Пример HTML-страницы

Чолпон-Атадагы мектеп окуучулары Ысык-Көл райондук сотунун имараты менен таанышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧолпон-Ата шаарындагы И.А.Абдразаков атындагы мектеп-лицейинин 10-11-класстары Ысык-Көл райондук сотунун имараты менен таанышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Окуучуларды Ысык-Көл райондук сотунун төрагасы К.А.Батыралиев, судья Н.П. Дыйканов кабыл алып, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору менен бирге райондук сотунун иш бөлмөлөрүн, соттук отурумдар өтүүчү залдарды тааныштырып чыгышты.

Ошондой эле, жетекчилер окуучуларга кесипти туура тандоо, татыктуу адис болуу, окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, бөгөт коюу максатында ачык сабак өткөрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE