Пример HTML-страницы

ЖЕТИМДЕР 9 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7259&preview=true Кызыктуу окуялар.

?9 — БӨЛҮМ
Азыр эле айлананы сүттөй жарык нурга бөлөп, соймондогон оттун жалыны басандай түшкөнүн байкаган Султанбек ордунан ыргып
турду. Четинден жаңы кесип жасалган узун көсөө коломтодо ойной баштады. Күйүп бүткөн кыпкызыл көмүрлөр улам бир жагына шиленип муздак суунун илеби жеткенде күл аралаш чаң ызгыган ысык буу
ачык асманга атыла түшүп бир заматта жок болот.
Күндүн мурду жер бетине тегиз чачырап калган кезде желе
жорто бастырган Султанбек эки тең көмүр жүктөнүп айылга кирип
келди. Башкарманын үйүнүн жанынан өтө бергенде арт жагынан үн угулду.
Султаш аба!
Атчан тизгинин жыя кармады.
Салоомалейкум. Өтө эле эрте чыккансыз го жортуулга.
Саламга алик алган Султанбек күлүп койду. Башкарма ыраазы
болгондой, артында келаткан капитанга кылчая карап сыймыктуу
жылмайды.
— Көрдүңүзбү, Султаш абам камкор, аябаган сарамжалдуу киши. Колхоздун багына бир жаралып калган да.
Өнөрүңүздөн сатпасаңыз болбойт, аксакал. — Жигит жагал-
данды.
Сатуулашуу колумдан келбейт, иним. Эгер өнөрүмдү үйрөнөм
дегендер болсо аянбайм.
— Ушул асыл сөзүңүз үчүн колунузду бериңизчи…
Султаш аба, бул иниңиз Сизге төркүлөп келиптир го.
Капитан каткырып күлдү.
Сакал-мурутун кырдырган кишинин баары эле кичүү боло
береби? — Өз ээгин сыйпады. — Эгер экөөбүз сакал-мурутту тим кой-
чу болсок ээгибиз эле эмес, бетибиздин баары сакал болмок. Султаш
экөөбүз теңтуш экенбиз. Муну билип кой, дос.
— Анда теңтушуң менен өзүң эле сүйлөшпөйсүңбү, мени ортого
салып эмне кыласың.
Мал ээси машаяк дегендей, сен эл атасы эмессиңби. Сенден
кеңчилик болбой туруп…
— Султаш аба, уктуңузбу теңтушуңуздун сөзүн?
— Билем. Эгер Сизден кеңчилик болсо мейли. Күнүмдүк оокат
үчүн күчүмдү үрөп, теримди шыпырып жүргөндө кайда
элем. Эми
минтип иштеген ишимди силер өндөнгөн инилериме кадыр-колко кылып олтурам. Ал-кубаттан тайганча кандай жүк көтөртсөңөр көтөрүп
берейин. Иши кылып эмгегимди эл баалап, силер билсеңер болду.
Айта турган бир сөз жанакы түгөнгөн темир-терсек деген неме же-
тишпей мүңкүрөтөт экен.
— Темирден кам санабаңыз. Мага Сиздин оозуңуздан макул
деген гана бир ооз сөздү угуу болучу. Ракмат. Он эки аякка бир ка-
ры дейт. Убада-убада. Қызыңызды ала кетип, докторго өзүм көрсө-
төм. Мен бир аздан кийин барам. Қийим-кечесин кийип, камынып
турсун.
«Қийинип турсун» деген сөздү укканда атанын жүрөгүн бир нерсе
сайып алгандай болду:— э кокуй, кызынын айыл-апа, эки жакка
чыкканда жаркыратып бирин чечип, бирин кие турган аттуу-баштуу
кайсы кийими бар эле, – ата астыңкы эрдин тиштеди.
Ушундай санаалардан кийин үйүнө сабыры суз болуп келген
Султанбек атын байлап жатып, огород жактан келаткан кызын көрүп
күлүп жиберди. Зайракандын эпчилдигине кубанганынан жүрөгү
жарылып кете жаздады. Атаканат десеңиз, «катын жакшы эр жакшы» деген ушул. Эски. Эски болсо да дүкөндөн жаңы алгандай тап-
таза. Боюна чыпыйып жарашыктуу олтурган Толкундун кийимин
көргөндө жанатан берки көөдөнүн таштай өйүгөн бушайманы күндүн
табына койгон муздай эриди. Атанын көзүнө жуунуп-тарангандан
кийин ошондой учурадыбы, айтор айдалыга төгүлүп мөлтүрөтө майда
өрүлгөн капкара узун чачы, башына кийген көөнөрүп калган сайма-
луу ногой топу тим эле Толкундун ажарын ачып, куштай кылып са-
лыптыр. Көзүнө кийген жез жээктүү кара айнек ак жүзүнө жарашып
өзгөчө көрктүү. Султанбек Толкундун бой тартып калганын ошондо
гана байкагандай, аны алда кимден кызгангандай…
Опурап-топурап, ата-энеси менен бир туугандарынын узатуусун-
да келаткан кыздын көрүнүшү машинада олтургандарга булуттан
чыккан күндөй болуп керүндү. Алар балким Султанбектин ушундай
сулуу кызы бар деп ойлоруна да келбеген чыгар. Толкунду кирпик
ирмебей чекчее тиктеп калган инисин байкаган капитан, аны капталга
нукуду.
— Ай, Самат, көрдүңбү тигини. Бах, перидей кыз экен, ээ,
Агасынын кыраакылыгына ыраазы болгон жигит тамылжың тү-
шүп шилекейин жутту…
Машина айылдан алыстай берди. Капитан менен Зайракан жай
сурашып келатышты. А Самат болсо бет алдындагы кичинекей айнектен Толкунду тойбой тиктөө менен убара. Жүрөгү машинанын
мотору менен үн алышып жаткансып тарсылдайт.
Зайракан эже, — деди артына бурула берип сүйлөгөн капи-
тан, — сураша келсе карын бөлә чыгат деген ушул ээ. Сиз мага тай
эже болуп калдыңыз го. Аныңыз чын болсо кичине тай эжем экөөңүздөр биздикине барып, эшик-төрдү көрүп, чай-пай ичип олтуруп тургула. Жээн келиниңиз менен Толкундун таанышып алганы түзүк болор. Ооруканада жаткан кишиге да келип-кетер жакын адамдардын
болгону жакшы. Қандай дейсиз?
Туура, айланайын. Бирок, жол-жобосуз эле мурун-кийин бар-
баган үйгө качырып кирип барганыбыз уят эмеспи. Аманчылык болсо,
Толкунум аман-эсен айыгып чыкканда барады. Таанышып калдык,
келиш-кетиш качпас.
– Жок, жок тай эже, анда болбой калат, Қасым жээниңиз айткандан кийин бардыгы орундалыш керек. Сатуулашкандай биз соодагер белек. Толкунтайдын айыгып чыккандагы жолу бир башка. Үйгө
өзүм ээрчитип келип, бир-эки кондуруп, башын куттуктап көйнөк-кече
кийгизип туруп өзүбүз жеткирип коёбуз.
Зайракандын көжөлгөнүнө болбой жатып Қасым энелүү-баланы
үйүнө алып барып түшүрдү. Тикенектей болгон кичинекей сары аялды Қасым — келиниңиз ушул деп тааныштырды. Бирок ал Зайра-
кандын келгенин анчалык каалабаганы кабагынан билинип турду.
Ары жакта отундун үстүндө жайылып турган бир келки таарды бир
аз күбүгөн болду да эшиктин алдын көздөй ыргы ты.
— Бутуңду тазараак сүртүп кирчи, бай бол ур. Үйлөрдү жаңы
эле жууп чыктым эле. Суусу да жакшы тоборсуй лек.
Аялдын сөзү Қасымга карата айтылганы менен жаңы келгендер-
ди таяк менен башка ургандай болду. Алар турган орундарында катты. Толкун энесине кетип калалычы» деп шыбырады. Аялына алая
караган Касым эшик ачып тигилердин үйгө кирүүсүн өтүндү.
Зайракан менен Толкунга эшик менен төрдүн ортосу ат чабым-
дай көрүндү. Алар ыңгайсыз абалда калды.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин меймандардын үстүнө Қасымдын
аялы анткор күлүп кирди. «Тааныбасты сыйлабас деген ушул. Кечирип коюнуздар». Меймандар үн каткан жок.
Зайракан өз ичинде аялдын мүнөзүн жактырбай олтурду. «Қайран жигит, жарың жарашпай калган экен» деп ойлоду. Бирок, Касымдын Толкун жөнүндөгү түпкүрдөгү боор толгоосун ал такыр түшүнгөн жок. Касым менен кошо эки ортодо энелүү-кызга көбүрөөк
көңүл бөлүп, таманынан чаң чыгып чуркап жүргөн алиги шофер
жигит Самат.
Толкун ошол эле күнү түштөн кийин ооруканага кабыл алынды.
Ушул чакан имарат республикадагы жаңыдан баш көтөрүп келаткан
көрүнүктүү ооруканалардын бири болучу. Азыркыга караганда кой- 1
калардын саны жүз эсеге аз. Адистиги боюнча тейлөөчү медициналык персоналдар жетишсиз. Ал эми врачтардын саны андан бетер са-
налуу. Оорулардын түрүнө карабай, бардыгын бир гана врач кабыл
алып, бир гана врач тейлөөгө да, дарылоого да жетишет. Толкунду
ушул кичинекей чакан коллектив өз кучагына алды. Қимиси эле бол-
босун кызды мээримдүү көз учкунун төгүп эркелете тиктешет. Алар
Толкунга түшүнүксүз сөздөр менен жагымдуу жылмайышып, маң-
дайынан сылашат.
Қыз ооруканага жаткандын эртеси түшкү тамактан кийин бир
жаш аял келип, аны менен жандап сүйлөштү. Кыздын чачын көрсө-
түп бирдеме дегендиктен, чачымды кыркканы жатышкан экен деп
үрпөйө түштү. Толкун башын чайкап, чачын кармаптай койду. Аял
качан гана халатынын чөнтөгүндөгү тарагын алып чыгып, өз чачын
тарап көрсөткөндө, Толкун түшүндүм дегендей, уялганынан күлүп
жиберди.
Баякы элдин өөдө-ылдый сүйлөгөнү жалган болуп чыкты. Тол-
кундун көзүнө эч кандай операция болбой эле, дарылоонун алгачкы
курсу кабыл алына баштады. Эчен ай, эчен күн көз оорудан жала
чеккен кыз, тез эле өзүн жакшы сезе баштады. Оорусу жакшы болуп,
көңүлү тына баштагандан бери анын сулуу жүзү ого бетер нурланып
чырайына чыга берди.
Ат тезегин кургатпай көп келе бергендиктенби, айтор Қасымдын
үй-бүлөсүнө кыз үйүр ала баштады.
Самат Толкун менен бул келишинде көпкө сүйлөшкөн жок. Ал
бар болгону жеңеси экөө Толкундун кыштагына барганын, Султанбек
менен Зайраканга кезигишкенин, алардын кызына айткан салам дубасын айтты. Анан үйүнөн берип жиберген тамак-ашын тапшырды да
кечинде келип кетерин айтып, жабышып турган терезеден түшүп кет-
мекчи болуп жатканда Толкун аны карап күлүп койду.
— Самат аба, убара болуп келбей эле коюңуз,— деди Толкун.
— Эмнеге убара. — Жигит көзүн кысып сүйлөдү. Анан ал оозун
чурмуйтуп, кандайдыр жагымсыз белги менен өз алаканын өпкөн
болду да, жок болду.— Аль секирип түштү окшойт. Адамдын дүп деген дабышы угулуп калды.
Толкун ордунан туруп терезеге барды. Саматтын жанакы кылыгына таңданган кыз жигиттин карааны үзүлгөнчө, анын артынан
дем албай ойлуу караг сeлeйип турду. Жаш жүрөгү жипкирип, кө-
ңүлү кирдеди. Бир заматта Саматка ичи таштай муздады. Анын көз
кысып, ыржайып күлгөнү, оозун чурчуйтуп өз колун өзү өөп берген
жагымсыз белгиси айнектин ары жагында дагы эле ошентип турган-
сып көз алдынан кетпей койду. «Жинди киши окшойт» деди кроваты-
на олтуруп жаткан Толкун камыгып.
Эне-атасы берип жиберген тамак-аштарын алып, тумбочкасына
салып жатып, алардын арасынан тумарчасынан бүктөлгөн катка көзү
чалдыкты. Конвертти шашып-бушуп ача баштады. Жүрөгү дикилдеп
чыкты. Кыздын кареги кагазга кадалды. Өзүнө тааныш эмес башка
кол, башка жазуу. Қызык, муну ким жазды болду экен. Кагаздын
баш жагындагы чоң-чоң тамгалар менен кооздоп жазылган «Сүйгөнүм Толкунга» деген сөздү окуру менен бүткөн боюн майда калтырак
басты. Анан ал шашкалактап каттын аягына көз чаптырды. Өзүнүн
көптөн бери ойгонсо оюнан, уктаса түшүнөн кетпеген бирөөнүн атын
издеп таппай калды. Учкул кыял, жакшы үмүтүн жек көрүү сезими
басып кетти. Сүйгөнүм деп таамай айтылган мындай касиеттүү сөздү
ал ушул күнгө чейин Абастан башка эч кимден уга элек болучу. Толкун өз оюнда бул кереметтүү ыйык сөздү андан башка жан киши
айталбачудай ойлогон. Анан калса Абастан алган каттар сүйкүмдүү
да, жүрөгүнө жакын да болучу. Ал эми бул катчы? Қыз колуна күнөөнүн эң эле чоңун, болгондо да эң эле жаманын кармап тургансып,
коркконунан жаздыгынын астына ката койду. Анан бул айыптуу катты эч ким көрбөдү бекен дегенсип, эки жагын элеңдей карады. Қыз
бир заматта айсыз караңгыда чытырман токойду аралап жалгыз ба-
ратып, алды жагынан ач карышкырдын улуган коркунучтуу үнүн
уккан жөө жолоочудан бетер, өңү жууган чүпүрөктөй кубара түштү.
Жамачылуу, таптаза, эски суу жоолуктун үстүндө жаткан тоок-
тун эти менен майга бышкан нандарды колуна алды да кат жаткан
жаздыгын карап койду. Аны кимдир бирөө келип сууруп алуучудай
шектенди. Элдин баары аны эчак эле билип алгандай көрүндү. Жүрөгүн өйүгөн ушул жаман кат анын эсинен чыкпай койду. Колундагы
тооктун санын шашып жеп, колун кагаз менен сүрттү. Кыз чымырка-
нып, катты колуна алды.
Қагаз кыздын колунда титиреп турду. Баракка толтура жазылган сөз, тартылган сүрөт, сап-сап болгон ыр саптарын көрдү. Укмуштуу сүрөт. Қадим эле кишинин жүрөгү. Бирок анда эмне үчүндүр
үстү жагынан да, бир жак капталынан да толтосуна чейин терең
баткан курч шамшарлар сайылып турат. Толкун жүрөктөн сызылып агып жаткан кара кочкул канды да көрдү. Айтор муну тарткан сүрөтчү жүрөктүн айласын таза кетириптир. Баятан бери жаралуу жүрөккө таңдана карап олтурган кыз «Акмак, менин жүрөгүм
сен үчүн ушинтип жараланып жатат» дегени болсо керек, деп ойлоду.
Қатты кандай окуп чыкканын да сезбей калды.
Қыздын тынч көңүлүнө ушинтип дүрбөлөң түштү. Башы тумандап, жүрөгү титиреди. Саматтын күтүлбөгөн катына зааркануу менен телмирди. Булар үй ичи менен ушун үчүн жан талашып чуркап
жүргөн турбайбы деп ойлоду…
Ал анан мектепте окуп жүргөн кезин эстеди. Ата-энелердин жыйналышында Толкун биринчи жолу сахнага чыккан. Анда Абас өз колу
менен жазып берип өзү үйрөткөн дикломацияны айттырды. Айтор ал
же өзүнөн жогорку класста окугандыгынанбы, же улуулугунанбы,
иши кылып Толкундун көзүнө бой жеткен салабаттуу уландардай эң
эле сүрдүү сезилүүчү. Аны көргөндө жалтанып кетүүчү. Жигиттин
жүргөн-турганы, сүйлөгөн сөзү, күлгөн күлкүсү, бардыгы тең анын
өзүнө жарашып туруучу. Толкундун түшүнүгү боюнча Абасчилеп эч
бир улан куюлуштуруп кулакка жагымдуу, жүрөккө жеткире сөз
айта албастай, эч бирөө антип ырдай албастай көрүнөр эле. Ошондой
артыкчылыгынан ал мектептеги комсомол уюмунун секретары, өздүк
көркөм кружоктун жетекчиси болуп шайлангандай ойлоочу. Жигит
эч кимге билгизбей көшөгөнүн тигил жагынан же бул жагынан Толкунду ар дайым сыртынан акмалап карап турганын ойноо секелек
билүүчү эмес. Бирок, эмне үчүндүр өзү да Абасты көңүлүндө издеп,
жалт карай салганда экөөнүн көзү бири-бирине чагылыша түшчү.
Толкун уялганынан көзүн ылдам тартып алып, башка жакка карап
кетүүчү. Өзүнүн толкундоосун билгизбөөгө аракет кылып, көзүн
андан ала качканы менен, эмне үчүндүр кареги аны унуткарып туруп
кайра баштан эле Абасты издей берүүчү. «Толкун өзүндөгү бул касветти, Абастын улуулугун сыйлагандыгымдан ушундай болсо керек деп ойлоочу.
Қачан гана Абас онунчу классты бүтүп, мектеп менен коштошуп
жатканда кыздын ичи оттай жанып, көңүлү эңшерилди. Ал эмес
ыйлагысы да келген. Ошондо өзү менен он жылдыкты бирге бүткөн
кыздар менен Абастын чогуу басып баратып, көңүлдүү сүйлөшүп,
каткырып күлгөндөрүн көрүп, биринчи жолу кызганган.
Абас райком комсомолунун чакыруусу боюнча, ошол аппаратта
иштеп калды. Бирок, ал мектеп менен байланышын үзгөн жок. Келгенде Толкунду издеп жүрүп кезигүүчү.
Толкун Абастан биринчи жолу кат алганын ар дайым салтанат
туу түрдө эсине түшүрөт. Бирок, эмне үчүндүр жооп берүү ага тозок-
той көрүндү. Эмне деп уялбай жооп жазат. Эчен жолу кат жазып кайра тытты.

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE