Пример HTML-страницы

Ак койлор менен космостук ракеталардын кандай байланышы бар?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖүнүнөн алынган майы космостук ракеталардын тетиктерин майлоого колдонулган, эти даамдуу меринос койлору Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Чорголу айылында көп багыла баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Чорголу айылы — Фрунзе айыл аймагында жайгашкан.

«Айылыбыз Чалдыбар—Бишкек унаа жолунан 7 чакырым алыстыкта Казакстан менен чектешкен аймакта жайгашкан. Анда 500гө жакын жашоочулар мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Акыркы жылдарда меринос койлорун багууга басым жасап жатабыз. Себеби, ал тоо этегинде жашаган, бизге окшошкон тургундар үчүн өтө ыңгайлуу экен. Ал башка койлордой ары-бери чуркап малчыларды түйшүккө деле салбайт. Эти даамдуу, жүнү баалуу кой. Аны кыргыздар ак кой деп да аташат. Бул койлордо австралиялык кочкордун каны бар. Анын жүнүнөн алынган чыбаш майы космостук ракеталардын тетиктерин майлоо үчүн колдонулат. Ошондой эле жүнүн бардык боёктор менен боёго боло тургандыктан, кол өнөрчүлүктө кеңири колдонулат. Мындан сырткары, бет май да жасалат. Анын жүнүнүн узундугу 10 сантиметрге чейин жетет. Бир койдон 5 кг салмактан ашык жүн кыркып алабыз. Ырас, өткөн жылдары анын жүнү 100 сомдон да ашкан. Бирок, акыркы күндөрү кайра түшүп, орточо 70 сом болду. Биз ага деле кайылбыз. Көндүм алган өз ишибизди аткарып, жашообузду улай беребиз.

Эми жолубуз асфальт эмес. Шагыл таш төгүлгөн. Ал айыл өкмөтү тарабынан тегизделип турат. Ошондой болгон күндө да унаа өткөндө чаңы асманга сапырылса, айылдыктар «Чаң болсо жолдору, чаңкооңду басат Чорголу» деп, жол боюнда жайгашкан Канай уулу Бошкой атанын күмбөзүнө куран окуп өтөбүз. Эми айылыбызда жаз жыты буркурап, айланада малдарыбыз оттоп жүрсө, эл өз короосун тазалоо жумуштары менен алек», — деди жергиликтүүлөр.

Меринос — уяң жүндүү койлордун породасы. Ал башка породалардан жүнүнүн жогорку сапаты менен айырмаланат.

Бул порода XII кылымдын тегерегинде Испаниянын түштүк-батышындагы Экстремадурада өстүрүлүп, өркүндөтүлгөн. XV-XVI кылымда Испаниянын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошкон. Ал эми XVIII кылымдын аягында Жаңы Зеландияда жана Австралияда өнүгүп, азыркы мериностун пайда болушуна алып келген.

Бүгүнкү күндө мериностор дагы эле койлордун арасында эң жакшы жана эң жумшак жүнү менен бааланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE