Пример HTML-страницы

20 жаштагы Нурайым ишкер болуу үчүн Россиянын Пенза шаарында билим алууда

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Отрадон айылынын 20 жаштагы тургуну Нурайым Кенжебаева. Учурда ал Россиянын Пенза шаарында окуп жана иштеп жатканын билдирди.

«5-класста окуп жүргөн кезде, агайым Саламат Абдрахмановдун машыктыруусу менен «Шапак» хоккей командасынын курамында ойноп, капитандын милдетин аткарып жүрдүм. Хоккей мен үчүн 1-орунда эле. Спорт мектебинде билим алып, башкы машыктыруучу болуу кыялым болгон. Мектепти аяктаган соң Россиянын өкмөтүнө караштуу финансы университетинин Пенза шаарынагы филиалына окууга өтүп кеттим. Учурда бюджеттик негизде 2-курста окуйм.

Кыз киши болгон соң жакындарым спорт эмес башка тармакты кандоо керектигим тууралуу кеңештерди айтып жатышты. Максатым чет жерден билим алуу болгондуктан Пензада окууга макул болдум. Бул жакка келгенде, «мен хоккейсиз жашай албайм» деп жүрүп, жергиликтүү клубдарга машыгууга барып жүрдүм. Ал жакта ар бир машыкканым үчүн 2 миң сомдон ашык акча алат. Кийинчерээк эки жакка чарпылбай, окуумду татыктуу калтырбай окуюн деп, хоккейге барууну токтотууга туура келди», — деди ал.

Каарманыбыз окуусу жана келечектеги пландары менен бөлүштү.

«Айына 2400 сомдон стипендия алам. Бул жакта жакшы окугандарга стипендия көбөйүп турат. Менин жакшы окууга болгон аракетимди эске алышып, 4000 сомго көтөрөбүз деп жатышат. Чынын айтсам, бул жакка алгач келгенде кыйналдым. Ата-энеден алыс, чет жер, анан жатаканада жашоо. Мунун баарына көнүш керек болду. Учурда баары жакшы. Менин күнүм сабак окуу менен гана өтөт десем болот. Сабак 10:00дө башталат, ага чейин китепканада отурам, кайра 17:00дө сабактар аяктайт. Андан кийин жатаканага барып тамактанып, сабакка кайрадан даярданмай. Анткени мен бул жактан мыкты билим алып, өз өлкөмө барып кызмат кылышым керек деп ойлойм. Адистиги бизнести башкаруу менеджменти болгондуктан келечекте ишкер айым болсом дейм», — деди ал.

Н.Кенжебаева иш баштоо үчүн бош учурунда мекендештерден да тажрыйба алып жаткан учуру.

«Бир да күнүмдү бош өткөргүм келбейт. Ош облусунан келип, Пенза шаарында өз ишин баштаган мекендештеримдин чайканасында эсепчи болуп иштейм. Дем алыш күндөрү гана барып турам. Алардын ийгилигинин сыры жана ишмермүүдүлүгү тууралуу пикирин да угам. Бул жакка иштеп, окуп келген кыргыздар бар. Алар бул чайханага да келип калышат. Мекенди сагынганда, улуттук даамдарды сызып, кыргызча сүйлөшүп жерибиздин кооздугун айтып, чер жазып, сагынычты таратабыз. Бул жактагы бардык эле мигранттардын тилеги мененге кайтып салым кошуу экенин баамдадым», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE