан бир топко улуу да, эмнеге мынчалык окшош?» — деп ойлонуп кайра чыкты.Анан Гүлина ооруп жатканда Толкунбек кайра-кайра шаарга каттап: «Гүлина ооруп калыптыр, кан бербесек болбойт», — деп Баатырбекти кошуп алып кеткенин эстеди. «Демек мында бир иш бар тура, мен мурун байкабаптырмын» , — деп Толкунбекке жини келип алды. Эртеси Жазираны айылга алып кетишти, кудалар менен эки-үч күндөн кийин эле барып алып кетмек болуп макулдашып коштошушту. Алар кеткенден кийин Света катуу ойлонуп, ыйлап да алды: «Акмак, заңгыратып үйдү салып, аялды алып жашап жатканын, кудай жазаңды бергир. Кызымды сүйөм-күйөм деп ичи-койнубузга кирип, байлык үчүн жанын садага чапкан тура шүмшүк». Анан негедир Элмуратты ойлоду. «Жалгыз кемпир өстүргөн бала, өтө жетишип кетпесе да алынча чоңоюп ачкөздүгү жок, байлыкка умтулбаган жакшы бала. Кызымдан кетип калды, эми эмне болот, эки аялдын ортосунда жүрө береби? Эптеп бирди төрөп алса мен эрмек кылып, багып алайын да, муну бир жакка жөнөтөйүн» , — деген чечим чыгарды.Элмурат болсо эки күн келе албай калды. Кайната-кайненеси, эже-жездеси, ага-жеңеси болуп, жети-сегиз адам союш алып, небересин көргөнү келишкен. Аларды коноктоо оңойго турган жок, Гүлина берген акчанын пайдасы эми тийди. Үчүнчү күнү кайын журтун жакшылап узатып коюп, анан жумушуна барды. Кечке иштеп кечке маал жумушунан чыкканда Алмашка телефон чалды.- Алло, Алмаш, мен бүгүн товар менен Алматыга кетип жатам, эртең кечинде келем, кабатыр болбогула.- Макул, өзүңө сак бол.- Жарайт, уулумду жакшы кара.- Макул, Алматыдан белек-бечкек ала кел.- Жарайт, — деп телефонду басты да: «Байкушум десе, ишенип калды, качан ачыкка чыгып ызылдашып кетээр экенбиз? Өзүмдү токтотуп барбай койсом болот эле, ушинтип жүрүп экөөнөн тең жок калбагандай элем», — деп Гүлинага жетти. Ал келгенде Гүлина сыртта жүргөн:- Келдиңби? — деп мойнуна адаттагыдай эле асыла кетти. — Качан келбей калаар экен деп чочулачу болдум.- Эмнеге?- Үй-бүлөң бар, мен эртең врачка көрүнөм, Элмурат, эгерде боюмда бар экени чын болсо анда экөөбүз коштошобуз. — Койчу, ошентип чечтиңби?- Ооба, өзүмдү да, сени дагы кыйнай бергенде эмне…- Алтыным десе. — Элмурат аны бооруна кысып көпкө турду. «Неге кетирдим экен, экөөнүн убалына калбай муну менен жашай бербейт белем. Мунун да жүрөгү бар го, эми кантем, бул кет десе да, кете албайм го», — деп ойлогончо ээрчише үйгө киришти. Алар кирип баратканда дарбазанын жанына машина токтоп, коңгуроо басылды. Элмурат барып ача койсо бир жигит туруптур, учурашты да:- Бул машинанын ачкычы, берип жиберди, — деп ачкычты берип, дагы бир пакетке салынган бирдемени карматты.- А бул эмне?- Ачып көрөсүңөр.- Макул, — деп Элмурат машинаны Гүлинанын машинасынын артына киргизип коюп, үйгө кирип Светага берди. Света дароо түшүндү, Турсун уурдаган эки миң долларды берип жиберген экен.- Элмурат, муну сен керегиңе жаратып кой, — деп миң долларды бергенде ал чочуп кетти.- Эмнеге, апа?- Ансыз да жок акча, балам, — деп койду ал. — Керегиңе жарата бер.- Апа, машинаны Элмурат айдай берсин, күбөлүгү бар эмеспи, — деди Гүлина Светаны карап.- Мейли, кызым, өзүңөр билгиле, ансыз деле тура берип дат басып кетет.- Гүлү, койсоңчу, мен буларды кантип аш кылам?- Ала бер, балам, унаа күтпөй келип-кетип турасың, — деп кайдыгер унчукту Света. Ал ушул учурда зээни кейип: «Жараткан ай, бир балам болгондо эмне, үй-жайдын баары ошого калат эле. Гүлинам жакшы күйөөгө жолукса кана, муну колдон чыгардык. Надырбектин тапканы чачырады го байкуш, өзүнүн да арманы башынан ашып жашап өткөн экен», — деп ичинен сызып отурду. Үчөө отурганда Ысман кирип келди.- Оо, кандайсыңар? — Кел.- Келиңиз, — Элмурат тура калып учурашты.- Келдик, жакшы чогуу экенсиңер, — деп Ысман Светаны бир карап алып, анын катарына отурган соң сөз баштады. — Гүлү, кызым, сен уруксат берсең Света экөөбүз баш кошуп алалы…- Өзүңөр билгендей кыла бергиле.- Ыраспы, айланайын? — Ысман кубанып кетти. — Сенден коркуп жүрдүм эле.- Эмнеге, апамды жалгыз калат деп мен аяйм, апам мени аяйт, айла канча көп бир тууган болгонубузда биз да бапырап отурмакпыз, апамды неберелери эриктирбейт эле… — деп Гүлинанын көзүнө жаш тегерене түштү.- Сен балалуу болсоң ошол мага эрмек, каралдым, көп ойлоно бербечи, садага, — деп Света кызын карады.- Көп капалана бербе, кызым, — деди Ысман дагы.- Ойлонгондо- ойлобогондо эмне, жалгыздык жаман экен, атам да артында уул бала жок арманда кетти. — Гүлина туруп өйдө көтөрүлдү, анын артынан Элмурат кошо жөнөдү. — Ушундай болоорун билгемин, Элмурат, апам менден тартынат, мен эмне демекмин. Башка балдары болсо анда апам дагы аны жолотмок эмес, менин тагдырым минтип таңгалыштуу жашоодо турат. Эмне кылабыз анан, айла жок кудайдын маңдайга жазганын көрүүгө аргасызбыз. — Гүлү, капаланбачы, мен эч качан сени таштабайм, көрөсүң го, ар дайым жаныңда болом, — деп Элмурат анын жашын аарчып көздөрүнөн өптү. — Мен сени эч качан таштабайм, экөөбүз бактылуу жашайбыз.- Ырас айтасыңбы, Элмурат, мени чын эле таштабайсыңбы? — Көздөрү жалжылдай түштү. — Мени менен түбөлүк бирге болосуңбу?- Албетте. Бир өмүр бирге болобуз! — деп Элмурат Гүлинаны өпкүлөй берди, бул учурда экөө тең бактылуу болуп турушту. Элмурат чындап эле Гүлинаны аяп кетти, өзүнүн да жалгыздыгын, жашоонун жакшы жагына ыкташы керек экенин эми гана түшүнгөндөй болуп турду. Гүлина кубанычтан ыйлап ийди. Экөө ошентип сүйлөшүп алып, эртеси мечитке барып, нике кыйдырмак болушту, төрөлө турган баласы никесиз болуп калбасын дегени эле.Эртеси Элмурат машинасын айдап чыгып жумушуна келди да, жооп алгандан кийин кайра келип, Гүлинаны салып кетти. Мечитке барып нике кыйдырышты да, кафеге киришти. Экөө тамактанып отурганда аны Алмаштын жездеси көрүп калды. Байкатпай жанына келди да:- Элмурат, сенде сөзүм бар эле, — деди.- Аа-а, кандайсыз, азыр, — деп тура жөнөдү.- Бул ким?- Бирге иштейбиз, жезде.- Ошондойбу, көзүңдү ачып жүр, бажа.- Эч кам санабаңыз, баары жайында, — деген Элмурат Гүлинанын жанына келди.- Бул ким?- Тааныш.- Аа-а, — деп күлүп койду Гүлина. Кечке эки жакта сейилдеп жүрүп, анан кечинде Гүлинаны үйүнө жеткирип коюп, өз үйүнө келди. Ал дарбазаны ачып, машинаны эшиктин алдына киргизгенде Алмаш чыга калды.- Кайдан, жолдуусуң го?- Айтпа, абдан жакшы болду, машиналуу да болдум, — деп үйгө кирип, апасына: — Апа, менин айдоочулук күбөлүгүмдү алып койчу, — деди.- Ийи, аны эмне кыласың, балам?- Машиналуу болдум.- Болсун, — деп ойлонуп калды: «Чунак балам ай, Гүлинага биротоло байландың окшойт, эми эмне кылам, анысынын да боюнда бар деди эле». Алмаш жаман ойдо болгон жок, баары жаткандан кийин Элмурат акчаны апасына каттырып, ордуна келип жатты.- Элмурат, Алматадан эмне алып келдиң? — деди Алмаш эри жанынан жатаары менен.- Жанымда кишилер бар да, дүкөн-базарларга кайрылганга мүмкүнчүлүк болбоду, мына бул акчага эртең каалаганыңды алып ал.- Ой иий, көп го?- Иштеп келдим да.- Бир суткада ушунчабы?- Бул эчтеке эмес, мындан ары Алматыга каттамай болдум.- Эмнеге?- Иш ошондой болуп жатат.- Өзүң бил. — Алмаш унчукпай калды.Турсун үйүндө соксоюп жалгыз калган, уятынан эшикке чыгалбайт. Аялына кайра-кайра барса дагы эч болбой койду. Анын атасы врач болуп иштейт, апасы мектепте мугалим. Бир күнү күүгүмдө дагы барды.- Ата, мени кечиргиле, Жанарды алып кетейин, — деди башын жерге сала.- Ушунчалык да жеңил жигит болобу, бирөөнү алдаганды биз үй-бүлөбүз менен жактырбайбыз, — деди Артык ачуулуу.- Кечириңиз, ата, кызымды да сагындым, мени каталыгымды кечириңиздер, — деп ыйлап отуруп алды.- Биз кайдан билебиз, жашоо экөөңөрдүкү, — деп Лариса дагы аны жаман көрө туруп кетти. Бир кезде аялы Жанар келип:- Кайсы бетиң менен келдиң, ошол үйгө эми барбайм, өз эмгегиң менен үй тап, анан жашайм, — деди.- Жанар, кечир мени, кыш чыкканча туруп туралы, анан үй таап, чыгып кетебиз.- Дагы жакшы аял экен, мен болгондо түрмөгө тыкмакмын.- Койчу эми, кечирим кой деп жатам го?- Кечирбейм, сенин кандай адам экениңди билип туруп, кантип жашайм, айтчы?- Кызымды көрсөтүп кой жок дегенде.- Кызың бар экенин унут.- Антпе, кызым, — деди Артык. — Анчалыкка барба, ал дагы ата.- Ушунуку жакшыбы, ата? — Болсо болот да, бири-бириңди кечирип-түшүнүп көргүлө.- Мен түшүнө албайм, экинчи бул үйгө келбегин, аял алганыңды айткан эмессиң, анан дагы арамдан тапкан оокат менен багасыңбы бизди? — деп кирип кетти Жанар.Кызы Айсулуу басып калган, Турсун отуруп-отуруп, анан кайра үйүнө жөнөдү. Келип жатып алып, Светаны өлтүрүп койгусу келди. «Азыр кызы экөө жалгыз чыгаар, мени ким билмек эле, экөөнү тең өлтүрүп туруп, өзүмдү да өлтүрөм», — деп да ойлоду. Бирок ага да даабай, түнү бою уктай албай жатып, эртеси үйдү таштап батир таап, көчүп кетти. Бул кезде Толкунбек Света менен Гүлинаны тойго чакыртып ийиптир. Гүлина барбайм деп чыкты, апасына Элмуратты алып барып кел деди. Элмурат баш тарта албай Гүлинаны көндүрдү да, үчөө тойго барышты. Ошол жерден Света сот аркылуу үйдү Жазиранын наамына котортуп бермек болду. Той жакшы өттү. Жазира менен Жүрсүндүн курсташтары, курбулары келип, оюн-күлкү менен кыз-күйөөнү узатышты. Светаны абдан жакшы сыйлап коноктошту. Шаарга келгенден кийин Света атайын өчөшүп, сотко берип, Турсундан үйдү тартып алмак болду. Алтургай адвокат жалдап түрмөгө отургузмак болгондо Турсун Света менен бетме-бет жолугуп, кечирим сурап, өзү өткөрүп бере турганын айтты. Света соттотуудан баш тартып, тынчтык жолу менен бүтүргөнгө көндү. Толкунбек менен Нурийла үйлүү болгон кызына үй эмеректерин алып беришип, кыз-күйөөсүн жайгаштырып коюп кетишти. Турсун аялынан ажырап кала жаздап, кайнатасынын арты менемн эптеп жарашып жашап, жумуш таап иштеп калды. Жүрсүн агасына таарынып, такыр катышпай койду. Ошентип Турсун ичинен кек сактап, бир ыңгайын келтире албай Светанын үйүн акмалап жүрдү.Элмурат Көлгө тойго барганда Алмаштын жеңесинин иниси көрүп калган, ал жездесине айтып келди. Агасы Туратбек аялын Алмашка жолугуп кел деп жөнөттү. Сабина эбиреген неме, ал келип кайынсиңдиси менен сүйлөшүп отурганда Дарыйка өз иши менен алек болуп жүргөн.- Алмаш, күйөөң Көлгө эмнеге барды? — деп сурады Сабина акырын шыбырай.- Көлгө? Аякка барганын айткан жок.- Көлгө бир келин менен барыптыр, күйөө балабыз дешиптир го аны.- Койчу, жеңе, кантип эле, жаңылыш болуп жүрбөсүн?- Жо-ок, Абдылас Элмуратты кантип тааныбасын, баягыда көрбөдү беле, үйүңөргө да келген.- Кызык, билбейт экенмин, сурап көрөйүнчү.- Сен сураба, өткөндө жездең дагы бир кафеден көрүптүр.- Чын элеби?- Сени жакшынакай жашап жатсаң эле биз бузмак белек, акең көрүп-билип кел деп жиберди.- Жеңе, жүрсө жүргөндүр, эми күйөөмө таарынып, балам менен үйгө кетейинби, акырына чейин чыдайын. Балким, алып барып кел десе кошо баргандыр, жөн эле шум көтөрө бергенде эмне, — деп койгону менен Алмаш ичинен бушайман болуп жатты. Сабина бир топко отуруп, анан кетти. Ал күнү Элмурат келген жок. Келин ичине бук толуп, ыйлап жатып, уктап калды. Эртеси Элмурат түштө тамак-аш, ун-май, эт алып келип таштап эле кайра кетти. Алмаш үйгө кирет деп ойлоп жаткан, кетип калганын билгенде ызаланып ыйлап алды.- Ээ, балам, тиги эттен тамак асчы, — деди Дарыйка.- Азыр, — деген менен баланы эмизген болуп козголбой жата берди.- Балаң ыйлап жатабы, Алмаш?- Уктабай жатат го?- Келчи мен алайын, — деп эки колун сунуп келатканда Алмаш өйдө болуп баланы сунду. — Айланайын, берекем го ушул, балам, сен ыйладыңбы? — деп келинин чочулай карады.- Жок, апа, ыйлаган жокмун.- Алда-а балам ай, күйөөңдүн колу бошобой жатканга капаланып жүрөсүңбү, кагылайын? — деди кейий.- Апа, ага капаланганым жок, түндө уйкудан калдым, ошого көзүм жабышып кетти.- Ийи, мейли, айланайын, бөйтөңдөп эле өз оокатыңарды жасай берсеңер экен, картайганда силердин ойноп-күлүп, бактылуу жүргөнүңөр гана керек мага.- Апа, ойлоно бербеңиз, мен эчтекеге капаланган жокмун, — деп Алмаш жайдары күлө багып, апасын жайгара сүйлөп, тамагын жасап, алдыга алып келди. Элмураттын келбегенине анча кабатыр болмок эмес, жеңесинин айтып кеткени жүрөгүн түпөйүл түйшөлтүп турду. Тамакты экөө ичип алып, эки бөлмөгө жатып калышты. Түнү бою Алмаш уктай албай ыйлап чыкты. Элмуратка чалса телефону өчүрүлгөн. Баласын которуп эмизген сайын сыртка кулак төшөп жатып, таңга маал гана уктады. Эрте турган Дарыйка Алмаштын уктап жатканын көрүп тим койду. «Жаш бала менен түнү бою уктабай чыгат, уктап алсын», — деп отун жагып, чай коюп өзүнүн жаткан жерин жыйып, плитанын түбүнө ойлонуп отурду. Жалгыз баласынын турмушу аны тынчсыздантып туруп алды. Алмаш уктап жатканда бала ойгонуп ыйлап калды эле, көтөрүп алып келди.- Айланайын садагам, күчүгүм, көлөкөм, берекем го, ыйлаба, балам, ыйлаба, эне-атаңды кыйнаба, кунан койдун куйругун, уулума кесип берейин, талкан кууруп балама, буламык кылып берейин, ыйлаба, уулум, ыйлаба, — деп ары-бери көтөрүп, силкилдетип жатканда Алмаш чыга калды.- Апа, ыйлап кыйнап жатабы?- Жо-ок, кыңылдап эле көп ыйлаган жок.- Ойготуп койсоңуз болмок.- Сени уктап алсын дебедимби.- Апа, мени качан төркүлөтөсүз? — деди Алмаш бир аздан кийин. — Атамдарды сагынып кеттим.- Кыштан чыгалы, балам, Элмурат келсе сүйлөшүп көрөйүнчү, эмне дээр экен.- Ал макул болоор бекен?- Эмнеге болбойт, алдында деги машина турат, барып келебиз да, — деп көңүлүн улап койду. Бирок күздө төркүлөтөм деп ойлоп жаткан, Элмураттын үйгө келбей койгонуна эле барам деп жатканын түшүнүп турду. Уулуна ичинен ачуусу келгени менен аны урушуп, катуу тилдеп көргөн эмес. Кечке келини өзүнчө, кемпир өзүнчө ойго батып жүрө берди. Түш оогондо гана телефонун алып, Алмаш сыр билгизбей сүйлөдү.- Элмурат, ишиң бүтө турганбы же бүгүн да келбейсиңби? — Жо-жок, Алмаш, бүгүн эрте барам. Азыр шаарга кирдик, бир-эки саатта жетип калам.- Анда макул.- Кабатыр болбо, барып калам. — Элмурат дароо өчүрдү, ал эки-үч күндөн бери жумушуна чыккан эмес. Гүлина экөө кеңешип алып, Элмуратты өздөрүнүн фирмасына киргизмек болгон. Экөө күндө көчөгө чыгып, парктарга барып, кафелерден тамактанып көңүл ачышты. Кечке маал келген Элмураттын өзүнөн көзүн ала качканынан улам сыр билгизбей тамагын алдына коюп жаркылдап күлүп:- Уулум, атаң катуу чарчап келди, ыйлап мазасын алба, — деп ыйлаган баласын сооротуп жатты. — Атаң сен экөөбүз үчүн талаада түнөп, катуу иштеп жатат, уулум.- Алмаш, ошону бала түшүнүп коймок беле?- Түшүнөт, жакшы билип калат.- Койчу, кайдагыны айтпай.- Мейли, ишенбесең өзүң бил.- Үч ай зорго болбодубу? — деп кызаңдай наристесин алып отуруп калды. — Кана, уулум, күлүп койчу, күлүп койчу, уулум, — дегенде жарк этип күлүп койгон уулуна ичи эзилип көпкө эркелетти. Тамак алдыга келгенде гана апасына берди. Дарыйка Элмуратты карап коюп унчукпады, келинин көзүнчө эмне демек. Төшөк салынып, уул-келини өз бөлмөсүнө киргенден кийин жатып алып, дагы ойлоно берди. Алмаш күйөөсүнө жини келип, сүйлөгүсү келбесе да бирдемелерди сураса жооп берип коюп жатты.- Элмурат, — деди анан жылмая карап.- Эмне болду, мен аябай чарчадым, айта бер, — деди уккусу келбесе дагы чечинип жатып.- Уккуң келбесе укпа.- Койчу эми, таарына бергениң жаман, эртең дагы алыска кетем, — деди.- Мейли, кете бер, мен акемдикине барып жүрүп келем.- Төркүлөй электеби?- Сен минтип жүрсөң төркүлөтпөйсүң. — Эми чыдай турбайсыңбы, жаз чыкса барат элек да.- Жок, мен эртең барам да, бир-эки ай жүрөм.- Эмнеге?- Балким, келбейм, сага ошол дурус болоор…- Ай, Алмаш-Алмаш, мени ойноп жүргөндөй сезесиң да.- Мейли, иштей бер, мен төркүнүмө өзүм кетем, — деп ары карап жатып калды.Элмурат үндөбөдү.- Эмнеге кетем деп калдың, себеби барбы? — деди көптөн кийин.- Кетем дегеним сенин мени унутуп баратканың.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE