Пример HTML-страницы

Алайдагы жалгыз автобекеттин абалы айдоочуларды убайымга салып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунун Гүлчө айылындагы автобекетте таштанды убагында чыгарылбай, жолдорунун тамтыгы чыкты.

Бул райондогу жалгыз автобекет. Айдоочулар автобекет боюнча Алай районунун акимине чейин кайрылганын, бирок жыйынтык чыкпаганын айтышты.

«Такыр шарт жок, биз унаабызды токтотконубуз үчүн акча төлөйбүз. Бул жерден бүт айылдарга катташат. Автобекетке күнүнө 10 сомдон 50 сомго чейин төлөйбүз. Акчасын алып коюп эле отурушат. Таштанды тазаланбайт, иретке келтирилбейт, жолдору оңдолбой жатат. Өзгөчө жаан жааганда бул жерде көлчүктөр пайда болуп, жолдор баткак болуп, баса албай калабыз. Автобекетке кирген жол өтө эле начар, бизден сырткары башка айдоочулар дагы келип токтотуп алышат. Айрымдарыбыздын жолубузду тосуп, базарга кирип кетишет. Күн ысыкта таштандыдан чыккан жыт түз эле унаа токтоочу жайга келет. Бизге абдан жагымсыз жыттанат. Катуу шамал болгондо чаң болуп, көз ачылбай кыйналабыз. Автобекеттин ичин иретке келтирип, кеңейтип беришсе эле болду», — деди айдоочусу Абдикарим Акматов.

Ошондой эле айдоочулар 5 жыл мурун ачылган унаа токтотуучу жайдын жолдорун өздөрү акча топтоп, оңдотконун айтышты.

«Алгач бул жерди акча албай эле иштетип жатышкан болчу. Кийинчерээк эле акча ала баштады. Бул жерге кире турган жол бизди кыйнайт. Бир аз туура эмес буруп алсаң, унаанын асты тийип калат. Ошентип эптеп кирип чыгабыз. Жолдун боюна көмүр сатуучу жай ачылган, ал да жолду тосот. Башкы жолдон бурулган жерде жол чырактар жок, бекетке бурулушубуз дагы кыйын. Бул боюнча акимге 2-3 жолу барганбыз, «макул» деди, бирок оңдолгон жок. Айдоочулар акча чогултуп, шагыл төктүргөнбүз», — деди айдоочулардын бири Жаныш Аттокуров.

«Гүлчө» автобекеттинин администратору Дамир Жээнбеков автобекетти оңдоо иштери жакынкы арада баштала турганын айтты.

«Автобекеттин ичин жакында тегиздеген болчубуз. Бирок жаандан улам ал жерлер кайра эле мурунку абалына келип калды. Акимчиликтен дагы бул маселени угуп, ишке кирише баштадык. Ал жер менчик болгондуктан чагашаларын өзүбүз эсептеп чыгып, 1700 чарчы метрден ашуун жерди жана жолду толук асфальттоо пландалууда. Асфальттоого 4,5-5 млн сом сарптала турганы анык болду. Акча маселеси чечилесе, апрель айында оңдоо иштери башталат», — деди Жээнбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE