Пример HTML-страницы

Кара-Көл шаарында Чернобль апаатынын курмандыктары эскерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Көл шаарында Чернобль апаатынын 38 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чарада шаар мэри Т.Конкобаев баштаган мекеме-ишканаларынын жетекчилери, Чернобль апаатынын катышуучулары болушту.

«Чернобль апаатына быйыл 38 жылдын жүзү болду. Мындан 38 жыл мурун так ушул күнү жардыруудан улам ЧАЭСтин төртүнчү энергоблогунун реактору иштен чыккан. Бул апаатка биздин өлкөнүн 3200гө жакын жараны коркунучтуу тилкелерде иштеген. Алардын катарында Чернобль кесепеттерин жоюуга Кара-Көл шаарынан 32 жаран аттанган. Анын ичинен 10 эр-азамат катышып, ден соолугунун запкысын жеп, көз жумган. Биз каза болгондордун жаркын элесине таазим этебиз. ЧАЭСтин катышуучулары менен сыймыктанабыз. Өлкөбүздө өнүгүү, жаштарыбыз намыстуу, ыймандуу болсун. Мындай апааттар кайталанбасын, тынчтык болсун», — дейт Т.Конкобаев.

Калаадагы ЧАЭСтин 22 катышуучусуна жана 9 жесиринин ар бирине 5000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE