Пример HTML-страницы

Балдарыма ата тандайм.

https://kyrgyzcha.site/?p=22324&preview=true Кызыктуу окуялар.

БАЛДАРЫМА АТА ТАНДАЙМ.

=========================

 

Бүркүттөрдүн ургачылары келечектеги балапандары үчүн “атасын” кантип тандаганын билесизби? Алгач кургап калган чыбыкты оозуна тиштеп , асманга бийик учуп, айлана баштайт. Жанында болсо келечекте “ата” болом деген талапкерлер ургачы бүркүттү тегеренип учушат. “Ата” болчу азаматтар көбөйгөнүн сезген ургаачы бүркүт оозундагы чыбыкты кое берип, карап турат. Ылдый көздөй түшүп бараткан чыбыкты бүркүттөрдүн бирөөсү эпчилдикке салып, абадан тиштеп, кайра акырын ургаачынын тумшугуна тиштетет. Ургаачы кайра чырпыкты кое берет, эркектер жан талашып учуп, кайра чырпыкты “ээсине” кайтарат. Бул абал бир нече жолу кайталанат. Эгер ургаачы ыргыткан чыбыкты шамдагайчасынан кайра-кайра тутуп, кайтара ала турчу эркек бүркүт чыкса, ургаачы бүркүт тагдыр ушул экен деп ал азаматты тандайт.

 

Алар эми бир үй бүлө куруп, куруган саман менен чыбыктардан бийик аска боорунда уя курушат. Жана ал уяны жылуулаш үчүн тумшугу менен өз денесинен мамык жана жүндөрүн тыта баштайт. Уянын баардык тешиктерин бул мамык жана жүн менен жылуулап, келечектеги балапандар үчүн ыңгайлуу жана жумшак кылганга аракет кылышат. Бир нече убакыттан кийин бүркүт эне балапандарды алсыз, жылаңач абалында жумурткадан басып чыгарат. Балапандардын ата-энеси экөөнү ысык-сууктан коруп, жамгыр менен шамалдан өз канаттары менен калкалайт, тумшугуна суу жана азык алып келип берип чоңойтушат. Бара-бара балапандарга жүн чыгып, канат байлайт. Муну көргөн ата-энеси убакыт келди деп чечишет. Эркек бүркүт алгач балдарын акырын уянын кырына алып келип, канаты жана тумшугу менен уядагы баардык мамык менен жүндөрдү тытып, улам секирип уяда жалгыз гана каттуу чыбыктар кала тургандай абалга алып келет. Эмне үчүн деген суроо жаралса керек? Албетте муну балапандар да түшүнбөйт, буга чейинки жумшак, жылуу уясын эмне үчүн атасы талкалап, ыңгайсыздык жаратканына таң калышат. Бул мезгилге чейин ушунчалык мээримдүү жана камкор болгон ата-энесинин заматта өзгөргөнүн түшүнө албайт. Ургаачы бүркүт болсо, суу бетинен майда балыктарды тутуп, мурункудай балдарына алып келип бербестен, уядан бирааз алыс жерге конуп, өзү жей баштайт. Балапандар болушунча оозун ачып, чыйпылдап, апасын чакырганга аракет кылат. Кечээ эле жамгыр, күндөн калкалап,камкордук кылган атасы бүгүн уяны бузуп, өзү жебестен балдарына азык ташыган энеси балыкты бөлүшпөстөн өзү жеп жатканы кызык. Курсагы ачканда айласыз балапандар ордунан жылып,аракет кылууга өтөт.

 

Буга чейин кылып көрбөгөн аракеттерге батынышат. Ата-энеси мурункудай эле мамиле кыла берсе, балапандар мындай кылууга аракет кылышмак эмес. Балапандар акырын уядан чыгып, аска боорунан түшүп кетет. Мына эми ургаачы бүркүт эркегинен баамдап жүргөн шамдагайлык керегине жарайт. Заматта атасы артынан учуп, кудум чыбыкты туткан сымал, балапанына жонун тосуп, кайра аска бооруна алып келип коет. Бул абал улам-улам кайталана берет. Балапандар аскадан кулагандан,ал эми атасы кайра мурунку абалына кайтаргандан чарчабайт.

 

Кызыгы, бир да бүркүт баласы жерге түшүп, өлбөйт. Кыйналып жатып, балапан бир маалда мурун кылып көрбөгөн бир аракетти кылат. Канаттарын абага жайып, калкый баштайт. Ушундай ыкма аркылуу, акыр аягы атасынын жардамы менен учканды да үйрөнүшөт. Учканды үйрөнгөн соң ата-энеси кайсыл жерден балык уулаганды көрсөтүшөт. Эми мурункудай атам менен апам качан тумшугунда балык алып келет деп күтпөстөн, алар өзүн өзү бакканга өтөт.

 

Бүркүттөрдүн бала тарбиялоо ыкмасы биз үчүн да абдан маанилүү. Руханий жактан бекем жана ден соолугу чың болгон балдарды тарбиялоону кааласаңыз, анда аларды ашыкча жылуу жана жумшак “уяда” сактоодон баш тартыңыз. Өздөрүнүн канаты бекемделип, балык тутканды билсе да, балык алып келгенди токтотуңуз. Алардын катасына бүркүт сымал сабыр кылып, улам кайра ашыкча боор оорутпастан, аракетине көз салыңыз. Сиздин азыр боор оорумуш болгонуңуз-эртеңки балдардын келечегине балта чабат. Алар менен болгону жашоо тажрыйба, акыл насаатыңыз жана кеп-кеңешиңиз менен жардам бериңиз. Ургаачы бүркүт улам чыбыкты ыргытып, келечектеги балдарына татыктуу ата тандоосуна карап, канчалаган эже-карындаштарыбыз ушул бүркүтчөлүк акылы жокпу деп ойлонуп кетесин. Эгер ал тандабай эле бир эркек бүркүт менен үй бүлөө курса, балапандарынын көбү аскадан кулап, жок болмок. Ал эми бүркүттөр башка куштар сымал көп деле балалуу болбойт, ашып кетсе бир же экөө.

Өмүр бою ата-энесинин жылуу жана жумшак “уясынан” чыкпаган жигиттерден келечекте мыкты ата чыгышы кыйын, урматтуу эже-карындаштар! Эркектин байлык,сулуулук, макамына эмес, адамгерчилик, турмуш кыйынчылыгына туруктуу экендигине карап тандаңыздар! Болбосо ургаачы бүркүткө каркайган карга жуп болуп калышы ыктымал.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE