Пример HTML-страницы

Чүй облусунун шаар-райондорунда өткөн майрамдык иш-чаралардан фоторепортаж

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун шаар-райондорунда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди.

Аламүдүн районунда 21-март — Нооруз майрамына карата облустук деңгээлдеги иш-чара өттү. Анда улуттук тамак-аш жана кол эмгектердин көргөзмөсү өттү.

Ошондой эле Васильевкада ар улуттун өкүлдөрү чогулуп, айыл эли менен биргеликте майрамдык иш-чара өткөрүштү. Анын алкагында маданий сынак уюштурулуп, жыйынтыгында 1-орунду уйгур диаспорасы, 2-орунду славян диаспорасы, 3-орунду Васильевка орто мектеби, 4-орунду күрт диаспорасы утуп алышты.

Мындан тышкары көк бөрү оюну уюштурулду. Бул айылда Нооруз майрамы айыл эли тарабынан алгачкы жолу өткөрүлдү.

Сокулук районуна караштуу Белек айылындагы ат майданында ат оюндары уюштурулуп, элге майрамдык концерт тартууланды.

Андан соӊ, Шопоков мэриясы тарабынан даярдалган сүмөлөктүн ачылышы өттү.

Ошондой эле Новопавловка айыл өкмөтүнүн Ата-Журт менен Тынчтык конуштарында майрамдык иш-чара уюштурулду. Анда кыргыз улуттук оюндары өткөрүлүп, жергиликтүү таланттар тарабынан концертик программа тартууланды. Мындан тышкары 7 техника көргөзмөгө коюлду.

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, майрам 20-март күнү кечинде сүмөлөк кайнатуу менен башталган. Андан кийин анын ачылышы 21-мартта өттү.

Райондук маданият бөлүмү тарабынан концерттик программа тартууланып, кыргыз элинин кыз узатуу, баланы бешикке салуу салттары көрсөтүлдү. Чүкө атмай, жоолук салмай, алтын шакек, аркан тартмай оюндары уюштурулуп, кыздар акыйнек айтышты.

Токмок шаарындагы С. Ибраимов атындагы борбордук аянтта Нооруз майрамынын урматына салтанаттуу кече уюштурулду.

Облустук олимпиадада алдыңкы орунду ээлеген окуучуларды, алардын мугалимдерин, майрамга карата өткөрүлгөн спорттук иш-чаралардын жеңүүчүлөрү сыйланышты. Андан соң, эстрада жылдыздары коштогон чоң концерттик программа тартууланды.

Чүй облусунун Панфилов районунда 24 боз үй тигилип, Нооруз майрамынын урматына улуттук оюндар көрсөтүлдү.

Майрамдык иш-чара Фрунзе айыл аймагына караштуу Чалдыбар айылында өттү. Ага райондун акими Маил Алияскаров, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Тилек Кенжетаев , маданият кызматкерлери, спорт сүйүүчүлөр жана жергиликтүү тургундар катышты.

Элге сүмөлөк таратылып, 24 боз үйдө улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулду.

Чүй районуна караштуу Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн аймагындагы Суяб тарыхый шаарчасындаНооруз майрамы белгиленди.

Мекеме-уюмдар жана айыл өкмөттөрү тарабынан боз үйлөр тигилип, Чүй райондук маданият бөлүмү уюштурган концерттик программа тартууланды. Ошондой эле, Чүй жатак мектебинин эмгек жамааты тарабынан «Сармерден» кыз-жигит оюну уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE