Пример HTML-страницы

Бактылуу жашоодон бактысыз күндөргө карай… 

https://kyrgyzcha.site/?p=44053&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бул турмушта ак менен кара бирдей ээрчишип жүрөт эмеспи. Турмуш кээде жакшылыгына бөлөсө, кээде ар кандай оор тагдырларды берип калчап турат. Мындай оор сыноону башынан өткөрүп жаткан бүгүнкү каармандарым бир кездеги ынтымактуу түгөйлөр, бактылуу жашоонун ээлери болушкан. Алардын бири кезинде аба мейкиндигине көтөрүлүп стюардессалык кесипти аркалаган Гүлайым апанын күнү карылар үйүндө өтүп жатканын жазып, бул тагдырга аз убакыт мурун кайрылганбыз. Анын жолдошу, эки баланын атасы, учурунда «Алга» футбол командасынын оюнчусу болуп СССРди дүңгүрөткөн, Союз мезгилинин спорт чебери Зарлык Султанов учурда «бомж» атка конуп калган экен. «Бактылуу элек, баары бар эле, минтип карыганда турмушубуз ушундай болуп калды» деп үшкүрүнгөн Гүлайым апа менен Зарлык атанын кейиштүү карылыгынан сиз да кабардар болуңуз.

 

Бактылуу жашоодон бактысыз күндөргө карай…

 

Кыш мезгили эле. Айлананы аппак кар курчап турган мезгилде жумушумдун арты менен «Коломто» селсаяктар үйүнө баш багып калдым. Ал жердегилердин көбү турмуштун запкысынан улам ичкиликке берилип кеткени анык. Ошончо селсаяктын арасынан чачын буурул баскан, өзүн ал жердегилерден башкача алып жүргөн, жашы жетимишти таяп калган бир апаны көзүм чалды. Жанына барып түрдүү суроолорду узатканымда «Ушул кыштан эптеп чыгып алайын деп баш калкалаар паанек таппай келип отурам. Учурунда менден өткөн бактылуу аял жок эле. Маңдайымда үй-бүлөм, үстүмдө үйүм, иштеген ишим да бар эле. Карыганда минтип эч нерсем жок ушул селсаяктар үйүндө отурам» деди. Буларды кобурап берип жаткан апа интеллигент үй-бүлөдөн экени анын ар бир сөзүнөн билинип турду. Көрсө, учурунда ата-энеси чоң кызматты ээлеген, өзү шаарда чоңойгон кыз тура. Кийин он сегизге жаңы толгондо курбулары менен футбол көргөнү барып ошол жерден «Алга» командасынын оюнчусу, 22 жаштагы Зарлык Султанов менен таанышып калыптыр. Оюн десе оюнга, иш десе ишке, күлкү десе күлкүгө тойбой турган бул мырза Гүлайым апаны бир көргөндө жактырып, кинотеатрларга чакырып, гүлүн сунуп жүрүп акыры жүрөгүн багындырыптыр. Нике буюруп баш кошуп бир кыз, бир уулдуу болушуп бактылуу көз ирмемдерди бирге өткөрүшкөн экен. Ападан бир кездеги жолдошу, мурунку жашоосу тууралуу сураганыбызда «Зарлык үй- бүлө үчүн эмес, эл үчүн жаралган адам болчу. Биздин кол кармашкан бактылуу күндөрүбүз узакка созулган жок. Зарлык экөөбүздүн мамилебиз келишпей эки башка жолду тандап алдык.

 

Тагдырга баш ийбеске айла жок тура

 

Аз убакыт мурун «белгилүү спортчу селсаякка айланып калыптыр» деген сөздү угуп, дароо жашаган жерин даректеп издеп бардым. Атактуу инсандын абдан кейиштүү тагдырда, боор ооруткан жашоодо жашап жатканын көрүп тагдырдын таш боордугуна наалат айттым. Үйдүн ичи таштандыга жык толгон, бөлмөнүн дал ортосунда таштандыларга курчалган Зарлык Султанов күн-түн дебей керебетте жатат. Маңдайында сыналгы жана кирдеп өңү таанылбаган кичинекей стол. Анын үстүндө чириген тамак-аштын калдыктары менен ичи сырты айырмаланбаган кир идиштерде бир аз суу. Каңырсыган жытына адам чыдап тура алгыс. Ошол жердеги желим бөтөлкөнүн бир азы суу болсо, калганы заарасы экен. Футболчу бутунан алган жараатынан улам баспай калганын айтып кейип олтурду. Ордунан козголо албасын баса белгилеп, жаткан жерин аргасыз дааратканага айлантканын кобурап, бул ыңгайсыздыгы үчүн кечирим сурады. Менин кабарчы экенимди билген соң «мага жардам бересиңерби?» деген үмүтүн тирек кылып суроолорума мындайча жооп берди:

 

 

 

— Азыркы тапта спорттун футбол түрү дүйнө элинин көңүл чордонунда болуп жатат. Сиз да көрүп жатасызбы?

 

— Сыналгым жакшы тартпайт. Ошентсе да бир аз жерлерин көрүп калдым. Менимче Бразилия утуш керек болчу. Негизи оюн учурунда жеңүү же жеңилүү деген нерсе футбол талаасындагы оюнчулардын психологиясынан көз каранды болот. Мен «Алга» командасында туура он бир жыл тынбай ойнодум. Андан соң ушул жаатта машыктырууга өттүм.

 

— Бул кесиптин артынан кандай кызыктуу учурларга туш болдуңуз?

 

— Ар бир оюн мен үчүн майрам болчу. Ал кезде ар бир күнүм кызыктуу эле. Бир жолу бизди Африкага жөнөттү. Ал жактан ойногон соң бизди зоопаркка алып барышты. Биздин өлкөдө маймыл жок да. Анан жанымдагы бала экөөбүз ал жердеги маймылга тийишип калсак, ал колундагы таягын бизди көздөй ыргытып, сабаганга камынып калды. Дагы жакшы тор болгон үчүн бизге кол көтөрүп сабаганга үлгүргөн жок. Спортто жүргөн кезим ушундай кызыктарга бай болчу.

 

— Ушундай кызык жашооңуз кантип кейиштүү жашоого айланып калды? Үй-бүлөңүз менен эмне себептен ажыраштыңыз эле?

 

— Мен анда абдан жаш элем. «Алга» командасын алдыга сүйрөп, чет өлкөлөргө чейин ойноп, бүткүл союзга атыбыз дүңгүрөп турган кез эле. Биринчи жубайым Гүлайымга үйлөнөрдө мен аны жакшы көрүп, бир топко сүйлөшүп жүрдүк. Кийин үй-бүлө куруп жашап калдык. Мага бир кыз, бир уул төрөп берген соң Гүлайымдын мүнөзү өзгөрүлүп, кызганычы күндөн-күнгө күчөй берди. Себеби оюн бүткөндөн кийин кыздар сүрөткө түшкөнү келишчү жана кабарчы кыздар интервью алышчу. Бул кызганчаактык мүнөзү күнүгө чыр-чатакка алып келип акыры спорт сумкамдагы кийимим менен үйдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылды. Балдарымды көргөзбөй менден өч алып жүрдү. Себеби балдарымды абдан жакшы көрчүмүн. Дайыма алар жашаган үйдүн алдына келип балдарымдын ойноп жүргөнүн, кантип чоңоюп жатканын алыстан акмалап карачумун. Жанына барып эркелетип ата мээримин бергенге Гүлайым мүмкүнчүлүк берчү эмес. Бир күнү уулум Заурду уурдап кеттим. Гүлайым «милицияга берем, соттотом, жолобо!» деп айламды кетирди. Жакшы сүйлөшөйүн десем да укчу эмес. Ошентип балдарым менден алыс өсүп калышты.

 

— Экинчи ирет турмуш курган жоксузбу?

 

— Гүлайымдан кийин жактырган айымдар менен жашап көрдүм. Бирок алар менен атайын үйлөнгөн жокмун. Кийин акыркы аялым менен жашап жүрүп бир кыздуу болдук. Кызым Америкага кетип ошол жактан турмушка чыккан. Кийин апасын алып кетип ошол жакта жашашат. Көптөн бери кабарлашпай калдым.

 

— Мындай оор турмушта жашап калганыңызга ким күнөөлүү деп ойлойсуз?

 

— Бул жашоодо кандай жашоодо жашабасын анын баарына адам өзү гана күнөөлүү болот. Апам «Кудайым мага буту баспаса да эркек бала берсе» деп зарыгып Кудайдан тилеп жатып жалгыз эркек балалуу болуптур. «Жалаң кыздардын арасындагы күтүп жүрүп көргөн балам» деп атымды «Зарлык» койгон экен. Кийин мен да жалгыз балалуу болдум. Атын бир чети өзүмдүн ысымыма окшоштуруп, бир жагынан менин сүйүктүү футболчум Заурдун ысымынан койгом. Заурду 2012-жылы бир машине коюп кетсе, экинчиси артынан келип тебелеп кетип каза болуп калды. Баламды жоготуу жашоомдогу эң чоң сокку болду. Жанымда өспөсө дагы менин жалгыз туягым эле. Турмушунан жаңылып, ал да үйлөнүп-жайланбай эле өтүп кетти.

 

— Ошол күйүттөн улам ушул жерде баш калкалап жатасызбы?

 

— Мамлекет берген үйүмдү аялдарыма бердим. Кийин бутум катуу ооруп ушул үйдө баш калкалап калдым. Бир жолу «карылар үйүнө жиберебиз» дешкенде намыстанып болбой койгон элем. Уулум каза таап, кызым аскер кызматкери болуп эмгектенип мени караган адам болгон жок. Кызым Аселдин мүнөзү мага окшош намыскөй, уялчаак. Учурда өз оокаты менен алек. Анын үстүнө келгенде эмне дейт эле. Мен кызым бир жарым жашында эле кетип калгам. Өзүм айына үч миң сомдой жөлөк пул алсам аны нанга жана сууга коротом. Бир тууган эжем менен карындашым кээде тамак алып келип беришет. Бирок көп ичкенден корком. Анткени ажатканага баруу мен үчүн чоң көйгөй. Бир жолу эки күн суусуз калдым. Бул жерде жатып алып «жардамга, жардамга» деп кыйкыра бердим. Сырттан бирөөлөр угуп калып келишип анан жардам беришкен. Менин жашоом ушул.

 

Маегимдин соңунда «Гүлайым апа карылар үйүндө баш калкалап калса, бир кездеги өмүрүлүк жолдошу минтип селсаяк кейпин кийип отурат. Карылыкты бирге өткөрбөйсүздөрбү?» деген суроомо Зарлык ата «мен жапайы адам болуп көнүп калдым. Анын үстүнө мен алардан 1971-жылы кеткем. Ошончо жыл кайрылбай эми минтип селсаяк болгондо барамбы?..» деп жооп берди. Гүлайым апа болсо «жаштыгымда балдарымды жалгыз чоңойттум. Эми көрүнгөн аялдын кол тамгасы түшкөн эркекти кантип кабыл алмак элем. Өз жашоосун

 

 

 

өзүнчө кыла берсин» дейт. Албетте, мунун баары турмуш. Беш кол тең эмес экенин окурмандарга дагы бир ирет, болгондо да чындык менен далилдеген катаал турмуш. Бул окуяны окугандан кийин ар бир пенде жаш чагында жаңылбай туура багыт алууну ойлонсо экен.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE