Пример HTML-страницы

Эки куйоолу аял 12 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37401&preview=true Кызыктуу окуялар.

Эки куйоолу аял.

12-болум.

Камила шаарга келип, таенесине жолукмак болду, таксини алардын үйүнө айдатып келип токтотту да, кирип кетти. Зууракан эшикте жүргөн эле Камиланы көрүп:

 

— Ээ кагылайын, кызың кана, өзүң эле келдиңби? — деп жеткиче сурап алды.

 

— Кандайсыз, таене, денсоолугуңуз жакшыбы? — Камила таенесин кучактап өөп калды.

 

— Жакшы, кагылайын, өзүң жакшы жүрөсүңбү, кызың чоңоюп жатабы? — Зууракан жээн небересин ээрчите үйүнө кирип кетти. Камила жайланышып отургандан кийин жүрөгүн эзген суроолоруна жооп алыш үчүн таенесине ыктай отуруп алып:

 

— Тайне, апам кайда экенин билесизби? — деди.

 

— Апаң үйдө эле, кызым, атаң экөө сен үчүн урушуп-талашып бүтпөй калды го? -Зууракан бирдеме айтууга оозу барбай атканын байкаган Камила:

 

— Тайне, айтсаңыз, мени атам эмнеге азапка салып жатат, өз баласынын бактылуу болушун эмнеге каалабайт?

 

— Камила, кызым мени угуп турчу, сага бир сыр айтып берейин…

 

— Ал эмне болгон сыр?

 

— Ал сенин өз атаң эмес дегеним…

 

— Эмне дейсиз? — Камила ордунан тура калды, ошол кезде ал бала кезинде атасынын эркелеткенин эстеп алды. — Жок, тайне, андай болушу мүмкүн эмес!

 

— Ооба, ишенбейсиң, ишене да албайсың, — Зууракан бир саамга тунжурай калып, анан: — Өзү да андай деп ойлобогонго аракет кылган эле, бирок сен каалаганыңа тийип кетип аны тоготпогондой болдуң, анын бир максаты сени менен орундаларын ойлоп жүргөн, сен анын максатын токтоттуң, өз каалаганыңды ээрчип кеттиң.

 

— Тайне, эмнеге буга чейин бир ооз айтып эскертип койбодуңар, мен өз атам болсо кечирет деп жүрбөймүнбү?

 

— Аны айтууга апаң дагы уруксат бербеди.

 

— Эмнеге? Менин өмүр бою азаптанып жашашымды каалайт бекен? — Камиланын көздөрүндө мөлтүлдөгөн жаш турду. — Жок дегенде түшүндүрүп айтууга болбойт беле?

 

-Угуп тур. — Зууракан аны токтотту. — Айтып коюш оңой. Түшүндүрүш кыйын. Сен жашсың…

 

— Түшүнмөкмүн, ушинтип кыйналып, ата-энеси жоктой күн өткөрүп, кызын атасы залогко кармаган имиш деген сөздөргө чыдап, жетимдин күнүн башымдан кечиргенче баарын билсем арман кылбас элем… — Солкулдап ыйлап жатты Камила.

 

— Апаң жаш кезинде аябай сулуу кыз эле. Эшигибизге күн алыс жуучулар келсе да Жийде эч кимисин жактырбай чамгарактап туруп алды. Бир күнү аны Асылбек ала качып кетти. Бизге киши жибериптир: «кызыңар бизге келин болду» деп келишкенинен ага-тууганды, жеңелери менен сиңдилерин чогултуп, эми жөнөмөк болуп турганда кайра бир киши келип: «Кызыңар качып кетиптир, кайда кеткенин таппай жатабыз» деп келгенде биз дүргүп эле калдык. Аяк-бияктагы тааныштарыбыздан сурап, дайынын биле албай жатканда куш тилиндей кат алдык: «Ата-апа, мени кечиргиле, мен силерди уяткардым. Жашай алмак эмесмин, өзүмдү зордоп жашаганча же өлүп, же качып кетиш керек болду. Ойлонуп отуруп шаарга кетүүнү туура көрдүм. Мендей акылсыз кызыңарды күчүңөр жетсе кечирип койгула, кызыңар Жийде. 1978-жыл», деп коюптур. Унчукпай отуруп калдык. Эмне кылмакпыз, аман болсо болду деп гана ойлондук, таятаңдын аябай жакшы көргөн кызы. Башка балдардан да апаңды айрыкча жакшы көрөөр эле. Арадан бир ай өткөндө келип калды. Жаркылдап күлүп, чырайына чыга түшүптүр. Мен анын сырын тартып көрсөм ал мага:

 

— Апа, мени кечир, өзүм каалаган жигитке чыкканы турам, сизге кеңешип келейин деп эле келдим, — деп мени өөп койду. — Атама айтпай эле коюңуз, учурунда эле билгени жетишет, — деди.

 

— Мейли, кызым, өзүң эле бактылуу болсоң болду.

 

— Бактылуу болом, буйруса, өзү жалгыз бала экен мугалимдикти бүткөн, бир жылдан бери иштейт. Чоң Кеминден экен.

 

— Кандай болсо да өзүңө жакса болду, кызым, кыз баланын турмуштан орун алып калганы жакшы, ата-эненин да тилеги ошол, каралдым, сенин эле көз жашыңды көрбөсөк болду.

 

— Эч качан сиздерди түйшүккө салбайм, апаке, менин бир жолу эл бетин каратпай уят кылганымды миң мертебе кечиргиле деп суранам? — Жийде мени кучактап туруп ыйлап жатты, жүрөгүм сыздап кетти. Экөөбүз көпкө кучакташып ыйлап турдук. Жийде эртеси эле шашып кетип, бир жумадан кийин үйлөнө турган болуп атышканда Асылбек шаарга артынан издеп барып, кайра ала качып кетти. Айла жок апаң тагдырына баш ийип, жашап калышты. Абдан жакшы той болду. Таятаң экөөбүз да Жийденин бактысын тилеп отуруп калдык. Атасы дагы жакшы адам экен, кудагыйым андан бетер, Жийдемдин көзүн карап эле жалынып-жалбарышат. Көрүп алып, кудайга ыраазы болуп турдум. Тиги сүйлөшүп тием деген немеси дагы кандай болуп калат эле андан көрө качып кетсе да болбой алды эми баркына жетээр дедим. Жийде Асылбекке алдын ала баарын түшүндүрүп айткан экен, бирок кызым байкуш сүйгөн жигитинен сени түйүп алганын сезбей дагы калыптыр. Билинбей айлар өтүп сен төрөлдүң, Асылбек сени жериген жок, жанындай жакшы көрчү. Бир жолу сени окууга алып барып келгенден кийин облуста иштеген Асылбектин досу атайын келиптир. Аны аялы экөөнү тең аябай сыйлап коноктогондон кийин Баатырбек:

 

— Асылбек, мына жакшы достордон болуп ынтымактуу жүрдүк, бирге ойноп-күлдүк, жаштыгыбызда дос болдук, эми балдар чоңойду, менде уул, сенде кыз бар. Камиланы өз кызыбыздай көрөбүз, Замир менен Камиланы үйлөнтүп койсок кантет, достугубуз куда болуу менен бүтөт, — деп калды.

 

— Оо, досум, мен ыраазымын балдар бирин-бири жактырса кой демек белек, сенин сөзүңдү кайтармак белем? — Асылбек Жийдени карайт.

 

— Ооба-ооба, , балдар жактырышып калса биз каякка бармак элек, — Жийде да колдогондой болду.

 

— Анда кийинки жумада сөйкө салуу ырымын кылабыз, биз кеттик, — Баатыр аялы Зыйнат экөө сылык-сыпаа коштошуп жөнөп кеткенден кийин Асылбек кубана Жийдени кучактап:

 

— Жийде көрдүңбү, Баатыр Камилага сөйкө салам дейт, ошондой чоң жерден куда күтсөк мартабалуу болобуз, Камила дагы бактылуу болот, — деп өөп үйгө киришти.

 

— Асылбек, Камила экөөбүздүн айтканыбызга болоор бекен, ал али жаш, көңүлүнө жаккан-жакпаганын билиш керек, — деп Жийде кезиндеги өз башынан өткөргөнүн эстеп мостое түшөт.

 

-Эмне, Замирди билебиз го, кичинесинен тааныйбыз, жакшы окууну бүттү, майлуу-сүттүү кызматка турган, эмне экен бир аз улуу…

 

— Улуулугу го мейли дечи, беш-алты жаш…

 

— Анан эмне, айтчы Жийдеш, Камиланы Замирге бергиң келбей жатабы?

 

-Жоок, өзүнө бир кеңешип көрүш керек, адегенде аны чакырып алалы, — деген Жийде сага чалат. Сен жооп бербей коюпсуң. Экөө шаарга барса качып кетипсиң, үйгө келгенден кийин экөө аябай урушушуптур. Асылбек карайып түнөрүп:

 

— Эгер өзүмдүн кызым болсо минтпейт болчу, уят кылды, жылан баласын койнумда өстүргөн экенмин да, өзүмдүн кызым болсо сөзүмдү укмак, — деп бакырып жер муштагылайт.

 

— Койсоңчу, Асыл, ушунча жылдан бери өгөйлөбөй эле келип эми болоор-болбоско кызыңды антип жерибе да, бала эмеспи түшүнөөр…

 

— Кана-кана түшүнгөнү, каратып туруп басып кетти го… Мени атам деп сыйласа кетип калбайт болчу.

 

— Ал өзүнүн бөлөк экенин билбейт деле, ал дагы сага таарынып жаткандыр, атам эмнеге түшүнбөйт деп, койчу, Асыл, бала немеге таарынып жаманды ойлоно бербей, — Жийде аны жумшартууга аракеттенип жатты. Бирок Асылбек укпай Жийдени шаарга жөнөтөт, ал сени таппай кайра келсе кудалары келиптир. Ошентип кызымдын башына балээ түштү, көзүнөн жаш кетпей көкүрөгүндөгү дарты күчөп ооруп калды. Азыр Жийде жүрөк-кан тамыр ооруканасында дарыланып жатат. Асылбек болсо башын көтөрбөй ичип жатат, ортодо балдарга кыйын болуп жүдөп калышты. Мен алып кетейин десем Асылбек болбой койду, — Зууракан сөзүн бүтүп Камиланы карады. — Кызым, Жийде эми ажырашам деп жатат, бир сенин айыңдан бир бактылуу үйбүлө жабыр тартып калды, инилериңди ойлосоң кыйын абалда… — эне көз жашын аарчып калды.

 

— Таене, эмне кылышым керек, мен анда биротоло калайынбы? — Камила айласы кете сурады.

 

— Эми кызың турганда кайра келип эмне бар, болоор иш болду, күйөөң менен жашай бер, кызыңдын тагдыры өзүңдүкүндөй болуп калбасын, садага!

 

— Эгер мен кетем десем алар мага Аруужанды беришпейт, таене.

 

— Ар кимге өз урук-тууганы кымбат, баласын эле бейсалака бирөөгө берип коймок беле, атаңдын аны өлтүрөм дегенин укса кармата да койбойт да?

 

— Ооба да, Денис Аруужанды аябай жакшы көрөт, жанынан чыкпайт, быдылдап тили да чыгып калган.

 

— Аман болсун.

 

— Тайне, мен апама барайын.

 

— Барсаң бар, экөөбүз барып келели, сен таппай убара болосуң, — Зууракан кийине салып, Камиланы ээрчите жолго чыкты. Алар үйдөн чыгып эле унаага түшүп, дароо кардиологияга жетип келишти. Түшкү тыныгуу убагында келишкендиктен аны чакыруу оңойго турбады. Көпкө туруп, анан коридордо келаткан Жийдени көрүп Камила ыйлап ийди.

 

-Апа?

 

— Камила, качан келдиң, кызым?

 

— Жанараак эле, апа, апакебайым, мени кечир, менин айымдан ооруп калган турбайсызбы? — Кантет, адам ооругусу келсе ооруйт да, сен эмне менин жүрөгүмө оору салып коюпсуңбу, кой ыйлаба, Аруужан кана? — Жийде эки жакты карап Денис кошо келгенби деген ойдо элеңдеп туруп калды.

 

— Аруужанды Деңис алып калды, атам сизди ооруп жатат дегенинен келгем.

 

-Качан чалды?

 

-Кечээ, ишенбей кызымды таштап келгем, барып эле кайра келем деп.

 

-Кой кызым, кайра кет анда, жылуу ордуңду суутпа, кызыңды эми алар сага карматпайт, кызың сенсиз жаман болот, өзүң менен өзүң бол, кызым.

 

-Жакшы элесизби анан?

 

-Жакшы болуп калдым, эч ойлонбой жашай бер, кызым, өзүм чыгып баргандан кийин себиңди даярдап барып берем, ага чейин тура тур.

 

-Апа, сиз атам менен…

 

— Болду, башка сөздү сүйлөбө, бүгүн эс ал дагы эртең кете бер!

 

— Апа, мен баарын уктум!

 

— Эмнени? — Жийде апасын карады. — Бала немеге эмнени айтып санаага салдың, апа, мен өлсөм ошол Асылбектин үйүнөн чыгам, балдарымды томсортуп кайда бармак элем, ал эмне кылмак эле, акыры көнөт да, апа? — Жийде кейигендей жүрөк тушун мыкчый туруп калды.

 

— Ап-па!

 

— Чү-үш… — Жийде колун жаңсай туруп калды, Камила кармай калган, ага жалдырай карады. — Мени ойлобо, кызым, өзүңдүн жашооңду, кызыңды ойлон, жөнө кет үйүңө, кет! — деп шыбырады.

 

— Курган кызым ай, мынчалык эмне азап тарттың каран калган дүнүйө ай, каран калсынчы, — Зууракан кейий карап колунан кармады. — Эс алдыңбы, балам?

 

— Жакшы болуп калдым, апа, — Камилага карады. — Сен сыртка чыгып турчу, мен апам менен сүйлөшүп алайын, — дегенде Камила чыгып кетти. — Апа, бала немени ойлонтуп эмне дедиң эле, эч нерсени билбеши керек, мен өзүм Асылбек экөөнү ата-бала кылып алам, киришпе биздин жашоого, өз тагдырымды чечкем, акырына дагы өзүм чыгам! — Жийде ушинткенде Зууракан башынан өз билгенинен кое бербеген кызынын көктүгүн билгендиктен көздөрүн ала качып тайсалдай түштү. Жийде аны сезди. — Өх! Жайлагансың го, апа, эмнеге айттың?!

 

 

Уландысы бар……

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE