Пример HTML-страницы

Айыздын айланасында 

https://kyrgyzcha.site/?p=51161&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Айыздын айланасында

айрым суроолор

Аялдар үчүн табигый нерсе болгон айыздын тегерегиндеги айрым суроолорго тажрыйбалуу гинеколог Кенжегулова Гүлмайрам Беккулиевна жооп берди.

 

 

Айыз учурундагы гигиена

— Биринчиден, айыз учурунда өтө ысык же өтө муздак суу колдонуу сунуш кылынбайт. Көлгө, дарыяга түшүүдөн да баш тартууга туура келет, себеби, муздак суу эндометриоз сыяктуу олуттуу гинекологиялык оорулардын келип чыгышына себепчи болот. Этек кир келип жатканда жатындын моюнчасы толук ачык болот да, ички жыныс органына инфекциянын кирип кетишине эч нерсе тоскоол болбойт. Прокладканы канчалык тез-тез алмаштырсаңыз, жыныс органына инфекциянын түшүү коркунучу ошончолук аз болот. Прокладканын чекесине чейин толуусун күтүүнүн кажети жок, анын үчтөн бир бөлүгү толгондо, башкача айтканда, төрт сааттан көп эмес убакытта алмаштырып туруу талап кылынат. Жана ар бир алмаштырган сайын чайкануу зарыл. Жыныс органынын гигиенасы үчүн атайын интимдик самын же балдар самынын колдонуу сунушталат.

 

Тампонбу же прокладкабы?

— Айыз учурунда кандай гигиеналык каражатты колдонот — ал аялдын өз эрки. Түнү узун жана кенен өлчөмдөгү атайын түнкү прокладкаларды колдонуу сунушталат. Кыскасы, гигиеналык каражаттарды тандоо жагынан атайын так эреже жок, ал ар бир аялдын жеке өзгөчөлүгүнө жана жашоо образына жараша болот.

Көпчүлүк жаш кыздарды «тампон кыздык челди айрыбайбы?» деген суроо тынчсыздандырат. Айта кетчү нерсе, тампон кыздык белгинин абалына таасирин тийгизбейт. Бирок, тампондун өлчөмүн туура тандоо өтө маанилүү. Өтө чоңу кызга ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн, а кичинеси болсо суюктук менен жытты сыртка өткөрүп жиберет. Сизге кандай өлчөмдөгү тампон керек экендигин врач-гинеколог жаңылбай так айтып бере алат. Тампонду колдонуу боюнча айрым кеңештер:

белгилүү фирмалардын өндүрүшүн колдонууга аракет кылыңыз жана дарыканадан гана сатып алыңыз;

эгерде тампон тоскоол болуп жатса, демек, сиз аны жетиштүү тереңдикке салган эмессиз. Мындай учурда аны алып салып, жаңысын салуу керек. Тампонду экинчи жолу колдонууга болбойт;

тампон салынган абалда жыныстык катнашка барууга мүмкүн эмес.

 

Айыз учурунда жыныстык катнашка барууга болобу?

— Айыз учурунда мүмкүн болушунча жыныстык катнаштан баш тарта туруу керек. Анткени, башка учурда былжыр менен тосулуп турган жатын моюнчасынын жолдору бул учурда толук ачык болот да, жатынга инфекциянын козгогучтарынын түшүп калуу коркунучу жогору болот. Анын үстүнө бактериялар үчүн кан эң жакшы азыктануучу каражат болуп эсептелет. Бул мезгилде жыныс органында бактериялар бир канча эсе тез көбөйөт. Андыктан, эгерде айымдын төшөктөгү такай өнөктөшү болбосо, бул мезгилде жыныстык катнаштан баш тартуу зарыл. Ал эми ишеничтүү, такай өнөктөшү болсо, гигиенанын эрежелерин катуу сактоо кажет. Жубайлардын экөө тең төшөк оюнунан мурун да, андан кийин да таза жуунуп, мүмкүн болушунча презерватив колдонгондору оң. Ошондо деле инфекциянын кирип кетүү коркунучу эркекте гана азаят. А аялдар үчүн бул коркунуч ошол бойдон калат.

 

Айызды көзөмөлдөө календары эмне үчүн керек?

Өзүнүн ден-соолугу үчүн кам көргөн ар бир аял мындай календарды колдонуп, ай сайын айыз күндөрүн календарга белгилеп турууга тийиш. Календарь айыз циклинин өз калыбында кетип жатканын билүүгө жардам берет. Ошондой эле календарь аркылуу овуляция күндөрүн билип, бойго бүтүрүүгө ыңгайлуу күндөрдү аныктап алуу оңой. Бул үчүн циклди тең экиге бөлүү керек. Мисалы, сиздин айыз циклиңиз 28 күн болсо, демек, овуляция циклдин 14-күнү келет.

 

Айыз учурундагы жыныстык катнаштан бойго бүтөбү?

— Биринчиден, сперматозоиддер жыныс органына түшкөндөн кийин өздөрүнүн активдүүлүгүн бир жума сакташат. Экинчиден, жумуртка клеткасы циклдин ортосуна чейин да, андан кийин да бышып жетилиши мүмкүн. Андыктан, айыз келгенге чейин да, андан кийин да, айыз учурунда да бойго бүтүп калышы мүмкүн. Баарынан да айыздын акыркы күндөрү бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү жогору.

 

Айыз учурундагы ооруну кантип басууга болот?

Айыз учурундагы ооруга простагландин аттуу зат «күнөөлүү». Ал бир аялда көп болсо, бир аялда аз болот. Организмде бул заттын деңгээлин азайтуу үчүн консерванттарды, кофеинди, алкоголду, таттуу, майлуу жана туздуу тамактарды азыраак пайдалануу сунуш кылынат. Организмге физикалык күч келтирүү да ооруну азайтат. Айыз башталаарына эки жума калганда жамбаштын айланасына кандын куюлуусун жакшыртуу керек. Ал үчүн велосипед тебүү, тепкич менен жөө чыгуу, белге массаж жасоо пайдалуу.

 

Айыз учурундагы стресстен арылууга эмне жардам берет?

— Айыз учурунда көптөгөн айымдарда болор-болбос нерселерге кыжырдануу, өзүн жаман сезүү сезими күчөйт. Бул сезимден арылуу үчүн күрүч жардам берет. Кимде-ким айыз күндөрү бир гана күрүчтү колдонсо, эч кандай оору да, шишик да, стресс да болбой, бул күндөр тынч өтүп кетет. Ал үчүн бир стакан күрүчтү сууга бышырып, үч бөлүккө бөлүп алып үч жолу жеш керек. Күрүчкө туз кошпой эле койгон оң.

Ошондой эле айыз учурунда нерви чыңалгандар үчүн бир күндө эки мандарин же бир банан сунуш кылынат. Анткени, бул жемиштерде стрессти басуучу эфир майы бар. Мандариндин кабыгын ыргытпай сактап коюп, нерв боло баштаганыңызда жыттап алсаңыз, баары жайына келет. Жемиштерден тышкары, нервди сактоо үчүн семичке менен жер жаңгак да жакшы, анын үстүнө буларда аялдарга пайдалуу көптөгөн витаминдер бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE